Эл өкүлдөрү эмнени жашырышты, же энергетиканы эңшергендер кимдер?
(Башы өткөн сандарда)
Кирешеден чыгашага
Ошентип, Казакстанга эле "НЭСК" ОАОнун электроэнергияны арзандатуудан улам өлкөбүздүн чыгашасы 143,2 млн сомду же 3,5 миллион долларды түзгөн, же 1 кВт-саат электроэнергиянын наркы 0,3527сомго бааланган.
Тажикстанга бардыгы 155,441 миң кВт-саат электроэнергия 1429,8 миң долларга сатылган же экспорттун тариф баасы 37,72 тыйынга бааланган. "НЭСК" ОАО мындан 9,2 миллион чыгашага учурашына себепкер болгон ортомчу фирмалар дээрлик өз өлкөлөрүнөн катталбаган. Мисалы, "Ромард продакшн ЛТД" (Тажикстан) соода фирмасы британиялык Вирджинск аралынан каттоодон өткөрүлгөн да, Бишкек шаарынан "Энергобанк" акционердик коомунан эсептешүү китепчесин алып, бирок чыгымдарды төлөө боюнча эч бир фиксалдык уюмдар менен келишим түзүлгөн эмес. Ал эми "Troyer Cons. INC" (Тажикстан) соода фирмасы Литванын борбору Вильнюста катталган. Бул фирманын өлкөбүздө өкүлүнүн бары-жогу белгисиз, жоопкер тараптын адреси да көргөзүлбөгөн. Бул фирма тарабынан сатылган электроэнергиянын акчасынын кайрылып келери да гарантияланбаган. Мындай ортомчу фирмалар тууралуу "Электрстанциялар" ОАОсунун ошол кездеги генеральный директору С.Балкыбеков ар кандай маалымат берүүдөн баш тарткан. Бул кандайдыр экономикалык кылмыштар менен байланыштуу аракеттер болуп жүрбөсүн деген пикирлерди гана күчөтүп отурат. Биз эмне үчүн мындай пикирге келип отурабыз?
"ЭС" акционердык коому 2005-жылдын октябрь-ноябрь айында "Ромард продакшн ЛТД" фирмасы аркылуу 116,1 миллион кВт-саат элекро энергиясын 1,102,617 миң долларга саткан. Тилекке каршы, бул фирма 2005-жылдын 22-декабрында бул пайдаланылган энергияга "Энергобанк" акционердик коому аркылуу бар болгону 300 миң долларды араң төлөгөн. Ал эми "НЭС Кыргызстан" ОАО нун 2006-жылдын 31-январындагы катында бул фирма менен келишим жок экендиги да көргөзүлгөн. Мындай далилдерди келтире берсек болмок, бирок аларды толук берүүгө гезиттин чамасы чакталуу экенин белгилеп кетмекчибиз.

Кылмышка тете келишимдер
Өлкөнүн кедери кеткен экономикасын көтөрүүнүн ордуна, коңшу өлкөлөргө электроэнергияны арзандаткан баада сатышып, ТЭЦти отун менен камсыз кылууну шылтоолоп, отундун сапатын шылтоо кылып, келишимдеги баадан кымбат сатып алуу адатка айланган.
Бишкек шаарын электроэнергия менен толук кубаттуулукта колдоп турууда ТЭЦтин аткарган милдети зор болгон. Ушул максатта Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда суу-энергетикалык ресурстарын колдонуу боюнча 27 келишим түзүлөт да, мында 2 миллион тоннага жакын көмүрдү 40 миллион долларга жакын суммада бааланат. Бирок келишимде көмүр жана мазут продукцияларынын сапаты эмес саны же физически көлөмү гана протоколго көргөзүлгөн.
Келишим түзүлгөн менен Бишкек ТЭЦи Карагандыдан-253,5 миң, Эки-Бастузтан-223,6 миң, Май-Кубадан-229,9 миң, Шабыркүлдөн 1,0 миң тонна көмүр алган. Ташылып келинген көмүрдүн сапаты начар болуп, ушул себептен "сапаттуурак көмүр алууга" келишимде көргөзүлгөн суммадан 479 миң доллар ашыкча сарпталган.
Келишимдеги дагы бир "көз будамайлоо" - сатып алуучунун кызыкчылыгын коргоо киргизилбеген, башкача айтканда көмүр менен камсыз кылуучу тараптардын өз товарынын баасын жогорулатууга шарт түзүп бергенин баса белгилөөгө туура келет. Эгерде келишим эл аралык деңгээлде түзүлсө, Кыргызстанга сапатсыз көмүрү үчүн Казакстан биздин өлкөгө штраф төлөп турмак. Ошентип, жогорудагы келишимдердин кесепетинен "ЭС" акционердик коому 64751,11 долларга зыянга учураган.
Бишкек ТЭЦинин казандары таш көмүр менен гана иштетилет. Ата Мекендик көмүр өнөр жайынын кыйрашы жана коңшулаш өлкөлөрдөн сатылып алынар таш көмүрдүн импортко чыгарышынын кыскартылышы менен 24 казан же ТЭЦтин казандарынын тең жарымы күрөң көмүрдү пайдаланууга өткөрүлгөн. Мындай көмүр жарылып же өзү от алып кетүү коркунучуна ээ, ТЭЦтин трубалары 2-3 жылдын аралыгында жарактан чыгат. Уулуу ис көп чыгат да, айлана-чөйрөнү тез жана көп булгайт.
Белгилеп коелу, 2005-жылы Бишкек жана Ош ТЭЦтери үчүн жогорулатылган баадан улам өлкөбүз 7,5 миллион доллар зыян тарткан. Ал эми "ЭС" акционердик коому 2005-жылы 185,272 миллион метр-куб газ үчүн 70,4 миллион сом төлөгөн. Ушундан улам, "Кыргызгаз" акционердик коому 2006-жылдын 1-январына 664,7 миллион сом карыз болуп чыккан. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош ТЭЦтери үчүн сатылып алынган I тонна мазуттун баасы 2004-жылы 100 долларды түзсө, 2005-жылы сатып алуу баасы НДСти кошкондо 133,4 долларга көтөрүлгөн. Ошол учурда "ЭС" ОАО ( Д-2008-8/565 от 05.10.2005-С.Балкыбеков) мазут отунун 1 тоннасын 240 доллардан сатып алууга "Дельфин" ЖЧКсы менен келишим түзөт. Буга баасы НДС кошулбаган жана акциз чыгымы киргизилбеген. Ал эми акча каражатын алдын - ала которуп берүүгө макулдашылган. Ушундан улам, 2006-жылдын 1-январына карата чыгаша 9,4 млн сомго жеткирилген.
Кыргыз Республикасынын "ЭС" ОАОсунун гендиректору С.Балкыбеков "Казэнергоресурс" ТООсу менен көмүрдү ташып жеткирүү боюнча алгачкы келишимде Караганда көмүрүнүн баасы 19,5 долларга баланса, анын баасы 21 доллардан, Эки-Бастуздун көмүрүнүн тоннасы 17,5 доллардан, Май-Куба көмүрү 19 доллардан сатылып алынып, бул Жамбыл облусундагы Луговой станциясынан берилген ишеним кат аркылуу алынган. Бул алынган көмүрлөр сапатсыз болуп, күлдүүлүгү 39 пайызды, нымдуулугу 9 пайызды түзгөн, албетте, сапаты өтө төмөндөгөн сайын көмүр арзандабай, жогорулаганына С.Балкыбековдун кошкон салымы зор экендиги "ЭС" ОАО аркылуу сарпталган ашыкча каражаттар аныктап жаткан жокпу?
Ушул жерде С.Балкыбеков жетектеген "ЭС" акционердик коому эмне себептен финансылык тартип бузууга барды жана бийлик, анын күч органдары буга мыйзам чегинде чара көргөн жок? Демек, буга бийликтин өзү да кызыкдар болгондугун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрында №558-буйругу менен түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгынан ачык көрүнөт. Көптөгөн фактылар документациялык жактан далилденгендигине карабастан, экономикалык саботажды уюштуруучулардын кызмат даражалары көтөрүлгөнүн калкыбыз көзү менен көрүп отурат.
Эл аралык соода келишиминде сүйлөшүүгө катышкан жана келишимге кол койгондорго көптөгөн ыңгайлуулуктар бар экенин ар ким эле биле бербесе керек. Чет өлкөдө азык-түлүк товарларынын мөөнөтү өткөн сайын арзандай берет. Ал эми кен байлыктардын сапаты келишимдегиден төмөн болсо штрафтар салынат, же келишим баа кайрадан каралып, күнөөлүү тарап жабыр тарткан тарапка дотация төлөйт.
Албетте, товар өндүрүүчүлөр мөөнөтү өтүп же сапатын жоготуп бараткан товарларды арзан баада болсо да өткөрүүгө аргасыз боло баштайт. Мындай товарларды сатып алууга келишимге кол койгон адам ошол товардын ээси болгон ишкана тарабынан белгилүү өлчөмдө материалдык же акчалай сыйлыктарга ээ болот. Демек, биз жогорудагы маалыматтарыбыздагы өлкөгө алынып келген чыгашалардын эсебинен келишимдерге кол койгондор жана аларды "кожосундай колдогон" "кокуй" чиновниктер ошол сыйлык катары берилүүчү ири каражаттарга ээ болуп отурушпайбы? Мамлекеттин коопсуздугуна эмес, өздөрүнүн "кошелогу" үчүн жутунгандар бийлик тарабынан колдоого да, коргоого да алынып отурбайбы? Анан кантип бийликти бул финансылык тартип бузууларга катышы жок деп айта алабыз?

Өндүрүлгөн электроэнергиянын каражаты кайда?
Кыргыз Өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия жана ал топтун жетекчиси, премьер-министрдин кеңешчиси Ж.Оморовдун экс-премьер-министр Ф.Куловго билдирүүсүндө энергосектордогу кыйын кырдаал суу сактагычтагы сууну Өкмөт менен макулдашпай кое берүүдө жана көмүрдү ташуу иштеринде тендер өткөрүү маселеси курч мүнөзгө ээ болгонунун туура белгилеген. "ЭС" ОАОнун директорлор Кеңешинин чечими менен Казакстанга сууну экспорттого шылтоолоп сууну кое бериши Өзбекстан менен тең укукта сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткандыгы аныкталган.
Өкмөт үйүндө 2005-жылдын 6-декабрындагы кеңешмеде биздин өлкөдө 1 жылда 13 миллиард киловатт саат электроэнергия өндүрүлөт. Салыштырмалуу түрдө ушул деңгээлде 6 жыл иштетилсе, товардын өздүк наркы менен эле эсептегенде өлкөбүздүн тышкы карызын жабуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленген.
"Колдо бар алтындын баркы жок"-дегендей, 10 миллиарддык товардын бар болгону 3 миллиард сомго жакыны гана чогултулган. Тактап айтканда, 3 миллиард сомдук электроэнергияны экспорттоп, анын 0,8 миллиард сому гана өлкөбүзгө кайрылат. Ички рынокко сатылган 10 миллиарддык товардан 2 миллиарддан ашыгыраак сом гана "чогултулат" экен. Бул маалыматка ишенсек, "калкыбызга электроэнергия бекер берилип" жаткандай түшүнүктү берет. Ошентип, ички рыноктон кайрылбай калган 8 миллиард сом "квази-фискалдык дефицитти" түзөт да, бул мамлекетибиздин артыкпаш жүгүнө айланып, анын бюджетинин дефицитин көбөйтөт. Ал эми экспорттолгон электроэнергиядан жалаң зыянга жана чыгашаларга учурасак, аны чет өлкөлөргө сатуунун зарылдыгы барбы?
Менимче, экспорттон тарткан зыяныбыздын түпкү себептерин айрым далилдер аркылуу ачык көргөздүк. Ал эми ички рыноктогу зыяндар жана чыгашалар, энергияны уурдоолор, жогорку өлчөмдөгү техникалык жоготуулар жөнүндө "мифтер" жана анын чындыгы тууралуу азын-оолак сөз козгоого туура келет.
Жашыруун эмес, өлкөдө электроэнергияны уурдоо өзгөчө күчтүү экендигин ачык айтсак болот. Бирок, бул уурдалган энергияга карапайым калкты күнөөлөө мүмкүн эмес.Примитивдүү мисал келтирели. Карапайым калк пайдаланган электроэнергиясына чыккан сумманы өз мөөнөтүндө төлөбөй кое албайт. Алгач кошумча төлөө (пеня) көбөйөт, төлөбөсөң токсон тогуз жалдырасаң да энергияны "карагайдын башынан кесип" кетет.Эр болсоң электроэнергияны уурдап көр. Эсептөөчү аппарат "карагайдын башында болсо", кантип кошумча зымды колдоно аласың? Демек, элдин жакыр катмары уурдаганды кой, "уурдаш керек" дегенден коркот. Анда ким уурдайт?
Карапайым калк өндүрүлгөн электроэнергиянын үчтөн бир бөлүгүн гана пайдаланат. Калганы ири керектөөчүлөр экени талашсыз. Буларды электро көзөмөлдөөчүлөр текшере алышпайт. Ошондой эле алар электроэнергиянын карызын өз мөөнөтүндө төлөшпөйт да. Ички рыноктогу энергетикалык карыздардын, уурдалган энергиянын башаты мына ушулар. Алар мансабына, бийлигине чиренишет. Чиркин, керек десе кудайдан да коркпой калышкандыгын калкыбыз деле көрүп отурушат
Эл 2005-жылдын 24- мартындагы "сарай төңкөрүшүнөн" кийин, мамлекет башчысы жана Өкмөт коррупциянын гүлдөшүнө бөгөт коет. Энергетика системасындагы жана экономикасындагы саботаждарга сокку урат, өлкөдөгү социалдык чыңалууну жоет деген ишенимде болгон. Албетте, бийлик элдин толкундоолорун басаңдатуу үчүн экс-президент А.Акаевдин "менчиктери" тууралуу мифти ойлоп чыгарышты. Өкмөт энергетика тармагын текшерүүгө 2006-жылдын 31-июлунда №424-б токтомун кабыл алды. Тилекке каршы А.Акаевдин "менчиктери" далилденген жок. Жаңы бийлик ошолорду өздөрүнө менчиктеген сыяктанат. Ал эми энергетика тармагынын кедергесин кетиргендер улам бир кызматтан башка кызматка которулуп, "кол тийгис укугуна" ээ болду.
Алып көрөлү. Алты мектепти "сапаттуу курдурганы" үчүн "ичип-жеди" деп "иши" соттон каралып бүтпөгөн И.Кадырбековдун, менчиктештирүүдө "шалаакылыгы" үчүн "кылмыш иши козголгон" Р.Жээнбековдун, ТИМдеги "каражаттарды максатсыз колдонгондугу" үчүн "күнөөлөнгөн" А.Жекшенкуловдун "жасаган кылмыштары" али далилденбесе да, өлкөбүздө "кылмышкер" катары жарыяланып отурат. Ал эми "энергетиктердин" 2005-жылдагы алып келген чыгашалары комиссия аркылуу аныкталса да, аларды бийлик канатына калкалап, калкыбызды "тезек" тергенге жеткирди. Суу сактагычта суунун көлөмүнүн төмөндөшүнө бийлик өзүнүн салымын кошту. Мындан бөлөкчө жыйынтык чыгарууга мүмкүн болбой калды.
Акырында айтарыбыз, Кыргыз Өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды топтоодо жардам көрсөткөн КСДПнын лидери Б.Бешимовго ыраазылык билдиребиз. Ошол эле учурда бул маселе Жогорку Кеңештин сессиясында кароого сунуш кылынганда ушул партиянын ЖКдагы фракция лидери А.Турсунбаевдин "энергетикалык кырдаал "Ак жол" фракциясынын көзөмөлүндө" экендигин маалымдаган. Муну ушул тармакта өлкөбүздү тартип бузуулар менен экономикалык кылмыш жасагандарга калканч болуп сактай тургандыгы тууралуу "каңкуу" катары кабыл алууга туура келет. Демек, бийлик партиясынын бул аракети бийликтин аракети болуп, "энергетиканы эңшергендер" эч күнөөлөнбөй, аларды "сүттөн ак кылып чыгарышаарын" моюнга алуу десек жарашат. Иштин логикасы башкача жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бербейт.
…Бул учур да өтөт, бийлик оошот. Ошондо гана чындык чырылдап ачыкка чыгат,бирок анда кеч болуп калбас бекен?... Шоруң ушунда тура, кыргызым!...
Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"