Ак ийилет, бирок сынбайт

Эркиндин өлүмүнө ким себепкер?..
Ар бир адам баласынын укугу коом алдында тең болот деп айтып жүрөбүз. Алардын бардыгынын укуктары бирдей корголууга тийиш. Кудай Таала жер жүзүнө адам баласын жаратты. Адамдар коомдогу системаны түзүп, адам укуктарын коргоо үчүн укук коргоо органдарын ишке киргизген. Бирок азыркы учурда "пулуң болсо кулуңмун" деген сөздөр коомду бийлеп жүрөт эмеспи. Бул сөздүн дагы чындыгы бар. Бирок кандай болгон күндө да адамдар укук коргоочулардан акыйкаттыкты гана күтөт. Албетте айласыздан чындык, акыйкаттык, адилеттүүлүк бар деп, биз адамдар укугубузду коргоо үчүн күрөшөбүз.
Гезитибиздин мурдагы сандарында берилип, Жайыл райондук сотунда каралып жаткан милиция кызматкери Жолдошбек уулу Эркиндин өлүмүнө себепкер деп айыпталып, алты айдан бери күнөөлүү болуп отурган Рустам Иманалиевдин, Максат Базарбаевдин, Бахтияр Өмүрзаковдун, Алымбек Абазбек уулунун 2009-жылдын 12-январында соту болуп өттү.
12-январда саат 10-00 дө башталат деген сот өзүнүн көргөзгөн убактысынан бир кыйла кеч башталды. Сотко келип чогулган элдин саны элүүгө чамалады. Көбүнчө айыпталып жаткан балдардын жоро-жолдош, туугандары болуп, эгер ошол жерде туура эмес чечим чыкса чаң-тополоң кылгандан кайра тартпачудай болгон жаш балдардын жүздөрүнөн заар чачырап турду. Сыртта туруп буту-колу тоңгон адамдар соттун башталышын чыдамсыздык менен күтүшүп, айласыздан сот залына кире башташты. Айыпталып жаткан төрт баланы темир тор ичине киргизип, милициялар сыртында кайтарып турушту. Кудайым бөөдө кырсыктан сактасын .Айыпталып жаткан балдардын кубарган өңдөрүн, шишимик тарткан көздөрүн, айрыкча арасынан эң жашы Алымбектин аксап араң баскан кебетесин карап туруп, айласыздан көзүңө жаш аласың. Чыныгы кылмышкерлерге наалат айтасың. Алардын көздөрүнөн акыйкаттык барбы? Жардам бергилечи, айланайындар дегендей түр байкалгансыйт. Кенедейинен багып, өстүрүп, эрезеге жеткирген уулунан заматта кол жууган Эркиндин энесинин бир жерди тиктеп чындыкты күтүп отурганын көрүп туруп, эй чыныгы канкор, бир адамдын өмүрүн кыйганың аз келгенсип, эми бөөдө бирөөлөрдүн убалына калбай өзүңдүн күнөөңдү өз моюнуң менен тарт деп кыйкыргың келет. Мына ошентип ар кимибиз ойго батып отурганда, көптөн күткөн сот да башталды.
- Ордуңардан тургула!
- Сот келатат.
Залдагы эл тынчтанып, судья Урмат Чырмашевди гана күтүп калышты. У.Чырмашев соттук ишти баштап, биринчи сөздү айыпталуучу Максат Базарбаевдин адвокаты Эркин Алымбеков өзүнүн Максатка карата көргөзмөлөрүн, башкача айтканда СИЗОдон денесине жаракат алгандыгын, ал боюнча экспертизанын далилдөөсүн, ошондогу сүрөтүн, жана дагы эң кызыгы киши өлтүрүү боюнча жаңы кармалган Кыдыралиев Өзгөрүштүн, Ибрагимов Саид-Алинин "Эркин Жолдошбек уулунун өлүмүнө биз себепкербиз" деген мазмундагы катын тапшырып, ушул боюнча карап коюусун өтүндү. Буга жабырлануучу тарап каршы болуп, прокурор Рыскулов Арстан мыйзамдуу түрдө каралса, каршы эместигин билдирди. Бирок жабырлануучу тараптан Жолдошбек уулу Эркиндин байкеси Сегизбаев Наамат бул ишке таптакыр каршы болуп, туура эмес экенин билдирди. Ошону менен негизги күбөлөрдү суроо башталып, так ошол жүрөк өйүткөн окуя болгон күнү Эркин Жолдошбек уулунун жанында болгон милиционер Курманов Эсенбек күбө катары суралды.
Курманов Эсенбек. 1981-жылы туулган. Эркин Жолдошбек уулу менен бирге Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген. Ал соттун- "Бул жерде айыпталып отурган балдардын кимисин тааныйсың"- деген суроосуна "Максат Базарбаевди тааныйм. Бирок, анча эмес, жөн гана жумуш боюнча"- деп жооп берди. Ошону менен Эсен ошол окуя болгон күндү баштан-аяк эмне болгонун тааныштыра баштады. Эсендин айтуусу боюнча жумушта дене тарбия менен машыгып бүтүшүп, саат 10.30да чогулушка киришкенин, андан чыгып ар кимиси өз жумуштары менен алек болуп кетишкенин айтып өттү. Эсен сөзүн улантып, андан ары эмне болгонун тегиз тизмектеп баштады. Восточный көчөсүндө май айында кылмыш болуп, бир аялды өлтүрүп кетип, ал кылмышка тиешелүүлөрдү издеп чыгуу боюнча Эркин Жолдошбек уулу мага айтты, "барып келели"-деп. Экөөбүз түшкү тамак учурунда жолуктук. Өз иштерибизди кылып, участкага барып, издөө иштери боюнча маалыматтарды бердик. Анан Эркин экөөбүз жогорудагы кылмыш иши боюнча дагы бир ирет көз жүгүртө кетели деп, күндүз барган жерге кайрылдык. Машинадан биринчи Эркин түшүп кеткен эле. Бир маалда мылтыктын атылган үнү угулду. Эркин кеткен тарапка чуркап барсам, үч бала өтө тездик менен качып жөнөштү. Аркасынан чуркап жетишпей калдым дагы, кайра Эркиндин жанына келсем, ал чалкасынан түшүп жатыптыр. Өйдө кылып кимдер деп сураганымда "көрсөм тааныйм"- деп жооп берди. Анан чогуу иштеген балдарга чалдым. Алар келип догдурга алып кетишти.
Мына ушуларды күбө катары айтып жаткан Эсенге судья, адвокат, прокурор, жабырлануучу тараптан берилген суроолор "көрсөм тааныйм"- дегенден башка эч нерсе айткан жокпу?, "айланаңардан кимдир бирөөнү көргөн жоксуңбу?"- деген өңдүү көптөгөн суроолоруна жооп берип жатты. Судья тарабынан "дагы кимде суроо бар"- дегенде айыпталуучу Максат Базарбаев менде бар деп, ордунан туруп, Эсенге карата "биринчиден сен мени жакшы тааныйсың, ал гана эмес менин үй бүлөмдү дагы билесиң, экинчиден, сен эмне себептен Эркин өлгөн күндүн эртеси эле жумушуңдан которулуп кеттиң"- деген суроону узатты. Албетте, Эсен бул суроону күтпөсө керек, болгону "үй-бүлөмө байланыштуу себептер менен кеттим" -дегенден башка эч нерсе айта алган жок. Адвокат Эркин Алымбековдун "окуя болгон жерден кылмышка тиешелүү балдардын саны канча эле"- деген суроосуна Эсен, "үч бала"-деп жооп берди. Ал эми ошол эле адвокат "үч балага окшош балдар бул айыпталып жаткан балдарбы"-дегенде, "Жок! Мен ал балдарды тааный албай калдым"-деди.
Бирок, Эсендин көргөнү боюнча үч бала болсо, ал эми айыпталып отурган балдар төртөө болуп жатпайбы? Анда бул балдардын төртүнчүсүнүн жасалган кылмышка кандай тиешеси бары, андан дагы айыпталып жаткан төрт баланын бирөөсүн дагы Эсен болжолдоп да тааныбасын айтып жатканы түшүнүксүз болуп жаткандай.
Дагы кошумча күбөлөрдүн жоктугунан улам сот иши 2009-жылдын 14-январында уланмакчы болду. Сыртка чыгып маркум Жолдошбек уулу Эркиндин байкеси, башкача айтканда Эркиндин атасынын агасы менен сүйлөшүүнү көздөп, ал адамды сөзгө тартканымда макул болбой жатып араң көндү.
- Саламатсызбы байке, атыңыз ким?
- Сегизбаев Наамат. Эркиндин бир тууган агасы болом. Эмне болду?
- Кайсыл жакта иштейсиз?
- Анын силерге эмне кереги бар?
- Бизге кереги жок. Бирок айтыңызчы, сиз бул иш боюнча эмне айта аласыз?
- Бизге акыйкаттык гана керек болду. Башка эч нерсенин кереги жок. Керек болсо мен сиздердин гезиттен да акыйкаттыкты күтөм.
- Албетте, сиз бир тууганыңыз үчүн күйүп жатасыз. Мен түшүнүп турам. Айтыңызчы, сиз чыныгы кылмышкерлерди ким деп ойлойсуз? Же эптеп эле бирөөнү соттотуп ийсеңиз иниңиздин өчүн алып, көксөңүз сууп калабы?
- Чыныгы кылмышкерлер ушулар деп эле ойлоп жатам. Ушулар деп эле эсептейм. Себеби, булар башында моюнуна алышкан.
- Башында "бул балдарды уруп, сабап моюнуна алдырышкан"- деген сөзгө кандай жооп бересиз?
- Бул деген калп. Мен буга ишенбейм.
- Бул кылмышты башка эки бала моюнуна алыптыр го?
- Атайын даярдалган деп ойлойм. Себеби, мен муну азыр да байкап турам. Өткөндө бир той болгондо М.Базарбаевдин ата-энеси менен чогуу болгонбуз. Ошондо да байкагам.
- Сиз чыныгы күнөөлүүлөр соттолсо дейсизби же бөөдө бирөөнүн баласын соттотуп жиберип, иниңиздин өчүн алганы жатасызбы? Эгерде андай болбосо жанагы моюнуна алып жаткан эки баланын суралышына
макулсузбу?
- Чын эле күнөөлүүлөр соттолушун каалайм. Кантип эле мындай ишке барайын. Мен деле атамын го. Менин да балдарым бар да. Бирок жанагы эки баланы сураганды тергөөчү гана чечет. Мен эч нерсе айта албайм.
Мына ошентип Наамат байке менен сүйлөшүп бүтүп сүрөткө тартайын десем, "сүрөткө тартпай эле кой кызым, ансыз эле чыгар"-деди.
2009-жыл, 14-январь, саат 3-00
Өткөндөгүгө караганда сотко келген элдин саны өтө эле көп болуп, залга батпай турду.
- Сот келатат!
- Ордуңардан тургула.
Кылмышка тиешелүү деп айыпталып жаткан төрт баланын соту кадимкидей эле көрүнүштө башталды. Судья У.Чырмашев:- "Айыпталып жаткан тараптан келишкен кошумча күбөлөрдү сурайлыбы же "бул кылмышты биз кылганбыз"-деп моюндарына алып жаткан балдар, (азыр дагы бир киши өлтүрүү боюнча камалышкан) Ибрагимов Саид-Али Асылбекович менен Кыдыралиев Өзгөрүш Талапбековичти сурайлыбы"- дегенде, жабырлануучу тараптын адвокаты каршы экенин, аларды адвокатысыз суракка албашын айтты. Ортодо бир топ талаш- тартыш сөздөрдөн кийин, "айыпталуучу тараптын адвокаттары күбө катары гана суралат"- дегенде, судья У.Чырмашев: "Ал балдар күбө катары гана суралат. Алар азыр бул жерде, алынып келинген. - Эгер алар адвокатсыз эч нерсе айта албайм- десе, анда, сотту кийинкиге калтырабыз"-деп калыс сөзүн айтып өттү. Прокурор Рыскулов Арстан каршы эместигин билдирди. Мына ошонун негизинде эки бала күбө катары чакырылып, адвокатсыз эч нерсе айтпоосун билдиришти. Андан кийин айыпталуучу тараптан кошумча күбөлөр Артем Геннадиевич, Умелт Мусаевич, Бекбоева, Осмоновдор суралды. Жабырлануучу тараптын күбөлөрү келбей калышты. Ушуну менен эки тарап макулдашып, сотту 2009-жылдын 23-январына жылдырышты. Ошону менен бирге судья У.Чырмашев "Күбөлөрүңөрдү толук алып келгиле, эмки сот менен аяктайлы" деген тыянакка келди Сот процесси жүрүп жатканда судья У.Чырмашевдин ден-соолугуна байланыштуу тыныгуу болгон учурдан пайдаланып, темир тор артында отурган айыпталуучу Бактияр менен сүйлөшкөнгө үлгүрдүм. Жанында кайтарып отурган милиция жаш болгондуктанбы же эмнеден экенин белгисиз бизге тоскоол боло алган жок.
- Бактияр жанталашып, "эже эмне сурооңуз бар"-деп жанталашып мени карады.
- Атың ким?
- Бактияр менин атым.
- Милициялар тараптан уруп-сабоолор болбой элеби?
- Жок, азыр болбой эле. Бирок башында болгон. Мени үйгө тинтип бараардын алдында башыма пакет кийгизип алышкан. Жана бул жерде күбөлөрдөн сурап жатты го бети-башында так бар беле деп, мени үйдү тинтип кеткенден он эки күндөн кийин тергөөдө сабашкан.
- Азыр сабашкан жок да ?
- Жок.
Аңгыча сөзүбүздүн аягына чыга электе милициялар көрүп калышып, Бактиярды алып чыгып кетишти. Мына ошентип мен Бактияр менен аягына чейин сүйлөшө албай калдым.
Эсиңиздерге сала кетсек, бул сот иши боюнча гезитибиздин өткөн санында жазылган "Түйүлгөн түйүндү ким чечет" деген темада макала жарык көргөн эле. Бирок негедир түйүлгөн түйүн чечилчүдөй болуп калды көрүнөт. Азырынча эч ким эч нерсе деп айта албайт. Эч ким эч кимди күнөөлөй албайт. Элдин күткөнү- соттун гана калыстыгы. Бирок негедир мен канча сотторду көрүп жүрсөм да У.Чырмашевдин жүргүзүп жаткан соту азырынча калыс жүрүүдө деп айтууга болот. Эмнеси болсо да бөөдө бирөөнүн баласы ыйлабай, кылмышкерлер табылып, туура жазасын алышса болду.
Ырынан чыры көп бүтпөгөн соттон күткөнүбүз акыйкаттык
Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"