Чыгыш берметтери
Дос жөнүндө
Эки ит дос болуу үчүн антташат. Анан короодогу баардык жаныбарларга өз достугу жөнүндө жар салышат. Баары суктанышып, достугунун бекемдигине көз артып, өз жашоолорунда эмнеге достук мамилелерине баа бербегенине кейишет. Аңгыча эле үйдөн чыга калган кичинекей бала:
- Балтек, күчү-күчү, ме -деп, сөөк ыргытат. Шумдугуң кургур, баягы эки дос заматта ырылдашып, сөөк талаша кетишет. Бири сөөккө жеткенде, бири тартып, кайра бири жеткенде кийинкиси тартып, айтор катуу ырылдашып, тиштешип, достугун да унутушуп, заматта каска айланат. Баягы уруштун башы болгон сөөк да эстен чыгып, болгон айбатын салып, кимиси күчтүү экенин далилдөөгө өтүшөт. Үйдөн чыккан ээси экөөн бакан менен чаап, араң ажыратат. Демиккенин баса албай, бири-бирине алыстан ырылдашкан эки дөбөттү көргөн короодогулар:
- Достуктун атын булгаганча, досу жок куураган дурус -деп сын бериптир.

Кас жөнүндө
Мүнөзү жумшак, катуу айтпаган бир адамдын эл ичинде кадыр-баркы күчтүү болот. Ал ар дайым жумушу түшүп келген адамдардын ажаатын ачып, акыл-насаатын айтып, туңгуюкка түшкөндөргө жол көргөзүп берчү экен. Күндөрдүн бир күнүндө ага бир оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан ажаан, долу аял келип, кызынын колун сурайт. Жумшак сөз менен кызынын тагдыры өзүнүн колунда экенин, ар бири өз тагдырына өзү бий экенин айтып түшүндүрө баштайт. Бирок, баягы аялдын ачуусу келип, жаман сөздөргө өткөнүнө карабай, үйүнө келген коноктой сыйлап, угуп отура берет. Аягында баягы кишинин аялы да ачуусуна уугуп, үйүнөн кууп чыгат. Элди түрө кыдырып, алардын үй-бүлөсү жеткен наадан экенин, кызынын колун сураса теңсинбей "кедей" деп кордогонун, үйүнөн кууп чыкканын айтып, ушак таратат. Эл дагы кадимкидей ал киши жөнүндө өз ойлорун айтып, "ушундай турбайбылар" "ушундай экенге" айланат. Баягы адамдын жакшылыгын көргөндөр деле аялдын сөзүнө киришип, сынга алышат.мунун баарына көз чаптырган киши:
- Ээ, деңгээли жогору менен касташсаң баркың көтөрүлөт, деңгээли төмөн менен касташсаң абийириң төгүлөт,- дептир.

Көңүл жөнүндө
Бир адамдын жан-дүйнөсү өтө таза болгондуктан, эч кимдин шагын сындырбай, улуусуна деле, кичүүсүнө деле бирдей мамиле кылып жүрө берет. Бара-бара өзүнөн кичүүлөр төргө озунуп чыгып, ыңгайы келсе жумшап, улагада калса байкамаксанга салып жүргөнүн байкайт. Антсе да, жаман сөз айта албай же эскертүү кыла албай, жаштар төрдө отурса, улагада аш тартып жүрө берет. Бир күнү бир дервиш айылдан өтүп бара жатса, баягы киши кайрып, тамакка чакырат. "Дервиш келиптир" деп, айылдын эли чогулуп, анын сөзүн укмакка келишет. Улам бирин төргө чыгара берген баягы киши орун жок сыртта калат. Дервиш узакка унчукпай отурат да, бир топтон кийин:
-Адамдын көңүлү кызгалдактын бариги. Суукка үшүйт, шамалга түшөт, катуудан сынат. Бирок, ар адамдын көңүлүн карап жашагандын көңүлүн эч ким карабайт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Өтө көңүлчөөктүк адамды чөктүрөт, басынтат. Бирок, Кудайым момундарды сүйөт. Ким текеберленип, "сулуумун, улуумун, акылдуумун" дегендер андай эмес, алар өздөрүнө өздөрү бүтүм чыгаргандар. Чыныгы сулуулук, улуулук, акылмандык тиги киши сыяктуу сыртта калат,- деп, бата бериптир.

Коңшу жөнүндө
Бир адам жайыт издеп, жакшынын жанына конот. Бир бүлөдөй бапыр-шапыр жашоо кечиришет. Балдары бир-туугандай бир өсүп, узак жылдар чогуу болушат. Жакшы адамдын жубайы кайтыш болуп, туугандарына көчөт. Бир тууганынан айрылгандай кабыргасы кайышкан баягы кишинин жанына жаңы конуш түшөт. Калганы айтып бүткүс тозокко айланат. Күндө уруш-талаш, балдары биринин артынан бири ыйлап келет. Аялдары урушат, кожоюндары сөгүшөт. Айласы түгөнгөн баягы киши жаңы коңшу издеп жөнөйт. Ошондон "конуш тандабай, коңшу танда" деген сөз калыптыр.




Күлкү - өмүрдүн мүлкү
Түндө катуу мас болуп калган күйөөсү эртең менен чөнтөгүндөгү калган 10 сомун таппай калат. Башы катуу ооругандан эшиктеги казын базарга алып кетет. Кайра кечкисин мас болуп келген күйөөсүнө аялы:
- Алтыным, биздин казды көргөн жоксуңбу?
- Жок! Бирок айтып коеюн, эгер чөнтөгүмдү тазалай берсең, эртең эчкиң жоголот.
***
Кудай мындай чечим чыгарат: "өлгөндөрдүн бири бейишке, бири тозокко!" Суракчылар жумуш жок жыргап эле калышат. Аңгыча бирөөлөр бейиштен тозокко, тозоктон бейишке чуркап жүргөнүн көргөн Кудай периштесин бжөнөтөт.
- Биз жардам бере албайбыз, -дептир периште,-реанимацияга келген практиканттар экен.
***
Жаш жигит окуу жайына тапшырып жатат. Математикадан айлана келет. Доскага чыгып, бир шилтем менен кемтиги жок айлана сызган жигитке:
- Азаматсың, кайдан үйрөнгөнсүң?
- Эки жыл аскерде, ашканада эт өткөрүп иштегем.
***
Эки крокодил маймылды көрүп, шылдыңдамакка "кел, тиги маймылга күйөөдөсүңбү? дейбиз, "ооба" десе "кандай байкуш алды экен" деп күлөбүз, "жок" десе "сени ким алмак эле?" деп шылдыңдайбыз" деп сүзүп келип, камдаган суроосун беришет.
- Күйөөгө тийейин десем, кыйраткансып жалаң крокодилден башың адашат.
***
Бир киши Кудайдан сураптыр:
- Сиз үчүн 50 жыл канча убакыт?
- 5 мүнөт.
- 5 миллион сомчу?
- 5 тыйын.
- Анда мага 5 тыйын берип туруңузчу?
- 5 секунд ойлонойун…

Бетти даярдаган Жылдызай Израилова
"Ачык саясат"