Жогорку Кеңештин спикери А.Тагаевге, УТРКнын президенти М.Эшимкановго
Дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай таанымал Чыңгыз Төрөкулович Айтматов каза болгондо таланттуу акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевди н Чыңгыз Айтматовду жоктоп кошок кошкону ар бир кыргыздын сай сөөгүн сыздатып ыйлабаган бир да кыргыз калган жок. Бул кошоктун маанисинин бийиктигин бүткүл кыргыз эли баалаганы бардыгыбызга белгилүү.
Элмирбектин кошогунда Евразия, Америка континенттериндеги дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу публицисттердин ачылыш-агымын, акыл-оюн Орто жана Борбордук Азияга, ошонун ичинде Кыргызстанга тартканы даана көрсөтүлүшү, ошондой эле республиканын жетекчилеринин олуттуу кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп, калайык калкка ачык түшүндүрө берген.
Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан күндөн баштап, массалык маалымат каражаттары (радио, телевидение, газета, журнал ж.б.) аркылу илимий эл аралык конференция өтүп, Чыңгыз Айтматовду н атын түбөлүккө калтырыш үчүн, радионун күндөлүк бериле турган программасына, "Манасты укчу маал" деген рубрика сыяктуу программага Элмирбектин Чыңгыз Айтматовду жоктоп кошкон кошогун радионун күндөлүк программасына киргизүү керек.
Менин оюмча, эгерде жок дегенде бир жумада бир жолу Элмирбектин кошогун радио аркылуу берип турса, Чыңгыз Айтматовдун идеялары элге терең сиңмек деп ойлойм.
Өкмөт башчыларыбыз деле кошоктун маанисин туура экендигин түшүнгөн болушу керек. Эгерде Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө сактагыбыз келсе радионун күндөлүк программасына "Улуу Чыңгыз Айтматовду угуу маалы" деген рубриканы киргизип кошоктун толук тексти берилиши керек. Бул менин жеке оюм.

Кыргыз Республикасына эмгек
сиңген врач, персоналдуу пенсионер,
Мырзабек Субанбеков




Азил-чыны аралаш
Сапарбек иниме салам жолдойм
Сапаш иним, Казакстанга барып кыргыздын суусун сатып," балп" дедире "бармагыңды" басып, элине дагы бир жолу "эбегейсиз" эмгек өтөп келгенсиң. Бул үчүн карапайым калкың "Балкыбековго "Кыргыз эл Баатыры" деген наамды берели деп ажого кайрылганы калды окшойт. Ажоңду тоготпой, элиң менен эсептешпей калдың, бул кылыгың кыргыз элине кылган кыянатчылык. Кыйкырып: "Баарын мен кыйратып, иштеп жатам! Мен элге жарык чачып жатам!"-деп төш кага бер, оголе кылың кыйшаймак турсун,отурган ордуң бекемделип,ойлогон оюн, көздөгөн максатыңдын туу чокусуна жетесиң.
"Балкыбековдун балбылдатып күйгүзгөн светин өзүңөр эле өчүрүп тургула! Бир лампочканы өчүрсөңөр бир чака суу үнөмдөлдү дей бергиле. Ал эстүү жигит эмеспи, бул эмгегиңерди эске алат. Эмдиги жылы Кыргызстандын атуулумун дегениңер ар бириңер алты чакадан сууну Токтогул ГЭСине ташып куясыңар, ошондо толбогонун көрөйүн!"-деп эл журтума кайрылуу жасайм, буга кандай омоктуу ойлоруңду айтасың.Өзүңө окшогон "суу жутар", "ток жутар" чиновниктерди карапайым калк каргай берсин, булут минип, муз бүркүп, дүйнөң түгөл, түлөөң түштөн, төлгөң үчтөн болуп алчактап турган кезиңер, ушул таскагыңардан жазбай, кабагым - кашым дебестен каткырып коюп, чалчактап жүрө бергиле! Акырында айтаарым Сапаш иним, жону жука журтуңдун светин өчүрсөң да, "катта" чиновниктердин казино, сауна, ресторан, кафелеринин светин өчүрө көрбө, жарты болсо жарып жеп, бүтүн болсо бөлүп жеген досторуң эмеспи.

Агаң Асан




Президенту Кыргызской Республики
Бакиеву Курманбеку Салиевичу
От жителей с. Ак-суу
Ул. Южная, Московского района
обращение
Мы, жители ул. Южная с. Ак-Суу Московского района (1117 человек) с просьбой рассмотреть наше заявление по поводу того, что мы проживаем в районе сахарного завода, на котором работают люди . В многоэтажных домах, здесь нет никаких условий для жизни. В семьях есть грудные дети, родители которых работают на заводе, пенсионеры, старики. Мы своевременно оплачиваем за электро энергию. Многие жители работают в больницах, в школах. Придя домой нет тепла и света. Невозможно даже согреть чай. Невозможно постирать и приготовить пищу. Жители нашего микройона в отчаянии. А так же в нашем районе находится детский дом. И без того обездоленные дети проживает в таких условиях, то есть днем отключают свет с 14:00 до18:00 , и ночью с 23:00 до 06:00 утра.
Отключение света в этих многоэтажных домах по десят часов в сутки, и детском доме. Вместе с отключением света из водопровода исчезает вода. В таких ужасных условиях проживаем, без света и воды одновременно.
1. Даниярова- учитель-пенсионер
2. Джэээналиева К. К. имеет 3 детей
не совершеннолетние
3. Киргилова А. М. ребенок 4 года
4. Костина Т. В.-замдиректор по УВР и т.д.




Бечелге жөтөлдүн кереги эмне?
Балакеттин баары баш мыйзамда эмес башкаруу системасында болуп жүрбөсүн?
"Мамлекетти талап-тоноп, жардын кырына алып келди"-деп какшап айткан патриоттордун сөздөрү жүрөгүмө тынчтык бербей, ушул макаланы жазууга аргасыз болдум.
Курултайга чейинки митингдерде баш мыйзамды өзгөртсөк эле баары ордуна келет деди эле. Бирок, тилекке каршы аны да көрдүк (баары ордунда эле), эч нерсе өзгөргөн жок. Эми президентти кетириш керек деген ойлор айтылды. Балакеттин баары ал экөөндөэмес окшойт. Мамлекеттик башкаруу системасын оңдомоюн, алтын баштуу президент алтындан баштап баш мыйзам жазса деле Кыргыз мамлекети оңолбойт. 29-ноябрда болгон Курултайда да үстүртөн айтып кетти. Эми бул айтылгандарга далилдеп берейин. Урматтуу президент Курманбек Салиевич 2007-жылы 13-декабрда элдин суроо- талабына жооп берип, теледе түз эфир болду эле. Ошондо көптүн бири катары мен да уулум Сапарбек уулу Абдырахмандын акыл-эси кеч өскөнү аныкталып, атайын ошондой балдар окуган мектепте окуйт, өздүк үйүм жок, батирде турам.1994-жылдан бери үй алуу үчүн Ленин районунда кезекте турам. Моралдык жана материалдык жактан жардамга муктажмын деген суроо эле. Сиздин суроо- талабыңызды мэрия карап чечип берет деген кагаз алгам. Д.Үсөновдун кабылдамасына киргизмек түгүл, жанына жолоткон жок. 2008-жылы январь айында телеге тарттырып "Ала-Тоодон" эки жолу көрсөтүлдү, эч жыйынтык чыккан жок. Эми жаңы мэр Нариман Түлеев чечээр бекен деп 2008-жылдын 25-сентябрында кабыл алуу үчүн кезекке жазылдым, бир айдан ашык күткөндөн кийин 27-октябрда Чекиров Кубат деген мэрияда иш алып баруучу кабыл алып, "сиздин карточкаңызды мэрге киргизели. Мэр кабыл алабы, албайбы ал киши өзү чечет"- деди. Телефон чалып сурасам, "карточкаңыз мэрдин столунда жатат"-деди, эки жума күттүм. Эки жумадан кийин, "мэр сизди кабыл ала албайт"- деген жооп уктум.
Теледен көргөзүп, артынан калбай жүргөн мени бир жылдан бери убара кылып жатышса, үйдөн чыга албай жаткан майыптардын суроо-талаптары чечилип жатат деп ким кепил боло алат. Урматтуулардан урматтууларга өтүп, жыйынтык чыгара албай жатканга ким күнөөлүү? Бишкек жылуулук башкармалыгына жумуш сурап барсам арызга кол коюп, "сиз жумушка алындыңыз, кароолчулардын жетекчиси Шедров Алексей Московский көчөсүндө жайгашкан, постто иштей бер"-деди. Эки күн түнү менен туруп, иш күндөрү мыйзамдуу түрдө отдел кадрга эмгек китепчемди алып барсам, "сиздин ден-соолугуңуз туура келбейт"-деп албай койду. Жада калса кароолчулукка да албаса, майып адамдар эмне кылып жан багат? Бийлик менен элдин ортосунда көлөкө болуп, элдин үнүн чыныгы чечүүчү адамга жеткирбей, айлап-жылдап сүйрөп жүргөндөрдү тартипке чакыруучу адам барбы? Кайдыгерликти коюп, чыныгы эл үчүн эмгектенүү убактысы келди го дейм урматтуу урматтуулар!!!

Сапарбек Муратов,
2008-жыл 1-декабрь