3 миллион кыргыздын 3 миллион жылкысы барбы?
Энергетика кризиси менен башталып, азык-түлүк кризиси менен коштолуп, саясий кризис менен аяктап бара жаткан чычкан жылы кыргыз эли үчүн кырсыктуу жылдардын бири болду.

Атактуу адамдарыбыздан айрылганыбызды айтпасак да, Жаңы-Жердеги авиакырсык менен Нура айылындагы жер титирөөнү айтсак жетиштүү болоор. Ажобуз Курманбек Салиевич кырсыктабаса да, эки жолу дарыланууга барып келди. "Алиби" менен "Де факто" гезиттеринин көрүн казган бийлик "Азаттык" менен "Би Би Си" үналгыларынын көрүн казууга киришти. Кыскасы, кыйратам дегендериң, тескерисинче мамлекетти кыйрата баштады.
Мурдагы жылы "ноябрь", былтыркы жылы "апрель" митингдери тоскоолдук кылды деген бийлик быйылкы жылы актана албай калды. Жаңы парламент, жаңы өкмөт түзгөн бийлик бир жылдан бери билгенин жасады. Күнөөсүз "күнөөлүү" болуп келген оппозиция өкүлдөрү бийликтин эркине койду. Этеги эмне болду? Суунун башында отурган кыргыздар суусуз калды, энергетиканы экспорттогон кыргыздар энергетиканы импорттоп калды. Жалпак тил менен айтканда, "иттен жок же ит байлаган жиптен жок" дегендей эле болуп калдык. Бийликке болгон элдин нааразычылыгы күндө-күнгө өсүп жатса да, билмексен болуп отургандарын кантесиң? Анан дагы бечара бийликтин, "коомдук палата куралы", "элдин үнүн угалы" дегендерин укканда, аргасыз бетпак катынды элестетет экенсиң. Куловду Исабековго, Атамбаевди Чудиновго, Текебаевди Султановго, Мадумаровду Тагаевге алмаштыргандан эмне чыкты? Энергетика кризиси чыкты.
Өткөндө улуттук (үй бүлөлүк) биринчи каналдан уялбастан туруп айтып жатышат, "Коррупция боюнча изилдеген уюм туура эмес баа бериптир" - дешип, анчалык кыйын экен, ошол уюмду сотко беришпейби? Жүз доллар пара алгандарды кармаганча, жүз миллион долларга суу саткандарды кармашса болбойт беле? Коррупция боюнча комиссар боло калган Садыр Жапаровдун ким экенин, биз жакшы билебиз. Анын өзүнүн коррупциялык иш - аракеттерин иликтеп жатабыз. Жаңы жылдан кийин(жаап коюшпаса) жакшы ушактарды угасыңар.
Жанагы Ташиев деген министри сейсмология институтун сотко бериптир. "Министрликтин ар-намысына доо кетирди"-деп. Ал министрликтин ар-намысы бар экенин, ал баланча акча турарын ким аныктап көрүптүр. Буларың сураса эле, миллион сурашат экен. Жетишип калгансып. Депутат кезинде ушул министрликке көп асылчу эле. Эми дегеле унчупайт. Баары жайында болсо керек да. Кыргыздар: "кыз боозуп энесин коркутат"-деп бекеринен айтпаптыр.
Айыл чарбасын жетектеген министр Арстанбек Ногоев мактанып жатат, "малдын башы Союз кезиндегидей көбөйдү" кыязында. Арстанбектин берген отчету боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 миллион 168 миң уй, 4 миллион 250 миң кой, 3 миллион 555 миң жылкы бар экен. Мындай маалыматты министр кайдан алды экен. Жылкынын башы койдукунан көп экенине ким ишенет? Кой үстүнө торгой жумурткалаган замандан жылкы соорусуна жылан жаткан заманга келип калдыкпы? Союз кезинде Кыргызстандагы койдун башы 10 миллиондон ашканын Арстанбек унутса да, уй кайтарган Уларбек унута элек.
Акаев мезгилинде министрлер калп айтчу, бирок, ажосундай жакындаштырып айтчу. Азыркыларың ушундай апыртат дейсиң? Кээде ишенгиң келип кетет. Андан көрө Арстанбек мырза айтса болмок. Таластыктардын буурчагына ким кожоюндук кылып жатканын. Эмнеге 37 сомдон 27 сомго түшүп кеткенин.
Чыдамкай калкыбыз чыдап эле жатат. Алдамчы бийлигибиз алдап эле жатат. Аягы кандай болоор экен.

Чагылган ЧАРЫК уулу




Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылы тарабынан 2008-жылдын 20-декабрында Бишкекте, Бишкек Мэриясы уруксат берген А.М. Горький атындагы гүл багында саат 12-00 дон 18-00 гө чейин боло турган жалпы элдик нааразылык акциясын өткөрүү белгиленди.
Нааразылык акциясы азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан элге каршы саясатына, энергетика, суу, кен-байлыктардын, байланыш транспорт тармактарынын сатылышына, бийликтин коррупциялык баа саясатына (төө буурчак, тамеки, пахта ж.б.), азык-түлүктүн кымбатташы, адамдардын дайынсыз жоголушуна (анын ичинде ЖКнын депутаттары, жана алардын туугандары) каршы өткөрүлмөкчү.

Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылы




Амангелди айланып келди
Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорунун милдетин аткаруучу болуп, президентибиздин жаңы жарлыгы менен Амангелди Бекбалаев бекитилди. Узак жылдардан бери ушул университетте үзүрлүү иштеген Амангелди мырзанын бул жооптуу кызматка келишине университеттин окутуучулары менен студенттердин президентибизге болгон кайрылуусу себеп болгон. Буга чейин ректорлук кызматты аркалап келген Рысбек Өмүрканов ажобуздун жакын адамы болоорун жакшы билебиз, бирок ажобуз жакын досуна, "Платон мне друг, но истина важнее", -деп койгон сыяктуу. Амангелди Бекбалаев ректорлук кызмат ордуна талапкер катары катышып, шайлоонун шайтан оюндарынан жапа чеккенин билебиз. "Кул да жейм дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту" дегендей эле буйрук экен, отуруп калды.




Заявление партии "Ата Мекен" по ситуации в СМИ
Партия "Ата Мекен" выражает глубокое возмущение в связи с силовым давлением власти на радиостанции "Азаттык" и "Би-Би-Си" вследствие чего вещания прекратились на территории нашей страны.
В очередной раз Власть лишает народ альтернативных источников информации, тем самым, навязывая одностороннюю не всегда объективную информацию, обеспечивая себе возможность продолжать неблаговидные действия.
Такие шаги по сужению информационного поля вполне объяснимы в нынешней ситуации потому, что свободные независимые СМИ являются одним из главных инструментов общественного контроля над властью и очищения от коррупции.
Развернутое наступление на СМИ, с использованием финансовой и имущественной зависимости редакций, вовлечение судов, надуманные предлоги о каких-то дисбалансах в вещании, ярко демонстрирует страх власти перед фактами и правдой. Жертвами таких действий оказались независимые газеты "Де Факто", "Алиби", "Белый Пароход", а также практически все телеканалы и радиостанции.
Власть стала источником коррупции в СМИ. Широкое распространение заказных публикаций с абсолютно немыслимыми, грязными, пошлыми статьями разрушает все морально-нравственные устои нашего общества. СМИ идущие на поводу безнравственных заказчиков не понимают, какой урок наносят нашему народу и в особенности молодежи и подрастающему поколению. Скупившие СМИ богачи, в тандеме с местной и центральной властью, развернули информационную войну против тех, кто имеет смелость сказать правду, против тех, кто не согласен с нынешней политикой рвачества, преступной приватизации стратегических объектов, против тех кто является истинным патриотом своей Родины.
Для защиты своих собственных интересов власть установила политическую цензуру, которая сильно снижает доверие граждан к СМИ как к источнику достоверное информации. И, следовательно, вызывает подозрение к власти.
Социалистическая партия "Ата Мекен" считает, что критика недостатков в работе государственного аппарата в целом и отдельных должностных лиц является неотъемлемой частью построения демократического, открытого общества. Без свободы прессы не может быть современной демократии, справедливости и нравственности.
Социалистическая партия "Ата Мекен" требует от президента, премьер-министра, Жогорку Кенеша, Омбудсмена:
* Соблюдать международные правовые нормы по свободе слова, обязательство по которым Кыргызстан взял на себя, подписав эти документы, а именно: Всеобщая декларация ООН по правам человека, хартия ЮНЕСКО по свободе слова и т.д.
* восстановить справедливость и вернуть радиостанции "Азаттык" и "Би-Би-Си" кыргызстанцам.
* Прекратить использовать СМИ, как инструмент обслуживания власти
* Отменить политическую цензура в СМИ
* Прекратить давление на журналистов и СМИ