Сыдыков сыр ачабы же чыр ачабы?
Ажобуз Курманбек Салиевич өзүнүн мамлекеттик кеңешчиси(баш мыйзамда жок кызмат. авт) Үсөн Сыдыковдун отставкасын кабыл алып, ардактуу эс алууга узатты. Жөн узаткан жок. Орден берип узатты.

"Жаңы Кыргызстан" партиясынын негиздөө чүсү Үсөн Сыдыковдун Ак үйдө кө пкө кармалбай тургандыгы, буга чейин эле билинген. Анткени, анын партиясы азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, ачык сынга ала баштагандан кийин, Үсөн аканын Ак үйдө отурууга моралдык укугу жок болчу. Ажобуздун тегерегиндеги эки топтун айыгышкан тиреши акыры барып "Сыдыковчулардын" жеңилиши менен аяктады. Үсө н Сыдыковдун Ак үйдөн кетишин "садыркуловчулардын" жеңиши эмес, бириккен оппозициянын жемиши катары кабыл алганыбыз оң. Анткени, азыркы бийлик оппозицияны, оппозиция бийликти алсыратуу аракеттерине өтүшкөнү жалпыбызга маалым. "Элдик революциянын" эң негизги каармандарынын бири болуп эсептелген Үсөн аканын ажо менен ажырашы азыркы бийликтин амалсыз саясатынын татаалданышына алып келет. Маркум Абсамат Масалиевге бата алганы барган Бакиев "Ушул кишиден (Үсөн Сыдыков) колуңду үзсөң, бийлигиңден колуңду үзө сүң" деген сө здү укканын, көпчүлүк биле бербесе керек. Башчыбыз Бакиев салмактуу саясатчы Сыдыковдон кутулганына бир чети кубанып, бир чети тутанып отурса керек. Анткени, 43 жыл саясаттын казанында кайнаган "карт бөрү", күн сайын күчү кетип жаткан бийлик үчүн күтүлбөгөн жүрүштөрдү жасап жибериши мүмкүн. Сыдыков сыр ачабы же чыр ачабы, алдыдагы окуялар көрсөтөт. А балким кайрадан Азимбек менен кошулуп, жаңы революцияны баштап жиберет чыгаар? Кыскасы, түштүк фронту түптөлүп жатат десек болот.
Ал эми "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башкы катчысы генерал Исмаил Исаков "Акыйкат үчүн" оппозициялык кыймылынын лидерлери менен жолугушуп, биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди. А тургай Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетиребиз дешкен Азимбек Бекназаров жетектеген Ревком менен дагы кызматташууга бараарын билдирди. Коргоо министрлиги менен Коопсуздук Кеңешинин катчылык кызматын аркалаган, ажосун оппозициянын ноябрь, апрель митингдеринен калкалаган Исмаил Исаков эмне үчүн азыркы бийликке ачыктан-ачык оппозицияга өттү? Ажобуз Исмаилдин ишине ичи жылыбагандыктан эмес, ичи тардыктан кызматынан ылдыйлаткан. Ушул жерден сөзүмдүн учугун уккан ушагыма бурайын. "Кадимки качып кеткен Клара Кабилова ө зүнүн кайрылуусун Исмаил Исаков менен Адахан Мадумаровго кө рсө түп, кеңеш сураптыр. Анда Адахан Кларага айтыптыр, "сен чык, анан мен чыгам, менден кийин Исмаил чыксын" деп. Айткандай эле, Клара чыгат, Адахандан арамдыкты күтпөгөн ишенчээк Исмаил чыгат. Көпөтпөй Исмаил иштен кетет, "амалкөй" Адахан анын ордуна жетет". Ушундай ушагымдын чын-тө гүнүн Адахан мырза айтпаса да, Исмаил мырза айтып берет чыгар? "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей эле, "Ошский вариант" коштолгон окуянын чын-төгүнүн окурмандарыбыз жакын арада билиши мүмкүн.
Садыркуловдун саясий технологиясынын кучагында калган ажобуз "кожоюну" Аскар Акаевден үйрөнүп алганбы, айтор, коомдук палата түзүп жиберди. "Коркконго кош көрүнөт" деген ушу. Бардык бийликти бир колуна өткө рүп алган ажобузга мындай палатанын эмне кереги бар эле? Коомчулук менен иштеше албаган "Ак жол" партиясы менен "добуш берүү машинасына" айланган Жогорку Кеңештин кимге кереги бар? Ажонун коомдук палата түзүү тууралуу жарлыгын "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Исмаил Исаков, "Коомдук палатаны түзүү авторитардык өлкөдөн тоталитардык өлкөгө кадам шилтөө деп билсе болот" кыязында айыптап чыкты. Ал эми, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө мүрбек Текебаев бул тууралуу мындай дейт; "президент Коомдук палата түзүү менен эле элдин пикирин угуп, алардын каалоо-тилектерин аткарып калуусу эч мүмкүн эмес.
Бүгүнкү бийликтин андай ниети жок. Ал эми Коомдук палата бийлик эл менен эсептешет, алар менен кеңешет деген сөздү айтуу үчүн гана атайын жүргүзүлүп жаткан компания. Мындай ыкмалар мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында да болуп, максатына жеткен эмес"
Бирок, айрым саясатчыларыбыздын ажобуздун мындай палатасынан кирейин деген ойлору да бар экен. Башкасын айтпасак да, Алмамбет Матубраимовду баса белгилеп койсок болот. "Дүжүр" органга айлана турган мындай палатага кимдер кирмек эле? Баягы эле "дүжүр саясатчы" сөрөйлөр кириши мүмкүн. Кризис артынан кирген коомдук палата кризис кетээри менен жок болоорун бө ркүңүздө й көрүңүз. Айтор, оппозиция бийликтен эмес, бийлик оппозициядан коркуп жатканы билинип калды.

Рыскелди Момбеков
"Ачык саясат"




  Эсиңди алганча - өзүңдү алсын!

Акаевдерге кечирим берүү - АЙБАНДЫК!
Бу жакшы көрүнүш эмес - кийинки күндөрү Акаевдин араң кутулган заманын эңсегендер тыбырчылай баштады.

Антип тыбырчылап жаткан эки күч бар, биринчиси - Акаевдин заманынын каймагын калпып жеп, аны менен кошо көөп, кыргыз эли бүтүндөй көзүнө көрүнбөй калганча көөп… анан ташы-талкан чыккандар, ,биракта курсагы оголе токтор, экинчиси - азыркы Бакиевдин заманынын запкысын жегендер, суугуна тоңгондор, Бакиевиңе караганда Акаевиң дурус турбайбы дегендер. Ошентип бул эки топ азыр зор күчкө айланып баратат. Булардын экинчи тобуна түшүнүп, аларды колдосо болот, алды биринчи топту колдоо - чоң күнөө, чоң жаңылыш болор. Анткени, элин да , жерин да кокон тыйынчалык көрбөй , анын тагдыры менен каалагандай ойногон Акаев, өтө коркунучтуу, караниет, кесир, болуп көрбөгөндөй көпкөн аялы Майрам, анын кутурган сиңдилери жана негизинен Акаевдин эмес, аялынын айланасына баарлап, катынга катуу кошомат жасаган эркектен айланган эркектерди, түлкүдөй куу аялдарды унутуп калабызбы?! Алардын айбандыгын, бүтүндөй улутту кордогондугун унутта калтырсак же унутууга аракет кылып кечирим берели деген жагына оосок, анда биз деле адам эместирбиз. Чын -чынына келгенде "Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер", "Таш менен урганды аш менен ур" сыяктуу өтө эле намыссыз макалдар бүгүнкү күнгө жарашпас, башка учурга жарашса да Аскар Акаев менен Майрам Акаева тарапка колдонууга жарашпас! Бул экөөнө "сок тумшукка, анткени алдыңда акмак турат", болбосо "асып сал, атып сал, анткени, алдыңда айбан турат" сындуу гана мамиле жарашат. Эгерде Акаевдердин кылгандарын унутсак, анда Гитлердин кылыктарын унуткан менен барабар деп билем! Ал эми анын кылыгын адамзат эч-качан унутпайт! Кыргыз эли да Акаевдердин наадандыктарын унутууга акысы жок. Кенедей да акысы жок.
"Акаев өзү жакшы болчу, анын аялы бузду, тегереги бузду" деп аны актаганга аракет кылгандар канча дейсиң. Ооба, президенттигинин алгачкы жылдарында ал чынында эле дурус адамдай көрүнчү. Дурус адам түбөлүк дурус болот экен, ал эми буруш болсо аны кызмат көптүрөт, байлык көптүрөт, койнундагы жылаан сымал аялы менен жанындагы кошоматчылары көптүрөт экен. Кийин Акаев кандай гана көптү дейсиң, дындыя семирип, көзүн май аябай басып, өзүн кудай сезип калбадыбы, "мен ойлойм…" деп ныксырап. Аялычы, аялы?! Эми андай аялдар чанда жаралар. Эркектериңди этегине эрмештирип гана жүрдү го! Болжурова өңдөнгөндөр "апчелеп" тияк- биягына чыгып көпкөнүн күчөтүп турушту. "Кыргыз Туудагылар" "Канайым" деген атты берип ийишти эле, канайымдан айлангырың "канайым" болуп жатып калды. Ошондо бу аялың акча менен эле эркек тилеп калды, буга ошол экөө эле керек экен. Балдарычы? Жанагы Айдар деген бир карасаң ала көөдөн уулу кыргыздын ырысына бүткөн байлыктын баарын басты го. Энесиндей эле мастан мүнөз кызы Бермет, күйөөсү Тойгонбаевдер нелерди гана кылбады… Берметинде дегеле уят-сыйыт деген сезим жаралбай туулганбы, кийин атасы Мекенин таштай качканда депутат болот элем деп бетин тултуйтуп ушул жерде жүрбөдүбү, жүргөнүн күч кылып. Баарынан да "депутат болуп элиме кам көрөм, кызмат кылам" - дегенине не дедик?! Сотко кайрылып актык издегенине не дедик?! Атасы президент кезинде, элин кыз башы менен тебелеп-тепсеп турганда бу сөз оюна кайдан келсин.
Бу деген абийири жоктуктун, жүзүкаралыктын накта өзү эмеспи.
Элин тебелеп-тепсеп, кемсинтип, ырыс-кешигинин баарын удавдай соруп, үстүнө чыгып алып шапар тээп турду эле, элдин кусуру урат деген чын окшобойбу, кудайды карабай көпкөн бүлөнүн көпкөнүн көчүгүнөн чыгарды… жакшы чыгарды. Силерге эскертерим, Бакиев чыгарды деп түшүнбөгүлө.
Бу бүлөнү сот жообуна тартуу керек болчу. Улуу тарыхы бар, укмуштуудай сонун мүнөзү бар элди кордоп-зордогондугу үчүн. А бирок эмдигиче жоопко тартылбай келет. Бу дагы биздин былжырактыгыбыз, намысыбыздын таптакыр жоктугу. Миллиондогон сомду каалагандай чачып, чардап жашап жатат бу бүлө. Арам акча аш болбойт дейбиз, аш болуп эле жатат го?!
Аскарын "ажолоп", Майрамын "апчелеп" жанында шыйпактагандар ушул бүгүн жүрүшпөйбү кээси кызматта , калганы курсагы ток… кээ бири биз күткөн күн да келээр деп, дындыя көөп, каалагандай алып-жутуп шапар тепкен мезгилин муңкана эстеп… Санасак алар минтип уланар: Жумалиев, Касиев, Муралиев, Айдаралиев, Бакиев, Ибраимов, Эркебаев, Баекова, Садыркулов, Болжурова, Какеев, Кулов, Суталинов, Касымов, Рустанбеков, Жанузаков, Дүйшөбаев, Иманалиев, Салымбеков, Узакбаев, Акматалиев, Иманбаев, Шайлиева, Токтосартов, Матисаков, Тагаев, Койчиев, Сартказиев, Бейшеналиева, Абышкаев, Керексизов, Айтбаев, Карабаев, Сыйданов … улантса улана берчү тизме бу тизме.
Жок, биз Акаевдердин айбандыктарын унутууга жана кечирүүгө акыбыз жок. Алардын жаза алышын гана күтүшүбүз керек. Генпрокуратура Акаевдердин жеген акчасын эсептеген түр көрсөткөн жана ал сумма алардын жегенинин ондон бирин да түзбөйт, а балким жүздөн биридир. Күндөрдүн бир күнүндө өлкө башына накта Азамат келсе, Акаевдердин күнөөсүн толугу менен аныктап, ага жараша жазасын бердирет жана жегендеринин баарын кустурат деген ишеним көпчүлүк кыргызда бар…Анан да Майрамдын аныкынан кем эмес күнөөсү бар сиңдилерин унутта калтыруу да чоң күнөө!
Ал эми Акаевдердин "клон" бүлөсүндөй болгон Бакиевдер кезегинде эл алдында жооп берет, сөзсүз жооп берет, жок эле дегенде бүгүн тоңуп олтурган эл үчүн, сатылган жер-суу үчүн.

Баратбай АРАКЕЕВ