Алыста жүргөн уулуңдун,
Кабыл ал, жазган саламын

Равшан Жээнбеков,
Экс-министр,
экс-элчи:
"Бүгүн кыргызга
улуттук лидер аба менен суудай керек"
Урматтуу Улуттук
Курултайдын катышуучулары!
Кыйынчылык - кээде келечектеги ийгиликтердин башаты болуп эсептелет. Себеби, ал бизди изденүүгө, күрөшүүгө, чыйралууга даярдайт. Албетте, эгерде сен намыскөй болсоң... Үй бүлөлүк денгээлде, "кантип бала-чакабызды багып, аларга туура тарбия берип, татыктуу келечек түзүп беребиз?" деп түйшүккө малынсак, мамлекеттик денгээлде "кантип күчтүү мамлекет куруп, улуттун кызыкчылыгына жооп берген, адилеттүү бийликти орнотобуз?" деген ой бүгүнкү күндө баарыбыздын жан - дүйнөбүздү бушайман кылып, көкүрөгүбүздөгү учурдагы саясий система жараткан келечектен үмүт үзүүнүн чынжырларын талкалап, чечкиндүү кадамдарды жасоого түрткү берүүгө тийиш.
Бүгүн биз кандай гана саясий позицияны карманбайлык, баарыбыздын алдыбызда турган бүгүнкү күндүн эң негизги маселеси - элибиздин башын бириктирип, келечекке жол көргөзүүгө жөндөмдүү УЛУТТУК ЛИДЕРди тандап алуу маселесин чечип алганыбыз оң.
Элдин чыныгы ишенимине татыган Улуттук ЛИДЕРдин ролу мамлекеттик жана коомдук институттары бекем турукташкан, өнүккөн мамлекеттерде дагы өтө манилүү. Себеби, кандай гана коом болбосун, келечекке акыл-эстүүлүк менен ой жүгүртүп, өлкөнүн өнүгүү багытын сабырдуулук жана көрөгөчтүк менен аныктоого дилгир, мамлекетте адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун сакталышына баш оту менен киришкен адамга муктаж. Ал эми Кыргызстанга окшогон мыйзамдуулукту тааныбаган, мамлекеттик органдары бир адамдын гана буйруктары менен иштөөгө аргасыз болгон, адам укуктары, сөз эркиндиги жана атаандаштык принциптери сакталбаган мамлекеттерде Улуттук лидердин ролу андан дагы манилүү. Себеби, ыйман жана улуттук баалуулуктар өз баасын алып, адилеттүү сот жана укук коргоо органдары, шайлоо системасы, саясий институттар түзүлгүчө ал адам мамлекеттик, коомдук жана маданий институттардын ролун аткарышка туура келет. Ошондуктан, менин оюмча, эгерде биз мамлекетибиздеги түзүлгөн системалуу кризисти женип чыгабыз десек, анда бизге чыныгы, эл тандап, эл ишенген УЛУТТУК ЛИДЕР аба менен суудай керек.
Биз баарыбыз, Кыргызстанда, кыргыздын Дэн Сяопинин , Ата Түркүн , Махатхирин жана Ли Куан Юсун күтүүдөбүз... Алар, мүмкүн жарала электир, а мүмкүн биздин эле арабызда жүргөн чыгар... Себеби, азыркы бийлик күчтүү лидерлердин өсүп чыгышына шарт түзгөн эмес жана түзбөйт дагы. Ошондуктан, бийликтин каршылыгына карабастан күчтүү лидерди таап чыгып, аны бийликке алып келүү - коомдун, биринчи кезекте, улуттук элитанын милдети болуп саналат. Мамлекет менен улутубуздун келечеги бүдөмүк болуп, кыйроо алдында турган бүгүнкүдөй кооптуу учурда бул маселе өзгөчө мааниге ээ деп эсептейм.
Кандай гана идеалдуу Конституцияны, мамлекетти башкаруу ситемасын түзбөйлү, мамлекетибиздин келечек тагдыры, биз күткөн өзгөрүүлөр менен байгерчилик жашоо көбүн эсе улуттук лидерге байланыштуу. Улуттук лидердин жеке баалуулуктары, тутунган принциптери, адамдык сапаты жана көз карашы сөзсүз түрдө биздин келечегибизге таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, маркумдар Ч. Айтматов менен А. Масалиев таңуулаган жетекчилер эмес, улуттун ишенимине татыган, анын кызыкчылыгына жооп берген татыктуу лидерди алып келүүнүн жолдорун жалпы журт өзүбүз ойлонушубуз керек.
Андай жолдордун бири катары мен жалпы коомго жана оппозициялык көз караштагы адамдарга, саясатчыларга жана партияларга мындай сунуш берер элем:
Оппозициялык лидерлердин ичинен бир адамга басым жасап, коомубузга, бийликке татыктуу адамды алып келүүгө жол ачып берүүчү Аксакалдар Кенешин түзөлү. Ал Кенешке коомдо кадыр-баркы бар, өз позициясын бекем туткан, президенттик амбициядан алыс саясатчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл адамдар кирсе. Алар кандайдыр бир критерийлердин, параметрлердин негизинде Кыргызстандын келечектеги лидерин таап, изилдеп, коомго сунуш кылса.
Албетте, ким кимди тандайт жана колдойт, ал ар кимдин өз иши. Ошентсе дагы, Аксакалдар Кенешинин сунушу, менимче, элибиз үчүн маанилүү жана баалуу болот эле.

Урматтуу Мекендештер!
Араңарда болуп, бүгүнкү Курултайда жогорудагы сунушумду өз оозум менен айта албасам дагы, силердин жанынарда отуруп, жалындуу сөзүңөрдү уга албасам дагы, акыл эсим, жүрөгүм менен мен силер мененмин. Мамлекетимдин жана элимдин келечеги үчүн болгон аракетимди жана мүмкүнчүлүгүмдү жумшоого ар убакта даярмын.




  Сот залынан

Кайрадан И. Кадырбеков жеңди
26-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мам курулуш архитектура агенттигинин мурдагы директору И. Кадырбековдун иши каралды.
И. Кадырбеков кореялык инвесторлор менен биргелешип, Бишкек шаарындагы 15 - Жал кичи районуна социалдык көп кабаттуу турак жайларды курууда мамлекетке чоң өлчөмдө зыян келтирген деген күнөө коюлган.
Мамлекеттик айыптоочунун бул суроосуна "Жал Артист Глобал" кореялык фирманын вице-президенти Кутманов М. М. күбө катары суралды.
- "Социалдык турак үйлөр Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти жактырып, анын жеке катышуусу менен Курулуш архитектура агенттигинин эки тараптуу макулдашуусунан кийин кореялыктардын жалпы көлөмү 125 млн. АКШ долларына каржылоо менен курула баштаган. Кыргызстан тарап пайдадан башка бир сом зыян тарткан жок"-деп жооп берди.
Кийинки күбө Мамлекеттик айыптоочу Кыргыз курулуш архитектура агенттигинин экспертиза башкармасынын жетекчиси Рахатбек Кадыркуловго " И.Кадырбеков Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйдү курууга мыйзамсыз жарыш долбоорлоого уруксат бергендигин айтыңыз" - деп суроо салды.
Эксперт Р. Кадыркулов " Ал үйгө жарыш долбоорлоого уруксат берүүдө эч кандай мыйзам бузууга жол берилген эмес. И.Кадырбековду түрмөгө отургузгандан кийин фин полициянын өкүлдөрүнүн кысымы менен көрсөтмө бергеним чын"-деп жооп берди.
Сот ишин алып баруучу А. Сариевдин "Тагыраак, ким кандайча кысым көрсөттү"-деген суроосуна, ал: " Тергөөчү Боров биз каалагандай көрсөтмө бербесең сени да камайбыз- деп кысымга алган" -деп жооп узатты.
Сот капилет токтотулуп, сот жана прокуратура кызматкерлери жогорку жактан чакыртылып жаткандыгына байланыштуу деген имиштер менен ишти кароо 3- декабрга чейин тыныгуу жарыяланды.
Ошентип, калптын казаны кайнабай, быкшып жаткан учур.




Айнек сындыргандар
20 жылга кесилди
Орозо айт күнү Ош облусунун Ноокат районунун акимчилигин ташбараңга алгандардын соту соңуна чыкты. Айып тагылгандардын ону 20 жылга, калгандары 16-19 жылга чейин кесилди. Жашы жетелек жалгыз өспүрүмгө 9 жыл берилди. "Массалык баш аламандык уюштурду" деген айып тагылгандарга мынчалык оор жаза берет деп ойлогон эмеспиз. Эмне үчүн бийлик жаш баланы ушунчалык узак убакытка кесип жиберди? Эгерде ушул эле кылмыш иши боюнча жоопко тарта турган болсок, анда, азыркы Акүйдө отургандардын көпчүлүгү түрмөгө отуруш керек болуп калат. Анткени, алардын баарысы 2005-жылдын 24-мартындагы массалык баш аламандыктарды уюштурушкан. Мунун аягы жакшылыкка алып барбасы, бештен белгилүү. Айнек сындыргандар 20-жылга, адам өмүрүн сындыргандар 5-жылга соттолуп жатса, кайдагы акыйкаттыкты айтабыз?


Топтолуп эмес, жок болуп баратат
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйгөндүн ордуна, кайра төмөндөй баштады. Анткени, кирген суунун көлөмү секундасына 159 кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 299 кубду түзүүдө. Кадимки Сапар Балкыбеков барган "Электр станциялар" акционердик коомунун билдиргенине караганда, азыркы топтолгон суунун көлөмү болгону 8 миллиард 950 миллион куб метрди түзөт. Бул деген былтыркы жылдагыга салыштырмалуу 4 миллиард куб метр аз дегенди билдирет. Ага болбой эле апыртып жатышат, "Кыштан кыйналбай чыгабыз"-деп. Ким ишенет? Кыш айы аяк басканы менен, анын аязы азырынча келген жок. Дагы, Давыдов дегени айтып жатпайбы, "жаңы жылды майрамдоодо жарык өчүрүлбөйт" деп. Муну кандай түшүнсөк болот? Ак үйдүн Аяз атасы берген подаркеби? Азыркы бийликке айла жок экен да.



Тууганбай Абдиев көз жумду
"Тезек тергизген" чычкан жылы, чындап эле чыйкан жылдардын бири болду. Ушул жылы улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, композитор Асанкан Жумакматов, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев, кардиолог Мирсаид Миррахимов, төкмө акын Ашыралы Айталиев, генерал Анарбек Шамкеев сыяктуу кыргыздын кыйын чыкмаларын акыркы сапарга узаттык эле, эми этегинде элибиздин эрмеги болгон төкмө акын Тууганбай Абдиевден айрылып отурабыз. Кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн акыркы муунуна кирген Тукебиз 71 жаш курагында дүйнө салды.Тукебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиевдин уул-кыздарына, тууган-туушкандарына "Ачык саясат" гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.