С а я с а т

Талас-Манастын мекениби
же Абыке, Көбөштүнбү?
Бүгүн ушул суроонун оролу келип турат окшойт. Чынында эле, кайсы бир күнү бул суроону өзүбүзгө-өзүбүз беришибиз керек эле да, эт менен челдин ортосунда сөөлжандай былжырап жүрө бербей. Жалаң эле таластыктар эмес, бүтүндөй кыргыз эли баш катырчу суроо болуп турат бул суроо.

Алгач ар кимибиз бул суроону өзүбүзгө берели, анан жаныбыздагы адамга, кошунабызга, айылга, районго берели, чынжырдай тизмектеп дубандарга өткөрөлү, бүтүндөй Кыргызстанга жайылталы. Ошондо барып көлдүгүң Көл кылаасынын ыйыктыгын, нарындыгың Теңир тоонун бийиктигин, Жалал-Абад, оштугуң Кыргыз жеринин улуулугун сезет чыгаарсың? Болбосо, жүрөгүндө ата-бабалардын ар-намысы ойнобогон, кан тамырында кыргыздын каны күргүштөп акпаган элдин алеки саатта эле маңкуртка айланып кетиши мүмкүн экендигин кечээ "Түп окуясы" тастыктап отурат.
Ошондон улам, мен бүгүн өзүмө-өзүм "Талас-Манастын мекениби же Абыке, Көбөштүнбү?"-деген ачуу суроону берүүгө мажбур болуп отурам.
Ушуга чейин өзүмдүн таластык экениме сыймыктанып, аны жашоонун бизге ыроологон эң бир улуу белегиндей туюп, "Жер шары менен Күн шарынын ортосун түнөк кылып (Э.Межелайтес) келген жаным "Талас Абыке, Көбөштүн да мекениби?" деген ый аралаш суроону бүгүн таластык жердештериме узаттым.
Таластын "каймактары"-акимдер (Человек-это звучит гордо М. Горький)
Акыл пештеп отурсам кыргыз элинде биринчи "датка" даражасын биздин бабаларыбыз, Таластын Манас район аймагынан чыккан Ажыбек Датка, анын уулу Кыдыраалы Даткалар алышкан экен. Кыдыраалы Датканын баласы Нурак баатырдын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов "Нурактын дарга асылышы" аттуу жүрөк титиреткен ырында минтип жазган эле:
"Жаткан жериң жай болсун,
Торко болсун турпагың!
Өйдө, башың ийгенден,
Дарга асылып турганың…"
Көк жоргосун туйлатып
Жөнөй берет шамалдай.
Кээ бирлери ыйлашып,
Дарга ээлери алаңдай,
Кантер айла табалбай…
Казганак эл дуулдайт:
"Уулуна да ыракмат",
Ушундай уул өстүргөн,
Энеге да ыракмат!
Мындай эне барында,
Мындай уул барында,
Сел да ал эл-каптаган,
Ал эл-күйгөн жалын да!.."
Көрсө, Нурак атабыз Кокон ханы Кудаярхандын ордосуна кирип барып айткан тура:
"…Эркин жашайт эзелтен,
Манас ата тукуму.
Эл атынан сөз айтам-
Бүтсүн хандык кутуруу
Жигиттериң даңгыттай,
Жортуп элге келбесин
Келсе Кокон кайрылбайт,
Кыя чабам келдесин!"
Билсең-баатыр Нуракмын.
Күйүп турган чыракмын.
Эми келди мүчөлүм,
Эби болот чыдаштын!"
Көрсө, бу бабаларыбыз чындан эле Манастын тукумдары тура. Андан бери жүздөгөн жылдар өттү. Жылас болгон жылдар тукумдарды жумурткага айландырып кетиптир
Көзүн көрүп калгандардын арбагын козгобой, Таласты "бийлеп" турган бүгүнкү "мыктыларды" эле карап көргүлөчү.
Өтмөк ашуусун ашып түшүп, Таласты аралап киргенде Манас айылы бар. Ошол айылдын кулуну Манас (атабыздын арбагы кечирсин. Ушул атты кантип көтөрүп жүрдү экен?) Жолдошбеков деген жигит азыркы күндө Талас районунун акими болуп отурат. Кыйындыгынан жетти дейсиңерби, 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоодо "Ак жолдун" район боюнча уюштуруучусу болду эле -бүгүн аким. Районго сиңирген болгон "эмгеги" ошол.
"18-январда "Ата-Мекен" партиясы Манас айылында партконференция өткөрөт" дегенди уккандан баштап уйку бетин көрбөй, райондун "буту менен басып, мурду менен тынган" "чоңдорунун" баарын Манас айылына "десант" кылып көчүрүптүр. Жадагалса, бир тууган иниси Максат Жолдошбеков жетектеген райондук күзөт (милиция) кызматкерлерин жөн адамдарча кийиндирип, "Ата-Мекенчилерди" жумуртка, помидорлор менен "тосуп алууга" катуу даярдык көрүшкөнү ошол эле күнү белгилүү болгон.
Качкын президентибиз Аскар Акаевдин да, бүгүнкү президентибиз Курманбек Бакиевдин да сүймөнчүк "кол баласы", Ширшов деген оен бар. Кыргыз элинин энергетикалык ырыскысын шимирип соруп, баарыбызды караңгыда карайлаткан "эргулдардын" анабашыларынын бири да ушул Ширшов.
2005-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордо Таласка чоң портфели менен келип, чоң акчаларды Акаевдин "кандидаттары" үчүн чачып жүргөн Ширшов 15-январда кайрадан Таласка түшүп, "Ата-Мекенчилер" үчүн жумуртка, помидорлорду кандайча "заготовка" кылганын Таластын базарындагылар алигиче "жомок" кылып, ар бир "провокатордун" колуна 2000 (эки миң) сомдон акча карматкандарын, ал акчалар РЭСтердин эсебинен берилгенин "даңазалап" жүргөндөр четтен чыгууда. "Кыңыр иш кырк жылда" эмес, кылы кыйшайбай туруп ошол эле күнү Таласка тараган. Көпчүлүгүбүз анын чындыгына Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунан күбө болуп, жон терибизден өткөрдүк.
Элдин турмушун оңоочу акчалар мына ушинтип кетип жатса, аны Бакиев бийлиги өзү уюштуруп жатса, анан кайсы ырысыңа ушуларга ишенип отурасың дейм да, шордуу кыргызым?
Же Бакай-Атанын акими Көчөркул Сатымкуловго үмүт артып отурасыңбы?
2005-жылдын мартында ири алдыда "Таласка Бакиевдин бандиттерин киргизбейбиз"-деп бакырып чыккан "азаматыбыздын" дал өзү. "Балыкчы балыкчыны алыстан көрөт" дегендей, президенти менен баягы "бакырчак" Көчөркул экөө бүгүн бири-бирине куп жарашып, бири-бирин толуктап турган кербездери.
18-январда "Ата-Мекенчилердин" жолун жүздөгөн милициялар менен айыл-айылга чейин тосуп, Бакай-Ата айылын канчалык "шакекке" (кольцо) алса да "Ата-Мекенчилер" да, социал-демократтар фракциясынын депутаттары Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаевалар да айыл азаматтарына жолугуп, айтар жалындуу сөздөрүн айтып алууга жетишкендиктери үчүн, ошол мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергендиги үчүн К.Бакиев "идеялаш" соратниги К.Сатымкуловго же орден бериш керек, же кызматынан алыш керек. Президентинин талабын аткара албагандар үчүн бүгүнкү күндө башка жол жок.
"Ачык саясат" гезити болсо Сатымкулов жөнүндө "санжыралар" сериясын даярдоодо. Аманчылык болсо Бакай-Ата акиминин нагыз жүзүн ачып берүү мезгилдин талабы эле, аны Сатымкулов өзү 18-январь күнү саат 13:30 да оолжуп, ойду-тоону сүйлөгөн мас провокаторлорду баштап, элдик азаматтардын шагын сындырам деп келип, өзүнүн багын сындыруу менен тездетип берди.
Мени кыжаалат кылган бир нерсе-мына ушул Сатымкуловго окшогон, артында сыйлаган бир адамы жок "чоңдордун" арасына Бабыров Өмүркул деген жигиттин "кыпчылып" жүргөнү болду. Опурулганды да үйрөнүп алыптыр, болбосо убагында кыздай созулган, "Ак Дөбө" айылынын көзгө басар жигиттеринин бири эмес беле. Бу "Ак жолго" бир жакындап алсаң, андан соо чыкпайт турбайсыңбы. Элге кыянаттык кылуунун ийне-жибине чейин талыкпай окутуучу "мектеп" окшоп калды. Өз элине, элдин азаматтарына "үргөндү" жүдаа катуу үйрөтөт окшобойбу. Эмнеси болсо да Өмүркулубуз эртерээк эсине келгей эле деген эле тилек.
Кара-Буура акими Сарпек Эшалиев досум жөнүндө эмнени айтайын? Кыргыздар "куутумшук" деп койчу беле? Же Бакиевдин артынан "кошо кетем"-деп түйүнчөгүн түйүп койгонбу? Эмнеси болсо да Таластын кулуну кылар ишти эмес, иттик кылганын өзү түшүнгөн окшойт деп калдым. Муну мен жок жерден эле же асмандан алып жыйынтыкка келген жокмун. 19-январдагы сот процессинен соң көлдөлөң болуп жайылып Ө.Текебаевди баш кылып, А.Жекшенкуловду төш кылып "козу жеп кеткиле"-деп эпилдегенинен улам айтып отурам. Же Бакиевдин акимдери милиция, прокурор, өздөрү сатып алган "провокаторлордун" курчоосунда турганда кыйын болуп, Текебаев менен теке маңдай келгенде "тыйын" болуп калабы?
Ушундай акимдерге ишенген президентке да баракелде. Көрсө, буларыңдын колунан кошоматтан башка "коко тыйын" да, анан өздөрүн-өзү рекламалап, акимчиликтин ичи-тышын толтура "жылдын мыкты акими" деп жаздыргандан башка эч нерсе келбейт окшойт.
Ишенбесеңер, Кара-Буура акимиатынын ичине бир баш багып койсоңор С.Эшалиевдин өзүн-өзү ошентип "ксерокопиялап" даңазалаган "шедеврлерине" өзүңөр күбө болосуңар.
Кимдин ким экенин гезитибиздин өткөн санында Э.Аттокуров "ашмалтайын чыгара" жазып чыкты. Кайталаганда эмне? Бүгүн Таластын элин мына ушундай "азаматтар" башкарууда. Булар өздөрүн Таластын "каймактары" катары сезишет окшойт. "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" болушуп, "жинди сууга" 20-30 кишини "жиниктирип" алышып, топ жаруу "өнөрүн" өлө үйрөнүп бүтүшүптүр. Анан дагы, бозо саткан төрт катынды ары-бери сүйрөшүп, "десант" кылып, райондон районго "ыргытканга" өлө машыгышкан экен, аларыңдын "айт" дегенге атырылып барып асылышканын көрсөң, өзүнчө бир "керемет спектакль"
Мынакей, бүгүнкү акимдердин көргөн-баккан "кызматы". Ошол эле убакта, жашоо оордогондон-оордоп, Таластын эли күнү бүгүнкүгө чейин төө бурчагын ылайыктуу баада өткөрө албай, ботодой боздоодо. Эл камын ойлоп, анын көйгөйүн азайтайын дегендин ордуна "аким-каймактары" Ак үйдүн кабак-кашын карап, чогула калган беш кишини кууп таратууга күч үрөп, күнүмдүк оокаты өткөнүнө кудуңдап отурууда.
Буларың Талас элинин шоруна келген акимдерби же багынабы?
Кийинки сөзүбүз милиция, прокуратура кызматкерлери тууралуу болмокчу.
Бабырбек Жээнбеков,
гезиттин башкы редактору




Төгүндөө
"Сведения, опубликованные в газете "Алиби" №14(041) от 23 апреля 2008 года в статье "Генаралдар менен полковниктердин тиреши" предложения "В данное время в Пограничной службе КР (далее по тексту ПС КР) сложилась тяжелая моральная обстановка, негативно влияющая на качественное решение служебно- бытовых задач по обеспечении пограничной безопасности Кыргызстана. Эта обстановка сложилась в результате грубых нарушений и злоупотреблений в кадровой политике со стороны председателя ПС КР генерал-майора Молдошева З.М. и начальника главного штаба ПС КР генерал-майора Джамалова А.К. Основные цели председателя Пограничной службы КР генерал-майора Молдошева З.М. и начальника главного штаба ПС КР генерал-майора Джамалова А.К. направлены на некачественное решение задач по обеспечению пограничной безопасности страны, а на интриги и проведение кадровой чистки в своих личных интересах. Так, в 2007-2008 г.г. по инициативе генерал-майора Молдошева З.М. и генерал-майора Джамалиева А.К. без объяснения причин были освобождены, а затем по различными предлогами уволены из Пограничной службы КР такие опытные и грамотные профессионалы в сфере обеспечения пограничной безопасности страны как, начальник Главного оперативного управления полковник Кожобергенов Д, начальник Главного управления пограничного контроля полковник Кабаева М.Э., начальник Главного управления оперативного контроля полковник Эсенбаев М.А., начальник управления кадров полковник Шамыралиев С., секретарь коллеги ПС КР полковник Койлубаев М.М., начальник отдела закупок полковник Кузьменко С.В., В феврале 12008 года без каких-либо объяснений был освобожден от занимаемой должности и в последствие выведен а распоряжение начальник Южного регионального управления ПС КР- заместитель председателя ПС КР полковник Мамбеталиев И.С. не соответствуют действительности"
"Сведения, опубликованные в газете "Алиби" №17 (044) от 14 мая 2008 года в статье "Зарвавшиеся генералы" в первом абзаце "В нарушении требований пунктов 45, 49 Положения "О порядке прохождения воинской службы офицерским составом Вооруженных Сил КР" генерал-майор Молдашев З.М. и Джамалов А.К. в апреле 2008 года без законных на то оснований и проведения предварительных бесед с офицерами, без согласования с заместителем председателя пограничной службы, полковником Худайбердиевым З.З., курирующего деятельность главного управления пограничного контроля, осуществили ряд незаконных назначений свыше 20 офицеров органов пограничного контроля", в абзаце втором "Существующие разногласия стали возможными вследствие неправомерных действий генерал-майора Джамалова А.К., который обладая компрометирующими материалами в отношении многих военнослужащих Пограничной службы в органах военной контрразведки ГКНБ КР, направляет все свои силы для решения вопросов касающихся кадровых назначений в свои личных интересах" не соответствуют действительности.".