М а д а н и я т

Күмөндөр Абылов,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:
"Айлалары эле жок, болбосо жарыкты 30-40 сааттан өчүрөлү дешет"
- Күмөндөр байке, сиз маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлү эмессизби, сөзүбүздү ушул маданият тармагынын бүгүнкү абалынан баштасак?
- Акыркы жылдары маданият тармагында бир аз жылыштар болуп келе жатат. Бирок, кайсы тармакты сөз кылбайлы, ал тармактын абалы сөзсүз өлкөнүн абалына жараша болот. Кандай болгон күндө да маданиятка жеткиликтүү денгээлде көңүл бурулса, маданият өлкөнүн өнүгүшүнө абдан чоң салым кошоор эле. Азыр биздин өнөр адамдарында эч каралбаганы- эстрада жанрындагылар. Эптеп эле ыр аты кылып, "чампалап" окшоштуруп, казактан алып,өзбектен алып, корейлерден алып, кыргызча ыр болсо да, французча, англисче акценттер менен "жы,жы,жы" "ие, ие, ие" деп ырдашып, тили келсе да, келбесе да ооздоруна тиш жуугуч салып алышкансып, "тууй албай жаткан эчкидей" өздөрүнчө эле келесоо болуп жатышат. Кээ бир ошол ырчы сөрөйлөр: жок дегенде эски, сонун, канга сиңип калган ырларды жөн-жайына койбой, жаңыртабыз деп, "жы,жылап", "ие, иелеп" шалтактатып буза башташты. Алар элдин, өзгөчө жаштардын улуттук музыкага болгон табитин жоготуп жатышат! Ошол радиолордун, телеканалдардын фонетика, видеотекаларын, атайы композиторлор менен акындардан турган эксперттик комиссия түзүп, кылдаттык менен баарын текшерип, текши тазалап чыгышыбыз керек . Министрибиз С.Раев театрга көбүрөөк көңүл бургансып жүрөт. Фонограмманы жок кылам деп чыккан. Фонограмманы жок кылса, бизде он эле пайыз ырчы калат. Калганы түп-орду менен жок болот. Ушуну колго алса жакшы болмок. Бардык талапка жооп бере турган эстрада театрын ачыш керек да, жарактууларын тандап алыш керек. Жараксыздарын "тойлордо көрүшкөнчө жакшы бар " деп койсо, эң жакшы болоор эле.
Экинчиси, сатира жанрын айтсак. Менин досум Р. Разыков "Бешилик", "Беш-айры", "Беш тапан" деп жаштарды чыгарып жатканы эң жакшы. Бирок, алар Рахмандын жазып бергенин аткарышып, сахна тартибин үйрөнүү менен гана чектелишүүдө. Себеби, аларда театралдык билим жок, режиссерлордун колдорунан өтүшкөн эмес. Мындайча айтканда, алар оозун ачып, жем сураган балапандардай.
Үчүнчүсү, азыр автордук укук да "кудайга шүгүр" тебеленип жатат. Аткаруучулар бир ыр ырдап чыгышса болду, "баланча ырымды аткарып коеюн" деп автору боло калышат.
Дагы айта турган нерсе, кыргызда той көп болот. Тойдун өтүшүнүн да өзүнчө маданияты болушу керек. Ар кандай тойдо ар улуттун өкүлдөрү конокко келип, катышып калат. Кечки саат бештен баштап түнкү он экиге чейин той өткөргөн кафе, ресторандарда жүрөгүңдү түшүргөн "даңкылдак-дүңкүлдөктөр" башталат. Көп рестрондардын ээлери "Акустика" деген илим бар экенин өмүрүндө уккан эмес. Ичи бош челекке түшкөнсүп, бир сүйлөгөнүң үч кайталанып, кулагың тунат. Анан, бардыгы "присяга" берип жатышкансып опокшош тосттор, мас болуп алып чучуктай чаңырып ырдашкан ачуу үндөр. Ошончо саат жаңырган жерде олтуруп көр да, эртеси иштеп көр. Андай тойлорго айла жоктон, той ээсин сыйлагандан гана барасың. Илгери, тойго барганда бугубуз чыгып, эс алып калчу элек. Мындай тойлордон кийин түндөсү уктай албай, албарсты басат , бука сүзөт, иттер каап, мышык тытып, буура кубалап, тойдогу тосттор, ырдаган мастардын ачуу үндөрү кулагыңа жаңырып чыгат. Ушунун баары маданияты жок тойлордун кесепети. Керек болсо, тойлордун өтүшү боюнча мыйзам кабыл алышыбыз керек деп ойлойм.
- Мисалы, кандай тартиптеги мыйзам кабыл алсак болот?
- Тартиби эң жөнөкөй эле. Үч сааттан ашырбоо керек. Убактысынан ашса чоң өлчөмдө айып тарттыруу керек. Ошондо өзүнөн-өзү кайталанма тосттор токтойт. Белектерин эл чогулуп жатканда гардеробдун жанында каттодон өткөрүп, тойдун ээси жок эле тапшыра башташат. Бир саат тамада, артисттердин программасы менен биринчи тамак ичилет. Бир саат "өпкөлөрү карайгыча" бийлешет. Дагы бир саатта оюн-тамаша менен беш бармакты жеп, тарап кетишет. Ошентип убакыттан да, ашыкча чыгымдан да, маданияттан да утабыз. Башка улуттун өкүлдөрү да ыраазы болушуп, "оо, кыргыздар тойду эң сонун өткөрүшөт экен" - деп тамшанышмак.
- Эми маданиятан темасынан саясатка өтсөк. Элибиз саясаттан "жакшы сабак" алып жатпайбы, эл ичинде сиз да "саясат сабагын" жакшы окуп жатсаңыз керек. Себеби, бул багыт сатирага абдан керек эмеспи?
- Азыр бир каналда концерт, бир каналда сессия болуп жатса, сессияга өзүңдөн мурун балаң которот. Азыр атасына баласын кайрап жаткан заман, атасы баласынын уруксаты жок күндөлүгүн карап койсо, "сотко бер"- деп тукурган, "Балдардын укугун коргойбуз"- деген сыяктуу бузуку уюмдар бар. Азыр биздин өлкөдө идеологиянын жоктугунан туш тарабыбыз чар жайыт болуп жатат. Мисалы, саясый агымдар, ар кандай коомдор, диний агымдар, айтор, менталитетибизге такыр туура келбеген агымдардын баары биригип, элди бузуп жатат. Алардын бири "бешиктен бели" чыга элек балдарыбызга "төшөк маданиятын" өздөрүндөй бетсиздик жол менен ачык формада үйрөтүп жатышат. Элибизде ал маданият эчак эле өнүккөн.
Эл азыр канчага бөлүнүп кетти? Бири "христиан", бири "баптист", бири "теңирчи", бири "хизбуттахирчи", "иегова", бири "исламчы" дегендей. Анан эр болсоң, ошол элди бириктирип көр! Дагы жакшы, каныбызда ынтымак бар үчүн жашап жатабыз, чачылып, чабылып кетпей. "Демократия" деп эле четтен келген "балээлерди" кабыл ала берүүбүз- жеткен макоолугубуздун, эрки жоктугубуздун ачык далили.
Мен былтыр бир америкалык жигит менен уруша кеттим. Аны мага тааныштырган таанышым " бул жигит үй-бүлөдө эркектин милдети кандай, аялдын милдети кандай болуш керек? Канткенде үй-бүлөдө ынтымак болот? Ошол үй-бүлө маселесин үйрөтүп, окутканы келген"- дейт. Жиним келди, өңгөсү бүтүп, эми ушул эле калгансып! " Америкада үй- бүлө ынтымагы укмуш болуп кеттиби?"- деп тааныштырган бала менен да уруша кеттим. Кетип бара жатып көпкө чейин: " кап, тигинтип айтпай, минтип айтпай"- деп ызаландым. Дагы бир жолу, бир тойдо тамада элем. Бир кыргыз кыз америкалык жигитке баш кошкон экен. Үйлөнүп жаткан кайнисин куттуктап америкалык жигит тост айтып калды: "Аял кишинин үй- бүлөдөгү орду, эненикинен да жогору болушу керек"- дейт. Ушунда да аябай калчылдап жиним кайнады. Котормочусунан котортуп муну айттым: "Роберт күйөө бала, макул ,силер жакшы жагыңарды бизге үйрөткүлө. Бирок, биздин да силерге үйрөтө турганыбыз бар, угуптур! үй-бүлөдө, эң биринчи статусу боюнча ата турат. Экинчи- апа. Үчүнчү- күйөө. Анан төртүнчү болуп аял киши турат. Эненин ордун эч бир келин алмаштыра албайт! Карындашыбыз- балким, Америкада аял кишинин статусу жогору экен деп, сага күйөөгө тийгендир.Бирок,биздин салт боюнча ага төртүнчү орунду бере бер,биз таарынбайбыз. Биздин кеңешибиз- сиз энеңизден аялыңызды эч качан бийик койбоңуз"- дедим. Кандай кабыл алды билбейм.
Дагы бир абдан зээнди кейиткен маселе- эне тил көйгөйү. Бийлик ушул тил саясатын оң жолго салууну ыкчамдатса. Жетишпей калгансып, кыргыз болуп жаралгандарына ардангандар, өз тилинде сүйлөгүсү келбеген "киргиздер" көбөйдү. Ата-Журтунун кадырын билбей, арданган акылсыз акмактар, андай эле кыйын болсо, жарынып, асылып, муунуп өлүп алышпайбы! Саясат десе эле, "көбү бийлик алмашуу"- деп түшүнүшөт. Сясаттын түрү толтура да. Коомдогу "кылт эткен" бардык кыймылдын баары тең, өзүнчө бир "саясат" болуп саналат.
- Азыр, айрыкча жаштар арасында "Күмөндөр айткандай, свет көп өчүп, кыргыздар көбөйүп жатат"- деген тамашалуу сөзүңүз көп айтылууда. Ушул "модалуу" сөздүн негизинде энергетикалык кризиске көз карашыңыз кандай болууда?
- Кандай болсун, эл катары эле кабыл алып жатабыз. Жарык өчкөндө "Ии-иий"- деп калабыз. Күйгөндө "Ой! Көзүң ачылгыр"- деп кыйкырабыз. Жарыкта отуруп, "жарыкчылык кандай сонун" -деп тамшанабыз. Албетте, өлкөбүз энергетикага бай туруп, караңгыда олтурганыбызга абдан арданам. Казактардыкы сарайына чейин күйүп турат. Биз тарап капкараңгы, эч нерсе көрүнбөйт. Биз жакты карап кара туман каптаган го- деген ойго кетесиң, самолетто келатып. Жок, балээнин да андай эмес. Бизде жашабай калган жарыктын жок экенин эстей коюп, айласыздан күлөсүң. Күлүп жатып, ичиңде ачуу чындык ойнойт, ар кандай ой кетет, "казак" эле болуп калбай деп да ойлоп коесуң. Айлалары эле жок, болбосо жарыкты 30-40 сааттан өчүрөлү дешет. Тилекке каршы, бир суткада 24 эле саат болуп жатпайбы. Бардык эле адамдар "өмүргө экинчи жолу жаралсам, кемчиликтеримди кайталабайт элем"-дешет, бирок өмүр кайра келбейт. Бийликке кээде кайрылып келет. Өзгөчө бизде бир эмес үч-төрт жолу келет. Бийликтегилер ордуларын кайра-кайра алмашышып, кезектешип, каалаганча кирип-чыгышып, келип-кетишип иштеп жатышат. Шерине биякта калсын. Бирок, ошо кайрылып келгендер мурункусунан да начар жагын көрсөтүп жатышат. Демек, кыргызга эч кимиси күйгөн жок. Энергетикалык тармактын кризиске батканын эч ким иликтөөгө алган жок. Токтогул ГЭСи эмне үчүн соолуп калды? Кургакчылык дейбиз. Мурда, эмне үчүн кургакчылык болсо да соолуган эмес? Арал деңизи кайдан толуп жатат? Же биз уктап жатканда бир чо-оң "Дөө" чо-оң чөмүч менен сузуп "Аралга" куюп жатабы.
- "Кичинекей мамлекет" болгон үй-бүлөңүз жөнүндө кеп козгосоңуз?
- Жеңең Жамийла экөөбүздүн баш кошконубузга 25жыл болду. Кыргыздар январда үйлөнбөйт деп коюшат эмеспи. "Тежигирээк" окшойбуз". "Эмнеге бул айда болбойт экен, болот эле"- деп 10-январда үйлөнгөнбүз. Кудайга шүгүр! Төрт балабыз бар. "Үй- бүлөдө казан-аяк кагышат"- деген эң туура, биздин да казан-аяктарыбыз кагышкан учурлар болот. Кээ бирөөлөрдүн "казан-аягыбыз кагышпайт"- деп мактанышкан сөздөрүнө такыр кошулбайм . Менимче алар "договор" менен жашашат же "көп жерлерин ажыратып коюшкан, иштетишпей". Балким алар эч нерсе менен иши жок "роботтор го" деп коем. Кээде жакшы көрүп деле урушасың. Мисалы, мен кошунамдын аялы менен такыр урушпайм, анын пальтосу эскиби, жаңыбы? Кийимин тетир кийип алабы? Көзүн көк же, ак кылып боеп алабы? Кыскасы мага да, ага да бары бир дегендей кеп да. Ал эми аялындын ар бир кыймылы менен эсептешкенге туура келет. Кээде кызганыч үчүн да уруш болот. Жиниң менен "чыныңды айтып ала жаздайсың" Бирок, жеңең экөөбүздүн уруштарыбыздын арты кайрымдуу уруш.
- Ошентсе да, Жамийла жеңебиз сизди жакшы эле кызганса керек?
- О-оу-у, жеңеңер ал жагынан дүйнөдө биринчи го, чиркин! Чыгарган ырларымды "кимге чыгардың" - деп суракка алганда, тергөөчү биякта калат. Анда мен Ж. Садыковду, Э.Ибраевди, Ч.Айтматовдорду айтып, "алар эмне, менден өткөн Дон-Жуанбы?"- деп күлөм. Ыр жазган сайын сүйүүсүн арнай берсе, Г.Момунова, М.Абылкасымова, Б.Чотурова, С. Акматбекова эжелерде эмнелер калат эле? Жеңең кээде мени карап уй мөөрөп кетсе да кызганат, "бул сага эмнеге мөөрөдү?"- деп.
- Балдарыныздын арасында сиздин жолуңузду жолдогондор барбы?
- Улуу кызым Чүрөкгүл быйыл консерваторияны бүтөт. Комузду окуп жатат. Негизи, баарынын эле кандарында музыкага, куйкум сөзгө шыктары бар. Бирок, өзүм "менин жолума түшпөй эле койгулачы"-деп кээде "артист боло бергилечи , балким, силердин убакта Кыргызстан жакшы өнүгүп, артисттер бааланып калар"-деп калам. Экинчи кызым-эгиздеримдин улуусу Набат Финтехти бүтүп, иштеп жатат. Кичүүсү- уулум Абаз МУКта 2- курста студент. Көкүрөк күчүгүм Намаз он биринчи классты быйыл бүтөт.
- Сизди сагынган элибизге жеке концертиңизди качан берейин деген оюңуз бар?
- Буюруса, апрелде болобу,майда болобу, айтор ошол жаз айларында Бишкекте концерт берсем деп турам. Айтор, мобу той-топур азайган кезде, менин ырымды ырдай турган ырчылардын колу бошогон убакта койбосом, азыр пландаганың талаага кетип калат.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев,
"Ачык Саясат"