Адамдык сезимиңиз ойгонобу?
Урматтуу Исмаил Исаков!
Бул каттын негизи менен сиз бир нече жолу таанышсаңыз да, алигиче жооп бере элексиз. Мен сизден жоокер уулум Сыдыгалиев Кубанычбек Токтобековичтин (1987ж) кайгылуу өлүмү белгисиз себептер менен билине электигин зар какшап, арыз менен кайрылып олтурам.
Эми сиз Кой-Таштагы 73809 аскер бөлүгүндө тартипсиздиктен, баш аламандыктан, командирдин шалаакылыгынан болгондугун сиз эми толук сезе баштаган чыгаарсыз? Сиз мени өзүңүздүн ордуңузга коюп, элестетип көрсөңүз? Бул өлүм сиз кызматта турган кезде болгон эле. Ошол күндөн (2007-жылы 27-ноябрь) ушул күнгө чейин сизден жооп ала элекмин.
Эми сизге азыр дагы 3 суроо менен кайрылгым келип турат.
№73809 аскер бөлүгүнүн командири полковник Эркин Касымов баланын өлүмүн аныктабай туруп, приказ окугандыгы үчүн эч ким аны кой-ай деп, көзөмөлгө алган жок. Кайра Касымовду Москвага генштабга окууга жиберишти. Менин оюмча Касымов окууга барууга акысы жок болучу. Себеби, Э.Касымов командир болгон аскер бөлүгүндө 2 бала каза болуп, бир бала майып болгон. Булар үчүн жаза албаган Э.Касымов эмне үчүн окууга барат? Ал эми Э.Касымов менен Шакеновдун байланышы бар. Шакенов дагы жоокер уулумдун өлүмүнө себепкерлердин бири. Азыр Шакенов аскердик окуу жайына которулуп кеткен. (Мурун чалгынчылар ротасынын командири, лейтенант болчу.)
Бала каза болгон бөлүктүн командири азыр Кытайда жүрөт. Эмне себептен кеткени азыр белгисиз. Эмне үчүн жүргөндүгүнө кимден жооп алам? Өлүмгө себептүү адамдар бири - Москвада, экинчиси - Кытайда жүрүшөт. Мен болсо чындык издеп, бутумду сүйрөп Бишкекте жүрөм.
Ушул иштин ачылбаганынан улам буга ошол аскер бөлүгүнүн офицерлери толук аралашкан деген ишенимди пайда кылды.
Сиз эми акыйкат кайда экенин, чындык кандай чыркырап жатканын сезип жаткан чыгаарсыз?
Мен сизге жоокер баламдын өлүмүнө байланышкан офицерлердин кызмат абалын карап берүүңүздү суранганымда, "ал менин ишим эмес"-деп өтүнүчүмдү четке каккансыз. Ошолордун кызмат абалына ким жооп берет? (Эгерде сиз ошондо өтүнүчүмдү, аткарсаңыз бул иштин бети ачылып калмак. Сиз өзүңүздүн адамдык бир парзыңызды аткарган болоор элеңиз.)
Бул суроолор менин жүрөгүмдү оорутуп, баламдын өлүмү Кыргызстандагы акыйкатсыздыктын кесепети экенин билип-сезип олтурам.
Исмаил ага, кийинки Коргоо министри сиздей болсо, азыр мага окшогон акыйкат издеген эне-аталар чындыкты кимден, кайдан табат? Алар мыйзам чегинде коррупцияга аралашпаган таза, адамдык парзын ыйык кармаган, өзүнүн Ата Мекенинен азамат жигиттерди таба алышабы?
Мен сизди сыйлаган үчүн, ачуу чындыкты укса, адамдык сезими ойгонуп, кеч болсо да чындыктын ачылышына салым кошот деген үмүт менен бул катымды жолдоп олтурам.

Т.Сыдыгалиев




Көргөзмө өткөрүлөт
Талас обастынын губернаторунун жарлыгы менен 2008-жылдын 23-сентябрынан 2009-жылдын 23-сентябрына чейин "Бектур агай" жылы өткөрүлмөкчү. Базалык билим берүүнүн стратегиясы иштелип, сапаттык жактан натыйжалуу билим берүү максаты коюлган. "Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай" тик сүйлөгөн Бектур агайдын сабак өтүү ыкмалары облус аймагына кеңири жайылтылууда. Ал төрт районду кыдырып, мугалимдер, окуучулар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Мындан тышкары тажрыйбалуу мугалим тууралуу
15 китеп жарык көрөт, 100дөн ашык статьялар даярдалмакчы, көргөзмө өткөрүлмөкчү.

Алмаз Бектемиров,
Талас шаары




Сузактыктар Бакиевге каршыбы?
Чындыкты айтууга аргасыз макул болосуң. Кантип эле өзүнүн кичи Мекенинин эли каршы чыксын деп ойлойсуң, бирок, башка айла жок. Баарыбыз билебиз. Пекинде өткөн олимпиадада Кыргызстандын желегин желбиреткен уулдарыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев кыргыздын атын дүйнөгө таанытпадыбы. Мына ошондо Кыргызстанда чоң майрам болду. Президентибиз эки жигитти сый-урмат менен тосуп алып, өкмөттүн атка минерлери менен жолугушууда спорт чеберлерибизге жакшы сөздөрдү айтып, аткара турган иштердин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ашырыларына токтолгон. " Балдар - биздин бактыбыз, балдар биздин келечегибиз - деп мактанбайлы! Көңүлүбүздү спортко буралы?! - деген сөзүн ошол чогулушта отурган бардык аткаминерлер колдогон. Бирок, арадан аз убакыт өтпөй Сузак районунун Сузак айылынын башчысы Л.Юнусов Сузак борборунда жайгашкан спорт стадионунун аянтын, ал аз келгенсип Каныш-Башы айылындагы орто мектеп үчүн бөлүнгөн спорт аянтчасын турак-жай курууга бөлүп жиберген. Ушундан эле сузактыктар Бакиевге каршы - деп коркпой айтсак болот.
Дагы бир кызыгы К.Бакиев өзүнө каршы ушундай иштерди аткарып жаткандарды жакында Германиядан кайткан соң, аларды президенттин мактоо баракчасы менен сыйлоо Указын чыгарган. Аны КТРден уктук. К.Бакиевге каршы иш-аракеттерди жасагандар президенттин мактоо баракчасына татыйт окшойт…
М.Табаров, Сузак району




Курманбек Бакиевге ачык кат!
Урматтуу президент!
Сиздин аман-эсен келүүңүздү караңгыда суукта үшүп, күттүм эле. "Карыядан кайрылуу" деген 25-майда 2008-жылы кат жазып, анда: "мамлекетибиздин үч курамынын экөө, өз территориясы, өзүнүн эли жоголуунун жолунда баратса, жалгыз президент мамлекет боло албасын - айтып жана мамлекетибиз калптын мекенине айланып баратабы?" - деп белгилегем.
Мамлекет башчысы президенттин чечкиндүү жана иштиктүү аракети - ийгилик, өлкөнүн кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгондо чоң кемчилик болорун эсиңизге салып, жакын арада чечкиндүү аракет жасап өнүгүп, - өспөсөк Кыргызстанды өзүбүз жок кыларыбыз мүмкүн"-деп кайрылып, 6-июнда сизден ыраазычылык билдирген жообуңузду алганмын.
Азыркы кайрылуум "Хандын сөзү эки болбойт, хан калп айтпайт"- деген накыл сөздү эске салып, бул наркыбыз сиз тараптан четке кагылганына кейип отурам. Эл кыйналып, мамлекетибиз жоголуунун жолунда. Кыргыз тентип, Россия, Казакстан, ары Америкага чейин кетти, элибиз азайып, кыздарыбыз кытай, корейлерге катын болсо, кайсы кыргыз өсүп-өнүгөт? Кайрылып келген кыргыз жокко эсе экенине ким күйөт?
Бириккен оппозициялык күчтөр, бириккен партиялар, коомдук парламент, Элдик революциялык кыймыл, жанын кыйнаган ачкачылык акциялар, Акыйкаттык үчүн кыймыл сыяктуу ар кандай кыймылдар өз сунуш-кеңештерин айтса да, ага кулак салган бийлик жок. Баарынын издегени акыйкат жол. Ал эми "Акыйкаттык" деген адам жетпеген, үмүтү үзүлбөгөн түбөлүккө түгөнбөгөн күрөш экен. Элдин мүдөөсүн калыстык менен чечүү гана сизге ишенимди жаратмак. Сиз бул мүмкүнчүлүктөн ажырадыңыз. Ден-соолугуңуз начарлап калганбы, бир жылда эки жолу Германияда узак сапар дарыландыңыз. Мурас кылып биринчи душманыңыз Өмүрбек Текебаевге бийлигиңизди берип, экинчи экс-президент болуп, эс алып көрбөйсүзбү? Сиз өзүңүз кетпесеңиз, "кет" дегендер четтен чыгат, күч колдонсоң кан төгүлөт, булганасыз. Каргыш жаман экенин билесиз. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок". Саламатта болуңуз!

Жунуш Өмүралиев,
85 жашта, Ысык-Көл району,
Ананьево айылы





Жан дүйнөдөгү суук ызгаар…
Мезгил өтө берет тура, эми минтип 88 жаштын ызгаардуу суугун өткөрүп жатам. Табияттын бул суугуна адам чыдайт экен, бирок жан дүйнөңө түшкөн "суук ызгаарга" пенде туш болбосун.
Ар кимдин жашоо тагдыры өзүнө тиешелүү дечи, бирок буларды эстесем аталык арманым аргасыз айттырып отурат.
Кызым Айсулуу 1977-жылы Эсенкан Султановго турмушка чыккан. Алардын бактылуу турмушу мен үчүн зор кубаныч эле. Атт-и-иң, алар бирде ачка, бирде ток жашап жүргөндө ынтымактуу жашашчу. Акыркы 3-4 жылдан бери Бишкек-Талас багытында маршрутка айдап жүрүп, бир аялдын үйүнө кирип алат. Ошентип, ыркы кеткен үй-бүлөдө жаңжал күч алды, аягы ажырашканга барышты.
Заманаң менен куру дейсиң, башка арга жок. Эсил кайран СССРдин учурунда аялын чанган эркеги, күйөөсүн таштаган аялын моралдык жактан айыптоочу эле. Ошондон улам, элге уят болбоюн-деп сестенүү да күчтүү болгон.
Арман…
"Таздын көөнү болбосо да, таза кыздын көөнү үчүн"-деп кызым Айсулуу үчүн барымды берип, агымды чачтым. Алар Талас шаарында жашап жүрүп, 1983-жылы айылы Богославкага көчүп кетишти. Бир күнү Эсенкан келип, бир тамга жете турган, даярдап койгон жыгачтарымды жана 60 шиферимди сурап келиптир. Марат деген жолдош баласына "Дайман" машинасын айдата келиптир. "Нары карап ыйлап, бери карап күлүп" дегендей, акыры кызымдын кадыры үчүн бердим. Тамды бүтүрсөм кийин алганымдын баарын кайрып берем, же акчалай төлөйм деген убадасына да ишенген элем.
Ошентип, тамырымды тартып алды. Улуу балам Кутушбектин "Москвич-412" маркасындагы жеңил машинасына "көзү түшүптүр". Өзүмдү ортого салып, 3 миң сомго баалап алып кетип, же машинадан, же айткан акчасынан жок, аны да "сиңирип" кетти.
Алдым-жуттумду аябай өздөштүргөнбү, айтор, 2002-жылы кичүү балам Өзүшбекке барып, "шофердук күбөлүгүмдү МАИлерге алдырып койдум, ага төлөп турайын, кийин төлөп берем" - деп аны алдап, 2200 сомун алып кетет. Бул баламдын көзү өткөндө, "эң кур дегенде андан алган акчасын балдарына бер" -десем, "аны сөзсүз бүтүрөм",-деп алигиче сүйрөп жүрөт.
Өз пайдасына келгенде азезилдей асылып, "Алдар көсөөдөн" ашып түшкөн алдамчы дагы кимди биздей күйгүзүдү болду экен? Акыйкаттык жер жүзүндө барбы? Бар болсо, Эсенканды эсине келтирип коер күч табылаар бекен?...
…Кайрадан эсил кайран СССР эске түшөт. Эгерде ал учур болсо, моралдык жактан айыпталып, эл алдында маскараланмак… Алдым-жуттумдугу үчүн мыйзам алдында жоопкер болмок…
Азырчы-ы?...

Анарбек Жуманазаров,
Талас району