Ар адамдын бешенесине жазылган тагдыры бар. Жараткандын амири менен адамдардын айрымдары өзгөчө касиетке, адат мүнөзгө ээ болуп, анын тагдыры эл таалайына арналат. Алардын бири Курманжан Датка энебиз тууралуу узун сабак аңызга айланган аңгеме, баяндар күнү бүгүнкүдөй эл оозунда.
Кыргыздын сол канатынын
кытай уруусунун кызы- Курманжан
Датка
Эгемен мамлекетибиздин басма сөз беттеринде, көркөм чыгармаларында айтылуу "Алай канышасы" тууралуу көптөгөн эмгектер жана макалалар жарыяланып келди. Даңазалуу датка энебиздин инсан катары кандай тарых таржымалга ээ болгондугу туурасында элибиз түгүл, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттери, кыргыздын кыраан уул - кыздарынын тарыхына кызыккан дүйнө адамдары кабардар боло алышты.
Албетте, Курманжан Датка энебиздин даңктуу жолу, кыргыз улуту үчүн жасаган иштери аны менен тааныш болгон жалпы адамзатты таң калтырып, суктандыра алды. Улуттук эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин узак жылдар бою көмүскөдө калып келген көйгашка энебиздин жаркын элеси бул күндөрдө кайра жанданып, даңктуу өмүр жолу урпактарга чолпон - жылдыздай кайрадан аруу нурун чачып турган убагы.
Демек, айкөл энебизди ар убакта эстеп, ал жөнүндө аруу ой-пикирлер менен жан - дүйнөбүздү азыктандырып туруу биздин-жалпы кыргыз журтчулугунун парзы.
Анткени кылымга чукул өмүр сүрүп, кыйырга кеткен даңкы эмдигиче тамшандырган кыраан энебиздин кыргыз тарыхында ээлеген орду жана жасаган ат көтөрө алгыс эмгегин эч нерсеге салыштырып болбос. Курманжан Датка энебиздин доорунда кыргыз улутун бир тараптан Цинь империясы, Ооган, Букара, Кокон бийликтери, экинчи жагынан Россиянын баскынчылары кысмакка алып, далай кыйынчылыктар өкүм сүргөн. Кыраан энебиз демек, өтө татаал тарыхый кезеңдерде эл тагдырын аркалап, не бир оор сыноолорду башынан кечирди.
Дал ошондой опурталдуу, айласыз калган учурларда дагы "караңгыда көз таап, капилетте сөз таап", кыргыз улутун тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман-эсен алып чыгып жүрүп отурду.
Өз кезегинде Кокон хандыгынын баш вазирлик даража-мансабына жеткен өмүрлүк шериги, кыргыздын жалын жүрөк уулу Алымбек Датка ордодогу бийлик талашкан акыйкатсыздардын колунан курман болгондо, анын ордун басып,эки тизгин бир чылбырды колуна алып, кыргыз элинин намысын коргоп, азаттыгын талашты. Ошол учурдун даражасы улуу адамдары, Букара эмири Музаффар, Кокон ханы Кудаяр, Орусия колбашчысы генерал Скобелев сыяктуу алптар менен үзөңгүлөш иштешип, алар датка энебиздин даанышмандыгына, таш жарган даңазалуу даңкына жана инсандык кеменгерлигине ынанышып, эл алдында даңктоого аргасыз болушкан.
Ошентип, Курманжан Датка айтылуу Азиянын кийинки эки миң жылдык тарыхында саясий бийик серелерди багындырып, аялзаттан чыккан улуу инсан катары "Алай канышасы" деген ат менен тарых барактарында анын ысымы өлбөс-өчпөс болуп кала берди.
Кылымга чукул өмүр сүргөн Курманжан Датка өзүнүн керт башына, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына не бир жан кейиткен азап - тозоктор, мүшкүл трагедиялар туш келсе дагы ал аялдык алсыздыкка салып, мүңкүрөп калбастан, эл-журттун мүдөөсүн баардыгынан жогору коюп, тарыхтын, шум замандын катаал сыноолоруна аял сырттаны болуп туруштук көрсөтө билди. Ал ошол ыйык сапаттары менен бүтүндөй кыргыз журтчулугунун баатыр энесине айланды. Анын элеси дагы ыйыктыкка айланып, урпактардан урпактарга даңазаланып кала берди.
Тарых барактарында Курманжан энебиз менен Алымбек Датканын тагдыр буйруп баш кошуп калгандыктары туурасында ар кандайча сүрөттөлүп, ар кандай айтып жүрүшөт. Кыргыз элинин тарыхында улутубуздун улут катары сакталып калыптанышында, ар кайсы уруулардын башын бириктирип, ынтымак ырашкерликке чакырууда кыргыз кыз - келиндеринин ичинен не бир дөө шаа айымдар чыккан. Кыраан кыз келиндердин ичинен алгач тарых барактарына из калтыргандар кыргыздын сол канатынан тараган саруу уруусунун кыздары Акзыйнат менен Жаркынайым аттуу эже-сиңдилер болгон. Ысымдары зор урмат - сый менен айтылып калган бир туугандар кыргыз улутунун келечеги үчүн, урпактардын улуу турмушта калыптанышы үчүн жан аябай эмгектеништи. Эл тагдырын чечээр саясий билермандардан калышпай, алар менен үзөңгү кагышып чогуу жүрүштү. Айтылуу бийлер менен ар кандай саясий окуяларда тыгыз байланышта болушту. Эже-сиңдилердин нускалуу кеп - кеңештери ар дайым өз үзүрүн берип турган. Курманжан эжебиз ушул айымдарга өтө жакындык жайы бар туугандардан экендигин тарых ырастады. Балалык куракты артка таштап, бой тарта баштаган Курманжан эжебиздеги кемде - кем кездешчү асыл нарктуулукту, касиеттерди байкаган Акзыйнат менен Жаркынайым айымдар катуу ойго батышат. Анткени ал убакта Курманжан атасы Мамытбайдын каалоосу менен өзүнөн бир топ жаш улуу, мансабы болгону менен акылы кем, ала көөдөн адамга турмушка чыгып, көп узабай атасынын үйүнө биротоло келип алган. Жубан атка конуп, ата - бабанын салтында жок жорукту баштаган келиндин эртеңкиси бүдөмүк эле.
Эгерде Курманжандын алган жары жарашса, эл бактысы кеңейип, даңктуу жашоо күтүп тургандыгын эже-сиңдилер боолголошот. Алымбек Датка менен алар ал убакта катуу байланышта болуп, тез-тез катышып турушкан. Курманжан менен Алымбек Датканы ушул эжекелери тааныштырып, келечек жөнүндөгү асыл ойлорун ортого салышкан.
Сыр билги бир туугандар жаңылышкан жок. Эл тагдыры үчүн жаралган асыл адамдардын тагдыры бирикти. Алымбек Датка үй бүлөсү бар экендигине карабай Курманжанга баш кошту.
Албетте, Курманжан Датканын ушундай улуу даражалуу саясий ишмер катары калыптанып, тарыхый инсан деңгээлине жетишине кыргыздын кыраан уулу, атабыз Алымбек Датканын эмгеги зор экендигин эч ким эстен чыгарбас.
Кыргыз улутунун айкөл Манастан берки тарыхын карап көрсөк, 16-кылымда Мухаммед-кыргыз деген ат менен белгилүү болгон айтылуу Тагай бий чачыранды кыргыз урууларынын башын бириктирип өзүнчө мамлекет курууга аракеттенген экен.Ал эми 19 кылымда ушул улуу мүдөөнү орундатуу үчүн кан-жанынын аябай күрөшкөн эл уулу арстан жүрөк Алымбек Датка атабыз болбодубу
1860-жылы Узун Агачтагы орус аскерлери менен болгон согушта өзүнүн кыргыз жоокерлерин бөөдө кыргынга учураткысы келбей алып чыгып кеткени, ошо кездеги түндүк кыргыздардын уруу башчылары Үмөтаалы ажы, Адыл, Төрөгелди манаптар менен биргелешип бирдиктүү кыргыз хандыгын түзүүгө далалат жасаган эле. Алымбек Датка атабыз эли журтубуздун тагдыры жана эркиндиги үчүн башын сайып койгон залкар, даанышман саясий инсан экендиги, эл журту үчүн кашык канын дагы сарптай билген улуу акылман экендигин ушул мисалдын өзү эле көрсөтүп турбайбы. Курманжан Датка энебиз дагы улуу инсанга тагдыр өмүрлөш кылып, анын таалим тарбиясына ортоктош болуп, Ата Журт үчүн улуу максатты көздөгөнү, аруу аракет иштерине аралаша жүргөнү тарыхта калаар улуу даражалуу адам катары калыптанышына шарт, өбөлгө түзгөндүр.
Ошону менен бирге тээ илгертеден бери айтылып келген "Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы" деген накыл кептин философиялык чабытына таяна турган болсок, Курманжан Датка энебиз дагы өмүрлүк жары Алымбек Датканын улуу максаттарды туу тутуп, жалтанбастан ат жалында улуу улуттук маселелерди чече билгенинде алтындан артык насаатын айта билип, арка-жөлөк болуп, дем берип келген.
Акыркы мезгилдерде Курманжан Датканын жана анын эжекелери Акзыйнат менен Жаркынайымдын кайсы элдин кызы болгондугу туурасында, ата-бабасынын уруулары кайсы топко киргендиги туурасында талаш тартыштар көбөйдү. Бул туурасында тарых беттерине үңүлүп, талдай турган болсок мындайча айтылат экен.
Айтылуу Бабурдун Алтын Бешик аттуу уулу болуп, андан Теңир аттуу уул төрөлөт. Ал тарыхта Теңир жар деген ат менен белгилүү. Анын аялы Кытай уруусунун төңтөгөрүнүн кызы болгон. Андан Нарбото, Ажы бий (тарыхта Хаджи бий деп аталган) аттуу уулдар төрөлөт. Ажы бий кыргыздын саруу уруусунун кызы Умсунайга үйлөнөт. Умсунайдан айтылуу Шералы төрөлөт , Шераалынын аялы Жаркынайым болгон . Жаркынайымдан Кудаяр хан төрөлөт. Алар Курманжан Датканын эң жакын туугандарынан болгон. Алардын максаты кыргыздын оң канаты менен сол канатын бир максатка баш коштуруп, ынтымакта жашап, укум-тукум улоо эле
Тарыхта Курманжан Датка энебиз ордолуу Ош аймагында жашаган жапалак уруусунун кызы болгондугу туурасында айтылат. Кыргыздын кыраан санжырачысы Үмөт молдонун санжырасы боюнча жапалак уруусунун каяктан, кантип тарагандыгына үңүлүп жаткан замандаштарыбыз миңдеп саналат. Ал санжыра боюнча иликтей келгенде маселенин чоо жайы төмөнкүчө баяндалат экен.
Кыргыздардын сол канатынан тараган Кытай уруусунан чыккан кыраандар дагы тарыхтан татыктуу ордун ээлеп келишти. Айтылуу кытай уруусунан жогор тамга, жогор тамгадан төңтөгөр, төңтөгөрдөн олжо уруусунун улуу журту тараган. Олжо уруусу дагы өз алдынча урууларга-досой, курмушу, жапалак деген үч топко бөлүнөт. Ошол олжодон тараган жапалак уруусунун өкүлдөрү азыр тээ илгерки убактардан бери бардык аймактарда кеңири тарап, жашап келишет,тирүүчүлүк жөрөлгөсү боюнча укум - тукум улап, из калтыруу менен алек. Олжо уруусунун Жапалак уулунан тараган уул - кыздардын ичинен Курманжан Датка энебиз сымал залкар ханышанын эл үчүн калтырган асыл эмгектери жалпы кыргыздын гана эмес, тектеш түрк тилдүү жалпы улуттун сөз менен айтып жеткире алгыс сыймыгы болду. Кытай уруусунан тараган адамдардан Кемпир шалак деген адамдын Саты, Муса, Акбачак, Турусбек, Токтонай деген укумдары болгон экен. Ушулардын ичинен Турусбектин укум-тукумдары түштүк аймагын мекендейт жана Турусбек Курманжан Датканын алтынчы атасы, жотосу. Олжонун жапалагынан тараган кыргыздар айтылуу Оштун Жапалак айылында жашашат жана башка аймактарга дагы кеңири тараган.
Айтылуу Талас аймагынын Карабуура районундагы Сулумаймак айылын Кытайдан тараган олжо уруусунун укум - тукумдары мекендешет. Олжонун жапалагына кирген топ алыскы түштүк аймагындагы боордоштору менен тыгыз байланышта болуп турушат жана ар бир жолку сагынычка толгон жолугушууларында Курманжан Датка энебиздин урпактарынан болуп калгандыктарына сыймыктанышып, адамдын сырттаны катары анын тарыхта калтырган көөнөрбөс баскан жолу туурасындагы узун сабак кептерди салышат.
Курманжан эжебиздей улуу инсан энебиздин тарыхый жолу, өмүр өрнөгү ар дайым кыргыз элин биримдикке, ынтымакка, ар - намыстуулукка жана эл жерин сүйүүгө үндөй берсин!
Эл, жер үчүн керт башын сайып, эмгектенген асыл адамдарды эскерүүдөн тажабаспыз. Биз мындан кийин дагы кыргыздын сол канатынан тараган кытай уруусунун даңктуу уул-кыздары туурасындагы тарых-таржымалдарга кайрылып, коомчулук менен кеңири тааныштырып турууну эп көрдүк. Ушул маселелерге байланышкан суроо - талаптарыңыздар, өтүнүч, кайрылууңуздар болсо "Манас Ордо" коомдук бирикмесине төмөнкү телефондор менен кайрылсаңыздар болот.

Анарбек Усупбаев,
"Манас Ордо" коомдук бирикмесинин президенти
Телефону : (0312) 53-38-68,
(0312) 53-15-97