"Жомокчулар" өлкөсүндө...

Жоруктары жолдо калгыр "жомокчу" чоңдорубуз…
Бул эки ооз сөздү дагы бир топ, жумшартып, абдан-абдан сыпайылык менен айткандагы кербезим. Ал эми чыркыраган чындыктын талабы менен айтсам, жолдо калгыр деген сөзүм, "көрдө калгыр" болуп өзгөрөөрүн өзүңүздөр деле алдыртан баамдап турсаңыздар керек. Бирок, "айткандын оозу жаман болбосун" деген максат менен (жок дегенде) бул макаламдын темасын сыпайыраак койдум.

Момпойсуй соргондой момурап жүрчү момун мүнөз элибизди өз жашоолорунун "ийгилигине" ийилип - чоюлуп, бийликтин бийик шарапаты менен шапар тээп, шаңдуу, шаңкылдап ырдашкан чоңдорубуз, алгач чочутпай "четкий жолдор" менен алдап баштаган.
Союз доорундагы чындыктын чыныгы формуласы менен жашап көнүп калышкан элибиз ал кезде алдануу менен деле иши (түшүнүгү) жок болчу деп айтсак туура болот. Демократия жолун тандашкан чоңдорубуз ал убакта "демократ" чоңдордун чоң саясаттагы тумандуу жол жобосун, "жоругу жолдо калгыр жомогун" айтканды жалпысы менен жабылышып жадыбалдай жатташып, үзүлүп түшүп, үйүр-үйүрү менен үйүлүп үйрөнүп жатышкан. Баракелде! Адегенде, ал "атка минерлерибизди" ааламга жараткан аталарына, эмчек сүтүн берип "түн күзөтчүсү" болуп багышкан энелерине эң чоң ыраазчылык билдирем. Себеби, бардык чоңдорубуздун, супер кудуул Күмөндөр айткандай "баштары чоң, мээлери көп" экен. Зээндүү- зирек жандардын "алдыңкы сабында" экен. Демократия жолунун эл билбеген өтмөк- ашууларын, дөңдөрүн (себеби, майлуу пайданын баары ошондой жерлерде болот турбайбы) изилдешип ийне - жибине чейин үйрөнүп, билип алышыптыр. Ушундай терең билимдүү чоңдорубуздун ана башында "Улуу урматтуу" экс-ажобуз Аскар Акаев турганын азыр ар бир кыргыз эмес, ай-аалам билет.

"Кайра куруу" жомогу.
Ошентип, Аскар ажобуз баштаган жомокчу чоңдорубуз элди алгач "Кайра куруу" жомогун узак-узак айтышып, ишенчээк элди ийгиликтүү алдоого үлгүрүштү. "Кайра куруу" жомогунун биринчи бөлүгү (жана эң негизги мазмуну да ушу бөлүктө) реформалоо экенин эсибизден чыгарбообуз зарыл. Союздан калган мамлекеттин негизги бүт байлыгы, ошол байлыкты жараткан (байыткан элди) жол-жоболор, күчтүү мыйзамдар чоң өзгөрүүгө туш болду. Тактап айтканда, бул реформа адегенде эле айыл-чарба тармагынын таалайын кыркып, кыргыздын кыйма-чийме кыр-кырлардагы кайрак жерлерине чейин калктын менчигине айланды. Анан бүткүл союзга атагы чыгып, алдыңкы ордунда турган мал-чарбасы элдин энчисине бөлүндү. Аздан соң мамлекеттин желеги, герби, гимни, Конституциясы иштелип чыкты. Көпчүлүктүн көөнүнө толбой турса буларды чоңдорубуз болуп көрбөгөндөй зор ийгилик катары баалашты.
Дыйкан чарба элибиздин чекесине чыккан чыйкан чарба болду. Себеби, менчикке өткөн мал-жанга багуу (союз убагындай бапестөө жок болуп) жарашпай, көбү кыргынга туш болду. Азы калды, аны оокатка тың адамдар акырындап улап кетишти. Үлүшкө тийген жерлердин бирин-серини гана айдалып, көп бөлүгү боз чаң сапырылган талаа - түзгө айланууга аргасыз баш ийди. Бейишиң болгур, "союздан" (байкуш абдан бай киши эле) калган канчалаган ири завод - фабрикаларыбызга мамлекет тарабынан камкордук көрүлбөй,бүлүнүп-таланып жатып, алардын баары орду толгус жоготууга учурады. Раматылык союз башкасын айтпаганда да элди айыл чарба жана өндүрүш тармагы менен эле жыргатып, капчыгын кампайтып байытууга жараган. Мамлекет бул үй бүлөдөн башталат. Үй-бүлөгө камкордук үй ээлери тарабынан көрүлбөсө, башка кимдер жардам бермек эле? Аты угулбай калган алыс тууганың же кооз жашоодо жашап жатышкан коңшу-колоңдоруң кол сунмак беле? Атаңдан калган Ала-Тоодой мурасты "мурутуңду майлап, майпаңдап жей берсең", ал деле тез эле билинбей түгөнүп калат. Анан үй-бүлөдө "нан жок, чай жок" согушу башталат. Же намыстанып нан табуу үчүн эмгектенип иштейин десе эч кандай иш жок болсо эмне кылат эле? Эмне кылмак эле бекерпоз болуп, беш тыйын таппай эптеп өлбө жаным өлбө болуп, (менин да колума карга чычат деп) бозоргон турмушунун туткасында илинип, эл ичинде эсен жүргөнүнө кубанып, күн көрө берет да. Эч кандай камкордук көрүлбөгөн үй-бүлө дал ушундай жашоодо жашаарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Камкордук көрүлбөгөн мамлекеттин деле жашоосу дал ушундай болот. Мына "мамлекет үй-бүлөдөн башталат" дегендин анык мааниси.
Аскар ажобуз баштаган чоңдорубуздун "Кайра куруу жомогу" "кайра жоготуу" маанисинде экенин кийинчерээк (жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап дечү беле?) баарыбыз билдик. Атаганат! Бул жомоктун маанисин эрте түшүнгөндө өңгүрөп ыйласак да, өгүздөй өкүрсөк да, өлтүрсөк да өзгөртүү талабын койбойт белек.

"Менчиктештирүү" жомогу
Бүгүн мамлекетти мамлекет катарынан чыгарып, жоготуу коркунучуна алып келип турган бийликтин өтө одоно, ыплас саясаты - бул менчиктештирүү саясаты. Бардык менчиктештирүүнүн жол- жобо, мыйзамы коррупция жана паракорлуктун багыты менен түзүлгөн. Акаев доорунда менчиктештирүүнүн биринчи "даңгыр жолдору" ийгиликтүү салынып, ал даңгыр жолдо жорго минип жомок айткандар, өз максаттарына оңойдон оңой, жеңилден жеңил жетишишкен. Аскар ажобуз канчалаган мамлекеттин байлыгын дал ушул менчиктештирүү жолу менен өзүнө ыйгарып алганын бүт калайык билет. Анын алтындан башталган "менчиктештирүү саясатынын" аягы алюминийге чейин жетти. Эл билбей калган дагы көптөгөн көмүскө менчиктештирүүлөрдүн изи дагы да болсо билине элек.
"Карга карганын көзүн чукубайт" болуп, андан кийинки жаңы бийлигибиз деле билмексен болуп, эски бийликти мыйзам чегинде жоопко тартуунун ордуна кайра алардын "менчиктештирүү жомогун" өтө кооздоп айтышууга абдан жөндөмдүү экендиктерин (тубаса талантуулуктарын) көрсөтүштү. Азыркы Бакиев доорунда а киши баштаган чокчоңдогон чоңдорубуз ал жомокту тынымсыз айта беришип, өздөрү жомоктогу ач карышкырга эчак айланып кетишкенин билишкен жок.
Азуу тиши алмаздай курч ач карышкырга байкуш кембагал адам короосундагы төрт коюнун үчөөсүн жедирип жиберген болсо, ал кийинки күнү сөзсүз бар байлыгы (Жылкы, Уй, Эчки, Төөлөрүн мурунку жомоктун ач кашкырларына жедирип жиберген) жалгыз коюн карышкырдан сактап калуу үчүн абдан мыкты даярданып, мылтыгын мойнуна асынып, түн күзөтүп кайтарууга чындап белсинет. Өзүнө белгилүү жерден жеп көнүп калган ач карышкыр кембагалдын короосуна түшкөндө, аны аңдып турган кембагал адам мээлеп туруп чекеге атып, терисин тескери сыйрыры бештен белгилүү. Учурда чоңдорубуз ушул жомоктогу карышкырдын образын, ал эми элибиз жалгыз коюн кайтарган кембагал адамдын образын жаратууда. Жыт билгич, жырткычтардын эсебин, элибиз чындаса арыдан-бери таап, терилерин талпак кылып жая салып коеру бышык иш.
Азыр өкмөт менчиктештирүү саясаты менен өз өмүрлөрүн кыскартып жатышканын билишкен жок. Билсе да билмексен болушуп, чыркыраган чындыктан көздөрүн ала качышып, жасалма каткырышып, "калптын казанын кайнатууга" жан далбас кылышууда. Чындык эртеби-кечпи эл байлыгын жешкен эргулдардын как жүрөгүнө канжар болуп сайыларына элдин ишеними чоң. Азыркы бийликтин энергетика тармагынын тамтыгын чыгарышып бүтүшүп, бүгүн уялбай- этпей, сатыкка коюшуп бир, эки кишинин жеке менчигине берүү саясаты бул - кыргыз элинин канча кылымдык тарыхы болсо, мына ошол тарыхыбыздын жүзүнө, казандын көөсүнөн да, капкара кетпес көө сыйпоо ( сыйпоо эле эмес, башы менен тик сайып ошол көөнүн күлүнө онатуу) саясаты деп билишибиз абзел.

"Кадрлар" жомогу
Кадрлар саясаты биздин өлкөдө апендинин жомогундай эле бүтпөс жомокко айланганын атпай журтубуз түгөл билет. Бул жомокту угуп, көрүп олтурсаң бир эсе жиниң, бир эсе күлкүң гана келет. Акаев доорунда бул "кадрлар жомогу" элдин бүгүнкүдөй жинин да, күлкүсүн да келтирчү эмес. Бакиевдин тушунда болсо бул жомокту жараткан автор өзү кадимки апендинин образындагы, бирок, 21-кылымдын (современный деловой демократ) чоң саясатчысы. Азыр мамлекетибиздин "тың чыкма" кадрларыбыздын катарында сакалдарын сүйрөшүп, "бөрү карыса бир койлук алы бар" урааны менен каруусу кетип, капталдарын жеп бүтүшкөн, саясаттын сасык боткосун кайнатышкан картаң карышкырларыбыз дале болсо жүрүшөт. Алардын айрымдарын атасак, сөөгү сөпөт болгон комунизим доорунун кадрлар калдыктары Ү. Сыдыков, Э. Карабаев, Д. Нур уулу жана эң башкысы К. Бакивдин өзүн кошсок да эң туура болот. Дагы саясат айдыңынан кеткиси келишпей жүргөн картаң саясатчыларыбыз көп экенин элдер өздөрү жакшы билишет. Берекелүү союз кезинен айтылып калган "Кадрлар баардыгын чечет" деген жакшы сөз бар эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул сөздүн мааниси теңирден тескери болуп калды. Бул сөздү азыр "кадрлар баарын жешет" деп түшүнгөнүбүз туура болот.
Калган 17- жылдык тарыхы бар сасык саясатыбыздын "жөө жомокторун" эмки сандарыбызда жазабыз.

Айбек Шамшыкеев
"Ачык саясат"




Абдыкалык Рустамов, Бишкек-Талас региондор аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын инспектору:
- Курултайга сиздин жеке бааңыз кандай?
- Курултайда Бакиевди жамандап жатышпайбы, электр жарыгы жок дешип. Чындыгында Курманбек Бакиев президент катары Кыргызстандын бүгүнкү оор абалы үчүн жооп берүүгө тийиш. Анткени, проблемалар жалаң эле электр тармагында эмес. А энергетика болсо стратегиялык объект. Суусуз "Түндүкэлектр" акционердик коому "жок" дегенди билдирет. Демек, алар биздин сууну кимдир бирөөгө сатууда. Казакстан менен Россиядан сабак ала алышпады. Россия энергетикасын сатып жиберип кайрадан кайрып алышкан. Казакстан дагы так эле ошентти.
- Элдик Курултайдын талаптарына, сунуш-пикирлерине кошуласызбы?
- Ток этер жерин эч ким айткан жок. Бизге "реформа без Бакиева" керек. Бакиевди алып келген кишилер ушул жерде отурат. Аны алып келгендердин бири мына, мен дагы бармын. Түнү менен Ленинге окшоп тикебизден тик турганбыз. Бирок, биздин ишеничибизди актаган жок .
Бакиев кадрларды алмаштырууну акча жасоонун бир жолу катары карап келатат. Ошондуктан, бизге таза саясат керек. Мына, "Акжол" шайлоодо жеңилгенине карабастан, жасалма жол менен Жогорку Кеңешке келип отуруп калды. Бирок, азыр "Акжолдун" Бакиевге кереги жок. "Акжол" президентти канагаттандырган мыйзамдарды кабыл алып берди. Энергетиканы сатууга жол ачты. Жарык, газ, алтын, нефть кыскасы баарын жеке колдорго сатууга болот. Демек, бизге мындай бийликтин, ушунча көп мамчиновниктердин "толпасынын" кереги барбы? Курултайда ушундай конкреттүү эч нерсе айтылбады.
- Сиз жогоруда айтыңыз го, "Реформа без Бакиева" деп...
- Эң алгач Бакиевди кетирүүбүз зарыл. Өзү кетсин же биз кетиребиз. Ушул Курултайды өткөргөндөр башташабы, башташпайбы биз күтпөйбүз. Андан соң гана реформа жасоого болот.
- Бирок, оппозициянын лидерлери бул тууралуу унчукпай жатышат го?
- Алардын ачык айта албагандыгынын себеби, эртеси күнү ар бир адам жооп бериш керек. Мен дагы өзүмдүн айтып жаткандарыма жооп берем. Кайсыл бийлик кызматка келбесин, мага каршы кандай гана кылышпасын, мен элди өз укугун коргогонго чакырат элем. Митингдерге чыкканда да өз жүрөгүңдөгү жалының менен баруу абзел, "Мага түшкү тамак же арак алып берет",- деп барбай. Биз адам укугун эң биринчи орунга койбосок, мындай көрүнүштөр дагы деле боло берет.

Собол узаткан,
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"