Ата-бала коргонот,

Ата-Журт качан ойгонот?
Өткөн жума этегинде Башкы прокуратура алыскы Америкада иштеп жаткан кыргыз оппозиция лидерлеринин бири Равшан Жээнбековго экинчи кылмыш ишин козгоду.

Эсиңиздерге сала кетсек, экс-министр, экс-элчи Равшан Жээнбековго биринчи кылмыш иши 2007-жылдагы апрель митингдеринен кийин ачылган. Элчилик кызматынан өз эрки менен кетип, "апрель" митингдеринде оппозициянын алдыңкы катарында болгон Равшан мырзага козголгон кылмыш иши кадимки "Кайыңды-Кант" боюнча козголгон кылмыш иши боюнча сурак берген адамдын оозеки көргөзмөсүнүн негизинде ачылганын айтсак, саясий куугунтуктун "кулагы" калдайып көрүнүп турат. Издеп жүрүп илип чыккан ириген кылмыш иши тууралуу кеп кылсак. Ал мындай экен. Равшан мырза министр кезинде "Кайыңды-Канттын" 10 пайыздык акциясын бир бизнесменге берүүсүн кол алдындагылардын бирөөсүнөн оозеки сураныптыр. Болгону ошол. Кагаз түрүндө же колу коюлган бир дагы документ жок. Жабыр тарткан жан же арызданган адам жок. Ишти козгогон каржы полициясы Равшандын Америкада окуп жатканын, ал жактан азыркы бийликтин дарегине ачуу сындарын айтканын билсе дагы, билмексен болушуп, Интерпол аркылуу издөө жарыялатышкан. Талаада калгырлардын тапкан иши жанагы. Ушул жерден уятсыз бийлик өкүлдөрүнө учкай суроо узатып көрсөк. Эмне үчүн Равшан Малайзияда элчилик кызматында отурганда ушул ишти угузган жоксуңар? Аталган кылмыш иши 2005-жылы ачылган болсо, эмне үчүн эки жарым жыл сүрсүтүп кармап отурдуңар? Кан баскан бетиңер кызарбаса да, май баскан көзүңөр көрүш керек эле го? Туура, азырынча ачыгын айта албайсыңар. Анткени, көргөзмө берген көсөөлөргө көз каранды болуп жатканыңарды жакшы билем. Аталган кылмыш ишинин артында Акүйдүн атактуулары тураарын каржы полциясынын "кыңк" этпеген кызматкерлери айтпаса да, караңгыда калган карапайым калкыбыз качан эле билип алган.
Акүйдүн адилетсиз саясатын ачыктан-ачык сынга алган Равшанды "ноктолоп" коюу колдорунан келбегенден кийин, "Алиби" гезитинин башкы редактору атасы Бабырбек Жээнбековго "атакага" өтүштү. Алгач анын гезитинин моюнуна сот аркылуу бир миллион сом айып салышып, гезиттин мүлктөрүн камакка алышты. Ата-балага асылган бийлик муну менен гана токтобостон, Бабырбек Жээнбековго кылмыш ишин козгоп, түрмөгө түртүп киргизишти. Эл аралык жана коомдук уюмдардын кысымы астында Бабырбек мырзанын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгарууга мажбур болушту. Оппозиционер Равшанды саясаттан сүрүп чыгарабыз дешкен бийлик өкүлдөрү, байкабай атасы Бабырбекти чоң саясатка киргизип алышты. Жалпак тил менен айтканда, "артык кылабыз деп, тыртык кылышты". Жумасына бир жолу жарык көрчү 10 миң нускалуу "Алибини" жабабыз деп жүрүшүп, эки жолу чыга турган 20 миң нускалуу "Ачык саясат" гезитине дуушар болушту. Бишкек Шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган Бабырбек Жээнбековду шайлоолордон кулатканына куштар болгон бийлик, эми уулу Равшанга экинчи кылмыш ишин козгоду.
Мындан төрт жыл мурун Равшан Мамлекеттик Мүлк Комитетин жетектеп турган чагында комитеттин жаңы имаратынын ремонт иштерине көбүрөөк акча каражатын колдонуп коюптур. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, ремонт иштерине 152 миң АКШ доллары ашыкча сарпталыптыр. Имаратты кабыл алган комиссиянын курамында Равшан Жээнбеков болбосо дагы, ага карата кылмыш иштерин козгошту. "Таппасаң сыйпалап кал" деген ушу экен да. Мындан эки жума мурун ажобуз укук коргоо органдарынын жетекчисинин бирин чакыртып алып, "Бир Равшандын оозун баса албай койдуңар" кыязында жемелегенин эшиттик эле. Эми минтип, ошол сөздүн чындыгына күбө болуп отурабыз. Жалал-Абад банкынан уурдалган 22 миллион боюнча козголгон кылмыш иши кандайча кыскартылып кеткенин билсек жакшы болбойт беле? Ажобуздун инаугурациясынын алдында, Акүйдүн алдындагы фонтанды ремонттоо иштерине бөлүнгөн миллиондорду Адахан Кимсанбаевич кандайча пайдаланганын каржы полициясы караштырып койсо калыстык болот эле го.
Ата-Журттун азамат уулдарынын бири болгон Равшанга козголуп жаткан кылмыш иштери таластыктардын жүрөгүн козгоп жатканын азыркы бийлик сезди бекен? Равшандын өзүнө эки, атасына бир кылмыш ишин ачкан бийлик, апасы менен карындаштарына дагы кылмыш ишин козгоп койсо, "коррупция менен катуу күрөшүп жатат"-дейт элек го.
Равшанга козголгон кылмыш ишине кыргыз оппозициясынын Америкага болгон экинчи сапары себеп болду десек аша чапкандык болбойт. Экинчиден, Америкадагы кыргыз оппозициясынын элчилик кызматын аркалаган Равшандын акыркы кездеги иш-аракети Ак үй үчүн чоң коркунуч туудуруп жатканын жашырбай деле койсок болот.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"




  Күн собол

Оппозиция тараптагы адамдарга саясий куугунтук күч алдыбы?
"Ата-Мекен" партиясынын чет өлкөлөр менен иштөө боюнча төрагасынын орун басары Равшан Жээнбековго ушул жылдын эсебинен экинчи жолу кылмыш иши козголду.
Темир Сариев,
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
- Оппозициянын өкүлдөрүнө үстөккө - босток кылмыш ишинин козголуп жатышы жалаң эле саясатчылар же коомдук ишмерлерге гана эмес жөнөкөй элдерге да сөзү жок сүрөттөй түшүнүктүү болуп турат.
Ал эми Равшан Жээнбеков учурдагы президент Курманбек Бакиевди бийликке алып келгенге чоң салымын кошкон. Себеби, Талас элин көтөрүп чыккан.
Бийлик алмашканда Бакиев аны Малайзияга элчи кылып жиберди. Анан эле көз карашы кайчы келип калса иш козгоп, саясий куугунтукка алмайы бул жаман адатка, айыкпас ооруга айланды. Мамлекеттик мүлк фондусунда иштеп турганда документке Равшан Жээнбеков эмес анын орун басары кол коюптур. Бул жерде "Бөрк ал десе, баш алган" дегендей айыптоо кол койгон адамга эмес, Р.Жээнбековго жүктөлүп олтурат. Азыркы убакта бийлик эмне десе да эл ишенбей калды. Ошондуктан тараза ташы кай тарапка оогондугун убакыт чечет. Менин жеке оюмда бийликтин буга окшогон иш-аракеттери суу кечпей калды.

Мукар Чолпонбаев,
экс-спикер:
- Албетте, саясий куугунтук. Атайын даярдалып багытталып жаткан иш. Менимче Равшан Жээнбеков "Камаса камасын!"- деп Кыргызстанга келиш керек.
Акыркы учурда оппозиция тараптагы адамдарга болгон чабуул катуулап баратат. Сөздүн кыскасы, 37-жылга келдик. Буга окшогон көрүнүштөр бүгүнкү бийликтин күнүнүн бүтөйүн деп калганынын белгиси. Жаны чыгаарда ушинтип эмне кылаарын билбей далбастап калышат. Аны орусча айтканда "агония" -деп коет.

Бакыт Бешимов,
СДПК фракциясынын лидери:
- Азыркы учурда бийлик "коррупцияга каршы күрөш"- дегенди саясий куугунтукка айландырып өз оппоненттерине колдонуп жатат. Мисалы, мен Эркин Булекбаевди депутат кезинен бери жакшы билгендиктен ага коюлуп жаткан күнөөлөрдү негизсиз деп ойлойм. Эгерде Равшан Жээнбеков мурда ээлеген кызматында мыйзамга шайкеш келбеген иш жасабаса, ага канча ылай шыбаса да жукпайт. Кыргыздар "Ак ийилет, бирок сынбайт"- деп коет. Ошондуктан Кыргызстанга келип, ак-карасын чечип алса жакшы болмок.
Учурда оппозициянын коюнуна кире качкан мурдагы коррупционерлер деле толтура. Бирок, аны таза бийлик териштириш керек эле. Азыркы бийлик өзү таза эмес. Бийликтин бутактары болгон прокуратура, сот органдары элден мурда өздөрүн күзгүдөн бир карап алып, анан башкаларга асылса болот эле.

Алмамбет Шыкмаматов,
"Ата-Мекен" партиясынын юристи:
- Равшанга катары менен кылмыш ишинин козголушу бул түздөн-түз саясий куугунтук. Равшан 2007-жылы парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде парламентке аттанган. Ошондо дагы бийлик Равшанды парламентке жолотпош үчүн кылмыш ишин козгоп, "келсе камайбыз"- деп анын Кыргызстанга келишине бут тоскон. Бүгүнкү бийликтин, Кылмыш Жаза Кодексин өздөрүнүн саясий оппоненттери менен күрөшүүдө курал катары пайдаланып жатканы өкүндүрөт. Кылмыш Жаза Кодекси өтө маанилүү учурларда өз функциясын аткарбай калып жатат. Мисалы, Адилет министри Марат Кайыповдун ишмердиги боюнча атайын комиссиянын жыйынтыгы чыгып, ал президенттин жана өкмөттүн толук курамынын катышуусунда каралып талкууланып, бүткүл Кыргызстанга телевидение аркылуу жар салынды. Кайыповго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, шалаакылыгы, түрмөдөгү темирлерди кымбат баада сатып, арзан баада кириштеген деген төбө чачың тик турган жалаалар жабылып, жыйынтыгында аны жумуштан айдап эле тим болушту. Мыйзам талабына ылайык, бул жерден Марат Кайыповго токтоосуз түрдө кылмыш иши козголуш керек эле. Ал эми күнөөсү жок ак болсо, анда ага жалган жалаа жапкан комиссиянын мүчөлөрү жоопко тартылышы керек болчу. Муну менен мен бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзам аткарылбай тебеленип-тепселип, пластилиндей оюнчук болуп калды десем болот. Болгондо да Ак үйдүн 7-кабатында.
Собол салган Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"