Тактынын тагдырына күйүнгөн…

Чыгашадан - кирешеге жол барбы?
Бийлик - кумар сыяктуу, башкарууда көп жүргөн адам бийликтин ырахатын эңсеп, өзүнө чектөө кое албай калат. Ошол себептен, чыгыш элинде эл башкаруучуларга көптөгөн акыл-насаат сөздөр арналган кол жазмалардын топтомун тартуу кылышкан. Башкаруучу окуп чыгып, баалуулуктарына жараша сый көрсөткөн. "Вазир жакшы хан жакшы", "Бектер кетет, бел калат", "Ханды кудай ураарда, калкы менен кас болот" деген сөздөрдүн маанисин туура түшүнүшкөн.

Азыркы күндө чыгыш берметтериндеги айтылган акыл-насааттар тескери бурмаланып, бийликтин түркөй өкүмү сүрүп жатат. Эл менен бийликтин ортосунда тирешүү гана эмес, тебишүү да пайда болгонун ким танат? Акаевдин бийлиги "ичи жок, сырты бар семичке" болсо, азыркы бийликти семичкеге да салыштыра албайсың. Күндөн-күнгө чирип отуруп, таарындысы да түгөнүп бара жатат. Акылдуу адамдын бир өзгөчөлүгү-бирөөнүн жаңылыштыгынан үйрөнөт деп коюшат эмеспи, Акаевдин бийлиги кандайча кулаганын өз көзү менен көргөн Бакиевдин саясатына таң бересиң. Ошол эле ичип-жеген "чоң курсактар" айланасында жүрөт, "чепкенинин өңүрүн көтөрүшүп"…
Эл үчүн кызмат кылгысы келсе тажрыйбалуу адам "хамелеон жегичтерди" жанына жолотпос эле, ашыкча чыгашалуу кызматтарды көбөйткөндүн ордуна кирешелүү булактарды өстүрмөк. Кечээ эле Эл аралык экинчи илимий-практикалык форумунда "областтарга, райондорго штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн, бирок кыскартуу жөнүндө эмес" деген сөзүнө "райондордо дагы бир ичкичтердин, жегичтердин базасы ачылат турбайбы" деп кейигендер көп. Алардын айлык акысы, минген машинеси, анын майы, турак-жайы, тамак-ашы сыяктуу толгон-токой чыгымын Бакиев өз чөнтөгүнөн төлөмөк беле, кайра эле шору каткан момун элдин эсебинен кетет да.
Быйылкы кризистердин жыйындысына дагы көп тизме кирээрин эстеген сайын итатайың тутулат. Качан элдин кубанычтан маңдайы жарылат, кайгы-кападан арылып, бийлик менен элдин ортосунда ата-баладай мамиле болот? Президентти ушул кырдаалдан кантип чыгуу көйгөйү тынчсыздандырабы? Же "бийлеп,манты жеп", карапайым элге "тезек тергизип", каалагандай штат киргизип эле жүрө береби?
Өнүккөн мамлекеттерде байлардын 97 пайызын бизнесмендер, окумуштуулар, ойлоп табуучулар түзсө, КМШ өлкөлөрү боюнча байлардын 97пайызын бийликтегилер түзөт экен. Ал эми Кыргызстанда байлардын канча пайызы бийликте экенин элестетип көрүңүз. Демек, трайбализм, коррупция жагынан өтө өнүккөн мамлекетке киргенибизге сүйүнүшүбүз керекпи? "Карга карганын көзүн чукубайт" дешип, "май кармаган бармагын жалап" жүргөндөр үйүр карышкырдай чоң үй-бүлө экенин ким танат?
СССРдин доорундагы колхоздор, совхоздор жоюлуп, жайытта кылкылдаган малдар, шаарлардагы күпүлдөп иштеп жаткан өнөр жайлардын уругу үзүлгөн. Область, райондор ошол учурдун талабына жооп берчү. Азыркы күндө ашык баш мамлекеттик кызматтар көп. Эң эле жөнөкөй мисал, сот иштериби же башка ишпи айыл Өкмөтү районго, район областка, област республикага жөнөтөт. Ал эми министрликтен бөлүнгөн акча тескерисинче, областка, анан районго, андан кийин айыл Өкмөткө жетет. Карапайым элдин убактысын, жол киресин, моралдык чыгымын эч ким эсепке албайт. Тескерисинче, министрликтен жөнөтүлгөн акча ар кандай жолдор менен ар бир түшкөн жерге аздан калып отуруп, кичине бөлүгү гана болжолдонгон ишке жеткирилет. Демек, мындагы ашыкча чыгымдуу аппараттарды жоюу маселеси келип чыгат. Аткарыла турган ишти ушунча татаалдантпай, жөнөкөй системага өтсөк, калкка кылган зор иш болоор эле.
Губернатор- бул бийликтеги бийликсиз адам. Ага кайрылсаң да, кайрылбасаң да маселе чечилбейт. Премьер - министрден баштап, айыл өкмөт башчысына чейин президент бекитсе, губернатор өзүнөн даражасы кичи кызматкерлерди күнөөсү далилденген күндө да жумуштан ала алабы? Мына бийликтин кубаты! Советтик доордо алгач Ош областы гана бар эле. Айыл чарбасынаа карап Нарын, Талас, Ысык-Көл областтары уюшулган. Ал эми Чүй областындагы райондор түз эле республикага баш ийген райондор болгон. Ошол себептен, Чүй өрөөнү ийгиликтүү өнүккөн да. Кайран гана СССРдин иш алпаруучулук жөндөмү, шаарга статус берилгенге чейин территориясын тактап, инфракструктурасын көтөрүп, шаарга тиешелүү көрүнүшүн даярдаган. Азыр тескерисинче, биринчи шаар деген статус берип, ага бөлүнгөн каражатты тез-тез алмашып турган мэрлер, шаардык администрация кызматкерлери жеп, узак жылдар бою шаардын жалпы абалын оңдой албай келишет. Ошол себептен, шаарларды,областтарды кыскартып, жоюп, республикага баш ийген райондорго өтсөк, ортодогу областтык,шаардык кызматчыларга, алардын "тууган-туушкандарына", жашоосуна бөлүнгөн каражаттар райондорго жеткирилип, элдин жашоо деңгээлин аз да болсо жакшыртмак элек.
Ошол форумда "бир кыйла иштер аткарылды"деп көкүрөгүн койгулап, "Мамлекеттик кызмат" жөнүндөгү жаңы Мыйзамдын долбоору парламенттин кароосуна жиберилерин айтты. Ансыз деле ажодон келген ишти "ак десе ак кылып, көк десе көк кылып" чечкен "Ак жолчулар" кандай чечип берээри "аян түштөй" белгилүү. Баарыбызга маалым болгондой, Коомдук палатаны ачып жиберип, өзүнө жагымдуу ыңгай түзүп жатат. Мамлекеттик кызматчылардын саны көбөйгөн сайын тактысынын тагдыры оңго чечилээрин күтүп, тынчы кетип турган чакта "ден-соолугун сактаса экен" деп тилеп отурабыз. Болбосо, кыргыз медицинасы "бөйрөктүн каерде жайгашканын билбейт" эмеспи, элдин эсебинен немис дарыгерине көрүнгөнү кетсе, "тезек түгөнсө эмнени терели деп сураар кишибиз жок кыйын күнгө тушугабызбы" - деп корккондор көп. Президентибиз акылман эмеспи, ден-соолугун каранып жүрөөр…




  Кадрларга аяр мамиле керек

Мээнеттин акыбети кайтат
Алар үчүн эч кандай жасалмалуулуктун кереги жок. Бардык нерсени чын дили менен кабыл алып, башкалардын да чын жүрөктөн мамиле кылуусун талап кылышат. Өздөрүнүн жөнөкөйлүгү менен шаарыбызга эмгегин сиңирип, кызмат кылып жаткан Бишкек троллейбус башкармалыгынын жумушчулары келип кетүүбүздү суранышты.

Алардын аурасынын тазалыгы, жандуу иш-аракеттери, адилеттик издеген жалындуу сөздөрү кайдыгер калтырбады. Жыйырмадай жумушчу өз ойлорун айтуу үчүн чогулуп, кезектешип сөз сүйлөштү. Мурунку башкарма жөнүндө армандары "аттын башындай" экен.
Жумушчулардын айтуусунда, Уметов Марат Каратаевич башкармалыкка дайындалганда мурунку башкарманы кеңешчи устат кылып дайындап беришкен экен. Бирок, эки айда ал менен бир мамилеге келе албай пенсияга чыгарып, жумуштан бошоткон. Көрсө, резервде 6 млн сом болуптур.Жарым жылдык мөөнөттө резервдеги акча гана эмес, мамлекетке карыз боло баштаган.Өзү III топтогу майып, ишке келгенден кийин да оор операциялар жасалган. Мындай шартта II топтогу майыптыкты албаганына таңданышат. Жумушчу ордуна келгенде кеңсесинен эч кайда чыкпай "отуруп эле башкарат экен", себеби, улам үстүнкү кабатка көтөрүлүп, кайра түшүү кыйынчылыкка турат эмеспи. Планировкада ар дайым кыйкырат, баш көтөрүп сүйлөгөндөрүнө "кетсеңер кете бергиле" деп тоңдук кылат экен. Ошол себептен, мыкты деген он эки адис кетип калышыптыр. Так эмес маалымат боюнча үч үй салды, жада калса бригададагы балдарды бир нече жолу үйүнө жардамга алып барган. Жумушчулар тролейбус паркын "баары бир кыйрайт" деп иш алып барууга ниет койбогондорун, Марат Каратаевич зарыл тетиктерди узак убакыт күттүрүп, кээде алып бербей койгон учурларын да эстешти.
Ушул паркта 38 жыл иштеген кесипчилер кошуунунун башчысы Лаврюк Александр Владимирович: " Ушул жумушту сүйгөндөр, күйгөндөр жана парктын келечегине кол шилтей албагандар гана калдык эле, жаңы башкарма келгенден бери мыкты адистер кайра келе баштады. Мында иштегендердин көбүнүн 20жылдан 44жылга чейинки эмгек стажы бар. Азыркы башкарма үч айдын ичинде мамлекетке 18 млн карызын төлөдү, биздин айлыктарды көтөрүп, өз убагында берип, жумушубузду көзөмөлдөп турат. Мындайда иштегиң эле келет да" - деди сүйүнүп.
- Азыркы жетекчилердин мурдагы жетекчилерден айырымасы асман менен жердей. Иштегиң келет. Жумуш бир калыпка түшүп калды. Бирок, мурдагы жетекчи Марат Каратаевич сотко "мени жумуштан туура эмес алышты" - деп кайрылыптыр. Жакындан бери жумушка чалып, "мен жакында өз ордума барам" деп жатат. Айрымдарыбызга "эмне мага каршы кол топтоп жатасыңар, мен силер менен териштирем" - деп коркутат.Биз анын келишин каалабайбыз - дешти жалпы - бизге жаш, күч-кубаттуу, ишти алып бара алган, биз менен тил табыша алган жетекчи керек. Башкарма Геннадий Алексеевич Милицкий, башкы инженер Айдаров Каныбек Шаршенбекович өз ишин билген адамдар. Булардын бизден кетпешине аракет кылабыз. Биз мэрге 400 адамдын колу коюлган кат жөнөттүк. Жакында жыйынтыгын угабыз".
Дүйнөгө таанымал психолог Дейл Корнегиден аябай бай, бир нече ири ишканалары бар бизнесмен акыл сурап, канча жылдан бери тынымсыз иштеп, жумушчулардын айлыгын өз убагында берсе да иши бир калыпта турганын, өсүү болбой жатканын айтат. Белгилүү психолог "сизге бир гана нерсе жетишпейт, ал - жөнөкөй, чын ыкластан чыккан жылмаюу" - дептир. Ишкер кийинки күнү эле бардык жумушчулар менен жылмайып учурашып, көп жылдан бери аялы ооруган кызматчысына "Жубайыңыз жакшы болуп калдыбы? Жардам керек болсо кайрылыңыз", катчысына "Сиз бүгүн жакшына болуп калыпсыз" - деп көңүлүн жылытаар сөз айтып, кеңсесине кирип, бүгүнкү күндүн айрымасын эң биринчи өзүнөн сезет. Анткени, көңүлү куунак жүргөнүн байкайт. Ал эми кызматчылары ал күнү жетекчисинин көңүл буруусуна жетине албай, жанданып иштешет. Жарым жылдан кийин ишкер Дейл Корнегиге ыраазычылыгын билдирип, болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкенин айткан экен. Жетекчи жумушчулардын иштөө орундарына барып, иши кандай жүрүп жатканын, кандай жардам керектигин сурап турса кимдин иштегиси келбесин?
Андан соң башкы инженер Каныбек Шаршенбековичке кирдим. Өзүмдү тааныштыра электе телефону чырылдап калды. "Ооба… саат экилерде… куттуктап койсок… премия берели…" деп трубканы койду. "Демек иш жүрүп жаткан экен" дедим ичимен. Гезиттен келгенимди билгенден кийин, "балдар шашып кетишиптир, азырынча белгисиз, сот процесси аяктай элек" - деп билдирди.
Ар дайым карапайым калк менен чын дилден иштешсе, өзүнө керектүү жетекчини өздөрү эле кетпешине кам көрүп коет. "Крышам баланча, түкүнчө" - дебей, элге жакын, жугумдуу болсо ээ, бардык кызматчылар… беш манжа тең эмес да. Андан көрө ошол жетекчилердин байлык менен бийликтин кулу болуп кетпешин жана эл сүйгөн жетекчилер көбөйө беришин тилейли.

Жылдызай Израилова
"Ачык саясат"