presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сандан санга

Асанкан Жуманалиев
БОЗЧАГЫР
(Башы өткөн санда)
Жанында турган жигиттер түшүнбөсө да Эштек хан түшүнүп жатты жыландын ышкырганын, антташып түбөлүктүү дос болууга тик туруп куйругу менен ышкырганда, аймактагы бардык жыландар чогулду. Келген жыландардын баарысы адамдай болуп кулдук ургандай Шаамур Синхке башын ийип турушту. Аңгыча эң артында Шаа Мар Шаа келди. Баласынын дубасынын жанганын көрүп, акыркы күчүн жыйнагандай мындай деди: "Жашадым кош кылымды бирдей көрүп, ар кылымдар тогошкондо жашарып турдум. Бул сапар карылыгым жетип калды, уулумдун жоголгону курчумду алды. Аалам менен коштошор күнүм жакын, ушул күздө уулум келет го деп жүргөм. Таң калам адамзаттын өкүлүнө. Эки адам окшошпогон бири-бирине. Теңирим ушунчалык жакшы көрүп, балдарым адам болсо деп тилеген. Теңириме таң калам, канчалык күнөө кылса да кечиримдүү болгонуна. Алиги даарчы деле сендей адам, укугу бар сендей өмүр сүрүүгө. Көрбөйсүңбү, кул кылып жыландардын ыйык шаасын, зар жыйнап ойноп күлдү ал адамың. Сен болсо аянбастан зарың чачып, уулумду сатып алдың тиги ач көздөн. Адамзаттын өкүлүсүң го айтчы, эмне берем? Билбей турам, өзүң айт, эмне берсем жактырасың? Бул дүйнөдөн кетериме аз калды, аны деле сезип турасың, коштошом жарык дүйнө. Баары менен, сен ыраазы болосуң эмнеге, эмне берсем? Билип турам, сага кереги жок алтын-зардын, азабын тарткан жоксуң бардын-жоктун. Узун өмүр бер деп теңирден сурасам, ал деле ченемдүү. Эмне алактап жай, берейин бата, болбосун ката. О Теңир! Макулмун сен жараткан, аткарчы тилегимди чын суранам, пейли кең ушул адамга тийгизе көр, пайдасын тукумдун хандын тукумуна керектигин" - деди. Эштек хан алаканы мене жүзүн сыйпады. Хандын нөөкөрлөрү да ханды туурап жүзүн сыйпады. Ошентип, тик туруп Шаа Мар Шаа бата берип тарап кетишти.

*****

Кечинде ишин бүткөндөн кийин эртең жол жүрүүгө дем алып алмакка отоосуна жатты. Көңүлү жайлап калды Шаа Мар Шаадан бата алганына. Нөөкөрлөрү өзү менен өздөрү алек болуп жатышты. Адамдар менен акыркы жолу бир болууну ойлоп Шаамур Синх Эштек хан жаткан жердеги капшытка боюн жазып жатып алды. Аны Эштек байкабады. Чайыр шам отоо ичин күңгүртөтө жарык берүүдө.
Бир кезде сырттан "куу-куулаган" үндөр угулат. Отту тегеректеп бейкапар отурган жигиттерге каракчылар кол салат. Каргылдак, тарсылдактан айлана ызы-чууга толуп чыгат. Аңгыча укмуштай ышкырыктан кулак тунуп, ызылдаган отоо ичинен сыртка угулат, сезгенип каракчылар, аттар кишенеп, бир шумдукту баары сезишет. О адам! Зардын түбү кор экенин, кордугун тартарыңды эч билбедиң! Даарчы Шаамур Синхти алтынга эмес, ажалына сатканын түшүнбөдү. Бул өзү ач көздүктүн кулу болду. Баягы ууру ындыга макул болгон менен көп дүйнө зарды уккандан кийин ындыны өлтүрүүнү ойлогон. Болжогон жерге келгенде каракчынын көп колу ындыны жигиттери менен тыптыйпыл кылган. Даарчыны жок кылган соң, хандын да изсиз тыйпыл кылмак болду. Бейкүнөө жигиттердин канын төктү, а бирок ач көздүгү түпкө жетти. Эшиктин жанында жаткан Шаамур Синх кырсыкты дароо сезип ышкырган, заматта айланага марлар толуп, баягы чоң урууну ээрчиген көптөгөн адамдын бири дагы качып кутула албады. Таң атканда караса бозоргон күзгү талаада өлгөн жандар үймөктөлөт карайып ар-ар жерде. Той түшүп жору кузгун жерге батпай, ал эми сагызгандар шакалактап ары бери учушат.
Таң ата ойгонгон Эштек хан түндөгү ызы-чууну эстей албай. "Отоодо эмнеге жалгыз жатам, эмнеге сырттан үн угулбайт, жигиттер кайда кеткен, эмне унчукпайт? "Обдулуп ордунан туруп сыртка чыкмак болот. Кызык, Шаа Мар Шаа босогодо арчындала жатат, эбак эле өлүп калгандай. Ошондо барып түнкү чуу эсине келди. Анан Эштек Шаа Мар Шаанын денесин этияттап мындай алды да өзү сыртка чыкты. Караса ар-ар жерде додолонгон өлүк, ары жакта онтогон үн чыгат. Жүгүрүп барды, тегерегин курчаган жыландардын ортосунда жети нөөкөрү аман калыптыр. Чала була жарадар болгондой. Нөөкөрлөрүнүн биринин башын жөлөп, Эштек сурай баштады.
- Кандайча болуп кетти? Түндөгү ызы-чууну билбей турам. Силерге кимдер келди, кммдер менен уруштуңар, айтчы? Кыргынды кимдер салды, кайдан келди? Көрүнбөйт го алар, кимдер жеңди? Мен неге сыртка чыкпай ичте калам? Уктап калдымбы же эсим оодубу? - деди. Бирок жооп берүүгө нөөкөрүнүн чамасы жок эле. Эштек нөөкөрүнөн жооп ала албай турган мезгилде алсыраган Шаамур Синх жай гана сойлоп келип бир аз жатты да, жашын төгүп мунайымдуу сүйлөдү:
- Досум айтчы, кечээ эле сен ак дилиңден бизге кызмат өтөдүң эле. Ушинтип жасаган жакшылыгың өзүңө таамай тиерин күттүң беле? Кара ниет бир шүмшүктүн залалынан, карачы, кыргын тапты канча миң жан. Сен мени анча алтынга сатып албай, тиги ач көз даарчыга акыл салбай тартып алсаң да болмок. Бирок пейилиң түз адамсың да ага абийириң барбады. Ал эми уулуна боштондук алып бергендиктен атам өз жанын кыйды. Жолотпой хан отоого бир да жанды, денесиндеги уунун баарысын үйлөп салды. Алсырап уусуз дене, кыйды жанын, сен дагы көтөрө албай уктап калдың. Атамдын жол тосконун уу чачканын билбей калдың. Дагы бир айтарым, зарыңдын кемитпестен бир мыскалын, билемин кайсы жерге катышканын. Катылган кенчти билгендерди бир да кишисин калтырбай уу чачып мар тукуму жок кылышты. Жүргүнүң көргөзөм бекилген алтын зарды, алып кетишке андан көрө алың барбы?
Сүйлөгөндөн чарчаган Шаамур Синх жазган боюн тарталбай күнгө кактанып Эштек хандан жооп күттү.
- Ажырап нөөкөрлөрдөн, аскеримден, жараланган жетөө менен калыптырмын. Бул зарымды ак эмгектин үзүрү аркылуу таптым эле, албаймын "аманат" деп таштап кетем. Башында бир тукумум күн түшсө, ошондо үзүрүн көрөр. Ырас, бул алтын-зарды ак дилимден берген болчумун, учур келсе жарайт чыгар урпагымдын керегине. Ушул жерге, кенчке жолумду жолдой турган тукум келсе, ээ болсун Азис досум, ушул кенчке. Эгер келип калса, байка сагаакта мөөрүн көрүп анан кенчин бергин, "атаңдай ак ниеттүү болгун" дегин. Ким билет жолукпайбыз бул жалганда, Азис дос, кош дешели бул жалганда. Достошкон адам жана мардын шаасы, баарынан кымбат турат достук баасы, достуктун антын бузбай так аткарып. Келатат асыл кенчи Бозчагыр баштаган марлар кайтарып - деп Сээргүл сөзүн аяктап токтотту. Анан ордунан туруп сырттан бир тал зыягүлдү үзүп келип Бозчагырга тиштетти. Ал ошол гүлдү тиштеген бойдон жай гана коңулдаган тешикке сойлоп кирип кетти. Өткөн күнүн эскерип түндүн жарымын өткөрдү. Анан ойлоно калып "эмесе уккула, сөз учугун дагы улайын" - деди.

(Уландысы бар)



(Башы өткөн санда)
Нигилизм -улутсуз адамдардын оорусу
Тилдин маанисин түшүнбөгөнүң, кыргыздын тарыхын билбегениң, "Манасты" окубаганың үчүн "күлбөгөн жериң" менен күлгөндүн ордуна, "күлбөгөн жериң" менен ыйлашың керек эле, Жеңишбек. Эмне үчүн?


"Манас" жөнүндө

Анткени, "Тораны" билбеген еврей кандай еврей эмес болсо, "Манасты" билбеген кыргыз дал ошондой эле кыргыз эмес! "Торада" еврей элинин байыркы тили, келип чыгыш теги, улуттук ишеними тууралуу кабар камтылса, "Манаста" да биздин тилибиздин үлгүсү, түп атабыз жөнүндөгү маалымат, элибиздин басып өткөн жолу, каада-салты, үрп-адаты, ырым-жырымдары жөнүндөгү маалыматтар уюп жатат.
Х Х Х
Эми "Манас" тууралуу учкай иликтеген кепке келсек, кыргыз ары болгондо алты миң, бери болгондо үч миң жылдан берки маалыматтарды поэзия тилинде сактап келди. Анын эң башкысы дал ушул "Манас" эпосу. Бул кыргыз талантынын жана эс-тутумунун улуулугун көрсөткөн факты. Ал тууралуу дүйнөгө айта турган сөз али алдыда.
"Манас" тууралуу бир нерсе айтардан мурун "ал эмне", "аны кимдер айтат", "анда эмне айтылган" деген суроолорго үстүртөн болсо да жооп таап алып, анан айтсаң болмок экен. Мына бул сөз чет өлкөдөн келген, кыргызды мурун көрбөгөн адамдын сөзүндөй: "Ал эми бизди кыргыздарды ким, эмне бириктирет? Манаспы? Антейин десең, ал реалдуу адам эмес, ойдон чыгарылган каарман. Эки миң көтөрө чалганың менен жомок жомок бойдон калат".
Кыргыз биринчи Көкө Теңирге, анан Асман Ата, Жер Энеге, анан ал экөөнүн ортосунан жаралган Манаска түп ата катары сыйынган. Ал "ойдон чыгарылган каарман" эмес, Кыргыз атын алып келаткан эл өзү Манастан жаралган. Манас - Кыргыз элинин түп атасы!
"Кыргыз кудайдын уулу" экени тууралу Энесай чөлкөмүндө жашаган элдердин мифи жана дал ушул "Манас" эпосундагы түп ата жөнүндөгү маалымат биздин тегибиз кайда жатканын көрсөтүп турат. Ал бизди түптүз эле, тарыхка "арий" деген аталыш менен түшкөн байыркы көчмөн араттарга алып барып такайт.
Байыркы тарыхты изилдеген индус окумуштууларынын жазгандары боюнча, дүйнөдө "эки улуу маданият" бар. Ал "арат"("арий") маданияты жана "семит" элдери түзгөн маданият. Ушул эки маданияттын негизинде эки дүйнөлүк идеология түзүлгөн. Ал: "арат идеологиясы" жана "семит идеологиясы" деп аталат. Жер үстүндөгү алгачкы пайда болгон цивилизациялардын тамырында арат маданияты жатат.
Бирок, бүгүн дүйнөнү семит идеологиясы башкарууда. Бул идеология негизинен материалдык башатка таянып, байлык аркылуу дүйнөгө ээлик кылуу максаты менен жашайт. Ошондуктан бул идеология адамды бузат. Бузулбай турган жолду еврейлер өздөрү гана билишет. Ал сыр алардын улуттук дининде катылган. Ал дин жерге "Тора" менен түшүрүлгөн. Ошол үчүн "Тораны" билбеген еврей "еврей" деп эсептелбейт.
Х Х Х
Семит дүйнө таанымы боюнча биринчи адам топурактан жаралган. Арат мифологиясы боюнча, биринчи адам Кудайдын баласы. Ал адамзатты жаратуу үчүн асмандан жерге түшүрүлгөн.
Демек, семиттер топурактан жаралган Адамдын урпактары, араттар "асмандан" түшкөн Адамдын балдары.
Менимче, бул жерде эки башка көз караш менен айтылган бир эле Адам тууралуу сөз жүрүп жатат. Араттар "духту" айтышууда, дух чын эле Асмандан түшкөн. Семиттер денени айтышууда, дене чын эле Жерде жаралган. Кудай семиттерге ой менен байлыкты кесип кылса, араттарга "ыр" менен "жоокердик" касиетти ыйгарган.
Араттар ошол үчүн өздөрү түзгөн коомду "денеге" эмес, б.а. "материалдык" башатка эмес, "духка" негиздеп курушкан. Алар түзгөн мамлекеттердин башында "равин байлар" эмес, акылман баатырлар турган. Араттар "байлыкты колдун кири" дешкен. Ошол үчүн мамлекет ичинде байлар жогортон төмөнгө карай кеткен касталык орундун "бай киши"("вайши") деп аталган үчүнчү катмарынан орун алышкан.
Кудай Жер үстүндө жашап жаткан элдердин ичинен еврей калкын тандап алып, ага "дин таратуу" миссиясын жүктөгөн. Анан өзүнө сыйынып жатканда, аны менен байланышка чыгыш үчүн "иегово" деген ысымды айтыш керек экенин билдирген. Ушул сөз айтылганда, еврейлер менен кудайдын ортосундагы "жол" ачылып, алар бири бири менен байланышка чыгышат. Бул сөз - код. Бул сөз жоголгондо, еврейлер кудай менен болгон байланышын жоготот. Байланыш үзүлгөндөн кийин анан эл катары өздөрү да жашоосунун аягына чыгат. Еврей элинин улуулугу ал өзүнүн кудай менен болгон байланышын жоготпой келатканында.
Кудай араттарды "тандап" алган эмес, ал аны өзүнүн уулу - Манастан тараткан. Биздин эл атасы - Манастын каны боюнча да, энеси - Кыргыз хандын кызы Аруу Күмүштүн каны боюнча да Кудайдын урпагы. Ошондуктан кудай Кыргызга "ыр" менен "жоокерлик" өнөрдү ыроологон. Ага сыйынып жатканда, араттар "теңир" деген сөздү айтыш керек болгон. Ага кошуп түп бабаларыбыз - Угуз хандын, Эр Манастын ысмын кошуп айтышкан.
Эгер еврей коомун равин байлар башкарса, арат коомун акылман баатырлар башкарган. Еврей коомундагы равиндер - "молдолор", арат коомундагы акылмандар - "акындар" болушкан. Ошол үчүн арат коому поэзияны өзгөчө кадырлаган.
Байас Турал
(Уландысы бар)










??.??