Байдыкем жөнүндө
кыскача баян же
"Салам сага Сарногойдун коргону"
(башы өткөн сандарда)

Биз таанышканда февралдын аягы болчу. Анан эле май болуп калды. Баягы "Москвичке" коркпой отуруп калган кезегим. "1-майды досторум менен чогуу олтуруп майрамдайлы" - деди Байдылда. Жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин ижарасына бардык. Жалил, Мухтар, Абдылдалар бар экен, майрам тосуп, кечке жуук тарадык. Байдылда энелеш карындашы менен турган ижарасына чакырды. Мен эмнегедир кооптоно баштадым. "Ушул үйдүн хозяйкасы бол. Бир түтүн булатып жашайлы. Өзүң деле институтту бүтүп жатыпсың" - деген сөздөрүнөн улам шекшип, "Айылда ата-энем бар, дагы окуп аспирант болом" деген бирдемелерди айттым. Багбанды канча шаштырба, алма өз убагында бышат да. Бой салбаганыма Байдылда кырт дей түштү окшойт, унчукпай эле калды зыңкыйып. Аңгыча эле болбой коңшулаш турат экен № 5 мектепте бизге физкультурадан сабак берген Макешева эжейим кирип келсе болобу. "Ой, №5тин балдары кайдан жүрөсүңөр окшошуп. Жүргүлө биздин үйгө, майрамдап кеткиле" - деп шакылдап үйүнө ээрчитип жөнөдү бизди. Барсак эженин энеси, күйөөсүнүн энеси айылдан келишип майрамдап жатышыптыр. Айланып жүрүп аягы, жардамдаш болду баягы дегендей эле болду, же мурда сүйлөшүп коюшканбы, билбейм. Эжейимдин энеси: "Байдылдага тийбегенде жигиттин пири Шаймерденге тиймек белең?" - деп каарыса, кудагыйы: "Ой, айланайын, ырысың тоодой турбайбы, Байдылданы көралбай жүргөн канча?" - деп зекиди. Баарылап эпке келтирип, кепке көндүргөндөй болду. Анан калса байкең да акидей асылбаган, желимдей жабышпаган, ичинде чогу кайнап турса да чар көпөлөк айланбаган киши эмеспи, турду зыңкыйып. "Тегирмендин барасы жүрсө, ташы талкаланууга даяр" деген бар эмеспи. Ооба, көз жашы кылып ыйладым. Анан да ичим ысып жүргөн кишимдин шагын сындырып, беделин түшүргүм келбеди. "Узун чачтуунун эстүүсүн, узун этектин кептүүсүн алдым деп, башына күнү туугандай сүйүнгөн Байдыкем колуңузду кармалап, кобурап тургам" - дейт го. Анысы эсимде жок, ошентсе ошенткендир. Таанышкандан бери колумду кармаганы ошо болсо керек. "Кантип, женпеддин жанындагы актерек менен көктеректер далай өбүштөргө күбө болгон, бажалардын баарын таанышат ал теректер" деген ой айтылган ырлары бар эмеспи?!" Ал ырлар акындык кыялдан жаралган ырлар. Байкең ошо биз таанышкан үч ай ичинде өбүшмөк турсун колумду кармаганы жанагы өзү айтып турган учуру болсо керек эгер кармаса...
Кээде бул сухбатка Байдыкемдин өзү аралашып сөз ушерге келип калганда жылдызын чача жыргай күлүп: "Кең көйнөктүн тазасы, кыз аттуунун пашаасы, дили таза, зили асыл деп алгам да өзүңдү, - дээр эле,- эмине жаман болдубу?" Зина жеңе ага кабагым-кашым деп койбойт. "Эмнеге жаман болмок эле, жаман болгон жок. Бирок кийин кызыгы, бир табак сызыгы болду! Ай өтпөй суржылаандай сурданган алдыңкы эрди менен жерди, үстүңкү эрди менен көктү шыпырган аял ижарабызга кирип келип, таламандын дал түшүндө чакчелекей түшүрүп, чагылганын чагып кетти. Байкеңе айтпаган сөздү айтып, айкырып орусча-кыргызчалап ашатып, жаш аялыңды окуудан чыгартам деп институтума чуу койду. "Ушундай кыз менин никелүү күйөөмдү тартып алды. Мындай уятсыз кыздарды кантип окутасыңар?" -деп ректорго чейин чаң салат. Жакшы окуганым үчүн гана окуудан чыкпай калдым. Анын үстүнө бүтүрүү экзамендери башталып калган. Нурийла кээде кызын көтөрө келип тополоң салганда мындайды көрбөгөн жаным кирерге жер таппай калчу. Каныма сүлүктү, жаныма бүлүктү ошо салды. Анда байкең боору ооругансып: "Мен ажырашып кеткем, муну менен жашабайм, билесиңби, арыктан аттабасын, экинчи каттабасын деп үчталагын эчак бергенмин" - деп колдурачу. Үчталак эмне экенин деле түшүнбөйм. "Мурда эмне айткан жоксуң?" - деп ыйлайм. Ыйлаган бойдон чыгып кеткен жатаканама, дос кыздарыма кайра барам. Байкең артыман келип, алдап-соолап кайра алып кетчү үйгө. "Катынды алган оңой, ажырашуусу кыйын турбайбы, - дечү Байдыкем,- ажырашуу дегениң азаптын этин жегизбедиби. Андан көрө жүндөн уйгак алган жакшы экен..." Кыжырың келсе кыл чайна, соттон сотко барып, акыры ажырашып, алимент дегенин төлөп Байдыкең башын бошотуп чыгат. Кайсы бир ичиште тыйын тартыш болуп калып, дагы бир 100 граммга жетпей тургандагы айтылуу Мидикемдин:
"Таластан чыккан Тайсарым,
Сенин кайсыныңды айтамын.

Алимент берип кызыңа
Акчанын баарын кайсадың." деген какшыгынын тамыры ошол жакта болчу.
Ошентип кан кайнаткан капалуу күндөр артта калат. Жакшы көргөн кишиңдин жамандыгы көрүнбөйт, кемчилиги билинбейт дегендей күзгү шамалга муздай түшкөн ысык көңүл, кайрадан эрип, кайрадан төрт тарабы кыбыла, жоголгону табылган, бирин - бири сагынган мамыр-жумур жашоого өтөт. Жыл айланып эркек балалуу болушат. Атын Байдыкем өзү Баяс коет. Бул: "Байдылда Я Сарногоев" дегенди түшүндүрөт деп айтып жүрүшөт. Оорду колдон, жеңилди жерден алар арка-бели жок Байдыкең кайын журтунан кабар алалбай, же ак бата, кызыл кан деп алдына баралбай, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кыйла жыл кыйырсыз жылып кетет. Анан да акын өзү жазгандай: "Мен акынмын, кээде кедей, кээде бай, Ичкен ашым кээде кесме, кээде чай. Кай бир күнү капа кылам өзүңдү, Жаш балаңа сүттүк акча табалбай" - калган, өйдө тартса ылдый, ылдый тартса өйдө жагы кызарып көрүнгөн көйгөйлүү турмушу өтүп жаткан.
Байдыкемдин кайынатасы Токторбаев Асип Түптүн Талды-Суусунда көп жылдар бою башкарма, райондун райпосунун председатели болуп иштеген, нары шекер сөздү бекер сөзгө, кастарлуу кепти камгак кепке айлантпаган нарктуу, барктуу карыя эле. Кызынын узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына билинген акын Байдылда Сарногоевге тийгенине ичинен сүйүнөт. Жамандык жерге жатмак беле, жанагындай жаңжалды да угушу абзел. Бирок кайната ага терикпейт. Ак - караны тең карап, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөргөнүн билдирип, кеп байкаган көсөм, сөз байкаган чечен экендигин көргөзүп кызына өзү кат жазат. "Силер да жашаялмет болуп калдыңар. Баш калкалар өз үй, өлөң төшөгүңөр болбогондон кийин, керегеңерден май агып, ирегеңерден бал таамп жаткан жоктур. Алдына жыгылабыз дегенди койгула. Курчалышып куда, кучакташып дос болот деген ушу. Түбөлүгү түз болсун де. Андан көрө күйөө бала күйөө балалыгын көргөзүп, Ала-Тоонун мойнундагы тумардай болгон Ысык-Көл жөнүндө бир ыр жазып келе берсин"... "Араң турган карышкырды кыйкырып күчөтпө" деген бар эмеспи. Ыр дегенде ышкысы артып, тулпардай туйлаган Байдыкеңе калың ордуна ыр жазып бер - деген сөз майдай жагат. Көктөн тилегени жерден табылат. Ошол түнү отура калып көл жөнүндө "Жер соорусу", анан ал жакка бара жатканда "Балыкчы", "Каркыра", "Түп суусу" деген жылдыздуу ырларды жазат. Жетөөнүн бири кыдыр дегендей, бул жерге ошол калыңга жазылган жети түрмөк ырды толугу менен келтире кетейин. Кандайын өзүң талда, окурман.

(Уландысы кийинки санда)




  Элүүбай Отунчу уулу

Молдо Асан
Тарыхый роман
(башы өткөн сандарда)
Демдерин ичине алып, карыянын дубасынын ар сөзүн көкүрөктөрүнө кыттай куюп тыңшаган жамаат жапырт "Оомийин!" деп бата тартышты.
Анан баары орундарынан туруп, бири-бири менен көкүрөк тийгизе көрүшүп "намазыңыз кабыл болсун!" дешип тилек билдиришти.
Көңүлдөрү көтөрүңкү, кыймылдары шайдоот жамаат шашпай, улуулата сыртка жөнөштү.
Намаздан чыкканда таң агарып, тоо-таш, талаа дебей бүтүндөй ак мамыкка оронуп мемиреп калыптыр.
Молдо Асандын сайдын кашатындагы бак-шактуу чоң ак үйүнөн чыккан түтүн морунан көтөрүлүп эле короонун тегерегиндеги ит мурун, чычырканагы калың жийделүү бакка сиңип жаткансыйт. Сайдын аркы кашатынын ар кайсы жерине тигилген боз үйлөрдүн чакан короо, бастырмалары бар жепирейген тамдардын арасынан түтүн чыгып, эрте тургандар тегеректерин, бири-биринин үйүнө каттаган бир таман жолдорду күрөй баштаптыр. Айрым үйлөрдөн тырс эткен дабыш чыкпай, шамдары да жок ың-жың. Алардын ээлери малы менен кыштоолорго эбак көчүп, үй-жай, короолорун туугандарына, коло-коңшуларына "көз сала жүргүлө" деп дайындап коюшкан. Бүлөлүүлөр бирин-серин бүлөсүн таштап, өздөрү "кыштоо малга да, жанга да жайлуу, жылуу. Талаа-түстүн ызгаарында бүрүшүп жүргүчө, бороон-чапкындан ыктоо, курут эзип, сары май салып жупка жеп мал көздөп жүргөнүбүз жакшы" деп тоого кетишкен. Талаанын тирилигин жактыргандар болсо "тоо-ташта ак кар, көк музда тайгаланып жупка менен этке тойгуча, кампадагы кызылдан тегирменге мол кылып ун тартып алып, таруу бозого тоюп, керээли-кечке ордо ойноп жүргөнүбүз жакшы эмеспи. Бирин-серин малыбызды өзөндөгү бадал, камыштуу саздардан деле багып албайбызбы дегендери да жок эмес. Айрым камбылдар жайкысын талаадан чөп чаап, боолап жыйнап коюшат. Саман, топондорун да маялап, тегерегин чарбактап тикен калап алышкан.
Нарбото менен Баялы мечиттин алдын күрөп болушкандан кийин алдыга түшүп, ылдый айылды көздөй жол салып, экөө эки жакты карай карды бургута ыргытып, тердей башташты.
- Келе эми бизге бергиле, бир аз кол кабыш кылалы! - деп Асан Нарботонун күрөгүн алды. Мамадияр имам Баялынын күрөгүн кармады.
- Ой, бой мунуң бир батман карды күрөйт го! - деп Асан Нарботонун күрөгүн тегерете карап, салмактап көрдү. - Муну кимге чаптыргансың. Эни эки-үч карыш келет баштанат.
- Өзүм эле чаап алгам. Бирөө ушинтип такмазалап чаап береби? Былтыр жайында Чымкенттеги баарын таякелерге айылдап барсам кыркылган жоон бака тереги бар экен. Жээндикке салып сурап алып, ошерге бир-эки күн түнөп чаап алдым. Таякеме да бир күрөк чаап бердим.
Асан төрт-беш кадам күрөгөндөн кийин эле болдуруп, колдору уюй баштады. Аны сезген Нарбото - Молдоке, өзүмө эле бериңиз. Бул күрөк баарына эле бой бере бербейт - деп жылмайды.
- Аның ырас экен! - деп Молдо Асан сабы узун өзү эндүү да, салмактуу да күрөктү Нарботого бере салды.
Узун бойлуу, кең далылуу лакыйган жигиттин оор карды сезип-сезбей жеңил гана серпий ыргытып, тез-тез арыштап баратканына Асандын ичи жылып, артынан жай басып келе берди. Мамадияр имам да алыс узай албай кибирей баштаганда күрөктү Баялы ала койду. Ал да ишке бышык, дене бою чың, чаалыкпас немелерден. Көп жылдардан бери Молдо Асандын эгинин багып, кышкысын короо-жайын карашып кызматын кылат.
Кар күрөгөндөр Молдо Асандын короо-жайына жакындай бергенде, аларды утурлап аткошчу Бердибай чыкты. Кемселинин жеңдерин түрүп, эки этегин белбоосуна кыстарып койгон. Бети албырып алыптыр. Кең короону бүт күрөп, эшиктин алдын чоң тикен шыпыргы менен шыпырып, эми жолду күрөйүн деген.
- Ассалому алейкум! - деп Бердибай баарына ийиле салам берип, Нарботого кайрылды. - Наке, калганын өзүм деле күрөп коём, сиздер дем алыңыздар.
Нарбото күрөгүн карга сайып, нымшыган чекесин сүртүп, жылмайып койду:
- Эми, эки аттам жер калганда чарчайт белек?
- Оо-у, али кайда! Баякем экөөбүз тиги чоң жолго чейин чыгабыз, анан токойчонун арасындагы жалгыз таман жолдорду да күрөйбүз.
- Кой, эртең мененки насиптен калбайлы. Калганын чай ичкенден кийин Баялы экөөңөр бүтүрөсүңөр. Кана, үйгө жүргүлө - деп Молдо Асан баарынын астына түштү.
Олуя-Атадагы байлардын үйлөрүнүн үлгүсүндө айбанчасынын кадалары саймаланып, көгүлтүр сыр менен сырдалган, байтеше менен төрт кырдуу кылып чабылган устундарына жазы чабак жыгачтар кыналган, үстүнө камыш төшөп, самандап калың шыбап балык жон кылып жабылган чоң үйгө киришти. Төркү бөлмө абдан кенен, ооз жакка жаңы ала кийиздер, төргө чоң кызыл килем төшөлгөн. Килемдин үстүнө калың курак төшөктөр кабаттай салынган.
Саймалары оюп түшүрүлүп, түркүн сыр менен сырдалган эки окшош арча секиченин үстүнө кынаптап жыйылган жүк шыпка жетет. Үйдүн кире беришиндеги оң бурчтагы күмүш баканга түлкү ичик менен түлкү тебетей илиниптир.
Меймандар орун алары менен дасторкон жайылып, жапкан нандар коюлуп, боорсоктор төгүлдү. Эки кырма табакка салынып каттамалар келди. Саймалуу жыгач чөйчөктөргө сары май үймөктөлүп, жайык табактардын үстү өрүк, мейиз, жаңгак, набаттарга толду. Жагана салынган эки чоң табакка орун калбагандай болду эле, башкаларды ары-бери сүрүшүп, аларды да жайгаштырышты.
Молдо Асандын байбичеси толмоч тартып, агыш бети нурданып, көздөрү бажырайган Айжан сыңар тизелей, ак жибек көйнөгүнүн узун этегин кымтыланып алып, чоң кашкар чайдоостон аппак кытай чыныларга булоолонтуп чай куюп бере баштады.
Мамадияр имам төрдө чөк түшүп, башын ылдый салган бойдон чайды аздан ууртап, этият олтурат. Нарбото сопу кар күрөп кызыган денеси ысуулаганы али да басылбадыбы, чайга көп көңүлдөнбөй Айжанды кайра-кайра тиктей берди да акыры чыдай албады көрүнөт:
- Айжан жеңе, муздак суусун бар болду бекен? - деп калды.
- Ии, бар эмей, кымыз алдырайын - деди да Айжан алаканын шак чаап койду. Эшик акырын ачылып, кызыл тору келин баш бакты.
- Кымыз алып келгиле! - деди Айжан.
Эки кулактуу чоң миз чарага куюлган кымызды Бердибай көтөрүп келди да ожоо менен көпкө сапырып, анан чоң кеселерге мелтирете куюп, улуулата сунду. Мамадияр имам кымызды ооз тийип дасторконго коюп, чай ичкенин улантты. Нарбото кымызды дем албастан жутуп, бошогон кесени кайра сунду. Экинчи кесени жарымдай жутуп, суусуну канып, жаны жай алган Нарбото оозун аарчып, мурутун сылап, тунжурай түштү.
- Чайга жок баштанасың, жаганадан ал! - деди Молдо Асан.
(Уландысы кийнки санда)