ЗНАКОМСТВА


КИТЕПКАНА




◄◄◄
  Саясий тиреш…

Садыркулов
"садага чабылдыбы?"
Бука жылы "чү" деп кирип келгенде эле Президенттик администрациянын жетекчиси
Медет Садыркулов "садага чабылды".
Президент Курманбек Бакиев 8-январь күнү өзүнүн администрациясынын башчысы Медет Садыркуловду жана бөлүм башчыларын, ошондой эле Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровду өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып, адатка айланткан иш кеңешмесин баштайт. Президент кеңешме учурунда сөздү бул жылы министрлик менен борбордук аппараттар бюджеттик акчаларды, кызматтык машинелерди, кымбат эмеректерди алууга жана мекемелерди оңдоп-түзөө иштерине жумшаганды токтотсун деген өңүттө баштайт да, Садыркуловдун отставкага кетип жатканын ортого таштайт.
Ага өтөп берген кызматы үчүн Бакиев өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Садыркулов өзүн жакшы жактан көрсөткөнүн айтат.
"Садыркулов жогорку деңгээлдеги чиновник кандай болуш керек экендигин көрсөттү. Мунун уюштуруу иштериндеги тажрыйбасы баа жеткис. Медет мырза 15 күндөй эс алгандан кийин анын жаңы кызмат орду аныкталат"- дейт Бакиев.
Саясат таануучулардын айтымында, Бакиев бийлигинин бекемделишине Садыркуловдун опол тоодой эмгеги бар. Себеби, борбордук аянттагы ар кандай массалык митингдер учурунда Ак үйдүн жетинчи кабатындагылар эмне кылууну билбей, алдастап калганда Садыркулов өзүнүн жүрүштөрү менен оппозициянын ортосуна суу чачып, бийликтин чырагына май тамызган жайы бар. Ошол эле учурда, ар кандай ыплас иштерди тымызын жасоо менен бийликти элге жек көрсөткөнүн да айтып коюшубуз абзел.
Бакиев президент болгондон бери өзүнүн президенттик администрация башчылыгынан үч адамды, атап айтканда Үсөн Сыдыков, Мыктыбек Абдылдаев жана Медет Садыркуловду алмаштырды. Ушу тапта "кийинкиси ким болоор экен?"- деп көпчүлүгү кулактарынын "локаторлорун" Ак үй тарапка буруп турган кези.
Ак үйдөгү ишенимдүү адамыбыздын айтымында, Садыркуловдун ордуна Мадумаровдун кан досу аталган Д.Үсөнов келүүсү мүмкүн.
"Жерибизде жарык өчүп, караңгылыкка камалып турган элибиз бир күнү нааразычылыгын билдирип, көчөгө чыгып, бийликти жарга такаса, Данчик андан чыга алабы?"- дегендер да жок эмес. Чыга алат. Себеби, ал Бишкектин Мэри болуп турганда, шаардык кеңештин чөнтөк депутаттарынын колу менен Ак үйдүн алдына митинг, пикет өткөрүүгө оңой эле тыюу салдырып койгон. Эми, Жогорку Кеңештин депутаттарына деле "Кыргызстан боюнча пикет кылууга уруксат жок"-деген мыйзамды токутуп коюшу толук мүмкүн. Кандай болгон күндө да, Ак үйдүн атка минерлери биз менен сиздерди эриктирбейт, урматтуу окурмандар!




  Мына сага!

Ибраимова отставкага кетти
Гезитибиз басмаканага кетип жатканда, вице-премьер-министр Эльмира Ибраимова отставкага кетүү тууралуу арызын президентке жолдогону маалым болду.
Жогоруда айтканыбыздай, эгер президенттик администрациянын эки тизгин, бир чылбыры Адахан Мадумаровдун досу Данияр мырзага тийе турган болсо, анда эшеги ташыркап калаарын Эльмира айым алдын-ала эле көзү ачыктык кылып, сезсе керек. Себеби, Мадумаровду парламент төрагалыгынан түшүрүүдө Ибраимова өзүнүн эбегейсиз салымын кошконун баары билет. Бирок, Ибраимованын өкмөттүн курамынан кетиши көпчүлүк үчүн орусча айтканда "не холодно, не жарко" эмеспи. Андыктан, анын кетишин саясий шоуга айлантып кереги жок.

Бетти даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"




Ким жеңди?
Субаналиев менен Эшимканов кызматтары менен кош айтышабы?
Саясий аналитиктердин пикиринде, Садыркуловдун отставкага кетиши президенттин айланасындагы күчтөрдүн тирешинин натыйжасы болуп эсептелет. Себеби, ар бир күч президентке таасирдүү болуу үчүн колдон келген айла-амалдарды колдонгон.

Маалыматтарга караганда, президентти эң негизги 3 топ курчап турат. Алардын бири - Жаныш Бакиев башында турган Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов, Эльмурза Сатыбалдиев, Молдомуса Конгантиев, Мурат Суталинов, Ахматбек Келдибеков, Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, ж.б.
Экинчи топтогуларга Медет Садыркулов башында турган Максим Бакиев, Нариман Түлеев, Өмүрбек Субаналиев, Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков, Сапарбек Балкыбеков, Эльмира Ибраимова ж.б.
Үчүнчү топтогулардын көч башында "серый кардинал" атка конгон Үсөн Сыдыков турат. Буларга - Марат Кайыпов, Өктөмхан Абдуллаева ж.б. кирет. Үсөн Сыдыков менен Жаныш Бакиевдин тобунун мамилеси түзүк, жөнөкөй сөз менен айтканда булар бири-бирине оппозиция эмес.
Ушундан улам, Жаныш Бакиев менен Үсөн Сыдыковдун командасы президентке "эгер биздин оппозицияга өтүшүбүздү каалабасаңыз, анда Садыркуловдун өзүн эле эмес, анын командасын да кошо кетириңиз. Эмесе, алар бизди "нормальный" иштетпей жатат"- деген шарттарын кабыргасынан коюшкан. Президент ары ойлонуп, бери ойлонуп, айтор, алардын айткандарына макул болуптур. Ошентип, Медет Садыркуловдун командасын Жаныш Бакиевдин командасы жеңди.
Демек, Садыркуловдун отставкага кетиши саясий майдандагы күрөштүн башталышы гана. Мунун артынан Субаналиев, Эшимканов, Ибраимова сыяктуу бир канча адам жылуу орундарынан айрылып, кызматтары менен кош айтышы толук мүмкүн.





Карайлаган калың журт, жолуң барбы?
Коргоп алар душмандан колуң барбы?
Исмаил Исаковго
кылмыш иши козголду
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковго чычкан жылынын 31-декабрында кылмыш ишин козгоо менен бийликтин жаңы жылдык "белегин" тапшырган.

Прокуратура кызматкерлеринин айтканына таянсак, алар генералды биринчи суракка 30-декабрда чакырып, анын министр убагындагы Балыкчы гарнизонунда жоголгон аскер техникалары жана бюджеттик акчаларды максатсыз жумшагандыгы тууралуу сурашкан.
Эң кызыгы, Башкы прокуратуранын кызматкерлери Исаковго козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий боек жок экенин баса белгилешүүдө.
Ал эми саясат таануучулардын айтымында Исмаил Исаковго карата кылмыш иши Ак үйдүн жетинчи кабатынын тапшырмасы менен гана козголгон жана саясий заказ деп айтууга толук негиз бар. Анткени, ал эмнеге Коргоо министри же Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда козголгон эмес да, качан гана Бириккен оппозициялык күчтөрдүн катарына кошулгандан кийин гана башталып олтурат?
Бюджеттик акчаларды максатсыз пайдаланган деген "дежурный" статьяны бийлик Равшан Жээнбеков менен Аликбек Жекшенкуловдун да мойнуна илген. Кызматтарында олтурганда эмес, туура Исаковдой болуп, оппозицияга өткөндө куугунтук башталган. Так что, сиз жалгыз эмессиз, Исмаил Исакович…











а ­е¦Є.НҐй«