◄◄◄
  Бороон болор алдында…

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору:
"Бүгүнкү менен күн бүтпөйт…"
Мурдагы Тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору, азыркы оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов биздин гезитке берген кенен маегинде өткөн күнгө саресеп салып, оппозициянын мындан аркы кадамдары, жаштар жана дин маселесин козгоп, Кыргызстандын келечегине болгон көз карашын билдирди.

- Саясый-экономикалык абал начарлап, мамлекетибиз оор кризиске кабылды. Буга ким күнөөлүү? Дегеле мындай шартта оппозициянын башкы максаты эмнеде? Кепти ушул нуктан баштасак.
- Алгач өткөн күнгө көз чаптырып көрсөк. 2005-жылдагы март окуясы алигиче өз баасын ала элек. Көпчүлүк төнкөрүш болду десе, айрымдары чыныгы элдик революция ишке ашканын далилдегиси келет. Албетте, 24-март тарыхтан кандай аталышта орун аларын убакыт көрсөтөр. Менин айтайын дегеним такыр башка. Негизи март окуясы кайсы максатты көздөп жүзөгө ашкан? Ошол кезде түрдүү көз караштагы саясый күчтөр биригип: "Акаевди кетирсек эле "кой үстүнө торгой жумурткалаган" байгер заман орноп калат" деп ойлошкон. Ак үйдүн чаңын сапырып, президентти кубалап жибергенден эч нерсе өзгөргөн жок. Тескерисинче, Кыргызстан минтип социалдык, экономикалык, саясый кризиске тушукту. Карапайым калктын жашоосу оорлогондон оорлоп барат. Өмүрү өчпөгөн жарык байма-бай "жалпайып", энергетикалык кризиске тушуктук. Демек, кеп Ак үйдү басып алып, президентти алмаштырууда эмес экенин турмуш өзү далилдеди. Мындан ары эмне кылуу керек? Азыркы оппозициянын башкы милдети - бийликти кулатуу гана эмес, анын табиятын, системаны өзгөртүү.
- Бирок, оппозициянын ичинде деле ынтымак жоктой. "Мен лидермин, мен кыйынмын" деп төш каккандар чогулуп алгандай туюлат. Алсак, гезит беттеринде Атамбаев-Сариев тиреши башталганы туурасында маалыматтар жарыяланды. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- Кандай гана топ болбосун, талаш-тартыштардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. "Талаштан тактык жаралат" деп бекеринен айтылган эмес. Ооба, Атамбаев менен Сариевдин ортосунда "кара мышык" аралаганын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Экөө тең кыргыз саясат айдыңында төбөсү көрүнгөн инсандар. Аларга урматтоо менен мамиле жасайм. Төгөрөгү төп келген пенде болбойт эмеспи. Сөзсүз бир кемчилигин табасың. Андыктан, А.Атамбаев менен Т.Сариев жеке таарынычтарын жыйыштырып (эгер болсо), Кыргызстандын келечегин ойлошу керек. Себеби, башта айтып өткөндөй, экөөнүн тең коомго пайдалуу иш жасоо мүмкүнчүлүгү жана тажрыйбасы жетиштүү.
Оппозициянын ичинде өлкө келечегине кам көрөйүн, коомдун өнүгүшүнө колдон келген салымымды кошоюн деген патриоттор арбын. Алардын ар биринин ысымын атап отуруунун кажети жок. Бардыгына эл тараза. Оппозициянын лидерлерине ар кандай сын-пикирлер айтылып атат. Кыргыз коомчулугу, окурман журтчулугу туура түшүнүшү керек. Оппозицияда негизинен патриот инсандар чогулган. Аларды карапайым калкка жаман көргөзүп, ар кандай ушак-айыңдарды таратып аткан - бүгүнкү бийлик. Айрымдарын бири-бири менен уруштуруп, ортолоруна от жагып жатканына күбө болуудабыз. Бирок, алардын мындай аракетинен натыйжалуу майнап чыкпайт. Оппозиция буга чейин болгон жана мындан ары да жашай берет. Албетте, бизде деле кемчилик бар. Аны моюнга алышыбыз керек. "Көч бара-бара түзөлөт" деген накыл кепти унутпасак.
- Макул, оппозиция бийликке келди дейли. Андан ары кандай аракеттерди көрөсүздөр. Кыргызстанды көргө эмес, өргө сүйрөп кете турган конкреттүү программаңар барбы?
- Жакшы суроо бердиңиз, кеңенирээк жооп берсем. Бизге көпчүлүгү ушул өңүттөгү суроону көп беришет. Бул абдан чоң, терең суроо. Дүйнө жүзүнүн тарыхын, тажрыйбасын карасаңар. 2000-жылы Россия абдан кыйын кырдаалга тушугуп, улуу держава статусун жоготуу босогосунда турган. Бийликке Путин келгени өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы оңолуп, бир нукка түштү. Путин кайсы күчкө таянган? Кезинде күч органдарында таза иштеген адамдарды өкмөткө, бийлик структурасына алып келди, жооптуу кызматтарга дайындады. Ошол эле маалда тартипти күчөттү. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Же болбосо, Кытайды мисалга алалы. Улуу державанын калкы ачкачылык сазына батып, оор кризисти башынан өткөргөнү маалым. Мындай кыйын кырдаалда бийликке Дэн Сяопин келип, Кытайдын бүгүнкүдөй деңгээлге жетишине зор салым кошту. А киши реформаларды жүргүзүп, коммунисттик партиянын райондук звенодогу, белгилеп кетейин, таза жетекчилерине чейин таянып, алардын туура жана так иштешине көзөмөл кылган.
Малайзиянын дагы кечээги тагдырына көз чаптырып көрөлүчү. Мурунку премьер-министр Мухаммад Махатхир малай улутундагы жаштарга жана заманбап динге гана таянып, өлкөнү бутуна тургузган.. Жада калса, жалаң байлардын башын бириктирип, алардан акча чогултуп, мамлекеттин сырткы карызынан кутулткан. Менимче, биз Малайзиянын ушул өнүгүү тажрыйбасын пайдаланып, жаштар менен динге таянышыбыз керек.
Россия, Кытай, Америка, Япония, Германия, Түркия ж.б. мамлекеттерде билим алып, иштеп аткан жаштар менен жолугуп баарлашканымда, аларга ичимден абдан ыраазы болом. Ой жүгүртүүлөрү кенен, глобалдык процесстерди жана регионалдык маселелерди терең түшүнүшөт. Түшүнүгү кенен адам жакшы ой жүгүртө алат. Ой жүгүртүүсү мыкты кадр идеяга бай келип, өзүнүн жумушун натыйжалуу аткарат. Андыктан, чет өлкөдө жүргөн жаштарыбызды чакырып, жооптуу кызматтарга коркпой тартышыбыз абзел.
Ошондой эле Кыргызстандын ичинде, айрыкча борбор калаабызда жаштар кыймылдары түзүлүп атат. Жаш муундар өздөрү демилге көтөрүп, бүгүнкү системага ачык каршы чыгып атканы - жакшы жышаана. Демек, уучубуз куру эмес, мамлекетибиздин эртеңи, келечеги бар экенинен кабар берет. Алардын коомдук иштерге активдүү катышышына шарт түзүп, жол көрсөтүү - биздин милдет. Жакшы идея, жаңы муун коомдук иштерге активдүү катышканда гана Кыргызстаныбыз алга жылат.
Не дегенде, бизде таяна турган деле күчтөр калбай калды.Эл бийликке ишеним артайын десе, алар көбүнчөсү коррупция, криминалга белчесинен баткан, жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу менен алек. Партиялык системага таянып иш кылайын десе, бизде жыргаткан, өтө өнүккөн деле партия жоктой. Карапайым калк бийликке, оппозицияга, досторуна, чогуу иштеген коллегаларына, жада калса кан-жанынан жаралган балдарына ишенбей калган чекке жеткендей. Улгайган ата-энесин карабай, карылар үйүнө таштап койгон фактыларды кездештирип атпайбызбы. Жарыбаган акча үчүн баласы энесин бычактап койгон учурларды да угуп жүрөбүз. Бир сөз менен айтканда, биздин коом бардык жактан кризиске кабылган. Бул өтө кооптуу.
- Биздин коомчулук, айрыкча, чиновниктерибиз дин маселесине келгенде чочуркоо менен мамиле кылышат. Ыйман жолуна түшкөн адамдардын көпчүлүгүн "Хизб-ут тахрирдин" мүчөсү катары эсептешет. Минтип дин маселеси кооптуу абалда турганда, сиздин "динге таянышыбыз керек" дегениңиз кызык?
- Андан дагы кызыгы ошол эле мезгилде сиз айткан чиновниктер мечитке барып, куран окуп, ооз толтуруп ыйман тууралуу сүйлөшкөндө таң каласың. Ошол эле кезде мусулманчылыкка төп келбеген ыплас иштерди жасап жатат. Ыйман жолундагылардан чочуркабашыбыз керек. Ислам дининде бир нече агым бар. Ошолордун ичинен цивилдүү жолун тандашыбыз абзел. Ал үчүн имам, молдолорубуз сабаттуу болушу шарт. Каалайбызбы, каалабайбызбы, адамдардын Кудайга болгон ишенимин өчүрө албайбыз. Аларга тыюу салган сайын абалды курчутуп, динчил адамдардын кагылышы жаралышы ыктымал. Менин айтайын дегеним, ыйман жолундагы адамдарга туура багыт берип, аларга заманга шайкеш диний сабаттулугун жогорулатуудан башка жол жок. Ал эми туура билим алып, ыйман жолунда жүргөндөр эч качан жаман ишке барышпайт.
- Жаштарды коомдук иштерге тартыш керек дедиңиз. Учурунда Ф.Кулов жаштарды митингге алып чыккан. Алардын башына оор мүшкүл түшкөндө таштап кетип, жада калса маалымат жыйынында "Канжар" уюмунун мүчөлөрүн тааныбайм деп чыкты. Оппозиция лидери катары айтсаңыз, жеке силер тараптан жаштардын коопсуздугу корголобу?
- Мага жаштар көп кайрылышат. Ошол эле "Канжар" жаштар кыймылынын лидери Адилет Айтикеев менен да жолугуп сүйлөшкөм. Ал өсчү жигит экен. Азыркы жаш муундун көз караштары такыр башкача. Жаштарды курал катары пайдаланбай, аларга өнөктөш катарында мамиле жасашыбыз абзел. "Эмнеге оппозиция мурдагыдай пикет-митингдерди өткөрбөй калды? Карапайым калктын ишениминен толук ажыраганбы?"- деп айрымдар ойлошу мүмкүн. Биздин 5-10 миң адамды чогултуп, бийликке каршы пикирибизди билдиргенге кудуретибиз жетет. Бирок, Ак үйдөгү атка минерлерибиз өзүнүн бийлигин сактап калу үчүн күч органдарына таянып, элди ур-соккуга алып, жада калса ок чыгарууга даяр болуп калбадыбы. Анан кантип жаштарды көчөгө алып чыгабыз? Жеке мен мындай тобокелчиликке барганга жүрөгүм даабайт. Келечек ээлеринин токмок жеп, түрмөгө түшүп, моралдык сокку алышын каалабайбыз. Биз бийлик менен күрөшүүнүн цивилдүү жолун тандадык. Жаштарды дагы ошого үйрөтүшүбүз керек. Дегеле тажрыйбалуу таза адамдар менен жаштар бириксе, өтө чоң күч пайда болот.
- Жакында меморандум кабыл алып, ага түрдүү тармактагы адамдар, саясый ишмерлер, партия жетекчилери жана депутаттар кол койгону маалым. Ушундан улам "оппозиция бир күчтүн алдында бирикти" маанисинде сүйүнүп, калпакты көккө ыргыттыңыздар эле. Андан көп өтпөй эле экс-депутат Кубатбек Байболов бул меморандум иш жүзүнө ашпастыгын, кадимки кагаздын бири катарында каларын, оппозицияга ишеним артпастыгын кыйытты. Бул, оппозиция алигиче бириге албагандыгын айгинелеп турган жокбу?
- Эң башкысы саясый процесстер активдүү жүрүп атат. Бүгүнкү күн менен эле жашоо бүтүп калбайт. Арканды алыс таштаганыбыз оң. "Силер менен биргемин" - деп бүгүн кол коюп, эртең башканы сүйлөгөн айрым саясатчылардын айткандарын укканда кызык абалга тушукпай койбойсуң. Ал эми Кубатбек Калбекович жөнүндө айта турган болсом, ал кишини сыйлайм. Анын айтканын да туура түшүнүш керек.Дегеле азыркы ички саясатка философиялык көз карашта баа берем. Саясий элитанын ичинде өтө татаал, бирок өнүгүү процестери жүрүп жатат. "Ойт" берме оюнун көрсөтүп, Ак үй кызмат сунуштаса өнөктөштөрүн сатып кеткен адамдарга таарынуунун деле кереги жок. Алар дагы пенде. Эң башкысы, "ойноок саясатчылар" өздөрүнүн мындай жүрүм-туруму аркылуу жаштарга жана түз жүргөн саясатчыларга жакшы сабак болушту. Жаш муун "Эртеңки күнү ушулардай "сойку" саясатчы аталбайлы. Анын ордуна, адал иштеп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошушубуз абзел" деген пикирге келишет.
Азыр коом кайнап аткан мезгил. Качан коом бышып жетилгенде, оппозиция дагы иргелип отуруп, арасынан чыныгы "эл" деген патриоттору калат.
- Эки жылга жетпеген убакыттан кийин президенттик шайлоо өтөт. Оппозиция шайлоо өнөкөтүндө бир лидердин кандидатурасын көрсөтөбү же өз-өзүнчө чыгабы?
- Алдын ала божомолдош кыйын. Ага чейин көп убакыт бар. Бардыгы саясый кырдаалга байланыштуу. Башта айтып өткөндөй, учурда коом бышып атат. Коом бышып жетилгенде оппозиция дагы бышып жетилет. "Премьер-министр болсо эле, анын кандидатурасын сүрөш керек. Президенттикке андан башка татыктуу адам жок" дейбиз. Бул жөнөкөй түшүнүк. Мурдагы өкмөт башчысы, азыркы президент кандай иштеп атканын турмуш өзү көрсөтүп атпайбы. Алгач, "Журт атасы болчу адамдын өмүр таржымалы кандай, президенттикке татыктуубу? Маанилүү учурда чечим кабыл алганга саясый эрки жетеби? Принципиалдуу, таза, калыс боло алабы же жокпу? Өнөкөткө айланган түндүк-түштүк илдетин жоюп, элдин биримдигин сактай алабы? Мамлекет ишине үй-бүлөсүн аралаштырып жибербейби?" өңдүү суроолорго жооп издеп, анан бир бүтүмгө келсек. Үчүнчү жолу катачылык кетиргенге жол бербешибиз керек.
- А сизде президент болуу аруу ниети бардыр?
- Менден татыктуулар бар го деп ойлойм. Баарын мезгил көрсөтөт, иним!
- Кыргызстандагы саясый кырдаалга берер бааңыз кандай?
- Мыйзам боюнча чиновниктер эл үчүн кызмат кылышы керек эле. А бүгүнкү күндө, тескерисинче, карапайым калк чиновниктер үчүн иштеп атат. Кандай гана атка минер болбосун, моралдык-этикалык жоопкерчиликти бийик тутушу зарыл. А биз баягы эле эски түшүнүктүн туткунунан чыга албай келебиз.
Президент К.Бакиевдин кызматта олтурганынан бери 3,5 жыл өттү. Ошондон бери алдыга эмес, артка кетип атабыз. Бул бийликтин ооматы кетти дегендик. Президент буйрук бергени менен, министрлер, район, облус жетекчилери аны аткарбай жатат. Мыйзамдар иштебей, канчалаган Указ, токтомдор кагаз жүзүндө калып келет. Бир эле мисалга токтолсок, президент Гермнияга кетээр алдында 1-ноябрдан кийин жарык өчүрүлбөйт деп айткан. Бүгүн болсо, тескерисинче, бардык региондордо жарыктын өчүрүлүшү кайра күчөп жатат. Бул деген мамлекетти башкаруу системасы иштебей, кадр маселеси туура чечилбегендигинен кабар берет. Учурдан пайдаланып дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет. Бакиев үй-бүлөсүнө жана криминалдык күчтөргө таянбай, коомго, элге таянышы керек. Антпесе, оор абалга кептелгенибиз кептелген. Болбосо, мунун акыры учурдагы бийлик үчүн жамандык менен аякташы толук мүмкүн. Аргасы кеткен эл ар кандай радикалдуу кадамдарга барышы турган иш десек да болот…

Маектешкен,
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan