presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сактанганды кудай сактайт...

Башкы прокурордун орун басары кимге "крышевать" этет?
Өткөн сандарыбыздын биринде "Йоддун жетишпестиги кем акылдык менен зоб оорусуна алып келет" деген материал жарык көргөн. Анда керектөөчүлөрдүн укугун коргогон "Айкын" ассоциациясы өлкөбүздө сатылып жаткан туздардын ар кайсы түрүн лабораторияда иликтеп, анализ жүргүзгөндүгү айтылган. Натыйжада, туздардын 80%га жакынында йоддун жетишпестиги аныкталып, талапка жооп берген эмес. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул туздарды тамак-ашыбызга кошуу - ден-соолукка зыян алып келүү дегенди түшүндүрөт. Ал эми бүгүнкү саныбызда өз алдыбызча журналисттик иликтөө жүргүзүп, андан да коркунучтуу, үрөй учурган фактыларды сиздерге баяндап бермекчибиз.

Кыргызстандын борбор калаасында жана ар кайсы булуң-бурчунда тамак-аш тузу деп сатылып жаткандар андай эмей эле, техникалык туздар экен. Техникалык туздар өндүрүштө, кышкысын жолдогу муздарды эритүүдө жана малга берүүдө ж.б. колдонулат.
Тилекке каршы, калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү аны билбестиктен тамак-аш тузу катары пайдаланууда. Техникалык туздар ден-соолукка канчалык зыянын тийгизерин медиктер менен аны өндүрүп жаткандар эле билбесе, карапайым калктын андан анчалык деле кабары жок.
Журналисттик иликтөөбүз учурунда маалым болгондой, Кыргызстанда сатылып жаткан туздардын басымдуу бөлүгү коңшу Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн контрабандалык жол менен ташылып келинет экен. Контрабандалык деген сөздүн да өзүнүн жөн-жайы бар. Өлкө калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн түштүк эмес, борбор калаабызга жакын түндүк регионун эле мисалга алсак, анда терең ойлонгон адамды оор үшкүрүк басаары турган иш. Себеби, түндүк регионубузга таралган туздардын көбү Казакстандан алынып келинет экен. Жүктүн баары таразасы бар Бишкек-Кордай чегарасындагы бажы постунан эмес, "Манас" аэропорту жактагы Камышановка айылындагы посттон өтөт. Эмнеге дебейсиңерби? Анткени, ал постто машинедеги жүктү текшере турган тараза жок. Бардык маселе көз божомол же жең ичинен сүйлөшүү жолу менен оңой эле чечилип калат.
"Бир айда сырттан Кыргызстандын аймагына канча тонна туз кирет?"- деген сурооңузга жооп алгыңыз келип, бажыканада иштегендерге кайрылсаңыз, алар сизге сылык түрдө гана баш тартып, "отшивать этип" коюшат. Өзүбүздүн ишенимдүү булактарыбыздын маалыматына таянсак, Камышановка постунан эле (башка постторду айтпай жөн коелу) бир айда 500 тоннадан ашык техникалык туз Кыргызстандын аймагына өтүп, тамак-аш тузу катары ар кайсы базарларда, дүкөндөрдө сатылып келет. Беш жүз тонна деген сөзүбүз кургак болбошу үчүн, 3 гана фактыга токтололу. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айын эле алсак, анда жогорудагы посттон 01.10.08де 105 тонна, 09.10.08де 280 тонна, 14.10.08де 160 тонна техникалык туз Кыргызстандын аймагына бир эле адам (экономикалык тилде "поставщик") тарабынан киргизилип жатат.
Киргизилип жаткан туздардын сапаты мамлекеттик стандартка жооп берип, ал элге сатылаарда сөзсүз түрдө санитардык-эпидемиологиялык экспертизадан өтүшү керек эле. Тилекке каршы, жогоруда сөз кылган эки цехтин эле эмес, башка туздар да андайдан өтпөйт. Тамак-аш тармагындагы мындай "бардак" абалга ошол эле бажыканадагылар жана экономикалык иштерди өз колуна алган Финансы полициясы кайдыгер карап, көз жумуп койгондой. Алар тезинен бир чара колдонбосо, бир шумдуктун үстүнөн чыгаарыбыз ажеп эмес.
Ысык-Атадагы "Маванкуй" фирмасы чыгарган "Манас" тузун Новопокровканын дүкөнчүлөрү сыртында тамак-аш тузу деп жазылып турса да, ачык эле малга берилүүчү туз деп сатаарын билдиришкен. Соодагерлердин айтымында, бул туздар таза сууга салынаары менен эле бопбоз болуп булганып кетет. "Ушундан улам нааразычылыктар болбосун деп, малга гана бергенге болот деп түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Себеби, бул туздун башкаларга салыштырмалуу баасы да арзан"- дейт алар. Булар го мейли, түшүндүрөт экен, бирок соодагерлердин баары эле туз керектөөчүлөргө "Манас" тузун малга бергенге гана жарай тургандыгын айтып олтурушпайт да. Деги эле "мындай начар сапаттагы тузга ыйык Манас атабыздын ысымын берүүнүн өзү туурабы?"- деген суроо пайда болот экен. Санэпидэмстанциясынын айрым өкүлдөрүнүн айтымына караганда, алар "Манас" тузунун талапка жооп бербегенинен бир канча ирет ал цехти жаап салышкан. Тилекке каршы, Башкы прокуратурадагы "влиятельный" фигуралардын бири (азырынча атын атабай туралы) кийлигишип, кайра ачтырууга көмөгүн көрсөткөн. Бир сөз менен айтканда, бул цехти ошол "крышевать" этип, канатынын алдында калкалап турат имиш. Мыйзамдуулуктун так аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн адамдын мындай аракетин кандай түшүнсөк болот? Балким, ал жогорудагы туздар элибиздин ден-соолугуна чоң зыянын тийгизип жатканын билбейт чыгаар.
Айтайын дегенибиз, Жогорку Кеңеш 2005-жылдын 25- июлунда кабыл алган "Йод жетишпестигинен чыккан оорулардын алдын алуу боюнча" мыйзамынын 1-беренесинде: "Спектр йододефицитных заболеваний включает нарушения физического и умственного развития, эндемичиский зоб, нарушение репродуктивной функции женщин, повышение смертности детей первого года жизни" деп так жана даана жазылып турат. Ал ортодо аз күн мурда эле ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү күнүгө республика боюнча 18 жаңы төрөлгөн ымыркай өлүп тураарын билдирди. Ушул эле мыйзамдын 3-беренесине көз жүгүртсөк, анда аталган мыйзам Кыргызстан калкынын интеллектуалдык потенциалын сактап, ден-соолугун коргоо максатында өлкө аймагында йод жетишпестигинен чыккан оорулардын алдын алууга жардамын бериши керек деп айтылган. Тилекке каршы, анын иш жүзүнө ашканын көрбөй жатабыз. Жарандарыбыздын ден-соолугуна туздун зыяны тийген учурда аткаруу бийлиги аны өндүргөндөрдөн жана таркаткандардан чыгымдын ордун толтуртуп берүүгө милдеттүү деген жобо бар.
Бактыга жараша, азырынча өкмөтүбүзгө эч ким мындай талап менен кайрыла элек. Ошондуктан, жогорудагы мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөндөй, йоддолгон туздун өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө инвестицияларды тартуу өкмөттүн моюнуна жүктөлгөн. Бирок, өкмөтүбүз туз көйгөйүнө эмес, "элди кыштан кантип чыгарабыз?"- деп башын оорутуп турган кези.

Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"




Кайрыла турчу жерлерге барсак, М.Садыркуловго келип такалды
Кудая тобоо, кечээ эле Эшимканов Ак үйдүн алдында "Бакиев кетсин" - деп бапылдап жатты эле, эми минтип анын кызматкерлери "Эшимканов кетсин" -деп М.Горькийдин эстелигинин жанында турганы эмнени айгинелейт. "Келме кезек, терме тезек" деген сөз бекеринен келип чыкпагандыр.

Деги эле бизде кызматынан алынып калса эле ачкачылык жарыялоо адат болуп калбадыбы. Бирок алардын ичинен чын эле мамлекет үчүн күйгөн, патриот адамдар дагы жок эмес. Мына УТРКнын айрым кызматкерлери акция уюштуруп жатканына жарым айдын жүзү болуп калды. Биз бул жерден Эшимкановду дагы же болбосо ага каршы чыгып жаткан адамдарды дагы каралап, же актап жаткан жерибиз жок. Болгону акцияга чыккан адамдарга бийлик тараптан бирөө-жарым келип ал, абалын сурап жатса билүү максатында мындай ишке мамлекет кызыкдарбы же алар үчүн баары бирби? Кеп ушунда. Мына ушул төмөндөгү адамдардын абалын журналист катары билүү максатында дайыма бирге болуп келебиз.

Шайырбек Абдрахманов:
- Шайырбек байке бул жерде жарым айдан ашык турдуңар. Жылыш, жыйынтык барбы?
- Жок. Бирөө келип акыбалыбызды сурап койгон жок. Башында Т.Акун келип жатты. "Мен тигиге айтам, буга айтам, Акүйгө кирем, көк үйгө кирем" - деп кетти эле, ошол боюнча ал кишиден дагы дайын жок. Мына ошондон бери бизге көңүл бурулбагандыгынан улам, бүгүндөн баштап ачкачылык акциясын баштадык.
- Бүгүн кар жаап баштады. Түндөсү үшүгөндө кетип калбайсыңарбы?
- Жок. Бизде андай коркунуч жок. Биз бул жерге ар жагын, бер жагын ойлонуп, бардыгына даяр болуп туруп чыкканбыз.
- Мындай ачкачылык акциялары далай эле болуп, жыйынтыгы болбой калат эмеспи?
- Бизде үмүт чоң. Бийлик өкүлдөрү, журтчулук бул нерсеге көңүл бурат деп ойлойбуз. Эмне эле булардын чый-пыйы чыгып, ачкачылыкка чыгып жатышат деп элдин ичинде суроо пайда болуп, М.Эшимканов элди ар кандай жол менен алдаса, эл анын ушул кылганына чыдап отура бербей ойгонот деген ойдобуз. М.Эшимкановдой адамдар мамлекеттик бийликке да татыксыз. Кыргызстанда өзүн саясатчымын, белгилүү адаммын деп алып жүрүүгө да татыксыз. Бул адам УТРКга реформа киргизем деп келген. Бирок эч кандай реформанын жыты дагы байкалбайт. 5-каналды карасаңыз каналдын өзүнө ылайык жасалгасы бар. Азыркыга ылайык кыш мезгилинин сүрөтүн чаптап, жасалгалап коюшкан. Ал эми УТРКнын жасалгасын караңыз. М.Эшимкановдун келгенине бир жылдан ашык убакыт болсо дагы, Молдокасымовдун убагында кандай жасалгаланса ошол бойдон турат. Кайдагы куйтулук менен алектенбей, ушул кичинекей нерсени жасап койбогон киши кантип реформа кылам деп жатат, мен түшүнбөйм. Мыкты журналист, гезитчи экенинен эч кимдин шеги жок. Бирок телекөрсөтүүнү, анын "ашканасын" дагы түшүнбөйт. Чоң жамаатты башкаруу деген колунан келбейт экен. Кыргыз теле көрсөтүүсүнүн куту, аурасы жабылып калды. Келгенде айлыктарды жогорулатам деген. Жок. Баягыдай эле. Балким М.Эшимкановдун сүйүктүүлөрү көп айлык алып жатса керек, биздики баягыдай эле.
- Айткылачы, сиздер УТРКнын кызыкчылыгын көздөп, кыргыздын патриотубуз деп, ачкачылык жарыялап жатасыздар. Чын эле патриот болсоңор эмне үчүн Үзөңгү Кууш сатылып жатканда, кечээки Каркыра жайлоосу казактарга ыйлап кеткенде ушундай ачкачылыкка чыккан жоксуңар? Ошондо теледен бурмаланып, туура эмес маалыматтар берилгенде эмнеге чындыгына жеткен жоксуңар?
"Добуш" берүүсүнүн ошондогу атайын даярдалганын көрсөңүздөр болот. Каркыранын башка мамлекетке эмне үчүн өтүп жатканын тартып келип көрсөткөм. Ошол жердеги Сан -Таш айылынын тургундары мурдагы айыл өкмөтү менен кайсыл жерден казактар кирип алганын, чек арабыз кайсыл жерге чейин экенин, илгерки союз учурундагы иштеген адамдар менен сүйлөшүп, картасына чейин көрсөтүп бергем. Аны мен өзүмдүн кызматымды өзүмдүн акыбалыма жараша кылдым деп эсептейм. Ошол "Добуш" программасын көргөн менин көрүүчүлөрүм болсо, алар билишет. Ал көрсөтүүдө бир дагы нерсесин бурмалабай бергем. Ошол жерде Сан-Таш элинде күбө болуп айтып берээр адамдар бар. Эгер алар бул гезитти окуп калышса, ушул бала тартып кеткен деп айтышаар. Башымды көтөрүп туруп айтам. Мен эч кандай бурмалоосу жок көрсөткөм.
- Ачкачылык акциясын уюштургандарды УТРКдан бурмалап беришчү. Силерди эмес мен жалпы УТРКнын кызматкерлери тууралуу айтып жатам. Силердин бүгүнкү күндөгү абалыңарды азыр теледен ачык берип жатабы? Жана ошондой эле сиздер күндүн суугунда өзүңүздөр буга күбө болуп, бурмаланган калп кандай болоорун, ачуу чындык кантип калпка айланып калаарын жон териңер менен сезип жатасыңар да. УТРКнын ошол жүргүзгөн иши үчүн азыр сиздер уялбай элесиздерби?
- Сизди түшүндүм. (Күлүп) Азыр сиз минтип жатасыз да, мына көрдүңөрбү, кандай болот экен деп табалап жатасыз.
- Табалаган жокмун. Чындыктын чыркырап учуп жүргөнүн сезип жатасыздарбы деп жатам?
- Албетте, мен чындыктын чыркырап учуп жүргөнүн жон терим менен сезип жатам. Ансыз да сезчүмүн. "Ачык саясат" гезитинин да өзүнүн чындыгы бар. Ошону менен бирге ар бир адамдын, менин да өзүмдүн чындыгым бар. Мен колумдан келишинче чындыкты айтканга аракет жасайм.

Жайнагүл Максимова:
- Жайнагүл эже сиздер жарым айдан бери өз кызматыңардын кызыкчылыгы үчүн турасыңарбы же чын эле кыргыздын патриоту катары УТРКнын кызыкчылыгын коргоо үчүнбү?
- Ар бир кыргыз атуулу өзүн Кыргызстандын патриотумун деп ойлобосо, анда Кыргызстандын жок болуп кетиши турган иш. Патриот болуу үчүн бизде негизги мыйзам бар. Ал - Конституция. Мына ошол Конституцияда берилген адам укугу президент тарабынан корголот. Ар бир адам эмгек кылууга укуктуу. М.Эшимканов мына ошол эмгек кылуу укугубузду тебелегенден, жеке эле биздин укугубузду эмес, бир жарым миң кишинин укугун тебелегенден ушул маселе келип чыкты. Бул өзүнүн болбогон жараксыз реформаларына таянып алып, азыр УТРКнын сыймыгын түзгөн симфониялык оркестрди, телетеатрды, хорду жок кылды. Ошондой эле азыр үч жүз адамды кыскартуунун алдында турат. УТРКнын мурдагы кызматкерлери жумушсуз калып, Эшимканов бүт өзүнүн адамдарын алып келип, жыйырма, жыйырма беш миңден айлык берип жатыптыр. Калган берки кызматкерлер бир жарым миң айлык менен М.Эшимканов качан кетээр экен дешип, эптеп кыбырап иштеп жатышат.
- Сизге дагы жогорудагыдай эле суроо, чын эле патриот болсоңор эмне үчүн Үзөңгү Кууш , Каркыра жайлоосу тууралуу маселелер теледен бурмаланып, туура эмес маалыматтар берилип жатканда эмне үчүн ачкачылыкка чыккан жоксуңар?
- Мен эч качан бирөөнүн көзүн карап, өзүмдүн жеке позициямды чыгарбай жашырып калган адам эмесмин. УТРКда иштегениме отуз жыл болду. Областтык телекөрсөтүүдө иштеп турганда 1991-жылы жетекчибиздин туура эмес иш кылганынан 270 киши каршы чыгып кызматынан алганбыз. Үзөңгү-Кууш боюнча айтсам мен ал кезде областтык теле көрсөтүүдө иштеп калдым. Буга көп тиешем болбой калды. Мүмкүнчүлүгүм да жок эле. Бирок, мен Үзөңгү-Кууштун кеткенине, аны менен кошо мөңгүлөрдүн кеткенине ичим күйүп эле турат. Эгер керек десе бул маселе менден чечилип кала турган болсо, жанагы Ак үйдөгү азаматтардын баарысы элдин добушун сатып алып кызматка келип, кайра мамлекеттин мүлкүн сатып жаткандарына каршы чыкканга мен азыр деле даярмын. Мындай деп айтканымдын себеби мен башка мамлекетке кетип калуу мүмкүнчүлүгүм деле бар. Бирок мына бул менин чындык чыркырабасын, мени менен жүргөн, чогуу иштеген жамаатым сыйпалап отуруп калбасын, М.Эшимкановго окшогондорго кор болуп калбасын деген атуулдук позициям.

Эркинай Эшенкулова:
- Эже сиздер М.Эшимкановду эле эмес, М.Садыркуловду кошо кетсин дегениңердин себеби эмнеде?
- Себеби, биз көптөгөн массалык маалымат булактарына маек бердик. Бул жерге баардыгы келишет да, биздин оюбузду угуп кетишет. Бирок бир дагы канал бул тууралууу эч нерсе көрсөткөн жок. Бир гана ЭЛТР көрсөттү. "Азаттык", Би-Би-Си деле жабылып калган. Демек биз мына ушуларды көрүп туруп, ойлонуп калдык. Кайрыла турган жерлерге барып кайрылсак, М.Садыркуловко келип такалды. Биз демократиялуу өлкөдө жашаганыбыздан кийин бүт нерсе ачык-айкын болуш керек. Ак үйгө да, М.Садыркуловго да арыз менен кайрылганыбызда эч жооп болбоду, ошондуктан бул кишини кошуп жатабыз.

P.S. Албетте, УТРКнын чындыкты элге жеткирип айтуусу жогорудагы адамдардын колунда эмес деңизчи. Алардын аркасында М.Эшимкановго окшогондор, ал эми М.Эшимкановго окшогондордун аркасында бийлик тураары бештен белгилүү эмеспи. Жарым айдан бери акцияда турган адамдарга эч кандай участкалык милиция келген эмес. Качан гана ачкачылыкты баштаганда ал жерге эки укук коргоо кызматкерлери келип, орой мамиле кылышты. Менин сүрөткө тартып жатканымды көрүп документимди көргөзүүмдү талап кылды эле, мен документимди көрсөтүп, өзүнүн документин сурап, силерди ким жиберди, буга чейин эмнеге көрүнгөн жоксуңар? - деген суроо узатсам тайсалдап, "эч ким" - деп жооп берип кетип калышты. Бул жакта турган адамдар менен М.Эшимканов жетекчи катары жолугуп, өз милдетин аткарып койгонго кудурети жетпей жатканына таң каласың. Ошону менен бирге бул ишке бийликтин түздөн - түз тиешеси бардай. Же болбосо эмгиче бирөөсү келип, бул иш чырга айланып кете элегинде бир жагына чечип берип коюшпайт беле.

Бетти даярдаган
Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"










??.??