Бириккен Элдик Кыймылдын Кыргызстандын калайык калкына Кайрылуусу
Урматтуу Мекендештер!
Мындан 20жылга жакын мезгил илгери доор өзгөрүлүп, жаңы замандын жаңы талабы аркылуу зарлап эңсеген эгемендүүлүккө жетип, келечек тагдырыбызды демократияга, укуктук коом курууга байладык эле. Тилекке каршы, бул бийлик ээси элдин турмуш деңгээлин жогорулатуу, ар бир атуулдун укугун, коопсуздугун жана эркиндигин коргоо, коррупция менен ачык күрөшүү, жеке үй-бүлөлүк-кландык бийлик жүргүзүүгө мүмүкүнчүлүк бербөө, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо, демократиялык-укуктук коом куруу жөнүндө эл алдында берген убадаларын таптакыр унутуп, элдин алгачкы ишенимин, акыркы үмүт-тилегин таш каптырып, айнек талкалагандай бычыратты, карапайым калктын жакшылыктан күдөрү үзүлүп, ой-тилеги суу сепкендей өчтү, өлкөнү экономикалык туңгуюкка алып келип, жалпы элди итке минген жакырчылыкка жеткизди, тентитип "тезек тердирди". Өлкөнү "Тезекстан" ататып, элди "Тезекбай" атка кондурду. Кыргыз улутунун шагы сынып, жылдызы түшкөн акыбалга жетти. Мамлекеттүүлүгүбүзгө зак кете баштады. Же мындай эмеспи…..?
Кабырга сөөктү кайыштырып, өзөктү өрттөгөн Кыргызстандагы кооптуу дагы, коркунучтуу дагы ушул кырдаал
- бизди, эзелтен эңсеп жеткен эгемен өлкөбүздүн, учурунда кут даарыган, а бирок бүгүнкү "жапайычылык" заманда көр тириликтен өйдө көтөрүлүүгө бийлик шарт түзүп, кам көрбөгөн кыргыз элибиздин тагдырына кайдыгер карай албаган жана ал үчүн жалпы улуттук ынтымак - ырашкерликти туу тутуп, түйүлгөн муштумдай биримдикте бүгүнкү күндө орун алган саясий, социалдык - экономикалык, рухий - нравалык терең тунгуюктагы кризистен чыгууну максат кылган өзүңүздөрдүн уул- кыздарыныздар, мекенчи боордошторуңар катары кайрылып отурат…
- Бизди, ата- бабаларыбыз башын канжыгага байлап, кылычтын мизи, найзанын учу, билектин күчү, баштын акылы, сөздүн асылы менен, энелердин жоктогон кошогу, карылардын кайгысы, аталардын ар - намысы, көйкашкалыгы, жесирлердин муңу, жетимдердин ыйы, тарткан азабы менен түптөгөн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калалы, келечек урпактардын наалатына калбайлы, эне сүтү менен кошо денеге тараган улуттук улуу түйшүктү бирге тарталы, тарыхый улуу жүктү бирге көтөрөлү дегенди аруу максат кылган кандаш - жандаш, ар - намыстуу боордошторуңар катары кайрылтып отурат.
Бизди бийлик кайсы жолго түртүп жатат? Келечекке кайсы жол менен барабыз? Эртең көрчү күн кандай болот? Рух - дөөлөттөрүбүз , нарк - насилибиз, аруу ар- намысыбыз эмне болот? Ушуну ойлонолу. Өлкөбүздүн тамыры - Кыргыз эли, Өлкөбүздүн өзөгү - Кыргыз эли, Өлкөбүздүн чынары - Кыргыз эли экендигин унутпайлы. Кыргыз эли -Кыргыз мамлекетинин уюткусу, түркүгү экениңерди унутпагыла жана тарыхый бул милдеттен, жоопкерчиликтен качпагыла. Бул бийлик элдин убал - сообунан, кара ташты тең жарган каргышынан коркуп да койбой, эл камын ойлоонун ордуна элдин ырыскысын талап - тоноп, көрбайлык чогултуу менен гана алек. Мамлекеттик деңгээлде карөзгөйлүк, кошоматчылык, абийирсиздик саясаты жүрүп турган чак.
Элге кылган мамилеси, жасаган иштери менен бийлик өзүнүн кадыр - баркын эл алдында толук кетирип алды. Эки сүйлөө, калп айтуу, жок нерсени бардай көрсөтүү, жасалмалуулук, карөзгөйлүк, зомбулук бийликтин эң ишенимдүү метод - ыкмасына айланды. Сөз жүзүндө демократия, укуктук коом, иш жүзүндө автократия бийлиги күчөдү. Бул бийлик эгемен мамлекетти демократиянын жолунда ырааттуу өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп калды. Бул бийликтен элдин ишеними кайтты, үмүтү таш капты.
Бир жагынан эл турмушунун ушунчалык оор абалга жетиши, кымбатчылыктын күндөн - күнгө өсүшү, коом бай, кедей деген чон ажырымдагы социалдык катмарларга бөлүнүп, колунда жок карапайым калктын укук-мүдөөлөрү аеосуз тебеленип жатышы - цивилизациялуу XXI кылымды эмес, эбак тарых архивине өткөн кайсы бир заманды эске түшүрүп калды. Электр кайра-кайра өчүп, газ асмандын башына чыккандыктан, айылдык калк гана эмес, шаардык калк да "тезек" жакканга өттү. Экинчи жагынан, ээ-жаа бербей "өркүндөгөн" коррупция ачык мүнөздө жалпы мамлекеттик денгээлге чыкты. Азыр пара албаган чиновник же башка мамлекеттик кызматкер жок. Башкаруу, тейлөө, укук коргоо мекемелери туташ жана терең коррупциянын барымтасына айланды. Уурулук, кылмыштуулук, киши өлтүрүүлөр барган сайын күчөп жатат.Чындыкты бетке айткан массалык маалымат каражаттары дароо жабылып, сотто "иш" козголуп, одоно коркутуп-үркүтүүлөр көнүмүш адатка айланды. Адамдар көчөдө, иште жана уйдө өз оюн ачык айтуудан коркуп калышты
Кадрларды жердештикке, акча, байлыгына карап жооптуу кызматтарга коюу элдин кыжырын гана кайнатууда. Колунан жарытылуу иш келбеген, эптеп имидж түзүүнүн амалын кылып, өзүнөн жогоркуларга кошомат жасоону чебер өздөштүргөн өлүмтүк, сайпана "кадрлар" эч көзөмөлү жок, эркинче чардап жатышат. Алар тарабынан мамлекеттин байлыгы көз көрүнөө таланып жана уурдалып келүүдө. Бул качанкыга чейин созулат?
Кыргызстандын миллиондон ашуун атуулу өз жеринде оокаты өтпөй, чет өлкөлөргө тентип кетишти. Улуттук нарк -насил тебеленип, улуттук идеология түп - орду менен жоголду.
Кыргыз элинин ар-намысы бийликтегилердин курган сарайы, вилла, түшкөн машина, самолетторуна курмандыкка чалынууда.
Урматтуу Мекендештер!
Чыдамдын да, сабырдын да чеги болот. Эгемен мамлекетибизде "гүлдөп" жаткан башаламандыктар менен ашынган абийирсиздиктерди жөнгө салууга мезгил жетти.
Биригели! "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып, жагдайды өзгөртүүнү Президенттен, Өкмөттөн талап кылалы. Коомдогу ушундай жан чыдагыс мыйзамсыздыкты, ар-намыссыздыкты элибиздин сергек, акыл-эстүү, терең патриот, мекенчил, саясий, социалдык-экономикалык чөйрөнүн маселелерин түшүнгөң, компетенттүү, жүрөктүү, атуулдар гана токтотуп, ишти андан ары оңдоп кете алат.




Бириккен Элдик Кыймылдын прокуратура, милиция кызматкерлерине жана сотторго
Кайрылуусу
Урматтуу прокуратура жана милиция кызматкерлери!
Урматтуу соттор!
Өлкө өтө оор саясий, экономикалык жана энергетикалык кризиске кабылды. Мунун башкы себеби - Президент К.Бакиевдин жөндөмсүздүгү, өлкөнү өнүктүрүүгө карата концептуалдык көз карашынын жоктугу, мамлекеттик түзүлүштөгү саясий жана экономикалык маселелерди жакшы түшүнбөгөндүгү. Натыйжада мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына үй-бүлөлүк клан ээлик кылып, жеке кызыкчылык өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору коюлуп калды. Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга коюп алышты. Муну ар бириңиздер жакшы билесиздер, күнүмдүк ишиңиздерде күбө болуп жүрөсүздөр. Акыркы үч жыл ичиндеги менчикти кайра бөлүштүрүү, ишканаларды, банктарды тартып алуу, бажы, салык жана энергетика системалары аркылуу көмүскө акча булактарын пайдалануу сыяктуу көрүнүштөр да ар бириңизге маалым. Бир сөз менен айтканда өлкөбүз ачыктан - ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылып жатат. Башкаруу органдары толугу менен коррупцияга батып, жада калса кызмат орундары, наамдар, чиндер да сатыкка коюлду. Өлкө туташ криминалдашып бара жатат, улугу менен уурусунун айырмасы жок. Криминал чөйрөсү бизнес маселелери гана эмес, саясий маселелерди да чечүүгө тартыла баштады. Бул абал да сиздер үчүн жашыруун эмес.

Урматтуу Мекендештер!
Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн жалпы мамлекеттик түзүлүшкө кыянатчылык кылынып жатат. Азыркы бийлик төбөлдөрү түндүк - түштүк кылып элди экиге бөлгөнү аз келгенсип, эми бири - бирине тукуруп, тууганды тууганга каршы коюу аракетин жасоодо. Бакиевдердин үй-бүлөлүк криминалдашкан башкаруусунун мындай кыянатчыл саясатынын запкысын азыр ар бир үй-бүлө тартууда. Үч жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз? Жада калса Кудай берген суу да сатылып кетип, эл тезек терип жан сактоого мажбур болуп олтурат. Ушундай шартта эл бийликке нааразы болбогондо кимге нааразы болот? Айыл арасында кыжырлануу күн санап өсүүдө. Ар бир үйдө Бакиевдерге карата каргыштан башка эч нерсе айтылган жок.
Ала-Тоо ыйык жерибиздин куту качып, элибиздин ырыскысы чачылды. Мамлекеттин тагдыры коркунучта, элдин келечеги күмөн. Жетээр жерине жеттик, мындан ары мындай ыймансыз бийликке эл чыдабайт. Үй-бүлөлүк криминалдашкан бийликтин келечеги жок
Урматтуу прокуратура жана милиция кызматкерлери!
Урматтуу соттор!
Бийлигин жоготуп коюудан жүрөгү түшкөн Президент Бакиев жана анын жакын туугандары калпыс, чукул чараларды колдонууга баруусу ыктымал. Бийлик кланы тарабынан оппозиция лидерлерине карата кысым көрсөтүлө баштаганы буга ачык далил. Бакиевдердин максаты - өлкөдө граждандык жана саясий укуктарга чек коюп, үйбүлөлүк кландын диктатурасын орнотуу.
Бул максат укук коргоо органдары менен сотторду жеке адамдын саясий кызыкчылыгына баш ийдирүү менен гана ишке ашышы мүмкүн. Бирок андай режимдин келечеги жок. Азыр 21-кылым, ааламдашуу мезгили, эл аралык коомчулук бар, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк шериктештик алдында өзүнө алган милдеттенмелери бар. Эң негизгиси - кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл, "кулак кескен кул" абалында жашоого көнбөйт. Беш-он кишини камаса болот, коркутса болот, бирок бүтүндөй элди коркута албайт эч ким.
Урматтуу мекендештер!
Биз сиздердин жеке инсандык акыл-эсиңиздерге ишенебиз. Бийлик кланынын тукуруусу менен мыйзамсыз аракеттерди жасоодон мурда өз ата-энеңерди, бир туугандарыңарды ойлогула, алар деле жыргаган турмушта жашап жатышкан жок. Балдарыңарды ойлогула, алардын келечеги кандай болот - ошону ойлогула. Сиздерге: "Кызматтасыңар, ант бергенсиңер, буйрукка баш ийүү керек"- деген сөздөр менен кысым болот. Бирок, сиздер "бийликтеги кландын гана саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын коргойбуз, анын коллундагы элге каршы колдонулуучу куралга айланабыз" - деп ант берген эмессиздер. Ар бириңиздер мыйзамдуулукту сактоого, укуктук тартипти камсыз кылууга, эл үчүн кызмат өтөөгө ант бергенсиздер. Биз сиздерге өз антыңарды бузбайт деп ишенебиз.

Урматтуу прокуратура жана милиция кызматкерлери!
Урматтуу соттор!
Биз, сиздерге Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес мекенчил жарандар катары кайрылып жатабыз!
Биз, сиздерди мамлекеттик бийлик калыс, акыйкат, ыймандуу, эл алдында жоопкер болсо деп самаган мекендештерибиз деп ишенип кайрылып жатабыз!
Сиздерге кайрылуу менен бирге биздин талаптарды колдоону жана биз менен бирге болууну суранып жатабыз!
Коррупцияга баткан, үй-бүлөлүк, кландык, криминалдашкан бийлик системасына "ЖОК!" деп айталы.
Калпычылык менен уурулук жок келечек үчүн "ООБА" деп айталы.
Биз өлкөнүн келечеги үчүн жоопкербиз, биз балдардын келечеги үчүн жоопкербиз. Өз тагдырыбыз өз колубузда.

Биздин күч биримдикте!