АУ-У КУРМАНБЕК САЛИЕВИЧ! Жайлагыла… Оозу-мурдун кандагыла… 2008-жылдын 19-ноябрынан 20=-ноябрга оогон түнү саат 01-45 мүнөттө чөнтөк телефонума СМС билдирүү түштү. Оштун Карасуусунан экен. Кыргызстандын экс-омбудсмени (акыйкатчысы) Турсунбай Бакир уулунун бир тууган иниси, "Карасуу үрөнү" үрөнчүлүк чарбасынын директору Шарабидин Бакир уулуна райондун акими Ш.Чойбеков менен "Отуз-Адыр" айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан "аңчылык" башталып, аны кызматынан "шыпырып" түшүшүптүр. Бул "иш чара" Турсунбай Бакир уулу өзү жетектеген "ЭРК" партиясынын атынан өлкө президентинин бүгүнкү саясаты менен макул эместигин расмий билдирип, 18-декабрдан тарта область - областтарда элдик жыйындарды өткөрөөрүн жар салгандан кийин ишке ашырылып отурат. Бул эмне? Турсунбай Бакир уулуна сес көрсөтүүбү же эскертүүбү? Алда, айланайын аткаминерлер ай! Ушинтип момпоюп туруп эле, билдирбей "жайлап" салышат. "Мыйзам деген бар, эл бечара эмне дейт?"-деген ой үч уктаса булардын түшүнө кирбеди го. Же президент жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүнө "кыңк" этип баш көтөргөндөрдүн тууган-уругу эмес, ит - мышыгына чейин жайлагыла деген көрсөтмө бергенби? Бабырбек Жээнбеков, "Ачык саясат" Ойгонгула, коркунуч келатат! Кыргыз азыр "шок" болот, 30 жылдан кийин жок болот Аз күн мурда Бишкек шаардык "Бакыт үйүнүн" башчысы Канышай Атакулова кыргыздын кымча бел кыздары чет элдик жарандарга башын байлап жаткандыгын, өзгөчө кытайлыктар менен үй-бүлө күткөн учурлары күч алып бара жаткандыгын тынчсыздануу менен айтып өттү. Анын айтымында, ушул жылдын башынан бери чет элдик атуулдарга турмушка чыккан кыргызстандык кыз-келиндердин саны 147ге жеткен. Күйөөгө чыгып жаткандардын басымдуу көпчүлүгүн 20 жаштан 30 жашка чейинки кыргыз кыздары түзөөрүн да кошумчалап өткөн. Качан болсо, конокторун күлүп-жайнап тосуп, өз балдарына бербей катып койгон ырыстуу тамак-ашын алардын алдына кое койгон меймандос кыргыз калкы эми минтип татынакай өз кыздарын каяктагы кытайлыктарга карматып отурат. Мындай көрүнүштөргө мамлекет тарабынан бөгөт коюлуп, мыйзам аркылуу кандайдыр бир чара колдонулбаса, мунун арты кыргыз улутунун келечеги үчүн өтө эле коркунучтуу. Башка улуттарды эске албаганда да, 1 млрд. 300 млн. калкы бар Кытайдын жарандары жыл сайын жүздөп кыргыз кыздарын аялдыкка алып отурса, 20-30 жылдан кийин 3 миллиондун тегерегиндеги кыргыз элинен эмне калаарын элестетип көрүңүзчү, урматтуу өкмөт аке! Анын үстүнө 60-жылдары кабыл алынган Кытайдагы "бир үй-бүлөдө бир бала саясатынын" аркасында бүгүнкү күндө эркек жынысындагы кытайлыктардын саны "көк тиреген асман өлкөсүндө" өтө басымдуулук кылат. Ар бир үч кытай эркегине бир кытай кызы туура келээрин эске алсак, алардын кыргыз кыргыздарына болгон кызыгуусу ушуну менен эле токтоп калбайт. Билинбегени менен бул да кыргыз элин тукум курут кылуучу геноциддин бир түрү болуп эсептелет. Ошондуктан, "Эсиң барда этегиңди жап", - деп кыздарыбызга акыл үйрөтүү менен гана чектелбестен, улут келечегине балта чабуучу мындай аянычтуу көрүнүштөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүшү бүгүнкү күндүн бирден-бир башкы маселеси. Антпесек, эртең эле кыргыз тили, кыргыз дили эмес, "кыргызыңды уруп ойнобойм"-деген, өз тилинде божурашкан жүлжүгүй көз жээндерибиз, нечендеген кылымдардан бери кыргыз эли аздектеп келген Ала-Тообузду тебелеп-тепсеп, "Кыргызстан" деген мамлекеттин жер жүзүнөн жок болуп кетишине өз салымдарын кошоорун бөркүңүздөй көрүңүз. Эрнис БАЛБАКОВ, "Ачык саясат" Көзүңдү ач! Чегара үчүн Орто Азияда согуш башталабы? "Кетмен менен эле чабышып башталган мушташтын бири эл аралык чырга айланып кетүүсү толук ыктымал"- деп Орто Азия регионундагы коопсуздук деген темага арналган конференцияда КМШ институтунун бөлүм башчысы А.Грозин билдирди. Анын айтымында, мамлекет аралык чатактын башталуусуна дагы деле чечилбеген чегара жана сууну колдонуу маселелери түрткү болушу мүмкүн. Грозиндин пикирине караганда, ири гидроэнергетикалык обьекттердин курулушу Орто Азиядагы башка өлкөлөр тарабынан алардын кызыкчылыктарынын кордолушу катары кабыл алышат. Грозиндин айтканына ишенсек, Кыргызстан Камбар - Ата сыяктуу ГЭСтерди куруу менен коншу өлкөлөрдү кысып, оз оюн тануулаганга мүмкүнчүлүк алат экен. Анан ошол жерден дагы от чыгат дегендей, жыландын башын кылтыйтты. Ал жогорудагыдай билдирүү менен эле чектелбестен, Орто Азия өлкөлөрү өздөрүнүн коопсуздугун азыртадан эле чыңдай бербесе, кийин кеч болуп калаарын эскертти. "Себеби, Орто Азия регионуна дүйнөлүк державалардын кызыгуусу күчөп, баары бул жакты көздөрүнүн кырлары менен карашууда. Аталган региондогу мамлекеттерге Орусия, Кытай, АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн басымы күчөй баштайт. Андыктан, мындагы мамлекеттер өздөрүнүн стратегиялык өнөктөштөрүн азыртадан тандап алуусу керек. Кимди тандаса, мамлекеттин келечеги ошого жараша болот"- дейт эксперт. Бизди да угуп койгулачы… Темир жолчулар коррупциянын сазына батыштыбы? "Кыргыз темир жолунун" кызматкери Бегай Жумаева 20-ноябрда "Акипресс" агенттигинде жыйын өткөрүп, өзү иштеген тармактын коррупциянын сазына белчесинен батып баратканына жаны кашайганын билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айында "Темир жолдун" жүргүнчүлөрдү тейлөө фирмасына жаңы жетекчилик келип, кызматкерлердин акчасын сааганды адатка айлантып алган. Аталган фирмада проводник болуп иштеген Таштан Карабаевдин айтканына кулак салсак, жетекчилик проводниктерди ашыгы менен ишке алган. "Май айынын башынан баштап эле, 200гө чукул проводник ишке кабыл алынган. Алардын ар бири ишке орношуу үчүн, 500дөн 700 долларга чейин бергени малым. Ошондон улам, крышаң жок болсо, рейдге чыгуу такыр мүмкүн эмес"- дейт ал. Аталган тармактын кызматкерлери арыз-муңун төккөн соң, Эсеп палатасынын жана Финансы полициясынын өкүлдөрү келип, жетекчиликтин ишмердүүлүгүн текшерүүсүн өтүнүшкөн. Тамчы ТАШТЕШЕРОВ, "Ачык саясат" Окурмандардын эсине! МААЛЫМАТ САЙТЫ АЧЫЛАТ Жакындан баштап www.KYRGYZPRESS.COM Интернет гезити иштей башташы күтүлүүдө. Ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылат. Алган багыты-оппозициялык маанайда. Дүйнө адамдарын Кыргызстанда жүрүп жаткан коомдук, саясий, экономикалык процесстер менен кенен-кесир тааныштыруу, декабрь айынан баштап виде-порталдын ишке кирүүсү белгиленүүдө. Ошондой эле бул Интернет-газетадан саясий, экономикалык жана коомдук серепчилердин пикири жана божомолдору менен тааныша аласыздар. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|