Эшектин достору
Күндөрдүн бир күнүндө бир абышка эшеги менен жай бастырып келе жатса, "Урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай", жинди суудан шимирип отурушкан бекерпоз жигиттердин тобуна туш келет. Эригип отурушкан алар абышканы чакырып, эс алып кетүүнү суранышат
Арасынан бирөө туруп, абышканы шакаба чегүү максатында тост сүйлөй баштайт:
- Мен ушул тостту бизге конокко келип калган эшек үчүн көтөргүм келип турат. Анын чыдамкай мүнөзү, бакырайган көздөрү, салаңдаган кулактары, кыпкыска буттары үчүн алып жиберели.
Урматтуу эшек, ушунуңдан жазбай, аман-эсен жүрө бер"- десе, баардыгы кыраан-каткырык менен колундагыларын ичип жиберишет.
- Эми чал, сен дагы бирдеме деп койбойсуңбу?-деп абышкага сөз беришет.
- Эмне демекчимин-дейт ордунан турган абышка,-Суранып калыптырсыңар, баш тартпайын. Эшегим, ден-соолугуң үчүн. Сен жакшы эшексиң, каалаган жериме жеткиресиң, жүктөрүмдү көтөрөсүң. Айтор, мага жакшы эле кызмат кылып келесиң, бирок, мен сага бүгүн катуу таарындым. Ушундай шайыр-шаңдуу досторуң бар экенин менден ушунча жылдан бери кантип жашырып жүрдүң? Мен буларды алыс жактан келген чоочун жигиттер экен деп ойлоп атсам... Шакаба чеккен жигиттер бозала болуп отуруп калышыптыр.

Бир көрүп, биротоло сүйүп…
Периштедей болгон татынакай сулуу кыз көчөдө бара жатып, артынан калбай бир жигит ээрчип келе жатканын байкап калат. Токтой калып:
- Эмне эле артыман ээрчип келе жатасыз?-деп жигитке кайрылат:
- Оо, сулуу кыз, мен буга чейин сендей периштедей сулууну көргөн эмесмин. Сенин чырайың менин жүрөгүмдү түбөлүк ээлеп алды. Мен сени бир көрүп, биротоло сүйдүм. Эми мени сенден башка эч ким кызыктырбайт - десе, ал кыз ойлонуп туруп:
- Кантип эле мени сүйүп калдың? Менин сиңдим менден да сулуу, менден да чырайлуу. Ал артымдан келе жатат-десе, жигит шарт бурулуп, артка чуркайт. Караса, кемшийген, карыган бир кемпир келе жаткан болот. Жигит кызга чуркап жетип, муңайым үн менен:
- Сенин татынакай, оймоктой болгон керемет оозуңдан мындай калп кантип чыкты? Ал сулуу сиңдиң эмес эле, карыган кемпир турбайбы?-десе, сулуу кыз күлүп туруп:
- Сен дагы мага калп айткансың. Чын эле мени түбөлүккө сүйүп калсаң болсоң артыңа кайрылып, башка кызды карабайт элең-деп жооп берген экен.

Атанын керээзи
Бир дубанга атагы чыккан бир байдын жалгыз уулу болгон экен. Бир күнү бай уулун өзүнө чакырып:
- Уулум, мен сага керээз катары үч кеңеш беремин. Биринчиси-адамдар менен эч качан биринчи болуп учурашпагын, экинчиси-ар кечте таттуу тамак жегиниң, үчүнчүсү-эртең менен ар дайым жаңы бут кийим кийгиниң. Уулум, ушул кеңештеримди өмүр бою аткарганды унутпа,-деп керээзин айткан соң, аз күндөн кийин оо дүйнөгө сапар алат.
Уулу атасынын керээзин унутта калтырбай аткара баштайт. Биринчи болуп эч ким менен учурашпайт, күнүгө кечинде таттуу тамак менен тамактанат, эртең менен дайыма жаңы бут кийим кийгенди да унутпайт.
Ошентип, арадан бир нече күн өткөн соң, аны менен эч ким сүйлөшпөй калат. Атасынан калган байлыктын баары таттуу тамакка жана жаңы бут кийимге кетет.
Атасынын мындай таң калычтуу керээзине түшүнбөгөн уулу бир күнү апасына келип:
- Апа, кантип эле атам мага мындай душмандык иш кылды? Эмне үчүн мага мындай керээзин калтырды? - деп сураса,
- Уулум, сен атаңдын керээзин туура эмес түшүнүпсүң. Атаң мага "уулум баарын өзү түшүнмөйүнчө, же сурамайынча эч ооз ачпа"-деген эле. Сурап калыптырсың, эми айтып берейин.
Биринчи керээзи-эч ким менен биринчи учурашпа дегени-таң эрте талаага барып иштесин дегени. Иштеп жаткан адам менен кары-жашына карабай бардыгы биринчи болуп учурашат эмеспи.
Экинчи керээзи-ар кечте таттуу тамак жесин дегени-бир күн кечке баш көтөрбөй иштеген соң, кечкисин бардык тамак таттуу болот дегени.
Үчүнчү керээзи- өзүн сыйлаган ар бир эркек өз кийимин, анын ичинде бут кийимин ар дайым таза алып жүрүш керек дегени.
Атаңдын бул керээздеринде ушундай сыр жаткан, балам-деп жооп берген экен.
Ошол күндөн баштап, атасынын керээз кылып калтырган кеңештерин туура аткара баштаган уулу тез аранын ичинде айыл арасында кадыр-баркка бөлөнүп, оокатын тыңдап, татынакай сулуу кызга үйлөнүп, кийинчерээк атасынын кеңештерин балдарына да айтып берген экен.

Тирүүлүктүн баасы
Бир адам ондогон жылдар бою ичпей-жебей, беш жүз миң динар чогултуп, чогулткан акчаларын кичинеден керегине жумшайын деп турганда ага ажал конокко келет.
Байкуш адам "дагы кичине жашап турайынчы"-дегенине болбой, ажал аны алып кетем деп көшөрөт.
- Мен сага чогулткан байлыгымдын жарымын берейин, жок дегенде үч күн өмүр берчи-десе, ажал макул болбой дагы деле көшөрөт
- Мейли, мен сага ондогон жылдар бою ичпей-жебей чогулткан акчаларымдын бир тыйынын калтырбай баарын берейин, бир эле күн өмүр берчи-деп жалбарат.
Ажал ага да макул болбойт. Акыры тагдырына баш ийген адам ажалдан кат жазып кеткенге убакыт сурап алат да:
"Бул катты таап алган адамга:Эгер сенде бакубат жашаганга акчаң болсо, байлыктын артынан кууп, убакытты текке кетирбей, татыктуу жашап алганга үлгүр. Мен ондогон жылдар бою чогулткан беш жүз миң динарыма бир сааттык өмүрүмдү сатып ала албадым. Ошондуктан, бул жалганда татыктуу жашаганга үлгүргүлө, адамдар!"-деген сөздөрдү жазып калтырган экен.

Эрнис Балбаков, "Ачык саясат"