С а я с а т

Парламент таркатылабы?
Акүйдөн чыккан акыркы имиштерге караганда, азыркы парламентти таркатуу маселеси Акүйдүн алтынчы кабатында каралууда. Келгенине бир жыл болгон парламентти таркатууга эмне негиз болуп жатты экен? Балким, Бакиевдин кеңешчилери алдыдагы кризистерден чыгуу үчүн оппозицияны алдыдагы аракеттеринен адаштыруу үчүн, жаз айларында жаңы шайлоолорду уюштурганы жатышкан чыгар. Жаңы шайлоолор дайындалса, жазындагы бийлик менен оппозициянын жаңы кармашы башка нукка бурулуп, "кетсин" деген талапты коюшкандар, депутаттыкка талапкер болуп калышы мүмкүн. Экинчиден, азыркы парламент өзүнүн вазыйпасын аткарып бүттү десек болот. Төрт пансионат менен Каркыра казактарга карматылды, энергетиканы менчиктештирүү маселеси аткаруу бийлигине атказылды, ажобузга керектүү мыйзамдар "оптом" кабыл алынды, азыркы парламент аткара турган иш деле калган жок. Бул парламентти түптөөнүн башында турган Садыркулов садага чабылгандан кийин, Адаханды аңтарып салган парламенттин Акүйгө кереги барбы? Бир жылдын аралыгында "Ак жолдон" алты( Жумабеков, Нифадьев, Турапов, Мадумаров, Ибраимова, Мырзакматов) депутат ар кандай себептер менен мандаттарын тапшырышкан. СДПК фракциясынан Р.Ирсалиев мандатынан өз каалоосу(ишениш кыйын) менен баш тартса, Р.Шаботоев азыркы күнгө чейин дайынсыз жоголуп жүрөт

Анаш кетсе Асел бар
УТРКнын башкы директору Мелис Асаналиевичтин орун басары Анаш Кадырова кызматынан бошотулуп, ордуна "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасынын редактору Асел Мамбетова барды. Ажону айга-күнгө теңеген Асел айымдын бул кызматка бараары, алда качан эле белгилүү болчу. Анаш айымдын кызматынан четтетилишине Ассоль Молдокматовалар уюштурган акциялар себеп болуптур. Ак сүйлөбөсө да, такалбай так сүйлөгөн Асел айымдын бул кызматка баруусуна, ажобуздун жеке сунушу себеп болгон дешет. УТРКнын башкы директору Эшимкановдун ээрден шыпырылары белгилүү болгону менен, качан кетеери белгисиз болуп турат. Ушу тапта УТРКга ажонун мурдагы пресс катчысы Нурлан Шакиев менен президенттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Досалы Эсеналиевдердин талапкерлиги каралып жатканынан кабарыбыз бар. Атургай, Түгөлбай Казаков кайрадан келет деген имиштерди дагы эшиттик.

Марат Москвага барат?
Жыл башына бери уланып келаткан "жылдырмай саясат" токтобойт окшойт. Угушубузга караганда, ушу тапта жаңы жарлыктар даярдалууда. Имиштерге ишенсек, ажобуздун бир тууган иниси, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиев Москвадагы элчибиз Раимкул Аттокуровдун ордуна отурганы калыптыр. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев каржы полициясынын башчысы Акимжан Муйбиллаевдин ордуна жылганы жатса, анын ордуна ажобуздун кеңешчиси Токон Мамытов тап берип турат дешет. Болжурованын бош калган ордуна, Улуттук Университеттин мурдагы ректору Рысбек Өмүрканов отурары белгилүү болду. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахам Кимсанбаевич Бишкек шаарынын мэрлигине кетет дешсе, анын ордуна Суталинов келет деген кептер бар. Айтор, Акүйдөгү алмашуулардын аягы бир топко узарат өңдөнөт

Айбектин ордуна Анарбек келди
Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Анарбек Калматов келди. Акаевдин учурунда Таластын, Бакиевдин учурунда Оштун областтык прокурору болуп келген аксылык Анарбек мырза акыркы кездерде Бишкек шаардык прокурорунун орун басарлык кызматында иштеп турган. Бишкектин жаңы прокурору Анарбек Калматов, азыркы адилет министри Нурлан Турсункулов, Бишкектин мурдагы прокурору Учкун Каримов жана башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон экс-министр Равшан Жеенбековдор жөн гана курсташтардан эмес, группалаштардан болоорун билип алганыңыздар оң. Баарынан да, группалаштардын биринин ордун бири басканы кызык. Калматов Таластан Ошко кеткенде, ордуна Турсункулов барган. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, "Дос элең коон үзгөндө" деген. Ошондой го, кыязы…

"Атамекенчи" айымды "Ак жолго" сүйрөгөндөр кимдер?
Аталган партиянын Аксы району боюнча активдүү мүчөсү Наркыз Шералиеваны жергиликтүү милиция өкүлдөрү "Ак жол" партиясына өтүүгө мажбурлашкан. Жөн гана өтпөстөн, "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сыналгы аркылуу "шыбап" кетүүсүн талап кылышкан. "Ата мекенчи" айым аксылык кызыл шапкечендердин кысымына кыр көргөзүп, "Акжолчуларга" кара жолду көргөзүп койгон. Билгенин жасаган, биттин ичегисине кан куюдан кайра тартпаган бийликтин мындай саясаты, ажонун аброюна көлөкө гана түшүрөрү белгилүү. "Зордоп ачкан гүлдүн жыты болбосун", зордукчул бийлик билип алса жакшы болмок.

Коомдук палата түптөлдү
Ажобуздун жаңы жарлыгы менен 45 адамдан турган коомдук палата түптөлдү. Коомдук палатанын короосуна баш баксаңыз, азыркы парламентке баш баккандай эле болосуз. Ал жерде дагы, ар улуттун жана ар кесиптин ээлери. "Ак жолдун" мандатынан баш тартышкан ректор Нифадьев менен врач Жумабеков ушул палатанын курамында. Мурунку мамлекеттик катчы И.Абдуразаков, мурунку президенттик администарция башчысы У.Сыдыков, мурунку губернатор К.Сыйданов, мурунку депутаттар О.Дүйшеев, Б.Жураев, В.Диль ажобуздун жаңы коомдук палатасынын көзгө басар саясатчылары болуп чыга келишти. Ажобуздун мындай кадамга барышы, анын азыркы парламентке болгон ишеничи аздыгынан кабар берет. Эмне үчүн коомдук палата түптөлдү? Балким, башчыбыз азыркы парламентти таркатып, жаңы парламент келгиче коомдук палатаны колдонуп туруу үчүн түптөп жүрбөсүн? Жаңы палатанын башына Үсөн Сыдыков келсе, анда бул палата парламенттин "башын жутушу" толук мүмкүн. Коомдук палата кожобузду коомчулуктун котур таштарынан коргойбу же башка багытта сойлойбу, азырынча аңдап туралы. Менин жеке пикиримде, бул палата узакка жашай албайт. Парламент палатага "дублер" болобу же палата парламентке "дублер" болобу, айырмасы жок. Анткени, алардын ата-энеси бир адам. Ал "Ак жол" партиясы.

Байсалов
"Ак шумкардан" баш тартты
"Ак шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Байсалов бул партиядан чыгуу тууралуу арызын жолдоду. Байсаловдун баш тартышына "Ак шумкар" партиясынын акыркы кездердеги активдүү аракеттери себеп болгон. Азыркы тапта "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев Чүй областынын ар бир айылынын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. 28-январда Сокулук районунун Асылбаш айылынын жашоочулары менен болгон жолугушусунда бийлик тарабынан кезектеги бут тосуулар болгон. Чогулуштун өтүшүнө тоскоолдук кылганы келген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн башчысы Төрөкул Солтонкулов, УКК менен райондук ИИБдин кызматкерлери жыйналган эл Темир Сариевди толугу менен колдоорун көрүшүп, элдин маанайынан чоочулашты. Анын үстүнө "Акшумкар" партиясынын лидеринин аларга "өз элим менен саламдашып, ал жайын сурап, бүгүнкү турмуш жөнүндө ой пикиримди айтканга мага эч ким тыюу сала албайт, бул менин Конституциялык укугум"-деп кесе айткан сөзүнөн кийин, бийликтин "чалгынчылары" унчуга алышпай четке чыгып, ачуу чындыкты угуп турууга мажбур болушту

Акыйкатчы Акун ажого кайрылат
Карачай ассоцияциясынын лидери Исмаил Кочкаровдун өлүмү боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акун ажобузга кайрылмай болду. Мындан эки жума мурун Исмаил Кочкаровду №8 абактан соттолгондор Базарбаев менен Сыдыков алгач балка менен башын жарып, кийин бычак менен сайгылап өлтүрүшкөн. Бул иш боюнча иликтеген комиссия Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын мыйзам бузуу фактыларын аныктап чыккан. Бишкек шаардык соту маркум Исмаилди 12-январь күнү 9 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. Соттун өкүмү он күндөн кийин күчүнө кирмек. 13-январда Кочкаровдун жубайы акыйкатчыга кайрылып, күйөөсүнүн өмүрүнө коркунуч барын, №8 түрмөгө которууга кам көрүлүп жатканын билдирген. Бирок, ГУИН башчылары аны 14-январда №8 түрмөгө которуп жиберишкен. Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикири боюнча ГУИН жетекчилери гана эмес, Бишкек шаардык сотунун судьялары дагы мыйзам талаптарын бузушкан.

Элдин тезеги, соттордун кезеги
Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Жумгал райондук сотунун төрагасы Аскалиев Айтбай, Тоң районунун соту Өмүрбек Мамбеталиев жана Нарындык сот Койгелдиев Жумалы мөөнөттөрүнөн мурда кызматтарынан бошотулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга макулдук берилди. Жогоруда аты аталган сотторго укук коргоо органдары тарабынан "пара берүүгө мажбурлоо" беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон. Алар азыркы убакка чейин өздөрүнүн кол тийбестик укуктарын пайдаланып келишкен. Сот адилеттүүлүгү боюнча Улуттук Кеңеш ажобузга кайрылгандан кийин, ажобуз ушундай кадамга барды. Ошондой эле ажобуз кетирген кемчиликтери үчүн Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Рахматылла Ирисов менен Токмок шаарынын судьясы Өмүралиева Гулчехраны мөөнөтүнөн мурда бошотту. Р.Ирисов жөнүндө биздин гезит өз убагында жазып чыккандыгын да эсиңерге салып коелу. Жосунсуз жоруктарга барган жогорудагы соттордун мыйзамсыз окуяларын окурмандарга жеткизүү максатында. Жакын арада Алиевадан маек алганы жатабыз. Биз менен байланышты үзбөгүлө.
"Ачык саясат" пресс