Ишке ашкан кыял
Жаңы жылга камылга көрүп, 31-декабрда мончого түшкөнү барып калдым. Адаттагыдай эле эл көп, кезек күтүп, залдагы отургучтардын бирине барып отурдум. Менин жанымда катарлаш отурган, жашы элүүгө чамалап калган сымбаттуу эже зериктиби, же эсине түшкөн окуяны мени менен бөлүшкүсү келдиби, айтор мага карап, "Кызым сен лоторея ойнойсуңбу? Быйыл үч бөлмөлүү, төрт бөлмөлүү квартиралар ойнотулат экен" - деп суроо узатып калды. Өмүрү лоторея дегенге ишенбеген жаным дароо эле "жок"- деп жооп бердим да, "лоторея оюну эптеп эле элден акча кагып алмай амал да. Ошого да ишенесизби апа?" -деп жооп узаттым.
"Кой балам, антип кесе айтпа, эң биринчи адам баласында ишеним болушу зарыл. Каалаганыңды чын ниетиң менен кыялдансаң сөзсүз ишке ашат. Мен муну жөн эле айтып жатканым жок" - деди.
"Ушунча болду бекер отурбай башымдан өткөн ары кызыктуу, табышмактуу да бир окуяны айтып берейин, убакыт да тез өтсүн" - деп күлүп калды.
"Мындан жыйырма жыл мурда жолдошум экөөбүз жаңы жылга арналып ойнотулчу лоторея билеттен экини сатып алдык. Анда эмне, союз мезгили, арзанчылык. Бир билеттин баасы 30 тыйын турчу. Жолдошум экөөбүз тең студент элек. Жалгыз бой орус кемпирдин үйүндө батирде турчубуз. Улуу балам 2 жашта, экинчиси 9 айлык. Балдар чыргоолонуп ыйласа да, үйүбүзгө киши-кара келсе да баягы кожейкебиз урушат. Андан коркконубуздан бутубуздун учу менен басабыз, балдар ыйласа кемпир ойгонуп кетпесин деп түнү менен уктабай алмак-салмак көтөрүп чыкмай. Алган стипендиябыз батирибиз менен тамагыбыздан артпайт, эл кийген кийимге, эл ичкен оокатка да жетпейбиз.
Экөөбүз тең жетимдер үйүндө тарбиялангандыктан ата-эне, тууган-урук деген да жок биз байкушта. Азыр ойлосом, "окууңарды аяктаган соң баш кошкула"- деп акыл-насаатын айтып койгон киши да чыкпаптыр.
Кыйналып жүргөн кезимде жалаң кыялдарым менен гана күн өтөт. Эки киши кенен батпаган бөлмөдө жашасам да заңгыраган үйдү элестетем. Үстүмө чыт көйнөк кийсем, атлас көйнөк кийгендей кыялданам. Ошентип, өзүмдү - өзүм кыялдарым менен алдап жүрдүм.
Кыялкеч жаным, жанагы эки лоторея билетин машине утабыз деп ырымдап сатып алгам. Жөн гана кыялым экенин унутуп калып, машине утаарыбызга абдан ишендим. Ал тургай ичимден машинени сатып, үй алабыз деп да пландап койдум.
Кудай таалам кыялымды кур калтырбай, ошол 88-жылы лотореядан машине утуп алдык. Кубанганыбызды айтпа, сүйүнгөнүмдөн жүрөгүм жарылып кете жаздады. Анчалык катуу сүйүнгөнүмдүн себеби машинелүү болгонубуздан деле эмес, эмнегедир мен аны биздин үйгө кирген кут деп кыялдандым. Көрсө, жаңылбаптырмын. Жүрөгүм сезиптир. Чындап эле үйүбүзгө кут алып келген ак жолтой машине болду.
Жыл айланбай жолдошум окуусун аяктап, жумушка орношуп, жашообуз кыйла оңоло түштү. Аз эле убакыттын ичинде кыйналып-кысталбай эле, баягы мен кыялданган заңгыраган үйлүү болдук.
Михаил Сергеевичтин кайра куурусунун шарапаты менен, алгачкылардан болуп бизнес жолуна түштүк. Балдарым кадыресе чоңоюп калгандыктан бала бакчага берип коюп, мен да иштей баштадым. Баягы ак жигулибиздин багажына кытайдын "макас" деген бут кийимдерин жайната салабыз да, борбор калаанын базарларына таратабыз. Кайра кечинде акчасын жыйнап чыгабыз.
Соодабыз жакшы жүрүп, акчаны күргүштөп таап турганда, менчиктештирүү деп ири дүкөндөр, завод-фабрикалар жеке менчикке чыга баштады. Биз да элдин шарынан калбай, убагында борбордон эки дүкөндү менчикке чыгарып алганбыз. Учурда өзүбүздүн май чыгарган, кирпич чыгарган заводдорубуз иштеп жатат.
Кудайга шүгүр, байлык топтодук. Башка кычыраган машинеден онду алсак да, чамабыз жете тургандай болуп калдык. Бирок, жолдошума да, мага да баягы ак "жигулибиз" сүймөнчүк көрүнөт. Жаңы машине сатып алып айдасак, ырыскыбыз ооп кетчүдөй сезилет. Ошентип, баягы машинебиздин эскилиги жетип, шалдырап калса да айдап жүрөбүз.
Кошуна-колоңдор, тааныш-билиштер аны кайдан түшүнсүн,"булар болгон сайын болсо экен деп битиреп баратышат. Жада калса өздөрүнө жаңы машине сатып алгандан аянышат. Басып жаткан байлыктын эмне кереги бар?"- деп өздөрүнчө күбүр-шыбыр ушакташкандарын кулагыбыз чалып калат.
Учурда, жолдошум чоң кызматта. Жумушка кызматтык машинеси менен барып-келгени менен ким чакырбасын, кандай той-топур болбосун, баягы ак жолтой машинебизди шалдыратып айдап алабыз.
Эки балам бой жетип жигит болуп калышты. Аларды улай эки кызым бой тартып келатат. Жылына жаңы жылда мончого жалгыз келип, кезек күтүп эл менен чогуу сууга түшкөндү жактырам. Ушул мончого келген сайын баягы лоторея билет эске түшөт. Анткени,дал ушул мончого түшүп, чыгып баратканда билетти сатып алгам. Андан бери 20 жыл өттү. Ар жаңы жылда жайнаган лотерея алам. Бирок андан бери эч нерсе утканыбыз жок.
Балдарым "Силердин эски калдыраган машинеңерге түшкөндөн уялабыз"- деп ыйлакташкандарынан улуу уулума жаңы жылда белек болсун деп жаңы машине сатып алып койдук. Бүгүн кечинде ачкычын берсек сүйүнөт го" - деп бактылуу жылмайды бейтааныш эже.
Мончодон чыгып эле "Үй-бүлөлүк" лотодон 20 билет сатып алдым да, үйгө шаша жөнөдүм. Кечки саат сегизди чыдамым кете күттүм эле, 20 билетимден 20 сом да уткан жокмун.
Үч бөлмөлүү, 4 бөлмөлүү квартираларды кандай бактылуу адамдар утту болду экен деп ойлоп койдум. Же лоторея дегениң элден акча кагып алмай амалбы? Сен кандай ойлойсуң, окурман?

Гулниза МолДокулова
"Ачык саясат"




  Акыр замандын балдары

Тонолгон Аяз Ата
Баланын бае дүйнөсүн кастарлап, Аяз Атаны бир жыл бою чыдамсыздык менен күткөн уулумду Ала - Тоо аянтына алып чыктык. Өзүбүз тымызын дайындаган белек-бечкегибизди бергенге ылайыктуу Аяз Ата, Аяз Кыз издеп калдык. Аңгыча эле шаардык администрациядан экени чоң мүшөгүнөн байкалган, көз жоосун алган Аяз ата, Аяз кыз келе жатты.

Биз утурлай бастык. Маалымат боюнча 60 Аяз Ата жүрүш жасап, аянтта балдарга белек бермек. Ошону күтүп отуруштубу, айтор жоон топ өспүрүм балдар бизди кууп өтүп, тегеректеп калышты. Калганы куду мультфильмдей болду. Ылдый эңкейген Аяз Ата көрүнбөй калды. Жулунган балдардын арасынан биринчи Аяз Кыз суурулуп чыгып, кайра жардам берейин деген ойдо сүрмө топко аралашып кетти. Биз турган жерибизде катып калдык. Бир топтон кийин колуна эки-үчтөн таттуу алган балдар кызарып койбостон сүйүнүп-сүрдүгүп чыга келишти. Уйпаланган Аяз кыз өз тилинде сөгүнүп, ыйлап жатса, Аяз ата курунун өйдө жагынан дөмпөйүп чыккан жонун бүкүрөйтүп, болгон нерсеге али түшүнбөй эси оогон тейде туруп калды. Ичинде эч нерсе калбаганынан кабар берип, чоң мүшөк жерде жалпайып жатты. Кыйшайган сакалын оңдоп, келген жолу менен кайра кетип бара жатканын көрүп, жаңы жыл келбей калчудай ызаландым. Кымындай болсо да наристе жүрөгү менен сезген уулум: "жаман балдар экен, кетеличи, Аяз атаны урушту" деди зээни кейип. Ошондо гана эсибизге келдик.
Бул не деген шумдук! Бул көрүнүшкө эч бир комментарий бере албайсың, болгону ушундай жырткыччылыкка барган балдардан эмнени күтүүгө болоорун элестетип көрүңүз. Кооз, сулуу нерсени заматта уйпалап жок кылып, ошо тегеректе жүргөн нечендеген наристелердин жан - дүйнөсүнө жарака салып, белексиз калтырган балдарды токтотоор адам чыкпады. Эл деген сел, нугун кайда бурсаң кете берет, биздин "чоңдорубуз" да ушуну колдонуп, канча зыян алып келгени баарыбызга маалым.
Чынында эле, "Улуу кыргыз эли" кайсы нукта баратабыз? Бекеринен "Кара кыргыз" аталган эмеспиз, кара - улуу деген түшүнүктү билдирээрин баарыбыз эле билебиз, бирок, ошол улуулукту сактап калуу үчүн күрөшпөй жатабыз. Жан - дүйнөбүздүн жакырлыгынанбы же кенебестиктенби, кайдыгерликтенби өз канынан жаралган балдарды туура жолго салалбай, туура тарбия бере албай, өңчөй бактысыз балдарды өстүрүп, бактысыз мамлекетти түптөп, кейип-кепчип эле жатабыз. Буга ким күнөөлүү? Мамлекетпи, президентпи, же оңолууга ой бурбаган өзүбүзбү? Адам "бакыт" деген түшүнүктү ар кандай кабыл алат."Бакытты кууп издебе, ал дайым өзүңдө", ал үчүн сезим керек. Психологдордун айтуусунда, "бактылуу адамдан гана бактылуу бала төрөлөт". Анда жогоруда айтылган Аяз атаны тоногон балдар "алма сабагынан алыс түшпөй", кайсы бир жан кейитээр адамдын "таза продуктусу" го.
Кайран СССРдин идеологиясы! Азыр да отуруп таң берем. Уурулук, талап-тоноо эмес, жөн эле калп айтуу бизге жат эле. Бизге дегеним, октябрят, пионер, комсомолдор. Өзгөчө мыйзам бар эле. "чын сөзүм", "пионердик сөзүм", "ант берем", "Ленин атам", "чыныгы достук" деген сөздөр болчу. Жагообузду кармап, "пионердик сөзүм" десең, мугалимдер да ишенчү. Бир ирет Элгиз деген классташым бир сомдук тыйындын үстүнө кагаз коюп, калем менен боеп, Лениндин сүрөтүн түшүрүптүр. Аябай кооз болот экен. Ошентсе да, "муну катып кой, үйгө барганда өрттөп саласың, болбосо атаң менен апаңды камап коет" - деп айтканымды угуп калган Дарика деген кызыбыз: "эже, Элгиз Лениндин сүрөтүн тартып коюптур" - деп даттанып калды. Элгизди аябай уяткарып, кечирим суратып, экинчи тартпайм деген "чын сөзүн" алып, Дарикага "Ленин ата деп жүр" деп эскертүү берген. Ал эмес мени "сен дос катары үйрөтүп жатканың жакшы, эгерде кайра эле тартып, кайталай берсе, эжекең - мага айтышың керек" деп үйрөткөн. "Ленин жакшы окуган, калп айткан эмес, эл менен тең иштеген, балдарды жакшы көргөн" - деген сөздөргө сугарып, бизди көп жаман нерседен сакташчу экен. Сөгүнүү, тилдөө, уурдоо, бөлүнүү деген балакеттен алыс, өңчөй жакшы балдар элек. Пионерге өткөндөн баштап, ар кандай эрдиктерди жасоого, бир адамга болсо да жакшылык кылууга "дайым даяр" элек. Аяр дүйнөбүз бар экен, жок адамдын алдында жооп берип, ал үчүн бүт күчүбүздү, билимибизди жумшачу элек. 15 республика боюнча бир гана мыйзам менен бир туугандык, достук сезимдерин туу туткан, эң маданияттуу элдин тагдыры эми минтип "боткосу чыгып", "Аяз атасын" тоноп, өз намысын өздөрү тебелеп жатпайбы.
Бир аз убакыт мугалимдик кесипти аркалап калдым. Аз убакыт ичинде, бардык учурда болбосо да, өз сабагымда угуу, сүйлөө, өзүн алып жүрүү маданиятын талап кылуу менен алардын ойлоо жөндөмүнө тыюу салбай, эркин коюп көрдүм. "Бизде бири-бирибизге сылык мамиле кылуу - уят" деген балдардын өзгөрүүсүнө өзүм күбө болдум. Мамлекеттин маданияты дал мектептен башталаары белгилүү. Бирок, мамлекеттик деңгээлде программа каралбаса, жогоруда айткандай "таза продуктыларды" кантип оңомокпуз?
Чынын айтсак, Акаевдин доорунда элибиздин бир аз да болсо маданият жөнүндө түшүнүгү бар болчу. Анда деле мындай көрүнүштөр боло калчу, бирок, маданияттуураак сезилчү экен. Же "тезек терген" заманда баары уятты билбей калгандай көрүнөбү, ким билсин? Элдин айтуусунда "калк башкарган адам зулум болсо да уяттуу болсун", демек маданияттуу болсун!

Жылдызай Израилова
"Ачык саясат"