Элге сөзүн айтпаса эрендерден не пайда?

Топчубек Тургуналиев-КЭРКтин, БЭКтин Улуттук кеңештин мүчөсү, Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрөгасы:
Кыргыз калкынын кызыкчылыгы качан корголот?
Тарых жолу даңгыр эмес, татаал, катаал. Байыркы-байыркы доорлордон бери кыргыз эли эчен жолу куттуу замандарды көрүп, ай асман чапчып дүркүрөп өсүп; эчен жолу башынан азап-тозок каран түн күндөрдү өткөрүп, арасы ачылып, чачылып, бирок, түгөнүп баратып кайрадан кайнап, түтөп, кайратына келип, тагдыр сыноосунан сынбай, келечекке кебелбей кадам коюп келатат.

- Топчубек мырза, миңдеген жылдар бою кыргыз топтогон, үлгүлүү десеңиз үлгүлүү, бай десеңиз бай улуттук мурасыбызга бүгүн мамиле кандай?
- Начар, өтө начар. Жакшы жагы жокко эсе.
- Ким күнөлүү?
- Эң оболу мамлекет, мамлекетти башкаргандар, байлар.
- Себеби?
- Башчылар табигый, казына байлыктарынын баарын, анын ичинде тагдыр чечүүчү стратегиялык маанидеги мекемелерди да оңго, солго сатып, өз чөнтөгүнө салуу менен алек.
Кыргыз калкынын кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик саясат далайдан бери жок.
Сомдон санаганда миллиардер болгондор, доллар менен да жүздөгөн милиондорду, айрымдары, мүмкүн, миллиарддарды топтогондор бар. Бирок, алар шылуундук кылып топтогон пулдарын атамекендик өндүрүшкө, атамураска салган жок, кыргызстандан алакачып, башка өлкөлөргө которуп кетип атат. Элди, жерди соргону соргон,элге бир тыйын пайдасы жок, жалаң зыян.
- Улуттун кызыкчылыгын камсыз кылуу, ата мурасын асыроо үчүн кандай кадамдар керек дейсиз?
- Биринчи , "баарын коюп Манасты айт" дегендей, авторитардык диктатураны тукумкурут, канабайрам кылып, үй-бүлөлүк-мафиялык башкаруунун башын жулуп, өлкөнү өсүү жолуна багыттай турган мамлекеттик түзүлүштү түптөө керек. Бийлик башчыларын, депутаттарды адилеттүү шайлоодо эл өзү тандап ала турган шайлоо системасын биротоло орнотуу абзел.
- Экинчи , бийликтин баардык тармактарына жана тепкичтерине негизги үч касиети бар көкжал уул, кыздарды, өзгөчө жаштарды көтөрүү зарыл.
Алар:
а) Ыйманы таза , демек, адилеттүү, эл байлыгына суук колун салбай турган, кара кылды как жарган калыс адамдар;
б) Ишбилги, демек, иштин майын чыгарып иштей билгендер, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп ишбилгиликтин ток этер маанисин кыргыз эбак эле айткан;
в) Мекенчил, демек, атуулдук асыл сапаты бар, өз элин, жерин чексиз сүйгөн, "Атамекеним, Алатоом!" деп көкөлөтө даңазалаган жарандар болуу керек.
- Ушундай чыгаандар бүгүн барбы?
- Бар. Ар заманда, бүгүнкүдөй алаамат заманда да эл арасында бар. "Эл уучу куру эмес" деп кыргыз акылман сөздү бекер айтпайт.
- Бийликтечи?
- Бийликте жок. Жогорку үч касиеттүү башчыларды чак түштө издеп таппайсыз. Бийликтин баардык бөлүктөрүн, баардык тепкичтерин шылуундар, шумпайлар, шүмшүктөр; орунду миллиондорго сатып алгандар; алдым-жуттумдун түркүн жолдорун айда өздөштүргөндөр; мурдагы кожоюндарын сатып, кийинки башчылардын коюн-колтугуна, көчүгүнө самынсыз кирип, ар заманда аттан түшпөй келаткан кексе, кошоматчылар; журт бузар жуукурлар, калк бузар куйтулар; жогору жактан теңирден тескери буйрук берсе да кыңк дебей баш ийип аткара турган ляппайчылар;кыргызды бүт дүйнөгө шерменде кылып, шайлоону президент, БШК баш болуп башынан аягына чейин бурмалап, Жогорку Кеңешти акжолчу эмес, каражолчулардын кеңешине айланткан депутат сөрөйлөр ээлеген.
- Улуттун кызыкчылыгын кандай жол менен камсыз кылыш керек, ошол сөзүңүздү улантсаңыз?
- Үчүнчү, дагы бир олуттуу кадам- экономиканы алгалатып, эң оболу атамекендик өндүрүштү өстүрүү өзгөчө улуттун сыймыгы, экономиканын локомативи болгон гидроэнергетиканы өркүндөтүү, стратегиялык мааниси бар мекемелерди атайлап талкалап, өздөн чыккан душмандарга, жакадан алган жаттарга, эл аралык авантюристтерге ит арзан сатканды токтотуп, өлкөнү оң жакка буруу зарыл.
- Төртүнчү , кечээ, бүгүн өз атамекенинде кор болгон ким?-Кыргыз; үйү, жери, жумушу жоктордун жүзүнөн жүзү, эң кеми-токсон беши ким?-Кыргыз. Өз өлкөсүндө иш жок, алтымыштан ашкан мамлекеттерде далайы кул болуп, эчени мендикерчи, дагы башкасы эң ыплас иштерди аткарып, ондогондору скинхед-фашисттердин колунан өлүп, сөөгү келип аткандар ким?-Кыргыз; аргасыздан денесин, абийирин сатып сойку болгон миңдеген кыздар ким?-Кыргыздын кыздары. Төбөлдөр тынымсыз тоногондон качып, байлыгын башка өлкөлөргө өргөлөп кетип жаткан ишкерлер ким?-Кыргыздар. Алааматтуу азап турмуштун баштан баскан кубаттуу күчүнө чыдай албай, психологиялык депрессиянын түпкүрүнө түшкөн, өз өмүрүн өзү кыйып (суицид) асынып өлүп аткандардын көбү ким-Кыргыз…
Мындай тозоктордон арылуу үчүн мамлекет, бийлик элдин мүдөөсүн аткаруу абзел.
- Улут мурасын асыроо үчүн дагы эмне кылуу керек?
- Бешинчиден, бир жагынан мамлекет, экинчи жагынан "кыргызым!" деп күйгөн, "журтум!" деп жанардай жанган мекенчил байлар кыргыз улутунун бул дүйнөдө теңдеши жок, кыргызга да, жалпы адамзатка да үлгүлүү улуу мурастарын өз өлкөбүзгө гана кеңири таркатуу эмес, бүт дүйнөгө даңазалоо үчүн материалдык жана руханий көркөм чыгармачылыкка, өзгөчө таланттуу,керемет канаттуу жамааттарга, жеке адамдарга жетиштүү жардам кылып туруу керек.
- Тактап айтканда?
- Тигине, башка элдердин улуу, чакан, кичине эпос, жомоктору боюнча ондогон көркөм кинолор, мультфильмдер эбак тартылган, кайрадан тартылып жаткандары да арбын: Индиянын "Махабхаратасы", перстердин "Шахнамеси", грек Гомердин "Илиада жана Одиссеясы", карелофиндердин "Калеваласы", орустардын "Игорьдун кошуну", "Илья Муромеци", моңголдордун Чыңгызханы жана башкалар кино болуп жер жүзүнө таркаган.
Ал эми кыргыздын, адамзаттын эң улуу дастаны "Манас" ушу күнгө чейин киного тартыла элек. Намысыңа келесиң, күйөсүң да күйөсүң.
- Ушундай маселелерди колдоого мамлекеттин алы жетпей жатабы?
- Кыргызстанда байлык, акча көп, абдан көп.Байлык, акчанын дээрлик көбү мамлекеттин казынасына түшпөй, элдин турмушуна кетпей, башкаруучу бир үй-бүлөнүн, бир топтун капчыгын толтуруп жатат. Уурулар, колу туткактар ачкөз, тойбос, зыкым болот. Алар үчүн улуттун мурасы, намысы, элдин кенчи, тарыхы, тагдыры деген улуу нерселер бир тыйын.
Эгерде менин он миллион акчам болсо, анда анын жарымын азыр, токтоосуз: "мына, ал, "Манасты" көркөм тасмага тарт!"деп берет элем. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, менин булап жаткан пулум жок, ортодон төмөн жашайм.
- Тасманы тарттыруу үчүн акчаны кимге берет элеңиз?
- Эң укмуш сценарий жазганга, атактуу режиссерго бермекмин.
- "Манасты" бийик деңгээлде чагылдырып тасмага тарта ала тургандар кыргызда барбы?
- Бир далайы бар. Күчү толук жетпесе дүйнөнү дүңгүрөтүп аткандарды чакырса болот. Мисалы, Манасты аткаруу үчүн Сталлоне, Гибсон жарайт эле дейм. Б.Шамшиев, М. Гибсон биригип режиссерлук кылса болмок…
"Эр Төштүктү"алыңыз. Бу дүйнөдө ушундай шумдуктуу, керемет, ай асманга көкөлөгөн фантазия барбы?! Бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтүү; адам менен адамдын кастыгы, достугу; адам менен айбандын достугу; далай айбанат атпайларды Төштүк азаптан куткарганы -азыркы заманда экологиялык алааматтар менен үндөш нерселер көркөм тасмага түшсө, анда балдар үчүн да, чоң адамдар үчүн да ыйман, эстетикалык жагдайлардан таасир, тарбия мааниси тоодой болмогу шексиз го.
Менин, биринчи, президент К.Бакиевге; экинчи, миллионер, миллиардерлерге- Максим Бакиевге, Данияр Үсөновго,Өмүрбек Бабановго айтаарым: "Манас"көркөм тасмага тартылсын деп ар бириңер 25 миллиондон кошуп 100 миллион доллар чогулткула. Бери жагы 20-30 бөлүмдүү фильм болот. Кыргызга жок дегенде бир жолу, бир иште жакшылык кылып койгула. Жок дегенде бир күнөөңөр ушуну менен жуулушу мүмкүн. Элдин эсинде кала турган жакшы иш кылсаңар батасын аласыңар.
Орто, чакан байларга, каалагандын баарына кайрылып 10 миллион доллар чогултсаңар "Эр Төштүк", "Жаңыл Мырза", "Курманжан датка"киного тартылса эл ыраазы болот эле, келечек муундарга татыктуу из калтырып кетет элек.
Баса, ата-мурасты асыраса, Курманжан Даткадай коргосо -1876-жылы Орусия империясынын басымына туруштук берип, ал Улуу Энебиз баскынчылар менен түзүлгөн Шартнамеде кыргыздын улуттук маданиятына, тилине, дилине тийишпейсиңер деген талапты койгон.
Силер кошсоңор, жетпей баратса карапайым калк карап турбайт эле, 1-2 доллардан биз да чогултмакпыз. Дагы 5-10 миллион болмок.
- Бул демилге-сунуштарыңыз колдоого татыктуу экен. Анда биз, журналисттер жамааты да карап турбайт элек. Кыргыз элинин эзелтен берки мурасына байланыштуу дагы эмне маселе бар?
- Бар. Алтынчы, кыргызды кемиткен, кемсинткен, кордогон, өксүткөн дагы бир көйгөй-ары жагын айтпаганда да, акыркы 130 жылдын ичинде эчен жерибизден айрылдык.
- Кайсы жерлерибизден?
- Эки империя- Орусия менен Кытай кыргыздын атажуртун камчыга ченеп бөлүп, XIX- кылымдын 80-жылдарында Кыргызстанды экиге бөлгөн: бир бөлүгү Кытайга, бир бөлүгү Орусияга өткөн. Муну азыркы Кытай мойнуна алган- ооба, бул кыргыз, бул кыргыздын жери деп Кызыл Суу автономия ооданын түзгөнгө макул болгон. Ал азыр да аман-эсен туру.
- Кийинки тарыхтачы?
- Кийинкилери коммунисттик доордо жана "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" демекчи, авторитардык диктатураны орноткон, элин, жерин аткан, саткан Акаев-Бакиевдин заманында коңшуларга кетти.
- Айтып өтсөңүз?
-1924-жылы большевиктик баш бийлик Москвада туруп "Союздук республикалар" деген максат менен жер бөлгөндө далай жерди чырчатактын себеби кылып койгон. 1918-жылы Каракыргыз автономиялык аймак деп аныкталгандын быт-чытын чыгарды, бизден Казакстан бөлүндү; Өзбекстанга биздин Анжиян, Нааманкен, Паркана, Кокон жерлерибиз кетти.
Баса, ага чейин падышалык Орусияга кызмат кылган Шабдандар Кара-Тоо, Курдай алкактарын казактарга 40 байталга кармата берген экен.
- Анклав аталгандарды качан алган?
- 30-жылдары. Өзбекстанга Сок дарыябыздын сонун жээги, Шахи Мардан; Тажикстанга Борук, Жигит Пири аттуу айдай жерлерибизди "убактылуу пайдаланып тургула" деп берилген.
-"Убактылуу" деп берилсе, анда тигилер ушу күнгө чейин неге ал жерлерди ээлеп отурат?
- А-а, ток этер нерсе ушунда: "Эшиктен келип төр меники"дегендей, Москванын кысымы, кошуналардын өтүнүчү боюнча биздин ошол мезгилдеги башчыларыбыз туруштук бералбай макул болгон, убактылуу деп. Ал эми тигилер азыр "бул жерлер биздики, бербейбиз"дешет.
- Бул анклавдардын саясый жагдайлары барбы?
- Бар. Бу дүйнөдө Кыргызстандай өлкө жок: биздин мамлекетибиздин ичинде башка эки мамлекет өздөрүнүн куралдуу күчтөрү менен отурат. Муну бир деңиз. Экинчиси, ошол Өзбекстанга ,Тажикстанга, Казакстанга, Кытайга, тэ-э 20-жылдардан бери жүз миңдеген чарчы чакырым чек ара жерлерибизди, биздин маңкурт жергиликтүү, республикалык жетекчилерибиз сатып жиберди: болгону бир табак аш, бир чөгүн коньяка кеткени бар; жүздөгөн миллион долларларга кеткени да аз эмес.
Усубалиев Канабадды, Акаев-Бакиев Үзөңгү -Куушту, Каркыраны кармата берди. Ашып-ташкан дарыялардын кени- улуу мөңгүлөр, дүйнөдөгү жер соорусунун керемети, "Манаста" даңазаланган жерлер кетти.Дагы-дагы…
Бул-улут алдында тарыхый эң оор кылмыш, чыккынчылык.
Билбейм , бул жерлерибизди келечекте кайтарып алалабызбы, бирок маселени кабыргасынан кое берүү ыйык милдет.

Урматтуу окурмандар!
Бул маекте көтөрүлгөн көйгөй маселелер боюнча, айтылган сунуштарга байланыштуу пикириңерди мага айтсаңар, гезитке жазсаңар деп өтүнөм.
Газетанын дарегин билесиңер.
Менин дарегим: Бишкек, Орозбеков 112-22,
Тел: 66-28-65; (0772) 53-94-04; (0543) 10-74-15;
Маектешкен
Айсулуу ЭСЕН кызы,
"Ачык саясат"