Н е ф е р т и т и
(Аңгеме)
Талас аймагындагы чакан Шекер айылынан дүйнөгө феномен катары таанымал Чыңгыз Айтматов, залкар таланттарыбыздын бири Ашым Жакыпбеков жалпы кыргыз элинин сыймыгы болсо, дагы деле ушул айылдын уучу куру эмес экен. Таскагы катуу чыккан дагы бир таланттуу уулу Жумабек Токтогазиев 60 жашка чыгып отурат.
Жумабек Токтогазиевдин адамдын сезимине таасир берген аңгемелери, "прозадагы ырлары" жана эсселери окурманды кайдыгер калтырбайт. Өзүнүн стилине ээ болгон, түрдүү кырдаалдарды көркөм чеберчиликте ачып көргөзгөн калемгердин тубаса талантына тан бересиң. Сөзүбүз куру болбосун үчүн автордун "Нефертити" аңгемесин гезит окурмандарына тартуулайбыз жана анын алдыдагы 60 жылдык юбилейин утурлап, автордун чыгармачылык иштерине ийгилик каалайбыз, калемиң эч качан мокобосун! Жаңы-жаңы чыгармаларың жарала берсин!
Эртабылды Аттокуров

- Ал-ло..
- Ооба, угуп жатам...
- Фараон Нефертитисиңби? Кандайсың? Ден-соолугуң...
- Ии, сен белең... өзүң?
- Ооба, менмин, менмин Нефертити. Жалгызсыраганымдан чалып жатам... анан кантем... кантмек элем. Азыр дагы ошол күндү эстеп олтурам. Эңсей берчү болдум. Мунун баарына экөөбүздү жолуктурган ошол чакан шаар себепчи. Эсиңдеби, таанышкандан кийинки эле күнү шаардын сыртына чейин жөө кыдырып келгенбиз. Мен өмүрүмдө жашоомо ошондо карк болдум. Бизди көргөндөр он жылдан бери биргелешип өмүр сүрүп жаткан ынтымактуу эрди-катындай эле сезишти. Ырас, ошондогу экөөбүздүн баскан-турганыбыз жаңы гана баш кошкон жаш жубайлардай эле болчу. Сен мени колтуктап, анан мага саал кыңкая сүйөнүп да, эрине да басканың... Ал-ло, Нефертити угуп жатасыңбы?
- Ооба, ооба, сүйлөй бер. Угуп жатам, мен угуп жатам, сүйлөчү дагы...
Анан экөөбүз шаардын күн чыгышына карай жөнөдүк. Максатыбыз деле жок, эмнеге баратабыз. Күз айынын жаңы гана башталышы эмес беле, ошол мезгил. Тоо тарап саргайып келе жатыптыр. Ал эми шаар азырынча жашыл бойдон. Кандай кооз эле ошондогу чакан шаар. Дарыянын ташкындап турган учуру эле. Ага салынган бийик көпүрөгө да келдик. Сен дарыяга көңүл бурдуңбу же жокпу билбейм. Көпүрөнүн шадычасына жөлөнө калып, төмөндө кирип турган сууга үңүлдүм. Киргилт дарыя айбаттуу: - Секирип түшсөм өлөр белем, - дедим. -Ой, ии-ий койчу, кайдагы нерсени айтпай. Анан соо калмак белең?-мага күлө бага айттың. Ошондо сага карай берсем, көзүң от болуп, мага суктана да, берилип да, карап да турупсуң. Ырасын айтсам, ушул тушта сенин жүзүңдөн сүйгүм келди. Бирок, батынбадым. Сен менин бул оюма каршы болчудай деле көрүнбөдүң. Өпкөнүм жок. Ошондогу тымызын пикириме сен дагы ичиңден макулдугуңду берип турганыңды сезип турсам дагы анте албадым. Түбүбүздөн эле жан талаша машиналар ары-бери өтүп жатты. Бизге назарын салышып өтүштү бекен... Жол жээгинен таштарды жыйнап келип, ыргыта баштадым дарыяга... Нефертити, эсиңдеби ошондогу мен ыргыткан таштар? Эмне үшкүрдүң?
- Улантчы, уланта берчи, угуп жатам...
- Анан таштар сууга кирип ың-жың. Сен дагы кызыга карап турдуң, мен таштарды ыргытып бүткөнүмчө. Көпүрөдөн өттүк да кыялай басып шаардын түштүк-чыгыш көчөсүнө салдык. Узун көчө экен. Кол арыктын жээгинен көгүчкөндүн жумурткасындай болгон укумуштай кооз таш таап алдык. Сен аябай таң калдың, анын ушунчалык кооздугуна. Жүрөкчө сымал, анан калса кызыл сызыктар менен атайылап жүргүзүп койгондой. Жүрөктүн кан тамырлары... Мен аны ошол эле кол арыктагы сууга чайкадым. Жүрөкчө таштын кири кетип, ого бетер тунук көрүнө түштү. Таш да, тили жок, эчен кылымдар бою жашаган. А мүмкүн бирөөлөр аны каркыттап алып жүрүп жоготуп алгандыр.. Ким билсин... Ошол таш бизден кийин дагы эчен кылымдар жашайт. Кокустан эле аны бирөө талкалап салбаса, кооздукту билбеген андай адамга түбөлүк наалат... Сага бердим. Менден эстелик. Колуңа алган сайын... ар дайым ушул чакан шаарды жана да мени эстеп жүр...
- Ал таш мени менен ар дайым. Сүйлөй берсең дагы.
- Ырахмат сага Нефертити. Убактыңды алып...
- Жок, жок сүйлөй берчи, сүйлөсөң дагы, ошол күндөрүбүздү.
- Анан алдыбыздан бир өңчөй жаш балдар чыкканын билесиңби? Баарысынын себеттеринде толтура майда жапайы алмалар бар экен. Алар ушунчалык ажайып көрүнгөн тоо тараптан келе жатышыптыр. Асман көпкөк. А, тоолору болсо... кандай кооз. Ушул тоолордон канча булак саалып чыгат болду экен?.. Сен алардын бирин токтотуп анан алма сурадың. Бала аябай элпек экен. Кайта-кайта кичинекей уучуна толтуруп берип жатты. Ага ырахматыңды айтып, ушунчалык мээрим менен башынан сыладың. Тиги бала сенин мунуңду жактырып калды. Сулуу эмессиңби. Эсине кирген, бирок ойноок бала сулуулугуңдун кудуретине баш ийип сени кайта-кайта карай берди. Баса, ал сага сугун деле арткан жок. Али жаш эле да. Бирок, ал сенин сулуулугуңа биротоло баш ийип, ошол эле ирмемде сага имерчиктеп калган эле.
- Катардагы эле аялзатындай элемин го.
- Жок, мен сенин бул оюңа такыр кошулбайм. Сулуусуң сен. Аябай сулуусуң. Сулуулугуң менен катар каухардай тунук адамдык сапатың дагы канчалык дейсиң. Тармал чачтарың, балбылдап жанган капкара ойноок көздөрүң сени ого бетер ажарланткан кара тору өңүң... туура эле Фараон Тутанхамондун жары Нефертитинин өзүнө окшоштурдум, ошондо. Эсиңдеби, ошол чакан шаарда сени Нефертити деп алгач чакыргам. Бирок, сен менин мунумду түшүнө бербедиң окшойт. - "Кайдагы сулуулукту мага ыйгарып"... деп сен каршы болбодуң беле, ошондо. Ошентсе да сен чындап эле Фараондордун тукумун тазарткан Нефертитинин так өзүндөй элең. Сен өзүңдүн сулуулугуңду негедир ченебейт окшойсун. Кызык, сенин мага көрүнбөгөн, табышмактай белгисиз тулкуңдун түзүлүшү, сымбаты кандай болду экен?.. Анан сен ошол жапайы алмаларды кемселимдин чөнтөктөрүнө сала баштадың.
- Нефертити, мына муну карасаң, бир эле сабагында төрт алма. Кичинекей, кыпкызыл жана дагы кооз алмалар - мен таң кала сага сундум. Эсиңдеби, сен дагы аябай таң калбадың беле. Бир сабактагы төрт алма...
Экөөбүз тоо тарапка бет алып, жогорулай бердик. Тээ жалама зоолорду жара тээп чыккан мырза арчалар, анан эң учунан төмөн карай саргая баштаган жапан талдар. А, зоолору болсо күнгө чагылышып каралжын беттери бир укмуш. Бул тоонун колтугунда көгөргөн түрдүү тал-дарактардын бариктерин дагы сагынычтын сары жүзү каптап калыптыр. Мына ушундай көрүнүш, кыркалаган тоо чокуларынын кыйырын ээлеп алыптыр. Анан чакан шаарды карай бөксөлөгөн тоолор. Бирок, шаардын тоого, тоонун шаарга бириккен жери укумуштуудай кооз экен. Жада калса шаар менен тоонун ашташкан жерине элдер үй көтөрүп жашап жатышат. Болжолу бул шаардын элдери тоону сагынышпаса деле керек. Анткени, бала чактарынын чыйыры ушул тоолордо калып кеткени менен кааласа азыр эле бир аттап барышып, ошол издерин таап алышат эмеспи. Анан алар балалыктын жашыл мезгилин андан издеп таап алышат да, кумарлары канганча сары ооз балапан кездери менен алышып ойной беришет... ойной беришет... Тоолордогу мындай керемет кызгылтым саргыч түс биз ушул шаардан кеткенден апта убакыттан кийин эле шаарды аралап кирип, анан бүтүндөй баарысын каптап калат ээ. Экөөбүз тоо таяна дагы жогоруладык.
Жайы менен жыты аңкыган тоонун кооз гүлдөрү, түркүн чөптөрү бул жылдын мезгили менен, жаштыгы менен кыйыла коштошуп жатышкансыйт...
- Ал-ло, Нефертити? Сен угуп жатасыңбы?
- Ооба, дагы сүйлөй түшчү. Сүйлөчү дагы...
- Экөөбүз сүйлөшүп отурган ошондогу ажайып кечтеги жазып алган магнитофондогу үнүбүздү уккуң келеби?
- Мен дагы сагындым ошол мезгилдерди, кана койсоң?
- Мына, магнитофондун тээгин бастым. Угуп жатасыңбы өзүңдүн күлкүңдү. Азыр сүйлөйсүң...
- Нефертити?..
- Ооба, сен Нефертитисиң. Байыркы египеттик Фараон Тутанхамондун күң кызы Нефертитинин дал өзүсүң, аябай окшош да экенсиң. Фараондор ал кызды Нефрет деп аташкан.
- Шылдыңдап жатасыңбы?..
- Жок, Нефертити өзүнүн сулуулугу менен Фараон Тутанхамондун эркин бийлеп, алгач экөө тымызын көңүл жакындаштык болуп, кийин биротоло баш кошуп алышкан. Чынында эле Нефертитиге кудайым акыл менен сулуулукту берешендик кылып кара тору жүзү, балбылдап жоодураган сеникиндей капкара көздөрү, анан мүчөсү Фараон Тутанхамонду биротоло туткундаган.
- Ошончолук да сулуу бекен байкуш күң кыз?
- Ооба, сен дагы мени туткундап албадыңбы. Мен сенин сулуулук кудуретиңе баш ийип олтурам. Сени мага жолуктурган биринчи кезекте тагдырыма, анан ушул чакан шаарга ыраазымын. Мен бул шаарды өмүрүм өткүчөктү унутпайм. Чакан шаар жана сен.
- Мен дагы.
- Ал-ло, магнитофонду эмне токтотуп салдың... суранам сенден, коюп эле койчу. Ошол кезди аябай сагындым. Дагы бир жолу угайын...
- ...Мен аябай чарчадым. Олтуралычы, азга эс алып.
- Саатың канча болду Нефертити? Түн бир оокум болуп калган чыгаар. Ушул тапта шаар кызуу уйкуда...
- Үчтөн өтүп кетиптир...
- Мына бул теректерди карачы, кандай түз, кандай сымбаттуу! Биз кеткенден кийин деле бул теректер тура беришет. Баса, жанарактагы экөөбүз тоого чыгып, кечки шаарды ошол бийиктиктен көрүп отурганыбызчы... Кандай сонун. Шаар баштан аяк от болуп жанып өчүп турат. Шам нурларынын тоолорго чейин жеткен шооласын кара... А, тоолор дагы түнкүсүн бул шаарга өзүнчө ажайып көрк кошуп... Алыс кербен тартып, анан өргүүгө катар жатышкан нарлардай эле көрүнөт экен кечки үрөң-бараңдагы бул тоолор.
- Бирөө жөтөлүп жатабы?..
- Эшикке чыккан го. Экөөбүздү түн жарымы оогучакты эмне кылып жүргөн немелер деп ойлоп жүрүшпөсүн.
- Жүр, кетеличи анда. Чарчаганым дагы басылып калды. Мейманканадан аябай алыстап кетипсиз... Киргизер бекен?
- Киргизет, киргизбегендечи...
- Мейличи, деги оюна жаман нерсе албаса эле болгону. Туралыбы?..
- Туралы, Нефертити...
- М-м..
- Экөөбүз өтө кеч жолугушуп калбадыкпы... Баарысы экөөбүзгө кеч келди.
- Өмүр чиркин адамга кандай аздык кылат. Ошол аз өмүрдү дагы жакшылап... Кээде шум ажал бизди карытпай дагы арманда алып кетип жатпайбы.
- Ат арыбас болсочу...
- Жаш карыбас болсочу...
- Кошкула мырза теректер, түн күзөтчүлөрү. Мүмкүн, кайрадан дагы жолугушуп каларбыз.
- Демек, эртең кетмей болдуңбу?
- Ооба.
- А мен дагы үч күн жүрөм го, бул шаарда. Анан мен да кетем. Баса, телефон чалып турасыңбы?
- Сөзсүз.
- Ушул баскан-турганыбызды магнитофонго калтырып... өмүр мезгилибизден эстелик...
- Кааласаң сага да уктуруп турам. Келдик мейманканага...
- Бөлмөңө чейин жеткирип коеюн.
- Өзүң бил... Ой, эч ким келбептир го, дагы өзүм жалгыз жатат турбаймынбы.
- Корксоң сен уктаганча жаныңда болоюн анда. Ме, бул алмаларды илип кой бөлмөнүн бир жерине, сен кеткенче турсун.
- Кандай кооз алмалар. Карап эле тура бергиң келет. Эгизчил шак болсо керек. Кай жерге илсем болот. И-и, мына бул жерге илейин. Эми ары карап тур... мен чечинип алайын...
- Мына жата бер, жатып алганча тескери карап турам.
- Мен сенден уялып турам. Чындап эле мени карабасаң, жатып алгычакта...
- Ал-ло, уктуңбу.
- Ырахмат, баарысы кайтадан көз алдыма тартылды. Баса, көп узабай эле ошол шаарга бардым дебедиң беле. Кире алдыңбы ошол бөлмөгө.
- Бир ирет кирүүгө мүмкүндүк болду. Алмалар ордунда жок экен...
- Соолуп калганча тийбегиле деп суранып кеткен элем...
- Сенин ошол бөлмөдө баскан-турганың, анан баягы өзүң айткан эгизчил төрт алма илинген жерди көрүп... жалгызсырап кеттим. Назарымда сен мына эми мени кубандыра жарк этип кирип келе тургансып эле сезилдиң. Минут сайын менде ушул ойлор турду. А мүмкүн саал эрте келсем, так ошол бөлмөгө жайгашат белем. Оюма ушулар түшкөндө жалгызсыроом ого бетер күч алды. Сени сагынып кеттим. Башка белгилердин баарысы бар. Мейманкананы тейлеген аял сени сурады. Эгер көрсөң менден салам айтып кой дейт.
- Саламатта болсун.
- Нефертити, мен сени аябай сагындым.
- Мен дагы. Мен сени көргүм келип жатат. Чакан шаар, тоолор, дарыя анан дагы сен көз алдыма тартыла берчү болдуң. Аябай кыйналдым. Сенден суранарым, магнитофонуңдун тээгин басып, кайрадан уктурчу?
-Уккуң келип жатабы?.. Азыр...
... Нефертити өзүнүн сулуулугу менен Фараон Тутанхамондун эркин бийлеп, алгач экөө тымызын көңүл жакындаштык кылып, кийин биротоло баш кошуп алышкан...
Тармал чачтуу, көздөрү капкара бакырайган кара тору сулуу келин бүтүндөй дити менен телефондун трубкасын кулагына төшөп, анан өзү аз күн жашап кеткен ошол чакан шаарды жана мейманканадан таанышкан жигитти, жигит менен болгон махабатын эстеп, тээ өткөн күндөрдү бек сагына көз алдына келтирип, эрип олтура берди...

Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ