presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Ак жолго" кыш келе элекпи?
Азыркы парламентте отурган "Ак жолчулардын" курамында кимдер гана жок. Кудум эсил кайран СССРдин убагындай, бардык кесиптин ээлери бар. Чабан менен саанчынын жоктугу - Союздун таркап кеткенинин кесепети. Өздөрү төргө өткөргөн өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен болгон жабык эшик артындагы жолугушуудан кийин, "акжолчу" депутат Бейшенбек Абдыразаков ал жолугушуу боюнча "Азаттык" үналгысына берген маегинде, "Жыйында өкмөт кышка даярдык боюнча отчетун берди. Каржылык кризис маселесин да карадык. Ушул эки маселени эле карадык. Премьер-министр бизге отчетун берди. Кыштан кантип чыгабыз, Токтогулда канча суу бар деген сыяктуу. Бирок өкмөттүн ишине баа берген жокпуз"-дептир. Көрдүңүздөрбү? Кыштын биринчи айы жармысынан өтүп калса да, буларың кышкы даярдык жөнүндө сүйлөшүп жатышат. Кыргыздар үчүн кыштын биринчи айы декабрь болуп эсептелерин, "акжолчулар" менен алар шайлаган өкмөт башчысы билбей калганбы?.


Сыдыков менен Сыдыгалиевич эмне деп сырдашты?
Бакиевдин президенттик тактыга жетишине баш-көз болуп, алгач администрация башчысы, кийин мамлекеттик кеңешчиси кызматтарын аркалап, өткөн айда орден менен Акүйдөн чыгарылган Үсөн Сыдыков ошол күнү үйүнө барбаптыр. Сыдыков менен сырдаш болгондордун биринин айтымында Үсөн ака менен Таштемир Сыдыкович таң атканча сүйлөшүп, Бакиевге болгон ич күптүлүктөрүн айтышып, акыры, аны дагы кызматтан кетиребиз дешип антташыптыр. Бакиевдин Сыдыковдон кийинки администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев дагы жөн жатпай, кан кудасы Азимбек Бекназаровго кошулуп, "кетиребиз" дегендерге кеңеш берип жатыптыр. Интригадан алыс, ишинде калыс жүргөн Мыктыбек мырзаны жакындан билгендер көп айтышат, "өтө көрөгөч адам" дешип. Жөнөкөй генералдын жөн жатпагандыгына караганда, Акүйдүн абалы начар окшойт.

Көлдү айланган "Көмүр королу"
"Жоомарт" партиясынын лидери Нурлан Мотуев "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу менен бирдикте Көлдүн күңгөй-тескейин айланып келди. Тоңдун Бөкөнбаевосунда топ адамдар менен болгон жолугушуусун бийлик көз жаздымынан чыгарып койдубу, айтор, Жети-Өгүздөгү жолугушууларына жете барышат. Аким баштаган райондук чиновниктер канчалык тоскоолдук кылбасын, Нурлан менен Турсунбай чогулган эл менен жолугушууларын өткөрүшөт. Андан ары карай Караколду кайкып өтүшүп, Түпкө барышат. Бекназаровдорду жумуртка менен тосуп алган Түптүктөр аларды жакшы кабыл алышканы менен, Түптүн прокурору эскертүү берип, эптеп өздөрүнүн районунан чыгарышат. Балыкчыдагы чоң мечиттеги намазга жыгылышкан Нурлан менен Турсунбай башында даават, аягында саясат айткандан кийин, Балыкчынын прокурору буларга экинчи эскертүүнү карматат. Ошентип, Көлдөгү жолугушууларга көңүлү тойгон Нурлан мырза эки эскертүү алгандан кийин, Нарынга боло турган сапарын аргасыз токтотууга мажбур болду.



Эшимкановдун ордуна Эсеналиев келеби?
Улуттук биринчи каналга барган мурдагы редактор, азыркы "реформатор" Мелис Эшимканов ээрден шыпырылат деген ушактар Акүйдүн жетинчи кабатынан угула баштады. "Кыргыз руху" гезитинин өткөн санында берген макаласына анчалык ишенбедик эле, эми Акүйдөн чыккан ушакты уккандан кийин, аргасыз ишенгибиз келип отурат. Акүйдөгү "атайын кабарчыбыздын" айтканына таянсак, Эшимкановду кызматынан кетирүү, анын ордуна президенттик администрация башчысынын орун басары Эсеналиевди бекитүү жарлыгы жакын арада жалпыга маалымдалганы жатыптыр. Ошондой эле "ээрден шыпырыла турган" Эшимканов "5 каналды" бергиле - деп суранса, Акүйдөгүлөр "Агым" тарапты көргөзүп койгон имиш. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" дегениң ушул экен да.

Бири - терек, бири - тал, татыктуусун тандап ал
Жылдын жылдызы же мыктылардын мыктысы
Ошентип, итке мингизген, тезек тергизген чычкан жылы дагы аяктап баратат. Уйдун жампасына зар кылган узап бараткан ушул жылыбыз кандай жылдардын болгонун улуттук биринчи каналдын "уяттуу" журналисттери канчалык мактабасын, каардуу жылдардын бири болгону кашкайган чындык. Кандай жыл болгон күндө деле, ар бир жылдын мыкты адамдары болот. Учурда өкмөттүк эмес жана өкмөттүк гезиттердин баарысы жылдын мыктыларын аныктоо менен алектенишип жатат. Ачык жазган, акыйкатты казган, алдыңыздарда жаткан "Ачык саясат" гезити дагы төмөндөгү номинациялар боюнча "Мыктылардын мыктысын" сиздер менен бирдикте аныктайт.

1. Жылдын мыкты адамы
2. Жылдын мыкты саясатчысы
3. Жылдын мыкты депутаты
4. Жылдын мыкты министри
5. Жылдын мыкты губернатору
6. Жылдын мыкты Мэри
7. Жылдын мыкты акими
8. Жылдын мыкты ишкери
9. Жылдын мыкты спортсмени
10. Жылдын мыкты ырчысы
11. Жылдын мыкты журналисти
12. Жылдын мыкты гезити
13. Жылдын мыкты фирмасы(ишканасы)
14. Жылдын мыкты партиясы

Өтүп бараткан, өксүк жараткан 2008-жылдагы "мыктылардын мыктысын" тандасаңыз, тайманбай 31 27 70, 31 33 68 телефондоруна чалыңыз.

"Ачык саясат" гезитинин редакциясы




Оппозицияга аңчылык башталды
Кыргыз оппозициясынын биригиши жана алардын акыркы кездеги иш-аракеттери Акүй бийлигин алдастатып койдубу, айтор, аларга болгон аңчылык башталды. Оппозициянын Америкага болгон иш сапарын уюштургандыгы үчүн, ал жакта иштеп жаткан Равшан Жээнбековго экинчи кылмыш иши козголсо, делегациянын курамында жүргөн Аликбек Жекшенкуловго сыртынан сыйыртмак салышып, кылмыш ишин козгошту. Такталбаган маалыматтарга таянсак, жакын арада Темир Сариевге, Алмазбек Атамбаевге, Исмаил Исаковго, Иса Өмүркуловго кылмыш иштери ачылганы жатыптыр. Америкада жүргөн оппозиция лидерлеринин АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, азыркы Улуттук Демократиялык Институтунун(НДИ) башчысы Мадлен Олбрайт менен болгон жолугушуусу Акүйдөгүлөрдүн тынч уйкусун качырды окшойт. Айтор, оппозиция Америкага сапар тартканы Акүйдөгүлөр ары-бери чуркап калышты. Кеме чөгөөрдө келемиштер чурулдап калат эмеспи, ошондой болуп.

Куловго "кулдук" тийди
Мурдагы өкмөт башчыбыз Феликс Кулов 60 жылдык юбилейин "Ала арча" резиденциясында 6-декабрда белгилеген. "Темир" генералдын торколуу тоюна Акүйдүн аттуу-баштууларынын баары жыйылып, аябагандай чардашат. Аягында ажобуз барып, 60 жашка чыккан "тандемдешине" кара түстөгү баасы 80-90 миң долларлык "Джип" автоунаасын мингизет. Курманбектин "кулдугуна" купулу толгон Феликс Шаршенбаевич кубанганынан кучактап өпкүлөп жиберет. Ажобуз автоунааны ак дилинен берген болсо, эмне үчүн кара түстү тандады экен? Өткөндө ажобуз Феликсти Акүйдөн кабыл алганда ушак чыкты эле, "Кулов кайрадан өкмөт башчылыгына келет"-деген. Ким билет, кандай болуп кетээрин? Ажобуз кыйналганда Куловду же Суваналиевди алып келе калчу эле го. Саясат эмей эле, саясатчыларың өздөрү "жыттанат" окшойт.

Казактарга камкордук, кыргыздарга ит кордук
Өкмөт башчыбыз ИгорьЧудинов парламент жыйынында ырчы-депутат Ибрагим Жунусовдун, "Өзүбүздө электр энергиясы жетишпей жатса, 2008-жылдын 11-сентябрына чейин Казакстанга электр энергиясын сатканыбыз кандай?" - деген суроосуна, "Да, к сожалению, мы бедны настолько, что вынуждены продавать электроэнергию",-деп жооп берди. Эмнеге эле электр энергиясы жетишпей жатат десек, көрсө буларың 543 миллион киловатт электр энергиясын Казакстанга быйыл сатып жиберишиптир. Сатыктан түшкөн акча каражатына Бишкек ТЭЦи үчүн көмүр сатылып алыныптыр. Жаңы жылдан кийин дагы 25 миллион долларга электр энергиясын сатуу жөнүндө макулдашып коюшуп, акчасын алдын ала алганга аракет жасап жатышыптыр. Антпесек, азыркы камдаган көмүрүбүз кышка жетпейт экен. Анан дагы отчет беришет, "кышкыга даярбыз" - дешип. Өзбектерге суу сатып, газ алабыз, казактарга электр энергиясын сатып, көмүр алабыз. Алмашканга эмне болбосун? Болмок. Анда коррупция дагы тоңмок. Болгону, бак-таалай алып келген накталай акчалар бирөөлөрдү уктатпай жатса керек да?
"Ачык саясат" пресс









??.??