ЗНАКОМСТВА


КИТЕПКАНА




◄◄◄
Дүйнөдө жыл бою Жаңы жыл!
Чычкан акенин жылы бүтүп, эми уй жылынын босогосун аттадык. 31-декабрь артта калды. Жаңы жыл өттү. Тээ 21-мартта гана Ноорузду "эски Жаңы жыл"деп белгилейбиз. А дүйнөдө ар бир улуттун өзгөчөлүгүнө жараша Жаңы жылды бир канча жолу тосушат экен. Алысты кое туруп орус туугандарды эле алсак Жаңы жылды 3 жолу тосушат: жөн Жаңы жыл, эски Жаңы жыл, кытай Жаңы жылы. Ал эми дүйнө эли да бир Жаңы жыл менен чектелбейт.

13-январь. Орустар ошентип Жаңы жылды 13-январда эски Жаңы жыл менен жабышат.Булардан сырткары Улуу Британиянын Гвон өрөөнүнүн бирнече айылдарына жайгашкан валлийликтер да эски Жаңы жылды тосушат. Британия 1752-жылы григориан календарына өткөндө алар "айтканынан кайтпай" эски эсепте калган имиш. Андыктан Рождествону тиштенип атып эл катары өткөргөн менен Жаңы жылды 13 күн кечигип белгилешет.
9-февраль. Бул күнү миллиарддан ашуун адамзат Жаңы жылды Ай календары боюнча белгилейт. 4707-жылдын жаңырышы Кытайда 15 күнгө созулуп, эбегейсиз зор кагаз фонарларынын майрамы менен аяктайт. Вьетнам менен Кореяда болсо 3 күнгө созулат. Кореялыктар Жаңы жылды көчөгө чыгып "көпкөнчүлүк" кылбай, үй-бүлөнүн кашында, очоктун башында тосконду жакшы көрүшөт экен.
10-февраль. Бул күн Ал-Хиджра майрамы. Ислам календары боюнча 1427-жылдын келишин дүйнөнүн 29 мамлекети расмий белгилейт. Ал күн Мухаммед пайгамбардын Мекеден Мединага өтүшү катары каралат. Жылдын жаңырган күнү белгилүү болсо да, ал ай жаңырганда жарыя кылынат. Андыктан Ал-Хиджра жөнүндө адабияттар менен календарда: "күнү өзгөрүшү ыктымал" деген эскертүү кездешет.
21-март. Аны кырдаалга жараша "перс Жаңы жылы" же "бахаисттер Жаңы жылы" деп да коюшат. Бирок "Жаз майрамы" деген ат менен белгилүү. Аны эски советтик Орто Азия, Россия республикалары, Афганистан, Иран, Пакистан элдери белгилейт. Жыл эсеби григориан да ислам календары боюнча да эсептелет.
13-апрель . Бул күн Түштүк Азияда, Лаос, Тайланд, Шри- Ланка, Камбоджада кадимкидей Жаңы жыл белгиленет. Ошондой эле Индиянын борбордук жана түштүк штаттары белгилешет. Майрам 3 күнгө созулат.
17-апрель. Бул күнү Бирмада Жаңы жыл белгиленет.
21-июнь. Индеецтердин Анд уруусунун Жаңы жылы. Көп жылдар бою конкистадорлор тарабынан тыюу салынып келген. Жыйырманчы кылымдын ортосунда "азаттык" алган. Арийне, айрым индеец уруулары аны орустар Иван күнү деп койгон 24-июнда тосконду жакшы көрөт.
11-сентябрь. Энктутаташ эфиоп Жаңы жылы. Азыркы учурда чиркөөгө эле эмес, мамлекетте да юлиан календарын карманган дүйнөдөгү жалгыз өлкө. 2009-жылдын 11-сентябрында 2002-жылдын келишин майрамдашат.
4-октябрь. Еврей календары боюнча жаңы 5770-жылдын башталышы. Рош Хашана деп коет. Аны Израилде эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгилешет. Чындыгында бул он күндүк майрам мөөнөтүнүн башталышы. Он күн ичинде адам бар күнөөсүнөн арылып, жылдын эң башкы күнү - Йом Кипурду же Сурак күнүнө татыктуу барууга милдеткер.
1-ноябрь . Индустардын Дивали аталган дагы бир майрамы. Индустардын "жазгы" Жаңы жылы суу урматына өткөрүлсө, "күзгү" Дивали жарыктын урматына багышталат. "Ийгилик менен барчылыктын кудайы Лакшми ошол күнү ар бир үй-бүлөгө Жаңы жылда жаңы жакшылыктарды жарык алдында ыроолойт" деп ишенишет.
1-ноябрь. Индиянын айрым бөлүгү сыяктуу бул күнкү Жаңы жылды көптөгөн европалыктар да белгилейт. Бирок баары эле биле бербейт. Расмий календарлар менен маалымат адабияттарында бул күн бүткүл Ыйыктар күнү. Ирландия, Шотландия, Мэн аралы бул күндү жайдын бүтүшү, валийликтер, корндуелдилдер,бретондуктар кыштын алгачкы күнү катары белгилейт. Бирок ар эл ар башка атаганы менен кельт календары боюнча Жаңы жыл катары майрамдашат.





Уй жылдарында Кыргызстанда жана дүйнө өлкөлөрүндө кандай окуялар болгон?
1925-жыл
Кыргызстанда:
1. Кара-Кыргыз автономдук облусу Кыргыз автономдук облусу болуп кайра түзүлгөн.
2. Чехословакиянын Коммунисттик жумушчуларынын демилгеси менен Пишпек шаарында "Интергельпо" кооперативдик интернационалдык уюму түзүлгөн.
Россияда:
Орус элинин кайталангыс улуу акыны Сергей Есенин көз жумган. Улуу акындын өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Айрым иликтөөчүлөр аны өзүн-өзү өлтүрдү дешсе, айрымдары киши колдуу болуп өлгөн деп айтып жүрүшөт.

1937-жыл
Кыргызстанда:
1. Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.
2. Дал ушул жылы репрессия башталып, кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрү К.Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков, Ж.Абдырахманов, Баялы Исакеев жана башкалар камакка алынып, алардын айрымдары атууга кеткен.
Россияда:
1. Бүткүл союздук компартиялардын борбордук комитетинин июль айындагы атайын чыгарылган токтомунан кийин эсил кайран СССРде далай кыраандарды кырган кызыл кандуу репрессияга кенен жол ачылган.
2. Бул жылы экинчи ирет бүткүл союз курамына кирген калкты саноо өткөрүлгөн. Ошол жылы СССРдин калкынын саны 170 миллионго жеткен.
Иракта:
Ирактын маркум экс - президенти Саддам Хусейн Аль-Тикирти жарык дүйнөгө келген. Анын киндик каны тамган кичи мекени Багдад шаарына жакын жайгашкан Тикиртит шаарчасы.
Америкада;
Түндүк батышта жайгашкан Огайо, Миссисипи дарыяларында суу ташкында, миллиондогон адамдар үй-жайсыз калышкан.


1949-жыл
Кыргызстанда:
Жалалабаддын Сузак районунда учурдагы экинчи "боксер" ажобуз Курманбек Бакиев жарык дүйнөгө келсе, айтылуу ак таңдай, ашыктык ырларын өзгөчө сыздаткан( залкар акыныбыз да Жалалабадык болгон) Барпы акын дүйнө менен кош айтышкан.
Россияда
1. Биринчи ирет атомдук бомба сыноодон өткөн, сыноо Казакстандын азыркы борбору Астана (Семипалатинск) аскердик полигонунда жүргүзүлгөн.
2.Атактуу орус примадоннасы Алла Пугачева жарык дүйнөгө келген.
Германияда:
Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) жана Германия Демократтык Республикасы түзүлгөн.
Чыгыш менен батыштын ортосундагы айтылуу Берлин дубалы тургузулган.
Францияда:
Ааламдагы атактуу, керемет сүрөтчү Пабло Пикассо бул дүйнө менен кош айтышкан.
Жакынкы Чыгышта
Израиль менен Араб коалициясына кирген өлкөлөрдүн ортосунда далайлардын башын жуткан кандуу согуш башталган. Бул согушка беш өлкө тартылган. Аларды тактап айтсак: Сауд Аравиясы, Алжир, Тунис, Ирак жана Судан өлкөлөрү.
Эквадордо.
Бул өлкөдө катуу жер титиреп, 6 миң адам каза болуп, 20 миңдей адам жабыркап, 100 миңдей адам турак жайсыз калган. Жер титирөө болгон Пелилео шаары түп орду менен кыйрап калган.
Америкада:
1.Түндүк атлантикалык согуштук саясий келишим - НАТО түзүлгөн. Демек, НАТОнун түзүлгөнүнө быйыл 60 жыл болот.
2. Атактуу Голливуд актеру Ричард Гир жарык дүйнөгө келген.
1961-жыл
Кыргызстанда:
Турдакан Усубалиев Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп дайындалган.
Россияда;
1.Адамзат тарыхында биринчи космонавт Юрий Гагарин космоско учкан.
2. СССРди 29 жыл башкарган Сталиндин сөөгү, көзү өткөндөн 8 жылдан кийин Мавзолейден чыгарылган.
Чилиде:
Аскердик төңкөрүш болгон жыл. Бул окуя "Пиночеттин төңкөрүшү"- деп аталган. Аскер офицерлери бийликти күч колдонуу менен басып алып, Чили бийлигинде диктатордук режим орногон.
Мексикада:
Өлкөнүн чыгыш жагында жер титиреп, 700дөй адам көз жумган.
1985-жыл
Кыргызстанда:
Кыргыз ССРин 24 жыл башкарган Т.Усубалиев кызматынан бошотулган.
Россияда:
1. Дал ушул жылы СССРдин акыркы Генеральный секретары М.Горбачев бийликке келген.
2. Иркутск шаарында жүк ташуучу АН-124 учагы жаңыдан абага көтөрүлгөндө, негизги кыймылдаткычтарынын бири иштебей калып, көп кабаттуу үйдүн үстүнө кулап түшкөн. Бул каргашалуу кырсыктан 70тен ашуун адам каза таап, эки көп кабаттуу үй жана балдар бакчасы таптакыр жараксыз болуп калган.
Колумбияда:
Невада дель Руись жанар тоосу атылып, 24 миңден ашуун адам набыт болгон.

1997-жыл
Англияда:
1. Мать Тереза көз жумган. Ал "боорукерликтин, кайрымдуулуктун ханышасы" деген атактуу наамга ээ болгон.
2. Ушул эле өлкөдө кайрымдуулугу жана күйөөсүн таштап кеткендиги менен атагы чыккан Диана жол кырсыгынан каза болгон.

2009-жыл
Кыргызстанда
???...
Айбек Шамшыкеев
"Ачык саясат"










а ­е¦Є.НҐй«