Акаев менен Бакиев, КЭК менен БЭК
Бийликке шах, оппозицияга шанс берилген ушул жыл узап баратат. Бийлик актанбасын, оппозиция какшанбасын, караңгыда калтырган жылыбыздын кандай жылдардан болгонуна карапайым калкым өзү күбө болот. Жарыктын маал-маал менен өчүрүлүшүн, азык-түлүккө болгон баанын маал-маалы менен көтөрүлүшүн жакшы жылдарга теңеген адамдын ден-соолугу жакшы эмес болсо керек.

Бийлик башындагылар үчүн бардак жылдардан болгону менен, алардын оппоненттери үчүн ардак жылдардан болду. Бир жылда эки курултай өткөрүү менен чектелген оппозиция бийликтин солкулдаганын сездиби, айтор, алеки заматта биригип кетти. "Бул оппозициянын ынтымагы жок", "буларың эч убакта бириге албайт"-деп бура сүйлөгөндөр булдуруктап калды. Өздөрүн саясат таануучубуз деген сөрөйлөрдөн бир гана Зайнидин Курманов калса керек. "Бишкек пресс клуб" агенттигине берген маегинде, "Диалог между властью и ее оппонентами был бы возможен, если бы оппозиция представляла собой организованную силу. Когда же в ее стане нет ни единого лидера, ни общих идей, договариваться с ней чрезвычайно сложно, и, может быть, даже не нужно"- дептир. Атаңгөрү, саясатчы болбосоң коё кал! Оппозиция бир идеянын алдында биригип жатканын жамбашы чоң Зайнидин мырза гана билбесе, тезек терген Тезекбай деле билип калган. Эмнегедир акыркы күндөрү биздин кээ бир кесиптештер оппозиция тууралуу суроо менен кайрылышса эле, ушул Зайнидин Курманов менен Бегалы Наргозуевге барып такалышат. Булардан башка "акжолдун" акылдуу баштары жокбу? Же буларың бир нерсени айта алышсачы? Бириккен Элдик кыймылдын түзүлүшү тууралуу "акжолчу" айым Динара Молдошева мындай деген пикирин билдириптир. "Учурда оппозициянын ана башында өз кызмат орундарынан айрылышкан ушул эле бийликтеги мурунку аткаминерлер жүрөт. Аларга кызмат сунуштаса, жарымы кайра бийликке тартылат"- дейт депутат айым. БЭКтин арасында "Ак жол" шайлаган Исмаил Исаковдон башка эч ким жок. Аны дагы министрликке "Ак жол" эмес, ажобуз өзү сунуштаган. "Ак жол" болгону кол көтөрүп берген. Акылдуусунган айымыбыз абайлап сүйлөсө болмок. Акүй кимге кандай кызмат сунуш кылаарын "акжолчулардан" сурабасын, бир жылдан бери көрүп эле келе жатпайбызбы? Ошондуктан азыркы парламентти "добуш берүүчү машина" кыязында тергеп жатышпайбы? БЭКтин курамына кирген саясатчылардын жармысын өздөрүндөй ойлошсо керек?
Мындан туптуура төрт жыл мурун ушундай окуялар кайталанган. Ал кездеги оппозициялык кыймылдардын баарысы Кыргызстан Элдик Кыймылынын(КЭК) алдына биригип, аз убактын ичинде Акаевди айдап салышкан. Мисир Ашыркулов жетектеген "Атуулдук кошуун", Феликс Кулов жетектеген "Кыргызстан Элдик Конгресси", Роза Отунбаева жетектеген "Ата журт" жана курамына бир нече партия менен кыймылдар кирген Кыргызстан Элдик Кыймылы биригип кеткени "акжолчулардын" эсинен чыкса да, Акүйдө отурушкан Акаевчилердин эсинен чыкпаса керек. Ошондо да, Осмонакун баштаган ойт берме саясатчы сөөрөйлөр оттоп чыгышпады беле, "булардын колунан эч нерсе келбейт" кыязында. Этеги эмне болду? Мурунку КЭК менен азыркы БЭКтин айырмасы барбы? Аздыр-көптүр бар экен. Анткени, азыркы БЭКтин ичинде Курманбек Бакиев менен Турсунбек Акун жок экен. Калган КЭКчилер катарда турушат. Ал эми азыркы Бакиевдин командасы менен мурунку Акаевдин командасынын айырмасы барбы? Бар экен. Анткени, азыркылардын арасында Акаев менен Жанузаков жок экен. Көрдүңүздөрбү? Айырма деле жок. КЭКтин курамында жүрүшкөн Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Роза Отунбаева, Бектур Асанов, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Анвар Артыков, Топчубек Тургуналиев ж.б.у.с. азыркы БЭКтин курамында жүрүшөт. Ошол кезде буларга бут тосушкан Акаевдин командасындагы Муратбек Суталинов, Арстанбек Ногоев, Нариман Түлеев, Турсун Турдумамбетов, Алексей Ширшов, Сапарбек Балкыбеков, Ильяс Давыдов, Элмурза Сатыбалдиев, Камчыбек Ташиев, Болот Ногойбаев, Чолпон Баекова, Жаңыл Алиева ж.б.у.с. баарысы азыркы Бакиевдин командасына кирип алышкан. Ошол эле Акаевдин саясаты уланып жаткандан кийин, ошол эле күрөш уланып жатат десек болчудай. Азыркы парламенттеги "акжолчулардын" көпчүлүгү ошол кездеги "алгачылар" болгонун кимден жашырабыз? Андыктан, азыркы БЭК мурунку КЭКтин иниси же эгизи дей берсек болот. Төрт жыл мурун КЭКти төрөгөн энекебиз, эми БЭКти төрөп берди. Андан кийинки "революция" деген баласын төрөттөн өлтүрүп алды эле, эми азыркы алты айлык боюндагысын, аман-эсен төрөп алса экен.

Рыскелди МОМБЕКОВ
"Ачык саясат"




 "Кош,Ала-Тоо, уулуң кетти майданга" дебейличи…

Айланайын, жигитибизге тийбең!
"Замир Турдукеев жакында эле Жети-Өгүз районунун акимдигинен алынды, ага кадимки Президент кол коюп таштады, анткени ал акимчиликтин имаратын оңдотом деп пара алыптыр" деп теледен айтылганда аны билгендер ок жегендей болдук. Мага ок таамай тийди. Өлбөдүм, кудай-таала айтыптыр го, баарың эле тырайып өлүп калбай, бириң айтып өл деп. Айтайын…

Замир Турдукеев акимдикке жанакы Бакиевдин революциясынан кийин келген. Мурун райкеңештин төрагасы болуп иштечү. Мен билгенден жакшы иштечү, эл жакшы көрчү эле. Анан аким болгондон кийин эли ого бетер жакшы көрдү. Эл кыдыргандан билем да. "Урматтуу жолдоштор, баланча жамааттын атынан айтып коюуга улуксаат этиңиздер, жолдош жолдоштор" десем мага туптуура жарашат.
Ошентип, З.Турдукеев президентинин жарлыгы менен кызматтан алынды. Президенттине сөз тийгизчү эмес, элине да. Ошондонбу райондун эли азыр аябай капа болуп турат, чыдамы жоктору "Чыгабыз" деп турат. Кайда чыгарын деле толук билбейт, бир билгени акимин коргош керек. Каны кызуу жаштардын сөзүн уктум, "өлүп беребиз" дейт. Ушул жаман сөз, өлүп не керек, андан көрө туруп беребиз десе жарашпайбы дейм да. Ич күйгөндө айтылып кетет го бир. А чынында, мен аябай таң калдым, район калкынын карысы деле, жашы деле акиминин кызматтан алынганына ченемсиз капа. Эмне үчүн акимин мынчалык жакшы көрүп калышкан деп менин башым маң… билип турсам деле.
Турдукеев курч жигит, түшүнүгү терең жигит, анан ак көңүл жигит, кашайгырдыкы, кошоматы жок, бар турпаты сыртында, арамдыктан куру. Ошондой сапаттары "жайлап" түштү окшойт. Анан да Президентине бирөөлөр бирдеме деп жиберди го… менин чоң энем айтмакчы, кара башын жеп калсын!
Бир чал айтты, жакшы айтты, "мейли, бу Турдукеевди кызматтан ала берсин, бирок биз аким бойдон калтырабыз" деп. Ушуну угуп көзүмөн жаш кетти. Анан ойлодум, Турдукеев элиники болуп калган тура деп. Эли менен эл болгон жетекчи накта жигиттерден чыгат тура!
Бу жигиттин жүрөгү ооручу, эми да ооруканада жатат. Жылда жатат. Азыр ошол оорукананын короосунда эл батпайт, "акимибизге киребиз" деп. Таң калганым, далай кызматкерлер жүрөт коркпой-үркпөй эле… биз жакта да жигиттер калыптыр да… А түшкөн акими, "келбегиле" дебатат дейт, "ишиңерге кедерги болот" деп. Элин тыйып атат дейт, "пикет-микетиңердин кереги жок" деп. Жигиттиги ушу го дейм.
Азырынча кыска сөзүмдүн турпаты ушу болду. Мен Замир Турдукеевди жакшы билем. Аны башымды сайып салып коргойм . Мен окшогондор миң сан экен, териштирип, тескеп чыктым. Бир топторубуз деп айттык: "Биздин бычакка сап жигитибиз Замир, аны эч кимге кор кылдырбайбыз" деп. Кебетеси, ушундай болот го.
Бул окуя жөнүндө терең айтып берүү менин милдетим. Азыр журналисттик багытым ошол тарапта…Коррупцияга каршы күрөштү катуу жүргүзүп жатабыз деп таза акимин садага чапкан бийлигиңдин жүзү курсун!
Баса, накта коррупционер акимдерди көп билем, сурасаңар айтып берем, Президентке да…
Баратбай АРАКЕЕВ
"Ачык саясат"