Азизбектен азил кеп
"Мыкты, мыкты, мыкты" -деп, мытыраңдап чыкты дейт...
Курманкулдун
хохмаларынан

Март айы келип, адаттагыдай эле калың журт Ак үйдү каптап келип калат. Айласы кеткен президент өз кабинетинде илинип турган портретине карап:
- Эми экөөбүздүн айлабыз эмне болот?- дейт.
- Мага го эч нерсе эмес, көп болсо алып ыргытып жиберет -дейт президенттин портретине тил бүтүп - сиздики оор болуп калат го, асып салбаса эле качып кетүүгө туура келет.

Жылдын мыкты "кыймылсыз мүлкү"
- Чолпон Баекова

Бийликке таасир этүү максатында күрөш бийликтегилерди эки лагерге бөлүп салды. Бир лагердин башында "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" үлкөн чиновник МЧС турса, аны "крышовать" эткен Кыргызстандын эрке бизнесмен баласы экен деген сөз бар. Экинчиси, өткөн март төңкөрүшүндө Нүзүп аталыктын ролун аткарган Үсөн акебиз болсо, "крышовать" эткени "Матрешка-гейт"менен аты угулуп, "Алиби" менен атагы чыккан Жаныш Бакиев дешет.
Ортодо же оңуна, же солуна кошула албай Чолпон Баековага окшогондорго убал болду. "Айласы жок унчукпай" кыймылсыз мүлккө айланышты.

Жылдын
мыкты товары
- ТЭЦ, "Түндүкэлектро",
"Бишкек жылуулук
түйүнү"

Бильярд ойногондор калп айтышабы, айтышпайбы ким билет? Жетимиш миллиард деп бильярдчылар баалап аткан ТЭЦ 335 миллионго, "Түндүкэлектро" 137 миллионго, "Бишкекжылуулук түйүнү" 48 миллионго бааланды. Мамлекет койгон тариф эки-үч жылга чейин 13 пайыз өсүшү күтүлөт. Андан кийин канча өсөөрүн бир кудай билбесе, бир менчикке сатып алган ээси билбесе. "Кайдан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки"эмеспи.

Жылдын мыкты курал-жабдыгы
- Жумуртка

Жумурай-журтка жумуртканын даңкы чыкты. Даңкы чыкканда да "страшный" чыкты. "Страусный" эмес, кадимки эле кадимки тооктун жумурткасы. Көктөмдө көпкөндөр, бекер акчага эсиргендер кесир кылышып, аракечтерди, арам тамактарды, акча дегенде жанын саткандарды, кошоматчыларды, жан бактыларды, намысы жокторду топтоп, улуттук "Жамбы атмай" оюнун бурмалап мелдеш өткөрүштү. 6 сомдук жумуртка 6000сомго көтөрүлдү, бутага тийсе. Түптүктөр эмес, бийликтин "күлүктөрү" экендиги эртеси эле маалим болду. Жумуртканын кусуру уруп, тооктор жумуртка туубай калышты.

Жылдын мыкты ратификациясы
- Каркыра, төрт пансионат

Түндүктүк Акаев чүрчүттөргө Үзөңгү-Куушту кармата бергенде,түштүктүк Аксы көтөрүлүп, түштүктүк Мадумаров эл үчүн казык болуп берем деп жулунган. Түштүктүк кожоюн казактарга Каркыраны бергенде түндүктүк Мадумаров кайын-журту үчүн азык болуп берем деп жулунуп чыкты.

Жылдын мыкты саякатчысы
- "Улуу урматтуубуз"

Бизде мыкты саякатчылар болгон. Горбачев деген саякатчы чыккан, кемпирин колтуктап дүйнөнү түрө кыдыра саякаттап жүрүп СССРдин түбүнө жеткен. Акаев деген саякатчы чыккан, ал дагы кемпирин колтуктап алып саякаттап жүрүп Кыргызстанды 2миллиард долларга карызга батырып кеткен. Эмки саякатчыбыз Ельцинге окшоп ден-соолугун реанимацияга барып "ремонттоп" келет, Барвихага эмес Баварияга барып. Биринчи ирет немец жергесине жөнөгөндө уу-дуу болгон. Экинчи ирет жөнөгөндө анын бар-жогу да билинген жок. Демек, элдин деми сууп, ага кош көңүл болуп калганы билинди.

Жылдын
"мыкты боксеру"
- Азизбек Турсунбаев

"Кимдин кимдин заманы, боксерлордун заманы" болду. Азизбек мырзанын канчалык деңгээлде боксер экендигин ким билет? Бирок, боксер акалары Ташиевдин жөндөмдүүлүгүнө баа бергендей эле, Турсунбаевди да ордунан тургузуп вице-спикерликке кошуп, "Ак жолдун" эки тизгин, бир чылбырын колуна карматты. Демократиялуу мамлекетте бирөөнү тумшукка койгон адам жазасын алчу эле, а бизде болсо же министр болот, же бийлик партиясынын жетекчиси болот. Тумшукка жеген адамдар деле кызматтан кур калбайт экен. Тумшукка урушмай заман башталдыбы?

Жылдын мыкты "рокировкасы"
- Адахан Мадумаров

Адахан, а да хан болор же а да "хам" болоор жигит. Парламенттеги "акжолчуларды" балыкка айлантып,өзү кит болгон. Жаңгактардын баарын соруп алам деп, МЧСке жакпай, төрагалыктын төрүн бошотуп, "смертный" депутатка айланган. "Ак жолго", анын ана башына таарынып Таласка кетет экен деп жүрсөк, майлуу орун мээлеп жүрүптүр. Исмаил Исаковду колтуктап жүрүп эле, колтугуна суу бүркүп, бир күнү ордун ээлеп калды. Колтуктап жүрүп "койчо мууздаган" кокондуктардын "кодекси" бизге жараша берет экен да.

Жылдын мыкты жапа чегүүчүсү
- Клара Кабилова

"Жалган парламент" легитимдүүлүгүн тактап, шайлоонун жыйынтыгын неге элге жарыя кылбай жатат десек, "жапайы мышыктын өлүгү" БШКда быкшып, сасып жаткан экен. Кызмат жагынан эмес, туугандык жактан кожоюнга жакын адамдарга кор болгон Клара айым кылаарга иши жогунан эмес, күйөөсү жок, күйө турган киши жок, кыздарынын келечегин ойлоп, элечегин көтөрүп, арманын бир айтып алды. Арманын айтканы курусун, айылына кайтып келе албай, армандуу күнгө туш келди.

Жылдын
"мыкты процесси"
- "Алиби", "Де-Факто"
Гезиттердин үстүнөн кыргыздын тарыхында калаар дөө-шаалар Т.Усубалиев, А.Карыпкулов, Д.Сарыгулов сыяктуу адамдар керт баштарын кемсинткендиги үчүн сотко кайрылышкан. Бирок, алардын баасы бардыгын кошсо да "битта" студенттин "кадыр-баркына" жетпейт экен. Байкуш "э стюдэнт" "Алиби" менен "Де-Фактого" чыгат, өмүрүндө гезитке биринчи жолу чыккангабы, бир түн уктай албай коюптур. Анын уктабай чыкканына бийликте турган жакын туугандары беймаза болуп, эки тентек гезитти эки миллион сомго жыгып беришти. Ар бир студентке эки миллиондон төлөп отурса, Кыргызстанда гезит калбай калат го, сыягы.

Жылдын
"мыкты урааны"
- "Тезек тергиле!"

Уктасак тезек түшкө кирчү болду. Ойгонсок муздак үйдө жатабыз. Аттиң дейбиз, атабыз бекер жеринен "тезек тергиле"-деп айткан эмес турбайбы. Крыловдун "Ийнелик менен кумурскасы"тескерисине айланды. Жайды-жайлай жан тынбай тезек терүүгө убакыт жок иштесең да, кумурскадай иштегендер эмес, ийнеликтей оюн салып жүргөндөр кышында жыргап, жылуу үйлөрдө жатышат. Кабат-кабат хан сарайлардагы жарыкты көрүп, караңгы, муздак үйүбүзгө айласы жок киребиз. "Үңкүр да болсо үйүбүз бар"- дечү элек, үйүбүз жарыгы жок үңкүргө айланып баратат.

Жылдын
"мыкты жарчысы"
- Нурлан Шакиев

Европа королдору ак сарайларына "Шут" (маскарапоз) деген штат ачышып, көңүлдөрүн ачышчу. Бакиевдин Шакиеви штатта экендиги чындык, а бирок шут эмес, пресс-катчы. "Өрдөк жокто чулдук бий" дегендей, гезиттер эс алууга кеткенде "герой" болуп чыга калмай жайы бар экен. Андан да өзүн асмандатып мактайт. Катыра ырдайм дейт, анча-мынча Валерий Леонтьев, Мерген Турган шоона эшпей калат имиш. Бирок, калайык-калкка эмес, улуу урматтуу Курманбек Салиевич отурганда гана. Албетте, өсчү жигит экен, кызматынан өспөсө да, созолонтуп ырдап жүрүп солист болуп өсөөр.

Жылдын
мыкты белеги
- "Ленд Круизер"

Акаевди бийликтен кетирүүгө албан-албан эмгек сиңирген Р.Отунбаева, Р.Жээнбеков, Ү.Сыдыков, Б.Асанов, Т.Тургуналиев сыяктуу инсандардын "жакшылыгына жамандык" кылып турган бийлик Феликс Куловдун эмгегин эсинен чыгарган жок. "Бириккен Фронтту" баштап келип, оппозициянын оңкосунан сайылышына оңой эмес салым кошкон Феликең элди козгоп коюп, кожоюн менен коньяк ичип отурганы чын болсо керек. Анын ошондогу бийлик үчүн жасаган опол тоодой эмгегин эстен чыгарбай 60 жылдык юбилейине 80-90 миң долларлык "Ленд Круизер-200" автомашинесин "подарить" этиптир. Белегиңиз кут болсун, Фелике!
Даярдаган Азизбек Келдибеков