presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Менин агам- Ишенбай Кадырбеков
Ал кыргыз саясат айдыңына өлкөнүн эң оор учурунда 1990-жылдарында келип кошулду. Дүйнөлүк саясаттын эки полярдык ажырамынын глобалдык тогошуусунун алдында, социалисттик жана капиталисттик деп биз тааныган коомчулуктун тирешүүсү күч алып, демократиянын тушоосу кесилип жатканда келип кошулду. Көп саясатчыларга салыштырмалуу ал ушул таштак татаал жолдон кыргыздардын жоготуусуз, өнүгүүнүн туура жолун тандоосуна болгон күч -аракетин жумушаган инсандардын бири экендигин эч ким тана албайт. Дал ошол кыйчалыш учурда коом жана мамлекеттүүлүк, анын ички сырткы кыртыштык негизин мыйзамга салууда зор эмгеги сиңген. Арийне буга ар кимдин эле тиши өтө берген эмес (бүгүн деле) түшүнүктөрү дале жок.

Көгүлтүр экрандан так, калыс, жана негиздүү сунуштары менен чыккан кара тору, кашка жигит тез эле көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган. Ал көп жылдары сыртта жүрүп келген, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон, архитектор, менин агам - Ишенбай Кадырбеков эле.
Ал биринчи президент Аскар Акаевдин демократияга карай кадамын чын дили менен колдоп, тынымсыз иденип эмгектенген. Экөөнүн эски катыштык мамилеси да бар эле. Ишенбай политехникалык институтта архитектура факультетинин деканы болуп иштеген учурда, Аскар Акаев кафедранын башчысы эле. Дал ушул Ишенбай ошол учурда кыргыз акча бирдиги, кыргыз алтыны, кыргыз энергетикасы, Жибек Жол темир жолу, бийик тоодо жашаган кыргыздарды камсыздоо ж.б. маселелер боюнча илимий экономикакалык эсеп тактоолорду жазып өкмөткө сунуштаган. Кийин мунун баары аткарылбай, эмгеги таланып, уурдалып талаага кеткенде, курулуш министрлигин өткөрүп баса берген. Депутат болуп өтүп келгенден кийин, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын тобун негиздеп, аны акырына чейин жетектеген. Эч качан ал мен оппозиционермин деп, билегин түрүп, же эл алдына кол жеткис романтикага, ачуу чындыкка жамынып, кызыл тилин кайрап публикага жагынган эмес. Ал тынч маданияттуу, элге залакасыз, мыйзамга негизделген оппозициялык күрөштү туу туткан. Акаевдик бийлик тарабынан ал жана анын жакындары, үй-бүлөсү ар дайым куугунтукталып келгени да чындык.
Бүгүн Кыргызстандын саясат сересинде отургандардын бүт бардыгы, ошол эле К. Бакиев, А.Мадумаров, И.Исаков, Нурбол Дос уулу, И. Болжурова, Ү. Сыдыков, Ф. Кулов ж.б. Жаңы демократиялык Кыргызстан куруу боюнча түшүнүгү жоктор Ишенбайдын казнага эч качан кол салууга барбастыгын, бул анын тарбия табиятына жат көрүнүш экендигин эң сонун билишет. Алар ошондой таза болууну эңсешет. Ишенбайга суктанышат. Бирок эми алар эч качан тазара алышпайт.

Анда эмне себептен түрмөгө отургузулду ?
Улуктардын бир отурушунда, "кийинки президенттикке кимдин дарамети күч"- деген орсок соболго Ишенбай Кадырбековдун ысымынын бир добуштан аталышы ажону жана ажочулардын ортосуна чок салганын, кечээ гана бийликтен четтетилген даражалуу адам айтып отурат. Азыр да кайталап берүүгө даяр. Ишенбай ошол учурда өкмөттүн мүчөсү болгону менен оппозициядагы жолдоштору менен кош айтышып кеткен эмес. Алар И. Кадырбековду түрмөгө отургузсак башкасы чилдей таркап жок болушат деп жоромолдошкон чыгаар.
Аны дароо саясаттан биротоло эле четтетип жок кылууга бүтүндөй мамлекеттик система каршы аттанганы да чындык. Алгач ага ишке ашпас тапшырмалар жүктөлгөн. Үч айда 11 мектеп куруу, соцалдык турак үй куруу ж.б.у. сыяктуу. Андан майнап чыкпаган соң, ага каршы өз шакирттерин, илгери кийин кеги бар жакын алыс тууган-туушкан, дос- тамырларын сүрө тукурушуп, массалык маалымат каражаттарынын ала-буласын калтырбай күнү-түнү жамандап түрмөгө камап, кыйнашты. Анын мага "Саясатка жуурулушкан өмүр-өлүм менен эле аяктабайт"-дегени түркүн ойго салат. Бийлик акыркы эки айда аны мыйзамсыз камап отурат. Алар коомуңду, мыйзамыңды уруп да ойногонубуз жок дегени факт.

Ишекеме ким күйдү?
Тээ 90-95-кыйын кезеңде 45 жаштан пенсияга чыгып, ошол акча менен чиедей балдарын эрезеге жеткирген эне эстеп күйгөндүр, ак эмгегин алалбай кыйналып жүрүп энчисин жетишкен айылдык мугалим эже-агайлар эстеп күйгөндүр , ал жазган мыйзамдардын илеби тийген кара таман эл күйгөндүр.
Анын жанында оппозициядабыз деп, Акаевге айбат көрсөткөндөр кайда?
Алар бүгүн чечкиндүү кадамга баруудан айбыгып турушкан чыгаар? Бирок эч качан "саясий туткун Ишенбай Кадырбеков түрмөдөн бошотулсун"-деген саясий ураандын алдында биригишпейт. Оппозиция деген бууданга Ишенбайдын келип алкынтышын эч кимиси каалабай турган чак. Өзү билбейт, билгенге бербеген адаттагы кыргыздын кызгаанчактыгы, көр тириликтин чеңгээлинен чыкпаган көрөалбастык белем.
Алардын максаты кокус жаза тайып эл толкуп кетсе, көрүнүктүү дөбөчө жерде болууну эңсегендер. Же жакын жерде мантуу бышурчу ашкана издегендер. Арийне, оппозициянын лидери болууга акыл ой, мол тажрыйба, айбаттуу арыстан жүрөк, ашкере канык билим, мээ чөйчөктө жараткандын энчилеген данеги жана да бешенеге жазылган шарттуу тагдыр чиймеси болушу абзел окшобойбу.

Ортомчулар ойдон чыгарабы?
Агамдын алыш-бериш, карым- катышы деле бийлик чөйрөсүндөгү, эл оозуна алынып калган, айта келишсе аттай болбосо да тайча салмактуу адамдар эле. Ишенбай алгач камалганда, кийин түрмөгө отургузганда, бара-бара сурактын журүшүндө ар кандай ортомчулар пайда болушуп, үй-бүлөнүн талаптарын жана шарты канча акча тураарын сеймерелеп келип турушканы чын. Башында аттуу-баштуу ошол чөйрөнүн адамы "Президент И. Кадырбеков казнадан мектептер боюнча жеген 18 млн сомду кайтарса дароо бошотулат"- деп айтып келди. Ишенбай: "мектептен 18 млн. эмес, 18 тыйын алган эмесмин"- дегенине эч ким кулак салган жок. Кийинчерээк "үй бүлө мүчөлөрүнүн бирине 500 000 доллар берсеңер түрмөдөн бошотулат"- деген ортомчу сөрөйгө. Андай суммадагы акча жок. Ишенбайды эми бышырып жегиле! Бирок агамды качан да болбосун, сурап, издеп алчу инилери бар экендигин айта баргыла! - деп баса бердим. Ортомчулар ойдон чыгарышкан жок. Шамал болбосо, теректер шуудурабайт.

Сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн?
Ар бир соттук процессте Ишенбайга таңууланган жасалма кылмыш иштер далилденбей, таш-талканы чыгып, мамлекеттик айыптоочулардын айласы кетип турган чак. Далилденбейт дагы. Бирок бийлик кара бетине алып, ачылган абийирин жабуу максатында баарына кайыл болушу мумкүн. Азыр бийликке акыйкаттыкты айтуу өзүнө-өзү өкүм чыгарууга тете. Ишенбай тууралуу бир чындыкты айталбай, өмүр бою өкүттө калчу каарман -СОТ. Ал бүгүн Понтий Пилат сыяктуу "мен үчүн бийликке кызмат кылгандан ашкан сыймык жок! "- деп ойлошу мүмкүн. Абийир менен бийликтин күрөшү. Түпкүлүгү ылайым мен ойлогондой болбосо экен. Тараза ташы бийлик тарапка оосо, анын таза абийири менен тынч жашап өтөөрүнө шегим бар. Улуу Рим империясы кылым карытып бүгүн да жашап келет. А К.Бакиев бийлиги дагы канчага турат?
Агамдын телегейи тегиз, сүттөй ак деп айтуудан алысмын. Ал кандай гана кызматта иштебесин, казнадан өзү дагы, өзгөнү да жедирген жок! Өңгөлөрдөй сөз эмизип, убадага уулантпай, болот же болбойт деп так кесе, бетке айткан чорт эркектик мүнөзү бар. Өз киндигин өзү кесип, ары татаал, ары кооз турмушун өзүнүн ак эмгеги, асыл ою менен чапкан. Акылкөй болуп жашаганы менен кыргыздын канына сиңип калган кошоматчылыкты, жагынуучулукту, жасакерленгендикти, пара берип, пара алганды өздөштүргөн болсо эчакта эле эркиндикте жүрмөк .
Ооба, менин агам Ишенбай Кадырбеков. Мен аны менен сыймыктанамын! Ал Кыргыз мамлекетин Азиядагы айбаттуу мамлекеттердин катарына кирүүсүнө кан жаны менен ишенген. Ага баруучу жолдун күнгөй-тескейин толук изилдеп, бул иллюзия эмес, раелдуу чындык экендигин элине айтып, жоон топ саясатчыларды ынандырып келген. Анын тар жол тайгак кечүүдө өз элине айтчу нускалуу кеби, айтчу амалы, жазчу эмгеги, чапчу жолу бар инсан экендигин эч ким тана албайт.
Агамдын замандаштары, калайык калк, агамдын саясаттагы үзөңгүлөштөрү ал тууралуу чындыкты эртең эмес, бүгүн айтып даңкташсын. Көз ирмем өтсө эртең калп, же кошоматчылыктай ыксыз көрүнүш.
Кечээ тоо арасында жарык дүйнөгө келген ымыркайдын ысымын Ишенбай деп азан чакырып ыроолоп, сүйүнчү айттырып отурушу жакшы жөрөлгө байке!

Шамил Дүйшөнбү









??.??