Абрака-дабрака
Бакиевге жаратылыш да каршыбы?
Өлкө жетекчиси 19-ноябрда Германиядан дарыланып, Ала-Тообузга кайтып келди.
Бирок, ошол учурда анын учагы Бишкекке эмес, Ошко барып конду. Себеби, Кыргызстандын административдик борбору болгон Бишкек шаарынын аба-ырайы дал ошол учурда "кабагын бүркөп", айлананы коюу туман басты. Бул эмнеси? Ажобузду анын эли эле эмес, жаратылышы да жактырбаганыбы? Балким, бул жорукту көзү ачыктар чечмелеп берээр…


"Вот это компот"…
Кыргызстандын президенти Сапарбек Балкыбековбу?
"…Кыргызстандын президенти Сапарбек Балкыбеков экен",- деп Т.Тургуналиев 18-ноябрда "балп" эттирсе боло.
Анын мындай чечимге келүүсүнө Энергетика министринин иш-аракеттери себеп болуптур.
"Элибиз кышында жарык жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз болот", - деп мамлекет башчысы катары Бакиев бир нече жолу айткан. Бирок, анын айткандары теңирден тескери болууда. Балкыбековдун чечими менен электр жарыгы өчүрүлө баштады. Демек, бизде стратегиялык манилүү чечимдерди Курманбек Бакиев эмес, Сапарбек Балкыбеков кабыл алат экен"- дейт Топчуке.

"Жаңы Кыргызстандан" "Ак жолго"
Исаков өкмөттү таратабы?
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын жооптуу катчысы Исмаил Исаков Жогорку Кеңештеги өкмөттүн структурасын бекиткен "Ак Жол" фракциясынын лидери Азиз Турсунбаевге 19-ноябрда кайрылып, өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин колдоого чакырды.
Исаковдун айтымында, "Ак Жол" фракциясы дагы бүгүнкү өлкөдөгү түзүлгөн кризистик кырдаалга, кылмыштуулуктун жана коррупциянын күч алуусуна өкмөт сыяктуу эле жоопкер. Анткени, азыркы өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзгөн дал ушул фракция бекиткен.
"Ак Жол" партиясы шайлоо учурунда аны колдогон "Жаңы Кыргызстандын" макулдугу жок өкмөттүн сунушу менен эле "Түндүк электр", "ТЭЦ" жана "Бишкек жылуулук түйүнүн" менчиктештирүүгө "добро" берип койгон. Мындан тышкары, "энергетикадагы критикалык абалды иликтөөгө депутаттык комиссия түзөлү"- деген "СДПК" фракциясынын лидери Б.Бешимовдун сунушун четке каккан позицияңар бизге түшүнүксүз"- деп генарал Исаков өзүнүн нааразычылыгын билдирген.

Чүш-ш, эч ким укпасын…
Уурдалган миллиондор кайда?
Белгилүү токмоктук укук коргоочу Максим Кулешов 18-ноябрда Ак үйдүн алдында кезектеги нааразычылык акциясын өткөрдү.
Анда, "Ким элди тоноду?", "Азыр 23 миллион сом кимдин чөнтөгүндө?" деген суроолор жазылган баракчаларды көтөрүп турду.
Анын мындай кадамга барышына 2005-жылдын март айында Жалалабаддагы банктан 23 миллион сомду тоногондордун ушул убакытка чейин табылбай жатышы себеп болгон. Аны издеп-иликтөөдө укук коргоо органдары тарабынан эч кандай аракеттин көрүлбөй жаткандыгы да кызык.
Бирок, күч структуралары ал акчалардын кимде экендигин жакшы билсе да, аны табуунун ордуна, Кулешовду камакка алган. Ал эми Биринчи Май райондук соту "митинг өткөрүү боюнча мыйзамды бузду" деген күнөөнү Кулешовдун мойнуна илип, 2 миң сом айып салган.

Түндүктөн түштүккө…
Азимбек Бекназаров:
"Оппозициянын кийинки жыйыны өлкөнүн түштүгүндө болот"
"Таластагы жыйын өз максатына жетти. Анын негизги максаты Бакиевдин авторитардык - үй-бүлөлүк режимин кулатуу боюнча эл менен кеңешүү керек болчу.
Жыйынга катышкан 1500төй адамдын 100 пайызы тең бизди колдоду. Алгачкы жыйынды Таласта өткөргөнүбүздүн да өзүнүн жөн-жайы бар. Биринчи себеби, жыйынды Таласта өткөрүү тууралуу таластыктар өздөрү суранышкан. Экинчиден, Талас кыргыз улутунун Меккеси экендигин унутпашыбыз керек. Дал ошол Таластан Манас баатыр кыргыз элинин башын кошкон. Ал эми, кийинки жыйыныбыз өлкөнүн түштүгүндө болорун белгилеп кетким келет. Бирок, учурда аны Ошто, Жалалабадда же Аксыда өткөрүү тууралуу маселе чечилип жатат"- дейт Ревкомдун жетекчиси Азимбек Бекназаров.

Чегараң тынчпы, кыргызСтан?
Баткенде кайрадан ок атылды
Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Чешме" чегара постунда кыргызстандык чегарачылар менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда 18-ноябрда чатак чыккан.
Кыргыз чегарачылары эскертүү иретинде асманга ок атканда гана ары-бери жулунган өзбектер аргасыз тынчып калышкан. Дал ошондо алар чегарачылар тарабынан кармалып, кол көтөргөндүгү үчүн Кадамжай райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлгөн.
Эске салсак, булар кыргыз чегарачыларына кол көтөргөндөрдүн алгачкылары эмес. Буга окшогон фактылар буга чейин да бир нече ирет кайталанган. Андыктан, чегарабызды азыртадан бекемдебесек, учкундан жалын тутанганда кеч болуп калат.
Адистердин айтымында, кыргыз өкмөтү ички душмандар менен күрөш жүргүзө турган кызыл шапкечендердин санын 20 миңге жеткиргенче, чегарачылардыкын жеткирсе алда канча пайдалуу болмок. Бирок, өкмөтүбүз мамлекетибиздин коопсуздугуна караганда өздөрүнүн коопсуздугун 1-орунга коюп койгону өкүндүрөт.

Бетти даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"