presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Президентке "шах" берилди
Жакында беш саатка созулган жер-жерлерден кеген делегаттардын катышуусу менен элдик курултай болуп өттү. Бул курултайга эки маселени алып чыгышкан.

1.Бүгүнкү саясий-экономикалык кырдаалга баа берүү.
2.Жаңы мамлекеттик башкаруу концепциясын кабыл алуу курултайда келген делегаттар жана кээ бир лидерлер өздөрүнүн ой- пикирлерин айтып, бүгүнкү кырдаалга бааларын беришти. Келген элди сыйлап, мен өз ой-пикиримди айтуудан баш тартып, жол бошотуп бердим. Андан тышкары коомдук парламенттин мүчөсү болгондон кийин, "кылым жолу" укук коргоо органдарынын коомдук бирикмесинин төрагасы катары курултайга катышкан делегаттардын жана курултайдын өтүшүнүн коопсуздугун сактоо жоопкерчилигин мага жүктөшкөн эле. Негизинен тынч өттү, кээ бир провокаторлор курултайдын өтүшүнө тоскоолдук кылганга аракет кылышты, бирок алар менен түшүндүрүү менен мурунку коллегаларым (МВД, СНБ) туура эмес информацияларды алып (29-ноябрда төңкөрүш болот деп) бүткүл күч органдарын өздөрүнүн негизги иштерин алагды кылып (ноябрь айында эле 30га жакын киши өлтүрүү фактылар катталган) тикесинен тик тургузуп коюшуп, менин күлкүмдү келтирди. Же коркконго кош көрүнгөнбү?
Курултайдын аягындагы кабыл алынган чечимдерди карасак шахматтык тил менен айтканда, бир топ фигуралардын ирээттүү коюлушу менен президентке шах берип отурат. Мындай шахтан чыгуунун эки гана жолу бар. Биринчиси-парламентти таркатып, жаңы эл каалаган таза парламенттин келиши менен оппозициянын биримдигин бөлгөнгө аракет кылат (БШКнын 50% оппозициядан. Экинчи жолу- Парламентти жана өкмөттү кетирип, жаңы эл ишенген убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы парламенттик шайлоону өткөрүү менен элдин дагы оппозициянын дагы чыңалуусун азайта алат. Эгерде президент биринчи жол менен барса, оппозиция андай жүрүштөргө нааразы болуп фигураларды алып чыгышып президентке "мат" койгонго аракет кылышат. Экинчи жол кризистен чыгуунун эң оптималдуу жолу болушу мүмкүн. Калган жолдор кандуу жолдор. Муну ким каалайт, убакыт көрсөтөт.

Т.Мадылбеков
"Кылым жолу" укук коргоо органдарынын коомдук бирикмесинин төрагасы (милицияны запастагы полковниги. Чүй обласынын "Ата-Мекен" партиясын төрагасы)




Кыйнаган бийликти кантип сүйөлү
Айыл жашоочулары үчүн ушул жыл өзгөчө кыйын болду. Суук түшкөндөн бери "үшүгөн үндүктөй" болуп,бири-бирибизди кыртышыбыз сүйбөй, эптеген күндү өткөрүп жатабыз. Жарык өчөөрдө "Бакиевдин термосуна суу толтур, Бакиевдин шамын күйгүз, Бакиевдин тезегинен киргиз"-деп эле ызы-чуу түшүп калабыз. Айла канча, ханың кандай айтса, аткарбаска акың жок. Тезекти унутуп калдык эле, жабыла терип коюп, уйдун жаңы жампасын күтмөй. Бир эле сүйүнүчүбүз,орустар да кыргызча "тизяк тер"-деп сүйлөп калышты. Жада калса бир жарым жаштагы балабыз да "апа тизек" деп, жаңы түшкөн жампага сүйүнөт. Малдын арзанын айт да, чөптүн кымбатын кара. Баламдын контрагын төлөгөнгө жылына бир жашар кунаажын сатчу элек, быйыл жарымын гана төлөдүк. Канча жылдан бери мал болсун деп сактап, көбөйтсөк, минтип чөп жетпей, ит бекер акчага сатып,ичибиз ооруп калды. Талаага жалаң чөп эккен биздин малга чөп жетпесе, "чөбү жоктор кантти"-деп Асанкайгы болуп жүрөм.
Айылдагы көйгөйдү айта берсең түгөнбөйт. Суу деген да балакет бар.Биздин айыл суу маселеси жагынан аябай кыйналат.Таза суунун азабынан эки километр жерден келин-кезектер эшек араба менен суу ташыйт. Кээде үйгө конок келип калса коңшу-колоңдордон "суу апкелсек беребиз"деп сурамай. Мурда айылга "Таза суу" программасы менен суу түтүктөрүн орнотуп, суу жакшы эле чыгып жаткан. Жакшы чыкканы ушул, башкы көчөнүн үч жеринен чоң айылдын эли кезекке туруп суу алмай. Жакында ал да жок болду. Элдин айтымына караганда бир жерге суу топтогуч жасап, суу толтуруп, ачылыш аземин өткөрүп,программаны ийгиликтүү жапкан. Эми, топтолгон суу түгөнүп, аны комиссия текшерип, аларга иштерин оңдоо үчүн бир жыл убакыт берет экен. Андан кийин суу чыкса унчукпайт экенбиз, чыкпаса сот аркылуу чечимин күтүп жатмай экен. Ага чейин уул-кыздарыбыз кыйналып турса эч нерсе болбойт,бийликтин ал менен башы оорубайт да.
Ун, май, эт "арзандады" деп эле жатышат, базарга барсаң анчалык деле өзгөрүүнү көрбөйсүң. Же көмүрдүн баасы түшпөй, улам каптап сатып алабыз. Малың арзан, эт кымбат, жарыгың жок, көмүр кымбат, малың жок, чөп кымбат болуп айылдын эли чүнчүдү. Оорусаң дары бар, бирок көрүнгөнгө акчаң жок. Анан кымындай элин кыйнаган бийликти кантип сүйөлү. Дары бербесеңер да дартыбызды уккан силерге рахмат.

Дүйшөгүл Сыйдалиева
Талас областы,
Бакай-Ата району




Кубанычтуу издер калсын артыңарда
Эртеңки күн эмне болот деп ар ким өз алдынча ойлонуп, жүрөктүн түпкүрүндөгү бир сезим тынчтык бербей жүргөн кезде, 1995-жылы Мелис Эшимканов уюштурган эл "Бей бечералар партиясында" кудайдын буйругу менен жолугуштук эле.

Ар кимибиз ар тараптан келсек да максатыбыз бир жерден чыккан. Эң кубатту деген завод-фабрикалар токтоп, элдин эмгектенишине шарт жок болуп, эл ачылып базарга кирген. Айылдарда жан багуу жолун издеген элдин ошол партиядан чоң үмүттү бар болчу. Ошолордун арасында майып адамдардын эртеңки келечегин ойлоп, талабын талашкандар "Азиздер дүлөйлөр коомунун" төрагасы Калыбек Барктабасов, Асипа Мусаева, Тамара Дыйканбаева, Гульмира Казыкунова жана мен, Сапарбек, майып адамдарга эмес, алты саны аман адамдарга кыйын болуп калган шартта майып адамдарга эки эсе оор болууда деп эми андан бери он жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Калык Барктабасовдун өлкөбүздүн президенти менен түздөн- түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде Бишкек шаарынан 45 квартиралуу үйдүн бүтүрүлүп берилиши чоң жетишкендик болду. Асипа Мусаева майып аялдардын коомун түзүп. мамлекеттик деңгээлде маселелерди көтөрүп келүүдө. Гүлмира Казыкунова Кара-Көл шаардык майып балдардын реабилитациялык борборун түзүп, коляскада отурганына карабай эли үчүн эмгек кылууда. Гүлмира эженин жүрөгүн ооруткан маселе-80% дан ашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окууга барбайт, реабилитациялык борборунан 11 баланын окууга даярдаса мектепке кабыл албай койгон. Муну менен балдардын укугу корголбой калууда. Тамара Дыйканбаева 1995-жылы эч мүмкүнчүлүгү жок болсо да майып балдардын ата-энелердин мүдөө талаптарын ишке ашырууда. Балдардын кыйналганын көрүп, көздөн жаш тегереткен канчалаган күндөр өттү. Ошол кездеги кыйынчылыктар артта калып, бүгүнкү күндө Лондондон келген Хелс Пром кайрымдуулук организациясынын колдоосуна ээ болуп, Бишкектен ылайыктуу кеңсе сурап жүргөн кези. Эми ошол коомду түзүүгө түрткү болгон балдардын жетишкендиктерине токтоло кетсек. Зейнеп Дыйканбаева мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай бүгүнкү күндө чоң жетишкендиктерге талабын тактап, көптөгөн тренингдерди уюштуруп Япон элинин өкүлдөрү менен иштешип келүүдө. Бүгүнкү күндө иш ыргагын үйрөнүү үчүн япон жергесинде жүргөн чагы. Ал эми ошол эле коомдо тарбияланып чоңойгон, келечегинен көптү үмүттөндүргөн Үкөй Мураталиева Япон, Пакистан жергесине барып, алардын көптөгөн иш ыкмасын үйрөнүп келген өзү айткандай Күн чыгыш өлкөлөрүнө барасың деген кабарды укканда, кичине кубанып, толкундоолор демилгелүүлүк тобун түзүп, өзүнө окшогон жаштар Мирбек Асангариев бул бала менен беттешип сүйлөшпөсөм да кылган ишин теледен, газет-журналдан окуп, бул баланын да максаты чоң экенин түшүндүм. Оо "жаш майыптар кыймылын" түзүп мүмүкүнчүлүгү чектелген майып адамдардын укугун коргоо үчүн Шаардык Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу-бул чоң эрдик. Кош балдагы колтугунда турса да, жүрөгүнө тынчтык бербеген ойлорун ишке ашыруу үчүн бар күчүн жумшап ат салышууга чыккан. Дүйнөнүн 129 өлкөсү кол коюп, 27 өлкөсүндө ратифицировон. Кыргыз өкмөтү экономикалык кыйынчылык болгон үчүн бул конвенцияны кабыл ала албайт. Бул процессти мындан ары созууга каршыбыз. Кыргызстанда 120 миң майып адам болсо, 28 миңи Бишкек шаарынын тургуну. Биз 17 жылдан бери көз карандысыз өлкөдө жашап жатсак да, бийлик тарабынан көңүл коюп кызыгуу аз болууда. Ачык айтсак, шаар ичинде айрым бир көчөлөрдө пондустардын жоктугу, жетишээрлик окуу жайы туруп, майыптардын окубай калышы, иш менен камсыз болбогону жана турак жай маселелеринин чечилбегендиги Мирбекке тынчтык бербей келүүдө.

Сапарбек Муратов




Өз жерин ичип-жеген жергиликтүү бийлик
2006-жылы декабрь айындагы жергиликтүү шайлоодо туугандарынын артынан думанадай кыдырып акча чогултуп, элге болсо дайыны жок куру убадаларды берип, борбордон бери туугандарын чогултуп, жан үрөп жатып шайланып алган Көк-Ой айылынын башчысы Стал Сайнидинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзү баш, бир туугандары менен кайындары төш болуп коомдук менчикке эки колдорун тең салып, чыгалбай турган кездери.
Эки кылым карыткан 80 түп кара бак бар эле. Аны Исанын багы деп койчубуз. Ошонун бирин да калтырбай кыркып, борбордогу бир тууган кайнисине жүктөп берип жиберген.
Тунук-Арал токоюнан 150 түп, айыл ичинен 70 түп теректи кыркып, жок кылышты. Аны менен айылдык мектептин эки-үч классын полдодук деп шылтоо айтышты. Кыркылган теректердин баары курулуш каражатына жарактуу жыгачтар эле. Агасы Бектен Кудайбергенов инисинин кызматынан пайдаланып коомдук мүлккө колун эбегейсиз салган. Устакананын имаратын(200 миң сом), токардык станокту(30миң сом), точиланы(50 миң сом), көтөрмө участкасы жактан чоң арыктын боюндагы кашар сарайды(200миң сом) өзүнө өткөрүп, кыскасы, Б. Кудайбергенов 1миллион сомдук коомдук мүлккө кол салган. "Аганы көрүп ини өсөт" деген макал бекеринен айтылбаса керек. Эки агасын көрүп, Бакыт Кудайбергенов дагы жаш экенине карабай, өзү туулуп-өскөн кичи мекени Көк-Ой айылынын коомдук мүлкүнө душманындай мамиле жасады. Тагыраак айтканда, айыл ичиндеги чакан базарды ирээттүү иштетип жаткан Шаршенаалы Кулмакеевди күчкө салып, ошол базарды да тартып алышты. Ошондой эле айылдагы гараждын ичиндеги 50 тонна темирди да какабай-этпей өзүнө сиңирди.
Бекер оокаттын эбин таап, даамын татып калган С. Сайнидинов "АРИС" программасына шылтоолоп айылдагы маданият үйүн бузуп, анын үстүндөгү 600 даана шифер жана рейка-фанерлерди алып кеткен.
С. Сайнидинов ушуну менен эле тынып калбай, жер титирөөнүн шылтоосу менен багар-көрөрү жок Ы.Тургуналиевге ӨКМ (өзгөчө кырдаалдар министрлиги) аркылуу бөлүнгөн 50 миң сомду да О. Бөлөкөва экөө бөлүшүп кеткенге жетишишти.
Жогорудагы аты аталгандар мыйзам алдында жооп берет деп үмүттөнөм.
Замир Карыбеков,
Жумгал району, Көк-Ой айылы .

P.S. Редакциябызга келген арыз, кайрылуу, каттар саргарып жата бербестен, сыясы кургай электе жарык көрүп турганы окурмандарга маалым. Негедир кийинки учурларда жергиликтүү бийликтегилерге нааразы болгон адамдардын саны көбөйүүдө. Бул да болсо "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабасынан" кабар бергенсийт. Минтип жазып жатканыбыз журналисттик иликтөө жүргүзө келгенибизде эле бизге арыз менен кайрылгандар тараптыкы туура болуп чыга келгенине күбө болуп жүрөбүз. Жогоруда сиздер окуган катты мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша барып, жеринде кароого дагы аракет жасап көрмөкчүбүз. Азырынча бул бир жактуу гана билдирүү.
Гезит бетине даярдаган Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"









??.??