Калптын казаны

Башталат баары майдадан,
Байкабайт аны майда адам
Өткөн жумада Талас жергесинде Элдик Революциялык Кыймылдын улуттук жыйыны өткөрүлгөнү жалпыбызга маалым. Бул жыйынды "максатына жеткен жок" - деген адамдын көзү эмес, көкүрөгү да сокур.

Улуу Манастын жергесинде уюштурулган улуттук жыйында айтылган уулуу сөздөрдүн уландысы кандай болоорун улуттук биринчи каналдын уятсыз журналисттери канчалык бурмалабасын, учурдагы оор саясаттын урап түшүшүнө жол ачылды десек болот. Бекеринен таластык такмаза акын Райкан Шүкүрбеков "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам"-деп айтпаган чыгар. Таластагы улуттук жыйынга катышкан адамдардын саны 2 миңге жеткенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көрүшсө да, Улуттук биринчи каналдагы көз каранды кесиптештерибиз кебелбей туруп 250 адам катышты деп беришти. Кептин баары келген адамдардын санында эмес, сапатында болду. Ар бир чыгып сүйлөгөн адам азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан жүдөмүш саясатына нааразы экенин гана билдирбестен, жарды калкын жарык менен камсыз кылалбаган, тентиген элине тезек тергизген, булганган бул бийликти күч менен кетирүү талабын коюп жатышты.

Учкундан жалын тутанат

Таластыктардын ажобуз Курманбек Салиевичти күч менен кетиребиз деген талабы эле азыркы алсыз бийлик үчүн акыркы коңгуроо болушу керек эле. Түшүнгөн адам Түптөгү "жумуртка чатагынан" эмес, таластыктардын талабынан тыянак чыгарышы керек. "Учкундан жалын тутанат" дегендей эле, учурдагы саясатты уратуунун учкуну Таластан тутанды. Эми жаңы түзүлгөн "Элдик Кеңештин" ээрине отурган Азимбек Бекназаров ушундай улуттук жыйынды түштүк облустарынын биринде өткөрүү үчүн кам көрүп жатат. Таластагы Элдик Революциялык кыймылдын жыйыны тууралуу ажобузга ачык маалыматты жеткирүүнүн ордуна, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кайрадан калптын казанын кайнатышып, эл менен бийликтин ортосуна от жагууда. Таластын губернатору Бейшенбек Болотбеков "АКИпресс" маалымат агенттигине берген маегинде "Талас эли оппозициянын иш - аракетин толугу менен колдобойт, саясий туруктуулуктун бузулушунан чоочуган инвесторлор бизге келбей жатат, ошондуктан буурчактын баасы көтөрүлбөй жатат", - деп арманын айтыптыр. "Оппозициянын талабын колдойсуңбу же колдобойсуңбу?" - деп губернатор Талас элинен сурамжылоо жүргүзүп чыкканбы? Болбосо, андай маалыматты кайдан алды? Болуптур, ишенимиш этели. Анда эмнеге анын орун басарын жыйынга катышкан көпчүлүк стадиондон сүрүп чыгарып салышты? Буурчактын баасынын көтөрүлбөй жатканына жыйынга катышкандар Азимбек Бекназаровду эмес, Максим Бакиевди айыпташканын жыйынга барбаган губернатор укпаса да, облустун калган жетекчилеринин баары угушту.

"Түп синдрому" Таласта кайталанабы?

"ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулунун 18-декабрда кайрадан Таластан акция өткөрөм деген пикирине губернатор, "Мындан кийин биз оппозициянын иш - аракеттерине катуу чара көрөбүз, "Түп окуялары" кайталанып кетиши мүмкүн" деген оюн билдириптир. Ажосуна жагынгысы келген губернатор, бийлик менен элдин ортосуна от жагып жатканын сезди болду бекен? "Түп синдромунун" Таласта кайталанышына губернатор Болотбеков өзү гана ишенбесе, башка эч ким ишенбейт. Түптүн эли Таластын кулуну Болот Шерниязовду жумуртка менен ургулаганын эстеринен чыгарыша элек. Андан көрө, ашынган губернатор Карабууранын бир кездердеги акими Илимбек Муралиевдин казандагы кайнаган этин эмнеге таштап качып кеткенинен, Бакайатанын мурдагы акими Жеңишбек Чынаев, мурдагы облус губернатору Искендер Айдаралиев кандайча барымтага кабылганынан кабар алып койсо болмок? Таластын элин менчиктештирип алгыдай, ал шайлоолордогу добуш эмес. Таластын эли чындыкты айткандарды сыйлап, жапкандарды кыйнап келген кыраакы эл. Хан Манастын сатылган жайлоосуна, казылган Кароол Чокусуна каны кайнаган таластыктар кайсы тарапта болооруна көзү ачыктык кылбай турганыбыз оң.

КОРРУПЦИЯ

Ажобуздун пресс катчысы Нурлан Шакиев таластыктардын талабы боюнча "Азаттык" үналгысына берген маегинде мындай дептир; "2005-жылдан бери экономикалык, социалдык чөйрөдө бир топ алгылыктуу иштер жасалып атпайбы. Ошондуктан оппозициянын талабы туура эмес деп ойлойм. Эгер, турмуш начарлап кеткен болсо анда бир жөн эле. Тескерисинче, эмгек акылары, пособие, пенсия өлчөмдөрү өсүп атат, бюджет үч эсе өстү. Коррупция менен күрөшүү өзүнүн алгачкы жыйынтыктарын бере баштады. Ошондуктан андай талаптарга эч кандай негиз жок" Көрдүңүздөрбү? Эмгек акылар өсүп жатат - дейт. Азык-түлүктүн баасы өскөн жокпу? Бюджет үч эсе көбөйдү - дейт. Анда эмнеге мугалимдердин кошумча эмгек акыларына болгон карыздарынан кутула албай жатабыз? Коорупция боюнча күрөш алгачкы жыйынтыктарын бере баштады - дейт. Кайсы коррупционер кармалып, каражаты мамлекетке кайтарылып, өзү камакта отурат?
Коррупция демекчи, корруп-цияга малынбаган Кыргызстанда бир дагы тармак жок. Канды ичкен, карабашың жегир коррупция менен күрөшө турган кызматтардын баарысы коррупцияланышып кеткенин кимден жашырабыз? Кыргызстанда өзгөчө түшүм берген коррупция боюнча жылдан-жылга артка кетип жатканыбызды, кечээ эле бул ылаңга байкоо жүргүзгөн дүйнөлүк уюмдар жарыялап жазышпадыбы. Таластыктар өндүргөн буурчактын баасы Түркияда 6 доллар болсо, Таласта 1 долларга жетпейт. Мамлекетибиз 3 долларды айтпай эле коёюн, 2 доллардан өз дыйкандарынан сатып алып, 5 доллардан Түркияга сатып пайда көрсө болбойт беле? 1 доллары жолго кетсин дейли? Жок. Антишпейт. Анткени, коррупция токтоп калат. А коррупционерлер болсо элдин дагы, мамлекеттин дагы байышын каалабайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын гүлдөгөн коррупциясы мамлекеттин казынасынан элдин казынасына аттады.
Ушунчага жеткизгенден кийин унчукпай эле коюшса болмок. "Алма дарагынан алыс түшпөйт" дегендей эле азыркы бийлик өкүлдөрү алдамай жагынан ажосунан ашып түшпөсө, кем калбайт. Айтор, кышкы кыйынчылык, жазгы жакырчылык жакындаган сайын, азыркы бийликтин карааны алыстап эле бараткансыйт.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"