Улуттук идеология КТРдабы?

Шоунун шойкондуу кесепети
Кезинде телевидениенин музыкалык редакциясында редакторлук, кийин радиодо башкы редакторлук кызматта иштегендиктен, бүгүнкү теледеги тентек шоумендердин "кармашын" жөн карап тура албай көптөн бери айткым келип, көкүрөктү өйүп жүргөн ойлорду ортого салгым келди.
Кыргыз телеси 50 гө чыгып, майрамдоо алдында турат. Бирок, акыркы 15-20 жылдан бери теле "тентектенип" ызы-чуудан арыла албай келет. Жетекчилери алмашуу жагынан да алдыңкы саптарда. Ошолордун азыркысы Мелис Эшимкановдун келиши менен да ызы-чуу күч алып, күн алыс чатактардын "жаңылыктарын" угуп калып жатабыз. Мурдагы жетекчилерге караганда М.Эшимканов абдан чечкиндүүлүгү, өткүрлүгү, прогрессивдүү көз карашы, өзү айтып жүргөндөй авантюристтиги менен айырмаланып турат. Калемине жан киргизген жазмакерлер, тил безеген тилчилер тим туралчыбы. Ар кимдин өз чындыгы, кызыкчылыгы, ишеними бар. Тегиз тил табышуу оор экени турган иш. М.Эшимкановдун өзү тандаган жигиттери менен телеге келип калышы, аскердик тил менен айтканда, КТРдын короосуна "десант түшкөндөй" эле болду окшойт. Ошентип "кармаш" жүрүп жатат, эмне менен аяктаарын убакыт көрсөтөр. Тек гана теледеги көзүм жеткен музыка жаатындагы оош-кыйыш маселелерге токтолоюн.
Шойкомдун баары "шоу" дегенден чыгып жатат окшойт. Шоунун аягы чатак менен бүтөрү мыйзам ченемдүү иш болчу. Анткени, анын кыймылдаткыч күчү, деми - акча. "Акчага баарын сатып алса болот" деген принцип коомчулукта, өзгөчө жаштар арасында терең орун алып калды. Бул абдан жаман тенденция. Төлөп коюп "ичи калтырак, сырты жалтырак жылдыз" болуп чыга келүүгө телечилер бир нече жылдан бери толук шарт түзүп коюшту. "Пулуң болсо кулуңмун" деген макалды "пулуң болсо продюссериңмин" деп теленин кызматкерлери которуп алган.
М.Эшимкановдун телеге келгенине чейин ар кандай жолдор менен өзүн мыкты телешоумен деген атка кондурган Ассоль Молдакматованын арааны жүрүп турду. Бул айым азыркынын тили менен айтканда, пиар компанияны жакшы өздөштүргөн. Кыргыз музыкасын, улуттук маданиятын анализдеп, терең чагылдыруунун ордуна кийим-кечесин, макияжын, чачынан тырмагына чейин боёлушун, кыскасын айтканда "автопортретин тартуу" менен алектенип келди. Кудум эле Пушкиндин жомогундагы күн сайын күзгү каранып "ким сулуу" деп суроо салган канышанын образын эске салат. Кыргыз тилин билбеген, кыргыз үчүн күйбөгөн, ич дүйнөсүнөн сырткы келбетине чейин батыштын менталлитетин жайылткан, даңазалаган "маски-шоу" менен эсте калды анын көрсөтүүлөрү. Эл ичинде айтылып жүргөндөй чөнтөк үчүн гана иштеп, өзүнүн сүймөнчүктөрүн эфирден түшүрбөй келди. Элдик музыка менен классикалык музыка өгөй баланын кебетесин кийип, жалаң жеңил-желпи эстраданы обу жок жайылтууну көздөп калды. Эфирдеги өзүн өткөрө пропагандалоо менен даярдаган көрсөтүүлөрү элдин жарпын жазбай эле, кыжырына тие баштаган болчу. Ашкере мактанчаактыктын да чегинен чыгып кеткендей сезилет мага. Орустун улуу ойчулдарынын "Скромность красит человека" дегенин таптакыр тескерисинче түшүнөт окшойт бул айым. "Түнкү канал", "Браво", "Хит-парад" көрсөтүүлөрү элдин табитин бузуп, жаштарды олуттуу көз карашка тарбиялоодон оолактап, маани-маңызы жок маек, аңгемелешүү, телефон чалышуу, СМС кат жазышуудан алыстай албай койду. Ушундан улам эртеден-кечке эстрада менен оозанып, тамактанган жаштарыбыз, анын ичинде айрым жылдыздарыбыз "гезиттин берген "Түгөлбай Сыдыкбеков ким болгон"-деген суроосуна, "комузчу"-деп жооп берип жатпайбы. Экран бети аз келгенсип, гезит беттерин, көчөдөгү көрнөк-жарнактын баары, атүгүл КТРдин ашканасы, дааратканасынан бери А.Молдакматованын сүрөтү менен шөкөттөлүп, ашкере мактануу, өзүн-өзү көтөрмөлөөнүн аягы ушуга алып келмек. Мындай "мафияга" Мелис Асаналиевичтин гана "азуусу" өтүп, кармаша алары турган иш эле.
Бул - маселенин бир гана жагы. М.Эшимкановдун саясаттагы орду, ойт бермеси тууралуу огеле көп айтып келишет. Эми маданиятта, анын ичинде музыка багытындагы анын айрым жүрүштөрүнө баам салып көрөлү. Ал жетектеген "Асабадан" баштап "Агымга" чейин эле гезит беттеринен залкар искусство чеберлерин, анын ичинде адис музыканттардын чыгармачылыгын чагылдыруу ортозаар орун алып келет эле. Ошол көрүнүш теледе деле уланууда. Менин таң калганым интеллекти жогору, көптү окуп, көптү көрүп-билген, эрудициялык чабыты кенен М.Эшимкановдун эстрададан өйдө көтөрүлө албаганы. Кыргыз музыкасында пир туткандары - музыкалык билими жок же чала сабат музыкант-обончулар Б.Борбиев, И.Жунусов жана айрым эстрада "жылдыздары". Жай айларында Сочиде өткөн Эларалык "Беш жылдыз" эстрадалык ырчылардын конкурсуна катышып, эч нерсеге арзыбай келген Гүлзинат Суранчиеваны кызыл килем төшөп, өзү баш, Маданият министри төш болуп, мал союп,бата берип узатып жүрүштү. Эми теленин 50 жылдыгына да өз кызматкерлерин эмес, эстрада жылдыздарын лимузинге салып кызыл килемге бастырып, өкмөттөн сыйлык алперем деп аракеттенип жатканын айтууда. Бул жерде лимузинге түшүп, сыйлык алгыдай алардын теленин 50 жылдыгына кандай тиешеси бар дейм да.
Эгерде М.Эшимканов олуттуу музыкага да оң көз менен карап, ушул күндө кыргыздын атын дүйнөгө даңазалап жүрүшкөн Эл аралык конкурстардын лауреаты, алыскы Америкада жүргөн пианист Кайры Кошоева, Испаниядагы Эл аралык престиждүү конкурста жеңип алган скрипач Артур Чормонов, Москвадан билим алып жаткан Эл аралык конкурстардын лауреаты Азамат Сыдыковго окшогон жаштарыбызга деле килемин көтөрө чуркаса, идеологиянын туу чокусунда олтурган чиновник катары жарашып эле калбайт беле аттигиниң. Тескерисинче, алар жөнүндө маалыматтарды сейрек кездештиребиз, ошондо да орус тилдүү гезиттерден окуп калабыз. Кыргыздын сыймыгы болгон бул үч музыкант бүгүнкү күндөрү Европа өлкөлөрүндө концерттик турне менен сыйлыктуу жана сыймыктуу жүрүш жасап жүргөнүнөн кабарыбыз бар. Ал эми өзүбүздүн эле опера-балет театрындагы, филармониядагы, консерваториядагы профессионал таланттуу ырчы-музыканттарыбыз, композиторлорубуз тууралуу качан кенен кеп козгойбуз? Көздөрү өткөн залкар музыканттарыбыз тууралуу айткандан айтыла элеги көп. Канчалаган балдар коллективдери Эларалык ар кандай фестиваль жана конкурстарга катышып келүүдө. Аларга "килем төшөмөк" тургай барып-келгени тууралуу кабарсыз калабыз. Балдар үчүн көрсөтүүлөр жокко эсе. Көрүүчүнү ар кандай оюн-зоок менен алаксытуудан башка да теленин тарбия-таалим берүү милдети болсо керек. Анда келечегибиз болгон балдарды эмнеге тарбиялап, тарбия маанисиндеги кандай көрсөтүүлөрдү көрсөтүп жаттык экен? Мына ушунун баарын жанагы "ШОУ" деген шойкомдуу нерсеге тебелетип бүтүрдүк го.
Орустардын атайын маданиятка арналган "Культура" аттуу каналы бар. Биздин теленин андай каналды ачууга дарманы жок болгонго байланыштуу жок дегенде Улуттук каналдын торчосун бөлүштүрүүдө маданий программаларга жана балдар үчүн көрсөтүүлөргө да олуттуу орун үлөштүрсө деген тилекти өзүм баарлашкан көптөгөн интеллигенттерден угам. Музыка боюнча телекөрсөтүүлөр менен радиоуктурууларда жогорку профессионалдуулук жетишпейт. "Чала молдо дин бузат" дегендей, музыкалык таалим албаган же билими тайкы кызматкерлер сабатсыз угууларды жана көрсөтүүлөрдү даярдоо менен угарман менен көрөрмандардын иренжүүсүн пайда кылышат.
"Улуттук идеология - бул Улуттук канал" деп жатпайбы Мелис Эшимканов. Эгер идеологияны экран бетин ээлеп алган шоумендер менен "жылдыздардын" чыгармачылыгынан издесек, анда шорубуздун катканы ошол деп эсептейм. СССРдин урашы менен маданиятта, анын ичинде музыкада примитивизмге ушул эле Улуттук канал жана гезит беттери кенен жол ачып салып, ошондон чыга албай жатабыз. Бүтүндөй бир муун эгемендүүлүктүн 18-жылы менен кошо 18 ге чыгып олтурушат! Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармасындагы маңкурттук каптап келе жаткан жокпу бизди. Мындай коркунучту жаштарды каптап жаткан примитивизм менен билимсиздиктен улам айтып жатам. Үйдөгү бала-чакаңыздан баштап, кошунаңардын балдары же көчөдөгү жаштар менен баарлашып көрүңүзчү, көпчүлүгүнүн дүйнө таанымы,ой жүгүртүүсү, тили, дили, интеллекти чоң чочулоону пайда кылбай койбойт. Теле, радио жана башка массалык маалымат каражаттарындагы терең орун алган примитивизмден, чала сабаттууларды жылдыз кылуудан чыкпасак огеле толуп кеткен олуттуу маселелерди чече албаарыбыз айныксыз. Узак убактан бери массалык маалымат каражаттар казанында кайнаган М.Эшимкановду сынды көтөрө алган көкжал, өжөр иштерман катары билебиз. Балким, өзү айткан "жиндилигин" карматып, теледеги музыкалык көрсөтүүлөрдү "жиликтеп" орду-ордуна коюп, жакшы жактарына өзгөртөөр деген үмүттү өчүрбөй туралы.


Турдубек Чокиев,
композитор