presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кеп кезеги бийликте

Эл адилет чечимди күтөт
Кыргыз жергесинде эң оор кырдаал жаңы конуш талаш-тартыштарынан түзүлөрүн турмуш өзү тастыктап келет. Союз тарар алдындагы тарыхыбыздын "кара тагы" болгон Ош окуясы, Бишкек шаарынын чет жакаларындагы жаңы конуштардын пайда болуу тарыхтары бийлик менен элдин ортосунда бирикпес жараканын улам чоңоюп бара жатканын көргөзүүдө.

Мындай көрүнүштөрдөн четте калган аймактар жок. Буга айкын мисалдардын бири- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мурдагы "Живпромдун" жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы канаттуулар фабрикасынын талашка түшкөн жерлери.
Баарыбызга белгилүү, союз жоюлганы калкты турак жай менен камсыз кылуу унутка калтырылып, менчик үй курууга жер бөлүп берүү жолго коюлбаган. Турак-жайсыз калуу коркунучу өзүнүнү туу чокусуна жеткенде миңдеген адамдар уюшуп, аргасыз иштетилбей жаткан жерлерди басып алууга өтүшкөндүгүн ачык белгилөөгө болот. Ушундай аракет Жалал-Абад шаарынын аймагында болуп, иштетилбей жаткан "байлардын" жерлерине үй салуу үчүн аракет кылган 5 миң адам мурдагы канаттуулар фабрикасынын аймагын басып алышкандыгы аныкталган.
Албетте, бул маселе боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясы комиссия түзгөн. Калктын муктаждыгын калыстык менен чечүүнүн ордуна, жерди ээлегендерди жазалоо жолун издеше баштагандыгы тууралуу тийиштүү инстанцияларга катар тынымсыз тапшырылып турду. Бирок, бийлик маселени чечпестен, ишти териштирүүнү шаардык прокуратурага өткөрүү менен чектелишкен. Күчтүү кысымга калган 4 миңге жакын адам бийликти колдонуп, коркутуп жаткан байлардын колдоого алынганына нааразы болушуп, "бийлик элдикиби же акчалуулардыкыбы"-деген суроону курч коюп отурушат.
Ырас, жер эл тарабынан мыйзамсыз басып алынганы талашсыз факт, бирок мыйзамсыз мындай басып алуулар Бишкек шаарында да болуп өтүп, бул аракет алгачкы мезгилде жаңы бийликтин колдоосуна ээ болгонун кантип жашырабыз? Түшүм берүүчү жерлерге уруксат жеңил-желпи берилсе, каксоо же ак топурактуу, таштандылардын аймактарында жерлердин маселеси чечилбей келе жатпайбы? Ушул сыяктуу эле Жалал-Абад шаарынын чегиндеги басылып алынган 1,5 гектар жер аң-дөң, эч кимге берилбеген кароосуз калган аймак экендигин, ал жерге курулуш куруу же өздөштүрүү үчүн көп чыгым талап кылынаарын шаардын мэриясы да танбайт. Качан бул жер тегизделип, турак жай курууга ылайыкташтырылгандан кийин шаардын мэриясы көп жылдан бери кезекте тургандарды "эстегендиги"таң каларлык болуп отурбайбы?
"Живпром" участкасынын үй куруучулары коомунун Жалал-Абад облусунун губернатору К.М.Масировго, Жалал-Абад шаарынын мэри Д.М.Мамасалиевге, Сузак районунун акими Ж.Ж.Максумалиевге жазган катында 900 үй-бүлө турган жайды кура баштаса, 500 үй бүткөрүлгөнүн, ошол эле учурда "2006-жылы депутат Батыров Кадыржан өзбек тилин басмырлап жатышат деген шылтоо менен өзбек туугандарыбызды бизге кайрап, эки бир тууган элди кагыштырууга аракет кыла баштады. Бир нече жолу митинг уюштурду. Муну көрүп турган эл ачууланып, К.Батыровдун мыйзамсыз ээлеп жүргөн жерлерин басып алышкан"- деп белгилеп отурат.
Ошол эле учурда Жалал-Абад облусунун прокурору Р.Г.Бактыбаевге Жалал-Абад шаарынын прокурору А.А.Өмүралиевге жер басып алуучулар Салмоорбек Жумалиев деген бирөө элди ээрчитип, жер меники десе, азыркы күндө жаңы конуштагы талашты ырбаткан Батый Паизовдор да "үй салып, бала-бакыраңарды баккыла" -деп баталашып, качан жер тегизделип өздөштүрүлгөндө, кайра жерди талашып, арыз жазганына миңдеген үй-бүлө күйүп отурбайбы? (Булар видео тасмага түшүрүлгөн).
2006-жылдан бери канаттуулар фабрикасынын жана "Живпромдун" басылып алынган жерлери боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын мэринин 1-орун басары Т.Б.Бекбоевге, комиссиянын мүчөлөрү М.Жороевге, А.Таштанбековго ишеним көргөзбөсүн губернатор К.М. Масировго билдиришкен. Себеби, бул комиссиянын курамына жогорудагы карама-каршылыкты күчөтүүгө аракет кылган "Дустлык" АКсынан Кадыржан Батыровдун кошулушу жана үй куруучулардын "Жаңы курулушчулар" коомдук бирикмесинен өкүлдөрдүн киргизилбегендиги 4000 адамдын кыжырдануусуна алып келген. Мына ушунун өзү эле бийликтин карапайым калкка каршы иш жүргүзүп жатканына далил катары көргөзүлүп жатат.Үй куруучулардын коомдук бирикмеси Б.Паизовдор Көк-Жаңгактан келип, Сузактан бул жерди кантип менчиктегенин аныктоону, булардын жана жерди саткандардын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылышууда.
Жогорудагы айрым фактылар аркылуу ой жүгүртүп көрсөк, бул "жаңы конуштагы чыр-чатактын бүтпөгөн талаш-тартыштарынын" учугу тээ тереңде көрүнөт. Бул окуянын чындыгына жетүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы менчиктештирилген мекеме-ишканаларды кандай жол менен "прихватташтырылганы" изилденүүгө тийиш. Бийликтин буга күчү жетеби? Укук коргоо структуралары бул маселени калыс карай алышабы же "бармак басты, көз кысты" мамилеси менен калдайган калың эл жаңы конуштан ажырайбы? Жыйынтыгын күтөлү…
Эртабылды АТТОКУРОВ,
"Ачык саясат"




  Эй Россия, Россия бир боор энем…

Өлкөбүздүн мигранттарына өкмөттүн башы оорубайт…
Дүйнө жүзүндө мигранттар эң көп агылган өлкө- бул Америка өлкөсү. Экинчи орунда биздин "бир боор энебиз" Россия турат. Ооба, улуу акыныбыз Алыкул айткандай, Россия биз үчүн дале болсо "бир боор энелик" милдетин аткарып келатат. Себеби, киндик кан тамган өлкөбүз өзүбүзгө "бир боор эне" болуу кудуретине жете албай койду.

Өлкөнү өз билгендериндей өкчөп жатышкан өтө чоң абройлуу чоңдорубуздун кесирлүү кесепетинен улам, бүгүн биздин өкмөтүбүз "өлбө жаным, өлбө" абалында турат. Ошол аты бар, заты жок калган өкмөтүбүз өлкөнү өлгөнчө тоноп жебей, жалпыбыз сыймыктанган "бир боор эне" деңгээлине көтөрүлүшү керек эле. Жок, тилекке каршы биз бул аруу тилекке жетпейт өңдөнүп баратат окшойбуз. Ушундай улуу тилекти "таш каптырган" өкмөттөн (эртерээк) үмүтүн үзүшкөн мигранттарыбыздын саны мындан 6-7жыл мурун эле бир нече миңдеп саналса, бүгүн миллиондон ашып кетти. Албетте, алардын басымдуу бөлүгү Россияда, калганы Казакстанда ар кандай иштерде иштешүүдө. Мигранттарыбыз ал өлкөлөрдө ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушса да, өздөрүн гана бакпастан, өлкөгө да чоң суммадагы акча алып келишүүдө.
Өткөн жылы мигранттарыбыз өлкөбүздүн банктарына 1 миллиардан ашык доллар жөнөтүшкөн. Бизге окшоп Россия мамлекетин "бир боор энесиндей" көрүшкөн коңшу өлкөлөрүбүздүн да саны арбын. Россияда кыргыз мигранттарынын саны өзбектерге салыштырмалуу 6-7 эсе, тажиктерге салыштырмалуу 4 эсеге аздык кылат. Өзбектер 2007-жылы банктар аркылуу өз өлкөсүнө 1,7млрд. доллар, тажиктер 1,6 млрд доллар, молдавандар 806 миллион доллар жөнөтүшкөн. Албетте, бул чоң суммадагы акчалар орустардын ич күйдүлүгүн жаратып, таң калтырып келгени байкалат. Себеби, орустар тез-тезден бийлик имараттарынын алдыларында "Россия орустар үчүн" "Мигранттарды өз өлкөлөрүнө кууп чыгуу керек" деген лозунгдар менен митинг өткөрүп турушат. Эми бул көрүнүштү "кең пейил" улуу элдин улутчулдугу ашынган (бирок, орустарда улутчулдук сезим жакшы өнүккөнүн эстен чыгарбообуз керек) бир нече адамдары уюштуруп жатат деп түшүнсөк болот.
Биздин жалпы мигранттарыбыздын 80 пайызын түштүк региондорунун тургундары түзөт. Дал ошол түштүктүк туугандарыбыз мигрант агымын алгачкылардан болуп ачышкан. Ошол агым айлампасында азап-тозок күндөрдү көрүп жүрүшүп, көбүнүн акыбети кайтып,(машина алышып, там салышып) өз жашоолорун жакшыртууга үлгүрүштү. Бирок, бул көрүнүштүн пайдасынан да,зыяндуу жагын айтпай келебиз. Мисалы, мигранттарыбыздын бир канчасынын өмүрлөрү кыйылып, ден-соолуктары начарлап, жүздөп, миңдеп саналган үй-бүлөлөр ажырашып жатышат. Буга каршы өкмөтүбүз эч кандай чара көрбөйт, көрмөк турсун "лам" деп ооз ачуудан коркушат, коендой коргонушуп.
Бүгүн Россиядагы, Казакстандагы кризистерге байланыштуу биздин ал өлкөлөрдөгү мигранттарыбыз Мекенибизге кайтып келишүүдө. Бирок, бул көрүнүш азыр өз күчүнө анча кире элек. Күчтөнүү мезгил алдыда десек жаңылышпайбыз. Эмгек мигранттарыбыздын көбү курулуш жаатында иштешерлиги баарыбызга белгилүү. Казакстанда буга чейин абдан гүлдөп өсүп жаткан курулуш тармагынын азыр таптакыр таалайы кыркылып, дымып калды. Россиядагы курулуш тармагы болсо "дымып" калуу абалына жетелек дегенибиз менен ошол жолго желип-жортуп жетеленип баратат. Өкмөтүбүз буга кандай чара көрөт? Бул суроого адаттагыдай жооп жок. Кризис мындан да күчөсө, мигранттарыбыз ал жактарга кандай катуу агышса кайра өз жерине андан да катуу агып келишет. Ошондо, оозу Ошту караган өкмөтүбүз аларга эмне жардам бере алат? Кандайдыр бир алгылыктуу жардам берет деп үмүт кылып, ишеним артуу шайтанга ишеним арткан менен барабар.
Беш миллиондон ашык калкыбыздын 2, 343 миллиону эмгекке жарамдуу деп эсептелет. (1 миллиону миграция агымынын айлампасында айланып жүрүшөт дейли) калган 1,343 миллиону деле биздин өлкөбүздүн эмгек фронтуна көптүк кылып жатканы байкалат. Себеби, бүгүнкү күндө өлкөбүздө жумушсуздук маселеси №1 орунда турат. Бирок өкмөтүбүз, "учурда өлкөбүзгө 32 миң жумушчу жетишпейт, билим берүү тармагына эле 6 миңден ашуун кызматкер талап кылынат"-дейт. Жумушсуздук маселеси кыйнап турганда өкмөттүн бул билдирүүсү эмнени каңкуулап турат? Же бизде билимдүү адистерибиз азбы? Жок. Тескерисинче, билимдүү адистерибиздин саны самандай сапырылат. Сөздүн ачыгы, бул жерде билерман кожоюндарыбыздын коколоп өлтүрүшкөн "иттин өлүгү" өкүртө сасып жатат. Анткени, азыр өкмөткө билимдүү адистер эмес, ийкемдүү, акчалуу өздөрүнө (өздөрүнүн клондору дейли) окшогон шылуундар гана керек.

Көйгөйлүү маселердин "мазесин окутуп", шылтоого шынаа тапканга маш өкмөтүбүздү эмгек мигранттарыбыздын тагдырлары эч кызыктырбайт. Болгону алардын өлкөгө алып келип жатышкан акчалары гана керек болчу. Эми өкмөткө эмес, өздөрүнө акча табуу кыйын болуп турганда ал мекендештерибизге ким кол сунуп, ким жардам берет? "Ишенген төөм сен болсоң, кепшегениңди урайын" деген улуу сөздү, "Кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жорго эшек" же "Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жей берсин" урааны менен жашашкан өкмөттүн жана өлкө башчысынын наамына айтуу гана айласы калды окшойт. Биз канчалык мигранттарыбыз жөнүндө сөз козгобойлу, алар өкмөт жардам бербесе да, баары бир өз маңдайларына жазылган тагдырларын көрүп жашай берерлиги талашсыз иш.

Айбек ШАМШЫКЕЕВ, "Ачык саясат"










??.??