(Башы өткөн сандарда)
Нигилизм -улутсуз адамдардын оорусу
"Улуу болуу: демек ал туура багытты көрсөтүү деген сөз"
Ф. Ницще

Эми Кыргыз элин "35 миң жыл артка алып кетүүгө" аракет кылып жаткан Дастан Сарыгуловдун "бутпарастык теориясы" жөнүндө. Ачык айтайын, эгер бүгүн элди "35 миң жыл артка" алып кете турган адам төрөлсө, ал биздин түбөлүк бактыбыз. Анткени, "35 миң жыл" элди артка алып кеткен адам, 35 миң жыл элди алдыга да алып кете алат. 35 миң жылдык "артын" көргөн адам, 35 миң жылдык "алдын" да көрөт. Анткени, улуу Гераклит айткандай, "алдыга кеткен жол менен артка кеткен жол - экөө бир эле жол".
Жеңишбек мырза, сен айткан "бутпарастык теория" ал чынында бутпарастык эмес. Аны орустар жана евроборбордук көз караштагы илимпоздор ушинтип айтышып келатат. Эгер сен, менин түшүнгөнүм боюнча, "бутпарастык теория" деп Теңир ишенимин айтып жатсаң, анда өтө терең жаңылышасың. Дал ушул Теңир ишеними дүйнөлүк диндердин тамыры. Дал ушул ишеним бардык диндердин башаты. Адамзат эртеби-кечпи кайра ушул ишенимге келет деп ойлойм. Анткени, ал илимий көз караштын негизинде пайда болгон дүйнөлүк дүйнө тааным. Эгер келечекте адамзат бириксе, анда дал ушул "илимий көз караштын" негизинде жаралган Теңир ишениминин башатында гана биригет. Ысымы жазма тарыхка түшкөн инсандардын аттары менен эле айтканда, ал(Теңир ишеними) б.з.ч. 3 - кылымда өмүр сүргөн Моде шаабийден кечеги 13- кылымда жашаган Чынгыз ханга чейин улуу көчмөн империялардын дини катары кызмат өтөп келди. Ал эми Ф. Энгельстин аныктамасы боюнча "мамлекеттик динге айланган" динди - "бутпарастык дин" деп тарыхты билбегендер жана билимсиз түркөйлөр гана айтат. Кыскача ушул.
Х Х Х
Нигилизм ооруусу айрыкча Совет мезгилинде элибиздин ичине кеңири тарап, алтурсун ал "улуттук" оорууга айланып кетти. Эң жаман жери аны менен негизинен биздин элдин орусча билим алган балдары ооруду. Натыйжада өз эне тилин унуткан, андан улам өз улутунун жан дүйнөсүнөн сыртта калган, өз элин өгөйлөп, ага башка элдин көзү менен караган "оорулуу муун" пайда болду. Алар, келип чыгыш теги боюнча кыргыздар болгону менен тили, дүйнө таанымы, алган билими жана кылган кызматтары боюнча башка улуттарга таандык. Ошондуктан биздин улут үчүн алардын пайдасынан зыяны көбүрөөк болууда.
Нигилизм - улутсуз адамдардын оорусу. Бул ооруудан айыгыш үчүн кайрадан өз башатыбызга барышыбыз зарыл. Өз башатыбызга биз тил аркылуу гана барабыз. Башка жол жок. Башка жол - дүйнөнү кыйроого алып барчу, Кудайдын мыйзамына карама-каршы келген туура эмес жол. Анткени, күн да Чыгыштан чыгып, Батышка батат. Анын жолу бирөө эле. Бул закон күн жарыгын өчүргөндө гана бузулушу мүмкүн. Дал ушул Күн сыяктуу эле Улут да "өз жолу" менен жашашы керек!

Баяс Турал




  Спорт дүйнөсүндө

Каяктан каякка?
Жаңырган 2009-жылдын эң ысык трансфердик жаңылыктары:
1. Кака (Милан-Манчестер Сити)-бир жылдан бери Аравиянын чириген байлары каржылап келген англиялык "Манчестер Сити" дүйнөнүн эң жылдыздуу оюнчусу, атактуу бразилиялык Каканы сатып алууга 70 миллион фунт стерлинг жумшаганы турат.
2. Италиялык "Ювентустун" дарбазасын коргоп жүргөн "Дүйнөнүн эң мыкты дарбазачысы" наамынын учурдагы ээси Жанлуижи Буффонду да сатып алууга ошол эле "Манчестер Сити" командасы көптөн бери кызыгып келет.
3. Сербиялык "Партизандын" кубаттуу чабуулчусу Зоран Тосич англиялык "Манчестер Юнайтедге" сапар тартканы турат.
4. Каталондуктардын сыймыгы болуп келген "Барселонанын" оюнчусу Яя Туре бир тууган агасы Коло Туре ойноп жүргөн "Арсеналдын" майкесин кийип калышы толук мүмкүн.
5. "Ювентустун" дагы бир оюнчусу Винченсо Якинта да англиялык "Арсеналдын" катарын толуктоонун алдында турат.
6. Украиналык "Шахтердун" намысын коргоп жүргөн хорватиялык Дарио Срна ошол эле "Арсеналга" башын байлаганы турат. Ошондой эле бул оюнчуга көптөн бери кызыгып жүргөн "Ливерпуль" да "Шахтерго" өз жуучуларга жиберишкен.
7. Андре-Пьер Гиньяк франциялык "Тулузадан" "Тоттенхемге" сапар алганы турат.
8. Дагы бир франциялык команда "Бордонун" чабуулчусу Фернандо Кавенаги "Ливерпульда" ойноп калышы мүмкүн.
9. Атактуу Девид Бекхем менен "Лос-Анжелес Гелаксиде" бирге ойноп келген Лендон Донаван "Эвертондун" курамын толуктамакчы.
10. Римдик "Романын" оюнчусу Жон Арне Риистин англиялык "Ньюкаслга" өтүү боюнча эки клубдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Дүйнөлүк бокстагы чоң трагедия
Бокс дүйнөсүндө өзүнүн аздыр-көптүр атагы менен таанылып калган Тринидад Тобаголук Жизель Саланди 4-январь күнү автокырсыктан улам көз жумду.
Өзүнүн 22 жылдык өмүрүндө профессионалдык рингде 17 жолу мушташ өткөрүп, бир да жолу жеңилүү ызасын тартып көрбөгөн Жизель Саланди 4-январь күнү досторун аэропортко узатып келе жатып, "Тойота" автоунаасы менен бакты сүзүп алган.
Мындан эки жума мурун, 26-декабрь күнү WBC, WBA, WIBA версиялары боюнча чемпиондук курду тагынган Жизель Саланди жер жүзүндөгү бокс боюнча айымдар арасындагы эң мыкты мушкерлердин катарына кирген.

Саясат жыттанган спорт
Баскетбол боюнча Европа биринчилиги үчүн жүрүп жаткан мелдеште өзүнүн кезектеги мелдешин өткөрүү үчүн Түркияга келишкен израилдик баскетболчулар жергиликтүү күйөрмандардын чабуулуна туш болушту.
Ушул жуманын дүйшөмбүсүндө израилдик "Бней а-Шарон" менен түркиялык "Түрк Телеком Анкара" командаларынын ортосунда өтүүчү беттеш үзгүлтүккө учураган, себеби, Израиль мамлекетинин Газа Секторундагы палестин элине карата жүргүзүп жаткан баскынчылык саясатына каршылыгын билдиришкен түркиялык баскетбол күйөрмандары израилдик баскетболчуларга кол салышып, антижөөттүк ураандарды кыйкырышкан. Натыйжада, оюн токтотулуп, 1500 полиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен абал жөнгө салынды.

Каржы кризиси Абрамовичке да жеткенби?
Европалык бир катар спорттук маалымат каражаттары "Челсинин" атактуу кожоюну, орусиялык миллиардер Роман Абрамович дүйнөлүк каржы кризисине туруштук бере албай, Лондондуктардын көзгө басар командасы-"Челсини" сатыкка коюу ниети бар экендигин жазып чыгышты.
Дүйнөдөгү чириген байлардын тизмесинен түшпөгөн Абрамович чын эле ири чыгашага учураганбы же зыкымдыгын карматып жатканбы, айтор "Челси" командасынын башкы машыктыруучусу Луис Филиппе Сколаринин кышкы трансфердик базардан кур калбай, күчтүү оюнчуларды сатып алуу жөнүндөгү сунушун четке каккан. Клубга жаңы оюнчулар талап кылынса, "Челсидеги" керексиз футболчуларды сатуу же алмашуу жолу менен ишке ашырылышын кошумчалап өткөн.
Эске сала кетсек, "Челси" өзүнүн атактуу коргоочусу Уйэн Бриджди "Манчестер Ситиге" сатуу менен андан түшкөн акчага Орусиянын эң мыкты оюнчусу Юрий Жирковду сатып алууну көздөөдө.

"Дордой - Динамо" Шериктештик кубогуна сапар тартты
КМШ аймагындагы эски мекендештерибиздин арасында футбол боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү "Шериктештик Кубогуна" катышуу үчүн өлкөбүздүн чемпиону, нарындык "Дордой - Динамо" командасы да 11-январь күнү Москваны көздөй аттанмакчы.
Бирок, биздин чемпион буга чейинки мелдештерде бир дагы жүрөк жылытаарлык жыйынтык бере алган эмес. Өткөн жылкы мелдеште ошол эле "Дордой - Динамо" Грузиянын "Олимпия", Латвиянын "Вентспилс", Сербиянын "ОФК" командалары менен "С" тобунда оюн көргөзүшүп, натыйжада үч оюндан үч жолу утулуп, өз тобунда эң акыркы орунду ээлөө менен үйгө кайтышкан.
17-январдан 25-январга чейин өтүүчү быйылкы мелдеште "Дордой Динамо" "D" тобунда латвиялык "Вентспилс", азербайжандык "Интер", финляндиялык "Интер" командалары менен беттешмекчи.

Эрнис Балбаков,
"Ачык саясат"