presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Чыгыш берметтеринен...

Бактылуу адамдын көйнөгү
Илгери-илгери Ала-Тообузда өтө каардуу бир падыша болгон экен. Анда жөнөкөй адамдар кыялданган байлык да, бийлик да, ден-соолук да, кооз, заңгыраган үй да болгон.

Падыша чүрөктөй сулуу жубайдан, мураскер болчу балдардан, саны көп кызматчылардан да кур эмес эле. Ал эмнени кааласа, анын тилегин ошол замат кол алдындагылар ишке ашырганга аракет кылышчу, бирок мунун баары падышага кубаныч тартуулачу эмес. Ал дайым өзүнүн тагында көңүлү чөгүңкү олтуруп, айланасындагыларга каарын чачып турчу. Падышада баары болсо да, эмнегедир анын ички дүйнөсүндө кандайдыр бир боштук болуп, эч нерседен канааттануу сезимин албачу. Күндөрдүн биринде ойлонуп олтуруп, өзүнүн бактысыз экендигин жүрөгү менен сезип, дарыгерин чакырып, минтип айтат:
- Мен бактылуу болууну каалайм. Сен мени бактылуу кылсаң, алдыңа бир үйүр жылкыны айдатып, артыңа бир төө көтөрө ала турган алтын берем. Эгер менин кааломду аткара албасаң, башыңды алдырам.
Мындайды күтпөгөн дарыгер эмне кыларын билбей, айласы алтыга кетип, алапайын таппай калат:
- Башка бирөөнү бактылуу кылууну эч ким билбейт, анткени бактылуу болуу ар бир адамдын ички дүйнөсүндөгү абалга байланыштуу болот.
Дарыгеринин мындай жообу падышага жакпай калдыбы, айтор, тез эле көзү чанагынан чыгып, жиндеп кетет. Бул менен тамашалашып, өмүрүмдөн айрылбайын деген дарыгер, "эртең мененкиге чейин ойлонуп, илгерки китептерден буга жооп издеп көрөйүн",- деп үйүнө жөнөйт.
Дарыгер текчесиндеги медициналык китептердин баарын барактап чыкканы менен, алардан бакыт тууралуу эч нерсени таппай коет. Башы маң болуп, падышага эмне дээрин билбей олтурганда, бир ой кылт дей түшөт.
- Оо менин падышам! Сиз бактылуу адамды таап, ошонун көйнөгүн кийгенде гана бактылуу боло алат экенсиз- дейт падышанын алдына келген дарыгер.
Ушуну эле күтүп тургансып, падышанын кубанычы коюнуна батпай, мунун жарасы жеңил турбайбы деген ой менен өзүнүн вазирин чакыртат.
- Тезирээк бактылуу адамды тап да, анын көйнөгүн чечип, мага алып кел!- деп ага буюрат.
Вазир көп ойлонбостон, "чү" дегенде эле шаардын эң бай адамына барып, анын көйнөгүн сураса:
- Канча кааласаң ошончо көйнөк ал, бирок мен өзүмдү бактылуу адаммын деп айта албайм- деген жообун узатат.
Вазир шаардын баарын аралап, канча деген адамдарга жолукса да, алардын баары бактысыз болуп чыгат. Тапшырма оңой болбогонуна көзү жеткен вазир падышасына эмне деп жооп берээри тууралуу көпкө ойлонот. Кабагына кар жаап, кайгырып олтурганда жанына бирөө келип:
- Көп тынчсыздана бербе, бир адамды тааныйм, ошол бактылуу болуш керек. Ал дайым күн батып жатканда Ысык-Көлдүн жээгине олтуруп алып комузун ойноп, анын мукамдуу добушунан рахат алат. Кеч кирип баратканда көл жээгине жакындаган вазир комуздун кереметтүү үнүн укканда жан дүйнөсү эргип, өзүн бактылуу адамдардын катарына кошкусу келип кетет.
- Мен өзүмө керектүү адамды эми чындап таптым окшойт- деп сүйүнүп кетет.
- Сен өзүңдү бактылуу деп эсептейсиңби?- деп вазир тиги комузчудан сурайт.
- Албетте, бактылуумун.
- Анда тезинен мага өзүңдүн бир көйнөгүңдү берчи?- деген вазирдин суранычына комузчу тарабынан эч кандай жооп болбойт.
- Эмнеге унчукпай олтурасың, мага бир көйнөгүңдү берчи, падышага алып барып берейин- десе, комузчу көйнөгүнүн жоктугун айтат.
- Эгер көйнөгүң жок болсо, анда өзүңдү кантип бактылуумун деп жатасың?- деп кайра тигиге таң калган суроосун узатат.
- Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Мурда мен абдан бай адамдардын бири элем, менде баары жетиштүү болчу, бирок ал учурда жан - дүйнөм эч убакта тынчтык алчу эмес. Жашоо менин тагдырыма ар кандай соккуларды берүү менен скульптор сыяктуу керексиз бөлүкчөлөрдү кертип алып, башкача жаратып салды.
Ошентип, күндөрдүн биринде бар байлыгымдан жана бактысыздыгымдын баарынан айрылып, өзүмдү эркин жана бактылуу сезип калдым деген акылдуу жообун узаткан экен.




  Сулуунун сымбаты

Ксения дүйнө сулуусу аталды
Үстүбүздөгү жылдын "Дүйнө сулуусу- 2008" деген наамына Орусиянын өкүлү Ксения Сухинова ээ болду.
Ал бул чоң сынакка катышаардан мурда Тюмендин сулууларынын арасында алдыга чыгып, "Мисс Россия - 2007"- наамынын жеңүүчүсү болгонун белгилеп кеткибиз келет.

"Жип" менен "Волга"
Светофорго токтогон "Жип" үлгүсүндөгү машинени катуу келген "Волга" артынан сүзүп алат.
"Джиптен" даңкыйган "амбал" чыгып, бейсболдук таякчасы менен "Волганы" ургулап кирет. Бардык жагын уруп-уруп, айнектерин да талкалап салган соң, ичинде унчукпай олтурган айдоочуга көз чаптырат. Караса эле рулда милициянын генералы олтурат. Генералды көрөрү менен эле тилин жутуп алган "амбал" эмне дээрин билбей:
"Урматтуу генерал! Мен акчаны кимге берээрди билбей эле ар кайсы жерди дүкүлдөтүп жатсам, сиз биякта олтурган турбайсызбы?"- деп өзүнүн таң калуусун билдирген экен.






Бут-бол…
Дүйнөнүн эң мыкты 10 футболчусу

Аз күн мурда дүйнөлүк футбол федерациясы тарабынан быйылкы жылдын эң мыкты 10 футболчусу аныкталды.
Быйылкы жылдын рейтингинин өзгөчөлүгү Орусиянын эки футболчусунун да лидерлердин катарына кириши болду. Эң мыктылардын катарын толуктоодо "Евро-2008дин" жеңүүчүлөрү деп табылган Испаниянын футболчулары алдына ат салдырышкан жок. Мыктыларды аныктоодо алардын чоң мелдештердеги командасынын жеңишине кошкон салымы, киргизген голу жана кызыктуу оюн кургандыгы эске алынган.
Ушуларга ылайык, төмөнкү футболчулар 2008-жылдын жер шаарындагы эң мыктылары деп табылды.

1) Криштиану Роналду.
Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубунун футболисти үчүн быйылкы жыл жемиштүү болду десек аша чапкандык болбос. Анткени, ага француздар өздөрүнүн "Алтын топ" деген престиждүү футболдук премиясын ыйгарышты.
Роналду ойногон клуб быйыл Англиянын чемпионатын жана чемпиондор лигасын утуп алганын баса белгилегибиз келет. Бул оюндарда Криштиану атаандаштарынын дарбазасына 42 гол киргизүүгө үлгүргөн.

2) Лионель Месси.
Өзүнүн кызыктуу оюн куруусу менен Аргентинанын өкүлү, "Барселона" клубунун оюнчусу экинчи орунду ээледи.
3) Фернандо Торрес.
Испаниянын "Ливерпуль" клубунун оюнчусу.

4) Икер Касильяс.
Бул дагы Испаниянын өкүлү, бирок "Реал Мадрид" клубунун намысын талашат.

5) Хави Хернандес.
Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун спортчусу.

6) Андрей Аршавин.
Өткөн жылдагы дүйнө чемпионатында өзүнүн ылдамдыгы, ыкчамдыгы менен футбол күйөрмандарынын көзүнө көрүнүп, жылдызга айланган Орусиянын футболчусу. Учурда "Зенит" клубу үчүн ойноодо.
7) Давид Вилья.
Испаниянын "Валенсия" клубунун оюнчусу.

8) Кака.
Шаңдуу карнавалдардын мекени болгон Бразилиянын өкүлү "Милан" клубунун алмаштыргыс футболчусу.

9) Златан Ибрагимович.
Швециянын "Интер Милан" клубунун көзгө басар оюнчусу.

10) Стивен Джеррард.
"Ливерпуль" клубунун
футболчусу.

Улан Мамбетов,
"Ачык саясат"









??.??