presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ким патриот?

Күн алдында жылуулук үчүн күрөш
Адамзаттын башына эмнелер гана келип кетпейт,турмуштун оош-кыйыш күндөрүндө адамгерчилигин,аброюн сактап калган адам гана элдин сыйына,элдин ишеничине арзып,эл үчүн кызматын кылып жүрөт эмеспи.

Бирок, күнөстүү күндүн жарыгын, жылуулугун талашкан адамдардын ичинен эң күчтүүсү,айлакери,куйтусу гана алдыга озуп чыгаары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Учурдагы УТРКнын ички күрөшүн көрүп, айла жок бир жылмайып аласың. Кечээ эле ынак болуп иштешкен кызматчылар бүгүн эки тарапта бири-бирине каршы күрөш жүргүзүп жатканы таң калаарлык деле көрүнүш эмес, УТРКнын ашканасын билген адам үчүн көнүмүштөй…
Үстүбүздөгү жылдын 31-январынан 13-февралга чейин "М.Эшимканов кетсин! Болбосо, акыйкат чечсин!"-деп Кыргызстандын тарыхы, экологиясы, маданий-мурастары үчүн күйгөн кызматкерлер чыкканда азыркы митингде тургандардын көбүнүн жылдызы жанып турган, алардын ордуна өздөрү минтип чыгып жатканда кандай сезимдер болоорун билгендир…
Кайсы бир чогулуштан кийин маанайы пас чыккан кызматкерлердин көзүнчө "Мелис Асаналиевич, сиз кызматкерлерди кыскартам дебедиңиз беле… сөз бербедиңиз беле"-деп бурчка такаган Ассоль айым көрсөтүүлөрүн эле кыскартканда ушунча күйүп жатканына "айласыз түшүнөсүң".
"Кыргызстандын патриоттору" деген траспоранттарын көрүп, эмне себептен Кыргызстан ХИПКке кирээрде, Үзөнгү-Кууш сатылганда, Каркыра казакка берилгенде патриот болуп, Кыргызстандын келечегине күйүп чыкпай, бир адамды жумуштан кетирээрде патриот боло калгандарына таң каласың… Же патриоттук сезим деген түшүнүк кырдаалдын жагдайына карап өзгөрүлүп туруш керекпи?
Ал эми Мелис Асаналиевичтин "бала кездеги кыялы" УТРКнын төрагасы болуу болсо, азыркы учурда бир колу менен отургучун бек кармап, экинчи колу менен үстөлүн кучактап, "үстү жактын" үрөй учура турган буйругун эле күтүшү зарыл. Ак үйдүн ичин өз каалагандай башаламан кылган Ажо "Мелистин кыялы эле" деп УТРКга канчага чейин кармаарын бир өзү билет. Учурдагы ачарчылык жарыялаган кызматкерлерди кантип жөнгө салаарын билбей башы маң болуп отурган Эшимканов бийликтин чыкыйына тийип турган кези. Элибиздин эсинен кете элек. Кландык бийликке наарзы болгон эл 2006-жылдын ноябрь айында жаңы Конституцияны кабыл алууну талап кылган. Анда "кара жашиктин" ана башчысы УТРКны катуу сындаган. Ал эми азыркы "Кыргызстандын патриоттору" нааразы болгон элди "журт бузарлар" катары даңазалаган эле.Ушул эле көрүнүш 2007-жылдын апрелиндеги пикетке чыккан калкка кандай айыптоолорду койгондугун өз абийиринин алдында моюнга алышаар бекен?..
Элибизде "Келме кезек, терме тезек" деген сөз бар.Кечээ митингге катышкандарды катуу сындаган, бийликтин ырын ырдагандар өздөрү үйрөткөндөй "борборубуздагы элдин тынчын албай" неге "бийлик менен сүйлөшүп" чечип албаганы таң калыштуу болуп отурат.
Учурда оппозицияга эфирден убакыт бербегендиги Акаевдин учурунда "Азаттыкты" аңтара салгандыгы үчүн катуу сынга алган "демократ" Мелис мырза "Азаттыкка" "Би-Би-Сини" кошуп аңтара салып, элибизди калыс маалыматтан ажыратканын эл билип отурбайбы? "Кыргызстандын патриоттору" Каркыраны төрт пансионат менен казактарга карматканда кайыл болуп, "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деп, керек болсо бийликтин күнөөсүн "акылмандыкка" да теңешкен. Алардын ортосундагы азыркы тирешүүлөр жеке кызыкчылыктары менен гана байланыштуу. Дүнүйөң кургур, эми эл тагдыры, жер тагдырынан аларга күнүмдүк мансап, атак-даңк керек экендиги зээниңди кейитет. Түшүнгөн ар бир адам булардын саясий шоу оюндарын колдобойт, эч кимин коргобойт.Бул оюн бийлик бутактарынын өздөрүнө ишеничсиз адамдарын жылуу, майлуу-сүттүү орундарынан ыргытууга шарт түзүп бериши мүмкүн, себеби, президенттин дагы канча тууганы бул орунга кезекке турганы бизге белгисиз да. Саясий ушул шоуну бийлик тымызын уюштурушу мүмкүн.

Кааласа оң кылат, кааласа терс кылат, анткени, Мелис мырзанын бул бийликке келиши кокустуктан эмес, атайын пландалган иш экени белгилүү. Андыктан Мелис Асаналиевич Ак үйдөн келген ар бир буйрукту "кыңк" этпей аткарып, кан досуңду шыба десе шыбап, касыңды макта десе мактап жүрүшү гана калды. "Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт" дегендей, бул капканга кандайча түшкөнү учурунда баарыбызга табышмак болсо, эми сөз төркүнү маалым. Калганын убакыт көргөзөөр…

Жылдызай ИЗРАИЛОВА,
"Ачык саясат"




А.Джекшенкулов не причастен
к нарушению закона
Пресс-служба Генеральной Прокуратуры КР распространила 15 декабря 2008 года сообщение о возбуждении уголовного дела в отношении должностных лиц Министерства иностранных дел республики. "Нарушения законодательства страны были допущены при закупке товаров, услуг и работ без проведения тендеров, при приобретении гостевого дома и проведении ремонта административного здания МИД без сметной документации, расходования средств за счет гранта Правительства Китайской Народной Республики на общую сумму свыше 73 млн. сомов.
Указанные нарушения были выявлены Счетной Палатой и допущены в период работы бывшего министра иностранных дел Аликбека Джекшенкулова".
Пресс-служба Международного Агентства по развитию и политики считает необоснованными намеки в сообщении пресс-службы Генеральной Прокуратуры КР на якобы причастность экс-министра Аликбека Джекшенкулова к нарушению закона. В связи с чем, информирует общественность что:
1. Гостевой дом, упомянутый в сообщении, был приобретен в 2006 году государственным предприятием "Кыргыздипсервис" на собственные средства. Министерством иностранных дел было дано разрешение на проведение тендера и покупку здания под гостевой дом, в соответствии с просьбой предприятия. В соответствии с Уставом, предприятие не бюджетное, а самостоятельная хозрасчетная производственная структура, которая несет полную ответственность за свою финансово-хозяйственную деятельность.
2. Ремонт административного здания МИД производился за счет безвозмездного гранта Правительства КНР в сумме 15 млн. юаней. По условиям Правительства КНР, данный грант был выделен китайской строительной компании из СУАР, выигравшей тендер, который был проведен Министерством коммерции КНР.
Данная компания производила все закупки строительных материалов самостоятельно, причем основные строительные материалы были закуплены в КНР по тендеру и завезены в Кыргызстан. Ремонтные работы здания МИД компания производила собственными специалистами и рабочими. Проектно-сметную документацию на ремонтно-строительные работы были изготовлены китайским проектным институтом. Контроль за ремонтно-строительными работами с китайской стороны осуществляли специалисты Министерства коммерции и проектного института КНР.
Приказом МИД КР было поручено ГП "Кыргыздипсервис" заключить Договор на ведение ремонтно-строительных работ со строительной компанией выигравшей тендер. В соответствии с этим договором, ГП "Кыргыздипсервис" оказывало строительной компании только техническую помощь и содействие в проведении работ, осуществляло контроль за качеством ремонта.
Китайским проектным институтом был представлен ГП "Кыргыздипсервис" в марте 2006 года проект ремонтно-строительных работ, без сметной стоимости. МИД КР в связи с этим в течение 2006 года неоднократно направлял в адрес Министерства коммерции КНР ноты по поводу представления и расходной части проекта, которая необходима для подписания приемно-сдаточного акта.
На момент освобождения Аликбека Джекшенкулова от должности министра в феврале 2007 года, ремонтно-строительные работы не были полностью завершены. Акт приема-передачи ремонтных работ были подписаны в 2008 году уже новым руководством министерства.

Пресс-служба МАРП










??.??