Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" кыймылынын төрагасы:
"Канткенде кыргыз эли өз жеринде өз ырыскысына өзү ээ болот?"
Урматтуу делегаттар,
Апрель айында өткөн Элдик Курултайдан бери алты ай өттү. Сыртынан караганда биздин мамлекетте эч кандай өзгөрүүлөр болбой эле, саясий-экономикалык абал курчуп баратат. Президент үй - бүлөсү менен өз билгенин кылып, Өкмөт, Жогорку Кеңеш өлкөнү андан ары кризистин сазына батырып, болгон стратегиялык объектилер сатылганы турат. Свет жок, үй суук, азык-түлүк кымбат, эл жакырдангандан - жакырданып бараткан кези. Ошол эле маалда өлкөдөгү саясий процесстер абдан тездик менен татаалдашып, элдин нааразылыгы болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Эң негизгиси, былтыркы карөзгөй шайлоолордон кийин карапайым калктын жакшылыктан үмүтү өчүп, кайрадан акыйкат коомго барабыз деген ишеничи жоголуп баратат.
Ушул жагдайдан алганда апрелдеги Элдик Курултайда азыркы саясий режимге нааразы күчтөрдүн бир багытта аракеттенишине жетишкенбиз.
Өзүңөр билгендей, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Коомдук Парламенттин кезектеги жыйыны өтүп, анда прогрессивдүү күчтөрдүн тилектештиги боюнча Меморандумга кол коюлган жана Кыргызстандын жаңы саясий системасынын Концепциясы макулдашылган.
Урматтуу делегаттар!
Курултайда "Акыйкат үчүн!" коомдук кыймылына кирген 15 саясий партия, 30 коомдук уюм, Коомдук Парламентке кирген саясий ишмерлер жана Меморандумга кол койгон партиялар өз өкүлдөрүн аныкташты. Бүгүн Баткен, Жалалабат, Нарын, Талас, Ош, Чүй, Ысык - Көл облустарынан делегаттар катышып отурат. Ошондуктан, мен учурдагы эң башкы деп эсептелген төмөнкү беш маселеге гана көңүлүңүздөрдү бурууну туура таптым. Эң биринчиси - ушул жерге чогулуп отургандар, биз кимбиз? Эмне максатты көздөп чогулуп жатабыз?
Башта баса белгилегендей, бул жерге Кыргызстандын ар облус, райондорунан өкүлдөр, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын активисттери чогулду. Сиздерди жамы журт үчүн күйгөн, кыргыз эли-жеринин тагдырына кайдыгер карабаган, келечек үчүн аракет кылууга даяр адамдар десек аша чапкандык болбос. Биздин максатыбыз бирөө гана. Ал - кыргыз жана башка боордош улуттардын акыйкаттыктын туусу астында өнүгүп-өсүшү!
Экинчиден, биздин ынтымакка келип, минтип чогулуп жатышыбыздын себеби эмнеде? Биз бул жерге "устаранын мизинде" турган элибиздин, мамлекеттин тагдырын, өсүп келе жаткан өзүбүздүн уул-кыздарыбыздын келечегин талдап, кеңешели деп келип отурабыз. "Канткенде кыргыз эли өз жеринде өз ырыскысына, өз тагдырына өзү ээ болот?! Канткенде четтен келгендер бийликте тургандар менен жең ичинен соодалашып, биздин өлкөнүн жер байлыгын талап-тоногонун токтотот?! Канткенде Кыргызстандагы бийлик элге кызмат кылат жана кыянаттык менен ыймансыздыктын толкуну токтойт?!" Мына ушул суроолор ар бирибиздин көкүрөгүбүздө. Ушул суроолорго жооп издеген умтулуу менен кендирди кескен кыянаттыкты токтотолук деген сезим бизди ушул жерге чогултуп отурат.
Үчүнчүдөн, биз кандай саясат менен макул эмеспиз? Биз бир адам, бир үй-бүлө башында турган жана эл-журттун, өлкөнүн келечегине зыян алып келе турган бийлик системасы менен эч качан келише албайбыз! Биз эл шайлады деген шылтоо менен карапайым калкка каршы Конституцияны жана мыйзамдарды кабыл алып, бурмалаган саясий оюндарды жүргүзүп жаткан күчтөргө каршы турабыз!
Жамандыр-жакшыдыр элдин үнүн угуп турган, көптөгөн жылдар бою карапайым калктын келечегин талкалоочу саясаттын алдын алып келген элдик Жогорку Кеңешти талкалап, "чөнтөк парламентине" айлантуу азыркы бийликке аброй алып келген жок! Ак үйдүн мындай кадамы кыргыз граждандык коомчулугуна урулган кыйраткыч сокку болду!
Азыркы бийликтин элдин өнүгүшүн камсыз кыла турган алтын өнөр жайы, суу-электр тармагы сыяктуу ресурстарды гана эмес, элдин үнү угула турган саясий бийлик органдарын дагы "приватизация" кылып жатышы биздин Коомдук Парламентти түзүүбүздүн, Элдик Курултайды уюштуруубуздун башкы себеби болду. Биз мына ушул багытта өз саясатыбызды жүргүзөбүз! Азыркы бийлик канчалык элге каршы саясатын күчөтсө, биздин кыймыл, биздин багыт ошончолук таасирге ээ болууда. Бизди бириктирип турган жана ынтымакка чакыра турган себеп - азыркы бийликтин элге каршы зомбулук саясаты.
Заман өзгөрүп, алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулуп, өсө турган учурда электр жарыгы тынымсыз өчүрүлүп, тезек жаккыла деп турганыбыз - бул мамлекеттик бийликтин абдан чоң кризисинин белгиси! Аны моюнга алып, жалпы эл менен бирдиктүү аракет кылуунун ордуна менчиктештиребиз, жер байлыгын тогуз жүз сомдук лицензия менен сатып иштетебиз деген саясат, киши өлтүрүүлөргө, зомбулукка чек коюп токтотуунун ордуна жол ачып берип жаткан саясат - бизди биригип үн көтөрүүгө мажбур кылууда.
Төртүнчүдөн, биздин бара турган жолубуздун багыты кайда? Азыркы биздин коомдун эң коркунучтуу душманы - дүйнөлүк финансылык кризис же инфляция эмес. Эң коркунучтуу душман - бийлик башында тургандардын коррупцияланышы же өз тилибизде айтканда - кыянатчылыгы. Мындай кыянатчылыктын келип чыгышынын чыныгы себеби - адамдардын акчанын жана бийликтин кулуна айлана башташында. Азыркы коомдо "өзүң үчүн гана жаша", "акча баарын чечет", "башкалардын эсебинен жаша" деген принциптер таңууланууда. Мындай коомдо коррупция кадимки көрүнүштөй кабыл алынууда. "Жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт" деген сөз эсиңиздердеби?
Өсүп-өнүгүүнүн башаты - ыйманда! Ыйманды, ата-бабадан бери келе жаткан адеп-салтты, нарк-насилди жандандырып, коомчулуктун башкы принцип-жоболоруна айландырганда гана биз мындай кризистен чыга алабыз! Биздин улуттук идеологиябыз -ыймандуулукту, адилеттикти, акыйкаттуулукту туу тутуу аркылуу түптөлөт. Улутчулдук - бул элдин теңчилиги үчүн, акыйкаттуулук үчүн күрөшүү жана нарк-насилди, ыймандуулукту көтөрүү.
Качан гана өз чөнтөгүңдүн камын ойлобой, ыймандуулуктун жолуна түшүп, жамы журттун кызыкчылыгы үчүн күрөшүүнү өз өмүрүнүн башкы милдети катары көргөн көсөм адамдар бийликте көбөйгөндө гана биз келечектен үмүт кыла алабыз! Эл бийликке ишеним артайын десе, алар көбүнчө коррупция, криминалга белчесинен батып, жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу менен алек болууда. Демек, бул бийликтин тагдыры тескери жакка чечилип калды дегенди билдирет.
Биздин бара турган жолубуз, таяна турган оюбуз ыймандуулук жана атам замандан бери келе жаткан адеп, нарк-насил!
Келечек намысты, акыйкаттыкты, жалпы эле ыйманды туу туткан жаштардыкы! Алар биздин чыныгы таянычыбыз!
Мамлекет элдин жана коомдун ыймандуулукка үндөгөн өкүлдөрүн жана уюмдарын колдоого алып, шарт түзүп берүүгө тийиш. Ушул жерде айта кете турган нерсе ислам динине байланыштуу. Биздин ата-бабаларыбыз ислам дининдеги ыймандуулуктун улуу сапаттарын көрүп, аны чын дили менен кабыл алышкан. Азыркы доордо дагы көпчүлүктүн мусулманчылыкка тартылып жатышынын чыныгы себеби ушул.
Азыркы биздин Курултайдын, мен жетектеген "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын дагы башкы максаты - ошол элдин илгертеден бери келе жаткан талабын аткаруу, коомдогу ыймандуулукту калыбына келтирүү болуп саналат.
Бийлик элдики! Элдин келечеги ыймандуулук менен акыйкаттыкта!




Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын лидери:
"Эмгегиң элге сиңбесе,
Хан болгонуң бекердир"
Кыргызстан кайдан башталат? Тенир-Тоо Нарынданбы, же Алайданбы, же Таластанбы же алыскы Эне-Сайданбы?! Мен ойлойм Кыргызстан ар бирибиздин жүрөгүбүздөн башталат. Кыргызстан ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн, ар бир айылдан башталат!!!

Урматтуу мекендештер!
Урматтуу достор!
Ата-бабаларыбыз өз урпактарына аскасы асман тиреген кооз тоолорду, дүйнөдө теңдеши жок табият бермети Ысык-Көлдү, шылдыраган мөлтүр тоо булактарды, оргуштап аккан дарыяларды нукура кооздукта мурас кылып калтырышкан.
Биз бул мурастарды сактап кала алабызбы? Маселе ошондо! Бүгүнкү күндө экономикабыз кризистин, бийлик болсо коррупциянын, үй-бүлөлүк башкаруунун балчыгына батып турган учуру. Туурабы мекендештер?!
Карагылачы, ошонун айынан жерибизден казылып жаткан алтын эл байлыгы болбой, бир ууч топтун байлыгы болуп калды. Агып жаткан суу-дарыя, элибизге жарык алып келбей, баарыбызды карангы үйгө камап, тескерисинче андан түшкөн акчалар доллар болуп, башка чөнтөккө агып жатат. Көйкөлүп жаткан Ысык-Көлүбүздүн убайын элибиз көрбөй, чет элдерге сатылып жатат. Эмне үчүн ушунчалык теңсиздик....? Бизди бул ахвалга алып келген ким? Жооп бир - бүгүнкү бийлик. Туурабы, мекендештер?! Ушундай бийлик бизге керекпи?
Мен: Жок, жок жана жок деп айтаар элем. "Аттан - аттын неси артык, ашыра баскан изи артык, Эрден -эрдин неси артык, эр сайышта күчү артык, Хандан-хандын неси артык, калкына-кылган иши артык" деген элибизде улуу сөз бар,
Канакей бүгүнкү бийликтин кылган иши, кайда берген убада сөздөрү? Кайда жыргал турмушу? Президент- бул эл башчысы, мамлекеттик бийликтин эң жогорку символу.
Өзүнүн сөзүндө негизги мамлекеттик саясат катары элди тезек чогулткула деп чакырык жасады. Ушул XXI кылымда Кыргызстандын негизги идеологиясы болобу? Ушундай бийликтин келечеги барбы?? Жок, жок жана жок!
Урматтуу замандаштар!
Бийлик көп учурда оппозицияны сындап, оппозицияда биримдик жок, сунуштаган программасы жок деп келет. Биздин бүгүнкү өткөрүп жаткан Курултай оппозиция күчтөрүнүн биримдигин көрсөтөт, туурабы мекендештер?
Биз бириге алдык, ошон үчүн бирдиктүү меморандумга кол коюп отурабыз.
Биз өз Кызыкчылыгыбыздан элдин биримдигин, кыргызстандын келечегин жогору коёбуз. Ошол эле учурда - бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп, бирдиктүү командасы жок экендигин күн сайын элдин алдына далилдеп берип жатат.
Оппозициянын программасынын жоктугунан эмес, төрт жылдан бери иштеп келе жаткан бийликтин программасынын жоктугунан, алсыздыгынан биз бүгүнкү кризисте отурабыз. Эгерде программасы болсо, алып чыкпайбы элге?
Эмне бир министрди алмаштырып-ошону "программа" деп жатышабы.
Алыскы айылдагы дыйкандан, "бийликтин эң биринчи кыла турган иши эмнеде"-деп сурасаң, ал "тазалануу"- деп жооп берет. "Тазалануу" дегенди карапайым калк кандай түшүнөт? Бул-уурулукту, зомбулукту, тууганчылыкты, жердешчиликти токтотуу, коррупцияны түп- тамырынан бери жоюу, эң негизгиси үй-бүлөлүк башкарууну жоготууну түшүнөт. Бүгүн сунушталып жаткан концепциянын негизи багыты, маңызы ушунда!. "Акшумкар партиясы" - келечекте партиялык негизде шайланган күчтүү парламентти, жоопкерчиликтүү, профессионалдуу өкмөтү, адилет сотту, албетте эл шайлаган акыйкат президенттин болушун колдойт. Элибизде: "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" - деп айтылып келет. Биздин кыргыздын тарыхында канчалаган бектер өтпөдү.
Бирок, эл жетектеген кезинде, белге бетеге өстүрүп, тоосуна мал күттүрүп, талаасына дан септирип, артыңда турган элге эмгегиң сиңип, мээнетиң өтпөсө - дөөлөтүң да бекердир, хан болгонуң да бекердир.
Урматуу достор!
Биздин бүгүнкү тандап алган жол оор, алдыда чоң сыноолор күтүп турат, биздин күрөш жаңы башталды, көбү алдыда. Биздин күрөш үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы, биздин күрөш алдамчылыкка, жүзү каралыкка, мыйзамсыздыка каршы. Биздин максат эмнеде? "Биздин максат жеңиште"- деп айтам. Ал кандай жеңиш? Бул-элдин жеңиши! Ал- таза, адилет бийликти орнотуу, ал-ар бир адамдын коопсуздугун коргоо, ал-күчтүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, ал-күчтүү экономикалык саясат жүргүзүү, ал-элибиздин турмуш деңгээлин көтөрүү, ал- Кыргызстанды гүлдөгөн, бай, бакубат өлкөгө айлантуу.
Биз ушундай максатка жетебизби? Кудай буюрса жетебиз, мен буга ишенем!
Урматуу мекендештер!
Биздин багытыбыз бир, биздин тилегибиз бир, биздин келечегибиз бир, биздин күчүбүз бир, биздин Мекенибиз бир. Анан албетте, биздин жеңишибиз бир, мен буга ишенем! Сиздерди да ушуга чакырам!