Абдыганы Эркебаевич,
Сиз чындыктан тайсалдабаңыз!
Экс-төрага А. Эркебаевдин "Ачык саясат" гезитинин 2008-жылдын 12- декабрындагы санындагы "Мага кызматтын кереги жок" аттуу макаласындагы "К. Бакиев Кыргыз Республикасынын премьер министри болуп мыйзамсыз дайындалган" деген билдирүүсүнө жооп.

Эртеби-кечпи, акыры Бакиевдин премьер - министр болуп дайындалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе чыгарын билсем да, ушунчалык эрте чуулгандуу болоорун күткөн эмесмин. К.Бакиевдин өкмөт башчылыгы легитимдүү же легитимсиз экендиги тууралуу М.Жумакадыровдун "Коркунучтуу илдет", А.Астаховдун "К.Бакиевдин драмасы" сыяктуу макалаларынан кийин А. Эркебаевдин билдирүүсү өтө олуттуу тарыхий-саясий маселе катары каралышы керек. Мындан ары аны көз жаздымда калтыруу бийликтин да, оппозициянын да чабалдыгын белгилеген негизги фактор катары тарыхка кирээри шексиз. Президентти түшүнсө болот. Бир жагынан, эгерде ал "2005-жылдын 25- мартында өлкөнүн президентинин ыйгарым укугун аткаруучу болуп туруп мени премьер-министрликке И.Кадырбеков дайындаган"- десе, анда түрмөдө отурганымдын өзү мыйзамсыз экенин моюнга алууга аргасыз болот. Жагдайдын адамгерчилик, моралдык-этикалык жагын айтуу ооздон айлансын. Бул фактыны көңүлгө албай, маселени башка өңүттөн алып карап, эгерде ал, "И.Кадырбеков мени дайындаган эмес"- десе жумушсуз жүрүп 2005-жылдын 25- мартында Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузуп, өзүн-өзү премьер-министрликке дайындап, бийлике мыйзамсыз келгенин"- моюнга алууга аргасыз.
Ал эми оппозиция, саясый элита эмне үчүн унчукпай, бул маселеге кайдыгер караганы акылга сыйбас көрүнүш. Ушундай жагдайда А. Эркебаевдин 25- марттан ушул тапка чейин мамлекетти башкаруунун мыйзамдуулугу жеке инсандын керт башына гана тиешелүү эмес, мамлекеттик маанидеги эртеңки тагдырды аныктоочу өзөктүү маселе деп баа бериши татыктуу саясатчынын көз карашы.
Урматтуу Абдыганы Эркебаевич, сизден мындай айбаттуу билдирүүнү күткөн эмесмин. Ар бир кадамды эсептеп, алды-артыңызды этияттап жүрүп, маанилүү билдирүү жарыялашыңыздын өзү омоктуу иш.
Сиз "Жогорку Кеңештин жаңы чакырылган депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өтүп калгандан кийин, депутаттык мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу И.Кадырбеков төрагалыкка мыйзамсыз шайланган, демек анын К.Бакиевди премьер-министр кылып дайындашы мыйзамсыз"- дегениңиз суу кечпеген кеп.
Акыл эси жетик, интеллектуал саясатчы- Сиз кантип эле депутаттардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 5 жыл болоорун, ал мөөнөт 2005-жылдын 14-апрелинде аяктаарын унутуп калдыңыз. Ошол кырдаалды эске алган Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, жаңы чакырылган депутаттардын каттоосун жокко чыгарып, мурдагы парламенттин депутаттарынын укуктарын өз мөөнөтүнө чейин калтырылсын деп чечим чыгарганы калппы? Эки палатанын чукул чакырылган жыйыны Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимине байланыштуу чогулганын жакшы билесиз. 25- мартта эл толкуп, өлкөнүн "бийлиги жерде тебеленип жатканда" мамлекеттин тагдырынын жоопкерчилигин алып, өкмөттүн башчысын бирөө дайындашы керек болучу.
М.Жумакадыров менен А.Астахов жазгандай мени түрмөгө отургузуу - маселенин моралдык-этикалык жагын эле эмес, саясий укуктук жагдайларга да тактоо киргизет. Мага каршы жасалма кылмыш ишин козгогон билермандарга кайрылаар элем; , "К.Бакиевди жалпы эл Кыргыз Республикасынын Президенти кылып шайлаганга чейин, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн премьер-министри болуу менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу болгон. Ошол эле учурда эң жогорку кызматтагы адам катары, бийликтин аткаруу, сот бутактарын калыптады, тиешелүү жарлыктарды чыгарды, мамлекетти башкарды. А биздин Конституцияга ылайык "эң жогорку кызматтагы адам",- деп өлкөнүн Президентинин ыйгарым укугун аткарган адам эсептелет."-деп жазылганын кимиңер жокко чыгарсыңар?
Бирөөлөр каалайбы же каалабайбы, тагдырдын буйругу менен мага 2005-жылдын 24-мартынан 25- мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу шыбагасы туура келди. Ага тарых күбө.
Мен өлкөнүн экс-президенти деген наамга жетүүгө умтулган эмесмин жана умтулбаймын. Анткени, анын чын-төгүнүнө да жетиш керек. Арийне, аны бийликтегилер каалабайт. Себеби, "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясы (сага карата) колдонулбайт, - деп алар мени түрмөгө отургузууга колдоо алуу үчүн, өздөрүнө мүмкүнчүлүк түзүшөт. Бирок, 11-статья К. Бакиевге колдонулабы, жокпу? Маселенин маселеси ошондо. Аны алдын - ала ким боолголойт?. 2005- жылдын 25- мартындагы К.Бакиевдин өлкөгө премьер-министр болуп дайындалышы тууралуу юридикалык тартиптеги документтердин баарын коомчулукка ачык жарыялашка кудуретиңер жетеби?"
Байкадыңызбы Абдыганы Эркебаевич,
Сиз өлкөнүн келечегине олуттуу таасир бере турган маселе көтөргөнсүз. К.Бакиев Өкмөттүн премьер-министр болуп мыйзамсыз дайындалса бардык ченемдик укуктук актылардын, мыйзамдардын, анын ичинде Эл аралык макулдашуулардын, келишимдердин легитимдүүлүгү жөнүндө маселенин калкып чыгышы ыктымал. Жыйынтыгында болсо, өлкөдө революция эмес, төңкөрүш болуп, бийликти зордук менен басып алуу дегендикке барып такалат. Кырдаалдын мындай өнүгүшүнүн биздин мамлекетке зарылдыгы барбы?
Албетте, акыркы суроого акыйкат жоопту өзүм деле берсем болот эле. Бирок, ашмалтай ишти жараткандар өздөрү жооп беришине мүмкүнчүлүк бермекчимин.

Ишенбай Кадырбеков




  Тегиңди билесиңби?

Же журт башылар ким болгон?
Көптөн бери ар кандай жагдайга ылайык колума калем кармабай калдым эле, эми болбой калды көрүнөт. Буга эки окумуштуу сөрөй курдаштарым себепкер болду. Алар да тарыхчылар. Айтор, көп нерседен талашып отуруп, журт башылардын тегин сүрүштүрүп кеткенибизди да аңдабай калыптырбыз. Ошентип, таңды атырдык. Эми өзүңүз күбө болуңуз. Көптөн бери көкүрөгүмдү өйүп жүргөн ойлорумду ортого салайын.

Деле, кыргыз кыргыз болгону тарыхый маалыматтарга таянсак, эң байыркы элдерденбиз. Кытай элинен кийин эле байыркы эл болуп саналат экенбиз. Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов кыргыз эли үч миң жылдан мурда эле мамлекеттүүлүккө ээ болгон деген далилдер менен чыгып жатат. Дастан Исламович бекеринен айтпайт. Чындап эле анын далилдери жөндүү экендигин айрым бир аалымдар да тастыктап жүрүшөт.
Эми кыргыздын генеологиялык тегин, ээлеп келген жерин айтсак, канча бир кылымдардан бери биздин эл тиягы Американын Аляскасынан, биягы Кытай чебинен ашып, Бээжинге жетип жатпайбы. Манас атабыз өз учурунда Бээжинди ээлеп, өзүнүн чогулткан 800 миң аскери менен ал жерде үч жылдан ашык бийлик кылган деген тарыхый маалыматтар бар. Бекеринен байыркы кытай эли кытай чебин жоокер көчмөн кыргыздардан коргонуш үчүн курдурган эмес да. Демек, дубалдардын ар жагы байыркы кытай элиники, ал эми берки жагы бизге тиешелүү болот экен да. Аны кытай тарыхчылары өзүлөрү деле жакшы билишет.
Ал эми Ыраакы Чыгыш,Сибирь, Алтай жери кыргыз урууларына тиешелүү экенин кыргыз окумуштуулары эбак эле далилдеп коюшкан. Белгилүү тарыхчы, Кыргыз Академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору А.Асанканов Алтай жерине барып келип айтып жатпайбы. Анын айтымында, азыркы биздеги жер-суу аттарынын аталыштары кудум ушул жердегидей эле ошол Алтайда да бар экен. Ал тургай кушчу, саруу, тейит, базыс ж.б. уруулар, алардын ар биринин эн тамгасы да сакталып калгандыгын жарыя кылды. Мындан кандай тыянак чыгарууга болот? Албетте, өз убагында кыргыздар Борбордук Азиядан тышкары Кытайдын теңине Алтай, Сибирден тарта, тиягы Ыраакы Чыгышка чейин жетип, ал жерлерге кылымдар бою ээлик кылып келгендигинен кабар берип жатпайбы.
Баса, 19-кылымдын аягы, 20-кылымдагы айрым тарыхчылар "кыргыздар байыркы сак, усун урууларынан тараган. Кыргыздардын көзү көгүш, чачы саргыч, бойлору узун болгон"-деп жатышпайбы. Ошондон улам мындай тыянакка келсек да болот. Венгерлер, финдер менен да кыргыз элинин генеологиялык байланышы болсо керек .
Эми өтө алыстабай Манастан бери жагын эле айталы. Айкөл Манас атасы Жакыптын тилин алып, азыркы кыргыз жерине келет эмеспи. Алгач түштүккө, ал жер ысык болот экен деп Ат-Башыдагы абасы Катагандын Кан Кошоюна жолугуп, андан кеңеш сурагандан кийин мурдагы ата-бабасы жердеген Таласка эле кетейин деп чечет. Демек, Алтай жери менен азыркы кыргыздардын жашап жаткан жеринин түзүлүшү, аба-ырайы да бир болуп жатпайбы. Айрым маалыматтарга таянсак, Алтай дегенибиз кадимки эле Ала-Тоо дегенди түшүндүрөт. Байыркы Орхон-Енисей жазуусунда "тоо" деген сөз "тай" болуп, Алтай болуп калган. Мисалы: Сибирь-Шибер, Энесай-Ээнсай, Саратов-Сарытоо, Омс, Томск-Омбу, Домбу. Ушинтип, аталып калгандыгы тарыхый чындык. Ал тургай, азыркы тарттырып жиберген Каркыраны айтпаганда, Казакстандын Иле суусунан тарта Алматы шаары, андан ары Сибирдеги жерлердин көбү кыргыздарга таандык болгон.
Ошондуктан, жер чек ара маселесине келгенде ушул жагдайларды биздин жетекчилер, депутаттар эске алышса болмок. Мына, Үзөнгү-Куушту кытайларга, Каркыраны казактарга тарттырып жиберди. Атайын элдин акчасынан, элдин акырынан жем жеп отурушкан академик, тарыхчыларыбыз мындай маселеге эмне үчүн кайдыгер карашат, унчугушпайт? Бирин-экин санжырачы аксакалдар айтканы өтпөй жатпайбы. Бул маселе биздин мамлекеттик катчынын деңгээлине көтөрүлүп, ошол киши атайын окумуштуу, адистерди чогултуп, аларга өкмөттүк деңгээлде тапшырма тагып сураса кана?
Кыргыздын тарыхы "байыркы"-деп жүрөбүз. Ошондо Манас бабабыз дүйнө жүзүнө тарап, чачырап кеткен кыргызды чогултпады беле.
Манаста: Үзүлгөндү улаган.
Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама курап журт кылдым-деп бекеринен айтылбаган чыгар.
(Уландысы 10 бетте)