presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эл өкүлдөрү эмне жашырышты же энергетиканы эңшерүүнүн ээси ким?
Энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси 2000-жылдарда башталып, "сарай төңкөрүшүнө" чейин электроэнергиянын баасы көтөрүлсө да, андан мамлекетке түшүүчү киреше төмөндөй берген. Албетте, бул опурталдуу экономикалык саботажды бүтүндөй бийлик бутактары эң жакшы билишкен. Эл ишенген "өкүлдөр" да, Өкмөт да, мамлекет башчысы да энергетика тармагын жасалма жол менен банкротко түшүрүп, менчиктештирүүгө мажбур кылмак, андан өз үлүштөрүн бөлүп алмак. Бирок, бийлик алмашып, алар өз максаттарына жетпей калса да, жаңы бийлик деле ошол багытты андан ары улантууга кызыктар болгонун ачыкка чыгарууга туура келип отурат.

"Капка шибегени ката албайсың"-дегендей, чындык да бир күнү чыркырап чыгаары анык экен. Азыркы күндө Жогорку Кеңештин фракцияларынын ортосунда энергетика маселесинде тирешүүлөр күч алган. Биз билген маалыматта КСДП энергетика кризиске байланыштуу кырдаалды иликтөөгө депутаттардын фракцияларынан комиссия түзүү сунушун киргизишкен. ЖКнын негизги тобун түзгөн "Ак жол" партиясынын фракциясы бул сунуштарды четке кагып, күзгү-кышкы мезгилге даярдык боюнча тийиштүү тармактардын отчетун угабыз деп шылтоолошкон. Ошентип, өкмөттүн электроэнергияны өчүрүү токтотулат деген убадасы аткарылган жок. "Мезгил-мезгили" менен өчүрүү "адрестик" өчүрүү менен алмаштырылды. Мамлекет башчысынын "Ак жол" партиясы эл алдында "электроэнергия үзгүлтүксүз берилет"-деген президент К.Бакиевдин убадаларын жалганга чыгарышты.
Ошол эле учурда "Ак Жол" партиясынын фракциясы КРнын премьер-министри И. Чудиновдун эки жолку, бир ирет Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинин министри С.Балкыбековдун маалыматын угуп, анын ишин канааттандырарлык эмес деп табышкандыгын, анын кызматтан бошотулганын, азыр энергетикада түзүлгөн кырдаал ушул фракциянын катуу көзөмөлүндө экендигин билдиришкен. Ошол себептен, "Ак Жол" партиясынын фракциясы бул маселе боюнча "убактылуу комиссия түзүү максатка ылайыксыз"-деп жооп кайтарышкан.
Бул элди алдообу же "акжолчулардын" бири-бирин коргоо амалыбы, акылга салып, ой жүгүртүп көрөлүчү?
Премьер-министр да, экс-министр да "Ак-Жол" партиясынын мүчөлөрү экендигин, булар жооптуу кызматтарга ушул партиянын сунушу менен келгенин элибиз жакшы билет. Ишеничти актабаган экс-министр С.Балкыбековго карата "Ак-Жол" партиясы кандай жылуу орундан, экинчи жылуу орунга эле которулганын чечкиндүү чара көрүү десек болобу?
Таң каларлык дагы бир көрүнүш. "Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө" пермьер-министр И.В.Чудиновдун маалыматы эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына эмес, бир гана "Ак-Жол" партиясынын фракциясынын талдоосунан гана өткөрүлгөн? Мунун артында кандай "иттин өлүгү" катылган болду экен?
"Ак Жол" партиясы энергетикалык кырдаалды көзөмөлгө кандай жол менен алды болду экен? "Дуба менен" Токтогул суу сактагычына нормадан ашык суу агызып келүүдөбү? Же мезгил-мезгили менен өчүрүүдөн лимитке шылтап өчүрүүнү өркүндөтүп, 12-16саат бою электроэнергиянын токтотулганын кырдаалды жөнгө салуу деп эсептейби?
Бул маселелер Жогорку Кеңеште талкууга коюлса, эл алдында "Ак-Жол" партиясынын чыныгы жүзү ачыкка чыкмак. Алар элден энергетика эмнеден эңшерилгенин жашыргысы келген. Тилекке каршы, алар жашырууга аракет кылган айрым маалыматтар кокусунан колубузга тийип отурат. Энергетика тармагы жасалма жол менен кантип чыгашалуу тармакка айланганын ачып көргөзүү үчүн 2005-жылдагы финансылык-экономикалык көрсөткүчтөргө кайрылалы.
Албетте, 2005-жылдын 6-декабрында премьер-министр тарабынан түзүлгөн ведомостволор аралык комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктары аркылуу айрым маалыматтарга талдоо жасамакчыбыз.
Энергетиканы эңшерүүнүн аракеттери
Кыргыз Республикасында айыл чарбасы жана өнөр жай ишканалары дээрлик менчиктештирилип бүткөн. 2000-жылдын башында кирешелүү болгон бир гана энергетикалык тармак калган эле. Бирок, энергетикалык негизги каражаттарды приватташтыруу максатында Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери, Ат-Башы ГЭСи, ГЭСтерди куруу жана материалдык техникалык жабдуу ишканалары, Токтогул каскадынын ГЭСтери (Токтогул, Таш-Көмүр, Күрпү-Сай, Шамалды-Сай ГЭСтери) "Кыргызэнерго" акционердик коомунун базасында түзүлгөн. Бул акционердик коом 2001-жылдын 18-октябрында ОАО ("Электро станция") "ЭС" болуп кайрадан уюштурулган. Мында "ЭС" акционердик коомунун электростанцияларынын кубаттуулугу 3630 мВт түзгөн, анын ичинен 2900 мВт электроэнергиясы ГЭСтен, 750 мВт электроэнергиясы ТЭЦтен иштелип алынары көргөзүлгөн. Ошентип, ОАО "ЭСтин" түзүлүшүнүн түпкү максаты энергетикалык тармакты мамлекеттен бөлүү же приватташтырууга жасалган алгачкы кадам болгон.
Ошого карабастан энергетиканы приватташтырууга каршы буга чейинки Жогорку Кеңеш туруктуу күрөш жүргүзүп келди. Ошого карабастан кирешелүү бул тармакта электро энергияны өндүрүү жана экспорттоо төмөндөө жолуна түшкөн. Тактап айтканда, 2005-жылы 14,7 миллиард кВт-саат-электро энергия иштелип чыккан, 2004-жылга караганда электроэнергияны өндүрүү 258 миллион кВт-саатка төмөндөгөн. Өлкөбүздө арзан электроэнергия максаттуу пайдаланылган жок. Жылуулук энергиясы 2292,4 миң Г-калорияны түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу түрдө 68,25 Г- калория ашыкча иштетилген. Натыйжада, ГЭСтин арзан электроэнергиясы ТЭЦтин 2-2,5 эсе кымбат энергиясы менен алмаштырылып коюлган. Бул ансыз да жакырчылыкта жашап жаткан кыргыз эли үчүн бир кыйла кыйынчылыктарды түзгөн десек жаңылышпайбыз.
Энергетика тармагындагыларга өлкөдө экономикалык саботаж жасаган деп доо койсок да болот. Ошол мезгилде 1 кВт-сааттын пландык тарифи 1 цент болсо, экспорттолгон электроэнергиянын орточо тарифтик баасы 0,76 цент-кВт-саатты түзгөн. Ошол кезде Казакстанда орточо тариф - 12 цент, а керектөөгө сатылуучу баа-2,64 центке бааланган. Бул маалыматтар электроэнергиянын регионалдык рынокто сатылышына иликтөө жүргүзгөн Бүткүл дүйнөлүк банктын отчетунда ачык белгиленген.
Мындай кыянатчылыктан улам Кыргыз Республикасы электроэнергияны экспорттоодон алынуучу 26 миллион доллардын ордуна 19,6 миллион долларга гана ээ болгон. Натыйжада электроэнергияны экспорттоодо жылдык финансылык-экономикалык кылмыш жасагандар мурдагы жана азыркы бийлик тарабынан эч кандай жаза тарткан эмес, тескерисинче, алар бийликтин канатынын алдында коргоого алынып гана тим болбостон, май көл, сүт көл кызматтарды аркалап келет. Аларга азыр эч кимдин алы да жетпейт, анткени алар "Ак Жол" партиясынын сүймөнчүктөрү эмеспи!..
Төлөмү төлөнбөйт, карыздар өнбөйт
Электроэнергия менен керектөөчүлөрдү тейлөө 13,375 миллиард кВт саатты түзгөн. Мунун ичинен керектөөлөргө 10, 799 миллиард кВт саат сарпталган. Бир кВт саат электроэнергияны план боюнча 19,72 тыйынга берүү керек болсо, тейлөөнүн орточо тарифи 19,24 тыйынды түзгөн. Ал эми экспортко 2,577 миллиард кВт саат электроэнергия сатылган, бирок пландагы 43, 64 тыйын кВт сааттын ордуна тейлөөнүн орточо тарифи 31,18 тыйын кВт саатты гана түзгөн. Салыштырып көрөлү, өзүбүздүн кыргыз элине электро энергия 1 тыйынга да арзанга түшкөн жок, ал эми чет элдиктер бир кВт саат электр энергияны 12,46 тыйынга арзанга алып отурат.
"Калптын казаны кайнабайт"-дейт элибиз. Бирок, биздин энергетиканын дөө-шаалары калп айтса деле электроэнергиянын табышмактуу кубаты менен "казаны кайнап да, ашып төгүлө" берет. Ишенбесеңер энергетика боюнча мамлекеттик агентствосунун баланска туура келбеген маалыматына назар буруп көрөлүчү.
Электростанциялар иштеп чыгарган электроэнергия 2004-жылы 14431,7 миллион кВт-сааты түзсө, бөлүштүрүү компаниясы 14448,6 миллион кВт-саатка ээ болот, башкача айтканда 17,1 миллион кВт саат ашык электроэнергия кайдан чыгып отурат? Бул кокустуктан кеткен жаңылыштык болбосун? Жок, бул жаңылыштык эмес. 2005-жылы да электростанция иштеп чыгарган электроэнергия 14163,2 миллион кВт саатты түзсө, бөлүштүрүүчү компанияны 14179,2 миллион кВт-саат электроэнергия менен камсыз кылат. Таң каларлык, өндүрүлгөн электроэнергиядан бөлүштүрүү компаниясына ашыкча бөлүнгөн 16 миллион кВт саат кайрадан балансты түзбөй отурат. Бул ашыкча электроэнергиядан түшкөн каражат кимдин "жамбашын ысытаар" болду экен?
Ички керектөөчүлөрдөн (кыргызстандыктардан) түшкөн киреше жогорудагы тоскоолдуктарга карабастан 2078,2 миллион сомду же 50,7 миллион долларды түзгөн. Электроэнергияны өндүрүүгө план боюнча 2 967, 7 миллион сом сарпталмак, ал эми факт жүзүндө 2474,3 миллион сом жумшалып, 77 миллион сом үнөмдөлгөн. Ошол эле учурда ТЭЦте отундун өндүрүштүк максатта сарптоосунан 54 миллион сом үнөмдөлгөн. Албетте, мындай үнөмдүүлүктө энергетика тармагынын сызга отурушу мүмкүн эмес эле.
Ички рынокко берилген электроэнергияга НДСти кошуп эсептегенде 2484,9 миллион сомдун ордуна, 1620,7 миллион сом гана чогултулган, же керектүү сумманын 65,2 пайызы гана топтолгон. Ошону менен катар 2005-жылы дебитордук жалпы карыз 3399, 3 миллион сомду түзүп, жалпы карыз 881,8 миллион сомго өскөн.
Электр энергиясын экспорттоодо да дебитордук карыздын көбөйүшү көп сырдуу болгондуктан түшүнүү мүмкүн эмес. Электроэнергияны чет өлкөлөргө сатууда далдалчы болгон "Активэнерго" 535,9 миң доллардык, "Ромард продакшн ЛТД" компаниясы-802,6 миң дебитордук карызы бар экендиги аныкталган. Демек, электроэнергияны бөлүштүрүү компаниясы кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн убактылуу түзүлө калган же аты бар, заты жок компанияларды өздөрү түзүп, керектүү суммадагы каражаттарды топтоп алганга чейин пайдаланып, андан кийин "жоюлуп" кетип жатпасын?..
(Уландысы бар)

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"










??.??