Аргасыз кайдыгерликпи?

Тоолуу мектептерде "тоодой" билим берилбейт
Эмнеден баштап жазаарымды билбей буйдалып турам. Көз алдымда биз кыдырган мектептер элестеп, андагы окуп жаткан балдардын, билим берип жаткан мугалимдердин абалына не дээримди билбей, мына ушуларды тизмектештирдим.

"Сырты жалтырак, ичи калтырак"
мектептин абалына ким күнөөлүү?
Ат арытып алыс сапарга баруубуздун максаты-тоолуу райондордо жашаган эл турмушунан жакындан тааныш болуп, кантип жатышкандарынан кабардар болуу эле. Биз кабардар болуп эле тим болбостон, ошол эл абалы жогору жактагыларга жетип, анан бир аракет болор деген үмүттөбүз. Анткени, Ош облусундагы Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан Арал айылындагы А. Заиров, Кызыл туу айылындагы Алыкулов жана Алчалуу айылындагы А. Семетеев мектептеринин абалы менен таанышууда бир топ кемчиликтердин бар экендигине күбө болдук.
Иш сапарыбызды "Ачык саясат" гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков жана Папан айылдык кеңешинин төрагасы Жумабай Приев коштоп, алгач А.Заиров атындагы мектепке бардык. Эртең мененки смена бүтүп, танапис учуру экен. Иш күнүн жыйынтыктаган окуу иштеринин бөлүм башчысы Минебар Коргонбаева алдыбыздан жолукту. Бирок, ал алгач мектеп тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, анан төмөнкүлөргө токтолду. "Биздин мектепте 54 мугалим, 850 окуучу бар. 11- класстан 8-класска чейин эртең менен, 1-класстан 6-класска чейин түштөн кийин окушат. Негизинен окуучулар үч айылдан: Барчы, Камырсуу, Кодогочу, Чычканкол айылдарынан келишет. Айылдар жакын жайгашкан",-деген М. Коргонбаева мектептеги жылуулуктун берилбей, окуучулар, ал тургай мугалимдер да сабак учурунда сырткы жылуу кийимдери менен отурушкандарына токтолду. Анын айтымында, бул абал быйыл гана эмес, үч жылдан бери ушундай. Мектеп директоруна көзмө-көз жолукпасак дагы, ал ушул маселени быйыл колго алып, учурда мектепке жылуулукту берүү үчүн аракет кылып, районго чейин барып жаткандыгынан маалым болдук. Ал эми китеп менен камсыз болуу жагынан кем-каржылары жок экендигине токтолуп: "Китептер бекер таратылды. Кемчилик болбоду, тескерисинче, ашыгы менен китепканабызда жыйылып турат",-деди окуу иштери боюнча бөлүм башчы.
Андан соң, класстардын абалы менен тааныштык. Мектептин абалы өтө эле оор экен. Тагыраак айтканда, тазалык жагына анча маани берилбегендей. Эптеп эле "бармак басты, көз кысты" дегендей. Неге дегенде, биз кабарчылар көп жерлерди кыдырып, мындай мектептердин канчасынын абалы менен таанышпыз. "Беш кол тең эмес" дейт, бул эле мектеп эмес, ал турсун борборубуздун айрым райондорундагы кээ бир мектептер да мындай абалдан куру эмес. Демек, менин оюмча, мектептин абалын жакшыртуу үчүн эң алгач алардын жетекчилери аракет кылышы керек. "Бала ыйлабаса эмчек кайда" деген Панфилов районундагы К. Тилебаев атындагы мектеп-интернаттын директору Р.У. Усупбаевдин сөзү эсиме келет. Ал киши ары-бери чуркап жүрүп ошол мектеп-интернаттын абалын борборубуздагы айрым Жогорку окуу жайларынын абалынан дагы укмуш кылып оңдоп-түздөп койгон эле. Мектеп - интернат деген эле аталышы болбосо ал жерде ата-энелүү балдар дагы жакынкы айылдардан келип билим алышат.
Эң биринчи орунда мугалимдердин дагы, балдардын дагы үйү болгон мектептин ичине маани берүү керек. Тазалык болгон жерде тартип дагы болот эмеспи. Жогорудагы мектеп-интернатты мисал келтиргеним да ошондон, анын директорунун иш-аракети менен балдар билим алган жай бейиштин төрүнө айланган.
Ал эми биз барган А. Заиров атындагы үч кабат мектеп сыртынан караганда заңыраган имарат экендигине карабай, ички абалы "мышык ыйлаарлык". Макул, жаңы парталарды алганга каражат жок, балдар атамзамандан калган эски, сынык парталарда отурушат дейли. Бирок, терезелерге тартылган пардалардын абалын кантебиз? Бир учу үзө жулунган боюнча салбырап илинип тургандыгынын өзү уят. Мен муну кайдыгерлик катары бааладым. Мектепти сүйбөгөндүк. Эски болсо да эптеп жашоого, башкача айтканда, ошол парталардын үстүн клеенка же чүпүрөк материалдар менен деле жаап коюшса болмок. "Айыл өкмөтү жардам бериши керек эле, анын биз менен иши жок",- деп отуруунун кажети барбы. Айыл өкмөтү мектепти дегеле оюна албай, билимди бийик койбой, балдардын келечегине кайдыгер карасын дейли, макул, андайлардын баары күнүмдүк бийликтен чөнтөк толтуруп калуучулар. Бул эч кимге жашыруун эмес. А бирок, "Мектеп директору эмне кылып жатат?" деген суроо туулат. "Ыйласын", чуркасын, жогору жактагылардан талап кылсын, демөөрчүлөрдү издеп таап, ата-энелерден сурансын, уюштурсун, кыскасы мектептин абалын көтөрүү, билим деңгээлин жогорулатуу дал ошол мектеп директорлорунун колунда.
Айта кетүүчү нерсе, АРИС программасы менен бир топ айыл өкмөттөрү, мектептер өз "короо-жайларын" оңдоп-түздөп алгандарына күбө болуп жүрөбүз. Демек, азыркы заманда чуркабасаң ишиң илгерилебейт, эч ким даяр тамакты оозуңа салып бербейт.
Полдордун сыры жуулуп кеткен. Баарынан дагы мугалимдердин бөлмөсүнүн абалына көңүл бурулат экен. Неге дегенде сырттан келген адам эң алгач ошол жерге баш багат. Бирок… Ал турсун сүрөттөп жазууга да мүмкүн эмес. Журналдарды салган кичинекей шкафтан башка көзгө урунаарлык эч нерсеси болбосо эмнесин жазабыз?
"Оңдоп-түздөө үчүн Папан айыл өкмөтүнөн жүз миң сом каражат бөлүнгөн",- деп билдиришти. Бирок, ал жүз миң сом биринчи кабатты гана чала-була оңдоп-түздөөгө жумшалыптыр. Албетте, жүз миң сомго канча банка сыр, канча мык алууга болоору эч кимге деле жашыруун эмес. Анан дагы "май кармагандар бармагын жалап отуруп" ошол кенедей акчадан бир нерсе ашаары деле күмөн. "Ийнине тартса жеңи, жеңине тартса ийни" ачылып, ал турсун аталган мектептин эшиктери дагы түзүк эмес. Окуу иштери боюнча бөлүм башчысына "Өзүңүздөр чуркап, демөөрчүлөрдү таап, ата-энелер менен бирдикте мектептин абалын оңдоого болбойбу?"-деп суроо узатсам, азга ойлонуп калды да, мындай жол менен деле мектепти оңдоого болоорун айтты. Бирок, тарбиялык иштер боюнча бөлүм башчы Роза Түркбаева: "Мектепти оңдосо болот. Туура иштесең эл акыры түшүнөт. Мен каражаттын жоктугунан өзүмдүн көп идеяларымды көрсөтө албай жатам. Бирок, акыры кылам деп тырмышып иштеп жатам. Себеби, биз иштебесек, биздин ордубузга ким иштейт? Өтө чыдамдуулук менен көп нерсеге жетсе болот",-дейт.

Даяр жерди гүлдөтө албасаңар,
"Биринчи мугалимди" окугула
Ушул жерден көз алдыма кыргыздардын билим-илимге ээ болушу үчүн күрөшкөн алгачкы мугалим Дүйшөн агайдын элеси келди. Эсиңиздердеби, карапайым, караңгы калктын каршылыгына да моюн сунбай, балтаны колуна алып мектеп куруу үчүн теректи кыйып жаткандагы элеси. Колуна айры-балта көтөрүп тап көрсөтүүчүдөй болуп келаткан эл Дүйшөндүн ошондогу кылыгына нес боло, даап бара алышпай котолоп туруп калышканычы? Анын ошол көкбеттик оюн колдоп бир аксакал эл арасынан суурулуп чыгып, Дүйшөнгө каршы көтөрүп келаткан балтасы менен тескерисинче, ага кошулуп ошол даракты кыюуга жардам бергенин эстеңиздерчи. Демек, аракет кылса, ойлогон ойдон кайра тартпаса адамдын колунан баары келет.
Мугалимдердин алгандары өп-чап маяна болсо... Анда кимде күнөө? Бир жолу бут басып келбеген Папан айыл өкмөтүндөбү, ушундай тоолуу мектептерге көңүл бурбаган министрликтеби? Балким райондук элге билим берүү бөлүмү, шаардык элге билим берүү бөлүмү күнөөлүү болуп жүрбөсүн?
Айта кетүүчү нерсе, "балдарга чай ичкенге кружкалар жетишпейт",-дешти мугалимдер. "Мунун баары менен айылөкмөтү камсыз кылуусу керек болчу",-дешти. Андай болсо айыл өкмөтү Медербек Мырзабеков кайсыл жакты карап жүрөт? Мугалимдердин айтымында, анын изи али бул мектепке түшө элек экен. Мырзабеков так эле аты аталып жаткан мектептен билим алганына карабастан.
Мугалимдердин мындай жетишпеген кем-каржыларынан Папан айылдык кеңешинин төрагасы Жумабай Приев кабардар болду. Ж. Приевдин алар менен жолугуп, жакындан арыз-муңун укканына мугалимдер чын дилдеринен ыраазы болуп, анан албетте, мектепте аз да болсо өсүш, жылыш, өзгөрүү болуусунан үмүт этишти.

мектепке болгон сүйүү жок…
Андан соң сапарыбызды улап, Кызылтуу айылындагы Алыкулов атындагы мектепке баш бактык. Мектепке жакындаганда эле куруу иштери болуп жатканын байкоого болот. Бул мектеп былтыркы жер титирөөдөн жабыр тарткан экен. Фундаменти ошол боюнча калтырылып, кызыл кирпичтер үйүлүп жатыптыр. Биз анын маңдайында аман калган кичинекей мектепке баш бактык. Бирок, сабак учуру болгонуна карабай, мектепте окуучулар жок экен. Бир гана мугалим үч кызыл класстык журналдарды бооруна кысып, жаңы гана ордунан турганы жатыптыр. Бизди жылуу тосуп алган мугалимдин аты-жөнү Алымканова Анара математикадан сабак берет экен. Ал: "Келсем окуучулар жок экен. Негизи мен үчүнчү сменге келем. Эмне кылаарымды билбей, журналдарга сабак өттүм деп толтуруп кое берсемби деп ойлонуп жаткам",-дейт.
Мына окурманым, илгери чоң аталарыбыз "Чырактын жарыгына салып жазып, окучу элек",-деп көп айтып калышаар эле. Илгери үмүт менен жарык келечек үчүн күрөшүп, жер титирөөдөн аман калган ушул кичинекей класстык бөлмөлөрдөн эмне үчүн балдар толук кандуу билим алышпай качууда? Тагыраак айтканда, балдардын карааны мектепте көрүнбөйт. Балким бул ошол окуучуларды бекем кармай албаган мугалимдердин күнөөсүдүр. Кирпичи үйүлгөн жаңы мектеп тамы тургузулуп, аны бүтүрүп киргичекти эки же үч , балким андан да көп убакыт өтсө деле балдар ушинтип өз убагында билим албай, окуу программаларынан артта кала беришеби? Деги буларды көзөмөлдөгөндөр барбы? Папан айылдык кеңештин төрагасы Жумабай Приевдин мындан аркы кадамы кандай болот? Чын эле ал ушул өз көзү менен көргөн мектептердин акыбалынан соң кандай аракет жасай алмакчы? Мунун баарын убакыт көргөзөт.

Электр жарыгы өчө берсин, билим жарыгы өчпөсүн!
Ушуларды ойлой, андан ары Алчалуу айылына сапар тарттык. Аталган айыл тоо этегинде жайгашып, айыл ичи боз чаңгыл тарта, борпоң топурак машинанын дөңгөлөк алдында сапырылып кала берди. Биз айыл аралай жогору жөнөдүк. Катардагы үйлөрдөн айырмаланбаган бир короого кирип бардык. Бул кичинекей учурмалуу Семетеев атындагы 10 жылдык мектеп экен. Он жылдык болгонуна эки гана жыл болуптур. Ал эми ата-энелеринин айтымында, 11-классты окуп бүтүрүү үчүн балдар башка мектепке барууга туура келет. Бул болсо балдар үчүн кооптуу.
Үч класстуу бул мектепте башталгыч класстын окуучулары окуп жатышыптыр. Танапистен соң мугалимдер менен сүйлөшүп, алардын ой-пикирлерин уга алдык. Башка айылдардагыдай эле бул мектепте да электр жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүлгөндө дагы күндүз кечке жарык болбойт. Эми жарык тууралуу даттануудан деле чарчап бүтпөдүкпү. Жарыктын очогу болгон Ташкөмүрдүн өзүндө жарык жок болуп турса. Анан да борборубуздун өзү жарыкка зар болуп турса, башка не демекчибиз.
Кандайынан карабайын, тоолуу шарттагы мектептер мындан башкача да абалда болбочудай сезилди. Бул жерге заңгырата мектеп курууга болобу же болбойбу түшүнбөй турдум. Анткени, жер титирөө, сел каптоо сыяктуу жаратылыш кырсыктары улам-улам кайталанып тургандыктан, деги эле бул жерге элдин жашап туруусу дагы кооптуу көрүнөт. Бирок, кыргыздардын канында Ата-Журт деген ыйык сезим жашайт. Жана ал кандай болгон күнү дагы өчпөйт. Ал турсун жашаган үйүң көз алдыңа тартылып, түшүңө да кирээр. Мына ушундай сокур сезим менен эл эч жакка кетпеси белгилүү иш. Канча жолу башка жерден жер үлүшүн берсе дагы. Баса, жер үлүшү демекчи, бул аймакта жер маселеси, анын талаш-тартышы тууралуу маселе дагы жок эмес. Келээрки санда мына ушул тууралуу маалымат берүүгө аракет кылабыз.
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"
Бишкек-ОШ-Бишкек.