Күндөлүк

Кыргыз бийчиси
Ар бир доордун баа жеткис таланты, белгилүү жылдызы болоору баарыбызга белгилүү. "Чыныгы жылдыздын аты эч өчпөйт" дегендей, аты, айдай жүзү менен тарыхта гана эмес, ар бир адамдын элесине унутулгус сүрөт тарткан Бүбүсара Бейшеналиеванын талыкпаган эмгеги менен кыргыздын балет өнөрүн дүйнөгө даңазалаган, ысымын укпаган адам жок чыгаар. Андыктан бүгүнкү "Күндөлүк" рубрикабыз атактуу кыргыз бийчиси тууралуу болмокчу.

Жаркын талант, кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда жаркыраган жаз айында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен бийге шыктуу жана өтө зээндүү болуп чоңойгон. Кызынын талантын байкаган бийчинин ата-энеси келечегине, алдыдагы ала турган билимине шарт түзүп берүүгө кудуреттери жетпесе да, талантына дем-күч берип турушкан. Ошентсе да Бүбүсара талыкпаган талантынын аркасынан билим алууга мүмкүнчүлүк алган. Ал 1936-1941-жылдары Санкт-Петербургдагы хореографиялык окуу жайында окуган. Ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет мугалими А.Б Вагановадан таалим алган. Бийчи биринчи жолу 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн биринчи декадасында бийлеп чыккан. Өзүнүн жараткан берген таланты, мүнөзүнүн өжөрлүгү менен окуу жаатынан ийгиликке жетишип кайткан. Ал жактан алган билими менен өз элине кызмат кылуу максатында 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген. Бүбүсара 1973-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бийчинин талантынан тапкан наамдары

1947-жылы "Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти" наамына татыган. 1949-жылдан баштап республикадагы хореографиялык окуу жайынын мугалими болуп эмгектенип жүрүп, бийди өтө жогорку деңгээлде бийлеп, көргөн элди таң калдырган. Мына ушундай бийик таланты менен 1954-жылы республиканын Эл артисти наамына ээ болгон. Ал кыргыз хореографиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Жараткан образдары
Бүбүсара улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галареясын жараткан. Ал "Чолпон" балетинде алгач Чолпондун оор жана назик романтикалык образын түзсө, кийин сыйкырчы Айдайдын карама-каршылыктуу, темпераменттүү, таасирдүү образын жараткан. Ал эми Аселдин образы аркылуу замандаш кыргыз аялынын татынакай мүнөзүн психологиялык жактан жеткиликтүү ачып берди. Бүбүсаранын тубаса бийчилик жөндөмү классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүргөнүнөн даана байкалат. Анын ченде жок жароокерлиги, Раймонда, Одатта-Одиллия, Тао-Хао, Джульетта, Франческо сыяктуу классикалык балет каармандарынын көркөм элесин даана чагылдырып ойногонунан ачык көрүнөт. Артисттин ар бир көрсөткөн оюну сулуулуктун, назиктиктин, шаттыктын майрамы эле. Бүбүсара кыргыздын балет өнөрүн дүйнөгө даңазалаган. Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн алтымыштан ашуун өлкөсүндө коюлган. Ал 1953-жылы Румынияга, 1967-жылы Чехославакияга, 1967-жылы Канадага, Азия жана Африка өлкөлөрүнө жана башка чет өлкөлөргө барып бийлеген. Бүбүсара кыргыз профессионалдык хореография өнөрүнүн калыптанышына, бүгүнкү күндүн деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошкон. Анын жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук сапаттары бар. Мындай талантты камтыган Бүбүсараны "Ысык-Көлдүн ак куусу" деп айтышкан.

Мына биз жогоруда сөз кылган бийчиге не деген гана атактуу адамдар ашык болушкан. Эң өкүнүчтүүсү-анын эстелиги көп жылдар бою "Хаят" мейманканасынын курчоосунда турганы. Ошонун айынан Бүбүсаранын эстелиги кайсы жерде коюлганын айрым адамдар билбей келген. Жаздагы жаңы мэр Н.Түлеевдин кызматка келүүсү менен бийчинин эстелигин тоскон тосмолор алынып, эң сооп иш болду. Эми адамдар бийчинин эстелигине каалагандай кире алат.