"Президент улутка кайрылды"-дейби?..

Президент Бакиев "Кыргыз ата" болуп көрүнгүсү келген. Бирок…
Президент К. Бакиев 27-январь күнү кечинде "Обращение к нации" -деп , элге кайрылуу жасады. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлкөнүн президенти жыл сайын Кыргызстандын элине жана Жогорку Кеңешке кайрыла алат. Эгерде, өтө тез арада чечүү зарыл болгон олуттуу маселе пайда болуп, ал үчүн калкты шашылыш мобилизациялоо зарылдыгы туулса, президент элге кайрылуу укугун бир жылда бир нече жолу пайдаланганга деле акылуу.

"Мен 2008- жылдын октябрь айында Кыргызстандын калкына кайрылып жатып…"- деп башталат бул кайрылуу. Мындан айгине болгондой, Курманбек Салиевич президент болгону тез-тез эле кайрылуу жасап жаткансыйт. Тилекке каршы, качан кайрылып, анда не дегенин минтип өзү эсибизге салбаса, эл эстей албай калууда. Элге кайрылуунун өзүнчө чоң максаты болушу шарт. Анан ошол максатты аткарууга бардык күч мобилизацияланып, акыр аягы үзүрүн бериши керек. А биздин президенттин кайрылууларында анысы да, мунусу да жок. Ошон үчүн ооздун жели бойдон калып, ошол замат унуткарылат.
А-бу деген менен президенттин бул кайрылуусу формасы жагынан өзгөчөрөөк болду. Андай форма Конституцияда көрсөтүлбөсө да, президент өз кайрылуусун "улутка кайрылуу"-деп атады. Антип айбаттуу атаганына караганда, К. Бакиев өзүн эл-журт атасы, кыргыз улутунун жол башчысы катары, жаңы деңгээлге көтөрүлгөн лидер сыпатында көрсөткүсү келгендигин жашыргысы келбейт. Айталы, түрк элинин улуу уулу Ататүрк сыяктуу … Арийне, президенттин ал кыялы канчалык деңгээлде ишке ашты? Деги кайрылуунун заты атына дал келеби? Келгиле, талдап көрөлү.

"Оро албаган орок тандайт"

"Мен 2008-жылдын октябрь айында Кыргызстандын калкына кайрылып жатып, алдыбызда турган мезгил өлкөбүздүн тагдыры, Кыргызстандын келечеги үчүн зор жоопкерчиликти талап кыла тургандыгын белгилеп кеткен болчумун. Тез аранын ичинде, жакынкы айларда өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экендигине да өзгөчө басым жасаганмын". Курманбек Салиевич " улутка кайрылуумун" "чү" дегенде эле ушинтип баштады. Эми талдап көргүлө, ал "өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экендигине өзгөчө басым жасаганынан" бери да бир канча ай өттү. А президент же өкмөт Кыргызстандын шартын өзгөртө турган кандай маанилүү чечимдерди кабыл алды? Же аткаруу бийлигинин арткы катмарындагы бир топ чиновникти кечээ жакында ары-бери которуп, шапкелерин алмаштырып койгонун "манилүү тарыхый чечим" деп эсептөө керекпи?
Кыргызстанды Бакиевдер башкарган үч жарым жылдын ичинде өкмөт жана президенттик администрация жетекчиси төрт жолудан, Бишкек шаарынын мэри, Ички иштер министри беш жолу, Генпрокурор жана башка маанилүү кызмат адамдары алмашты. Регион жетекчилери да тынымсыз алмашып эле келатат… Орун алмашып эле келатышат… Ошого карабай, президенттин биротоло көндүм болгон кечээги кадрдык жүрүшүн Ак үй акырынан жем жеген айрым политолог сөрөйлөр беттери чымырабай туруп: "Президент революциялык мүнөздөгү кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады, эми Кыргызстанды чоң өзгөрүүлөр күтүүдө" -деп "баалады". А анысын КТР бир күндө беш убак кайталап, көргөндүн баарын тажатты. "Революциялык өзгөрүү, жаңылануу, тарыхый чечим" дегендин балакетин аласыңарбы? "Оро албаган орок тандайт" болбой, жөн гана ала кушту атынан чакырбайсыңарбы, айланайындар"- деген адам жок.

Сокурга шам чырак жардам бербейт

Бакиев Кыргызстан президенти катары ант бергенден бери үч жарым жылга чукулдап баратат. А иш жүзүндө Кыргызстанды башкарганына төрт жыл толоюн деп калды көрүнөт. Кандай дейсиңер, мен жаңылган жокмунбу? Эми муну карагыла, Курманбек Салиевич кечээ кечинде эле асмандан "топ" этип түшүп, такка отуруп калган, анан баарын "нөлдөн" баштаган немедей, "улутка кайрылуусунда" "жаңы саясий курс издөө керек" деп жар салды. Бирок, жаңы саясий курс табуу зарылдыгы кыргызстандыктардын кайсы керектөөлөрүнөн улам келип чыккандыгын, деги ал жаңы курстун максат - маңызы эмнеде экендигин түшүндүрбөй эле: "Алдыга коюлган максаттарга тез арада жана натыйжалуу жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жана Кыргыз Республикасынын президентинин Катчылыгы түзүлдү" дейт. Андан ары: "Мен Катчылыкка Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту менен бирдикте курсту конкреттештирүү боюнча сунушту кеңири талкуулап, андан кийин аны менин кароомо киргизүүнү, ошондой эле аны жүзөгө ашыруу планын даярдоону тапшырдым",-деп кыскасы, "жаңы президенттик курска" төп келген жаңы идеология керектигин кайра-кайра ишаарат кылат.
Биз билгенден, К. Бакиев 2005-жылы Маданият министри С. Раевге "бир айдын ичинде Кыргызстандын идеологиясын иштеп чык"-, деп элдин көзүнчө тапшырма берген. Кийинчерээк, ошол эле тапшырманы ошондогу мамкатчы А. Мадумаровго да бергени белгилүү. А. Мадумаров 2007-жылкы парламенттик шайлоонун алдында мамлекеттик кызматтан кетип, "Ак жолдун" тизмесинин башына катталып жатып: "Эң негизгиси, мен Кыргызстандын улуттук идеологиясын түзүп койдум"-деп корооздонуп КТРден чыкканын кыргыздардын көпчүлүгү көрсө керек. Эгер, ал калп айтпаган болсо, идеология боюнча берилген тапшырманы аткарып, президенттин колуна тапшырган. Ошол ошо болду, ал демилге жөнүндө эч кандай маалымат жок, ың-жыңы чыкпай эле калган. Анан эле түшүнөн чочуган сымал президент кечээги кайрылуусунда идеология издете баштаганы таң калыштуу.
Бакиев эми "жаңы идеология тапкыла" деп өкмөт, өз администрациясынан баштап бүт бийлик структураларына миң мертебе тапшырма берип, канчалык жер сабабасын, андан кымындай майнап чыкпайт.
"Сокурга шам чырак жардам бербейт" деген накыл сөз бар эмеспи. Анын сыңары, Бакиевге эч ким жаңы идеология таап бере албайт. Анткени, президенттин өзү мамлекеттик идеологиянын булагы жана алып жүрүүчүсү болушу керек. Бул биринчиден.
Экинчиден, мамлекеттик же улуттук идеология деген ооз көптүргөн сөз, болбосо, кургак деклорация эмес. Ага "издөө" салып, асман-жерди аңтаруунун да кажети жок. Идеология деген, сөз эмес, иш! Мамлекет, улуттун келечек кызыкчылыгына багытталган үлгүлүү, өрнөктүү иш!

"Ап-баракелде, таппасаң сыйпалап кал!"

Президент өзүнүн кайрылуусунда дагы мындай дейт: "Өлкө өзүнүн региондору менен күчтүү. Жер-жерлерде көзгө көрүнөрлүк жетишкендиктерди камсыз кылуу керек. Бул жерде мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары эле эмес, саясий партиялар да өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө тийиш. Эгерде партия өзүнүн башкы милдети элдин жыргалчылыгы үчүн камкордук көрүү экендигин жарыя кылса, анда ал ачык-айкын мисалдар менен жарандардын жашоо- турмушун жакшыртуу үчүн эмне жасагандыгын көрсөтүшү керек. Ошондо гана курулай чечендерге жана кыйкырык салгандарга эмес, чындыгында иш жүргүзгөн, ошол иши боюнча туруктуу отчет берип тургандарга өз добуштарын беришет". Муну окуган соң, ап-баракелде, таппасаң сыйпалап кал!-деп бүт дүйнөгө угуза кыйкыргым келет. Анткени, биздин президент саясий партия боюнча бу дүйнөдө кездешпеген теорияны таап, аныктама берип отурат!
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Ө.Текебаев К.Бакиевдин жогорудагы "ачылышына" байланыштуу: "Бакиев өзүнүн сөзү менен партиясынын өлкө саясий системасындагы ролу жана орду боюнча таптакыр түшүнүгү жоктугун көрсөттү. Саясий партия деген "Ак жол" жасагандай кайрымдуулук, арык, кашарларды оңдоо же массалык көңүл ачуу иш-чараларын уюштуруу сыяктуу иштер менен шугулданбаш керек. Партия деген өлкөнүн идеологиясын түзүүгө милдеттүү" деген пикирин билдирди "Аки пресс" маалымат агенттигине.
Сөз арасында К. Бакиев өзүн эл атасы, жалпы улуттук лидер катары көрсөткүсү келип жаткандыгын кыйытпадык беле. Эл атасы, бүтүн улуттун жол башчысы деген өлкө жарандарынын, саясий уюмдардын баарына тегиз, бирдей карап, мамиле кылышы керек да, ыраспы? Тилекке каршы, биздин президент "улутка кайрылуусунда": "Мекенибиз бир, жерибиз бир жана конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка биз алардын кайсы партияга таандык экендигине жана саясий ниеттерине карабастан кулак төшөөгө даярбыз"- деп айткан "калыстыгын" кайра эле ошол кайрылуусунда жокко чыгарып, өзүнүн саясий оппоненттерин "курулай чечендер", "кыйкырык салгандар" катары кыйытып, анан акырын өзүнүн "Ак жолунун" арыгын чапкан турбайбы? Албетте, бул "улут атасы" эмес, улуттун жөнөкөй уулуна да жарашпаган жорук.
Азыркы учурдун шартында мамлекеттик бийликтин идеологиясын анын бийликте турган партиясы түзөт. Азыр бийликте турган "Ак жол" партиясынын "пулуң болсо, кулуңмун" деген жалгыз гана "идеологиясы" бар экендигинен бүт кыргызстандыктар кабардар болуп бүттү окшойт. "Акжол" партиясынын лидерлери-өлкөдөгү идеологиянын алып жүрүүчүлөрү болуп эсептелет эмеспи. Мамлекетти башкарып жаткан ошол партиянын идеологдорунун бирөөнү, айталы, партиянын парламенттеги фракциясынын лидери Азиз Турсунбаевди алып көрөлү. Ал өзү спортсмен экен, башында акча алмаштыруучу жайда кароолчу болуп, андан кийин темир саткан компанияда иштеген. Темир саткан компания биздин өлкөдө өтө коррупциялашкан ишкана экендиги баарыбызга белгилүү.

"Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат"

Бакиев өз кайрылуусунда: "Аткаруу тартиби катуу көзөмөлгө алынышы зарыл жана муну биз камсыз кылабыз. Ошондо гана мамлекет калкка сапаттуу кызмат көрсөтө алат" деди. Буга байланыштуу Ө.Текебаев -"Кыргызстан бүгүн энергетикалык кризиске кептелди. Бул кризис жугуштуу ооруу сыяктуу башка экономикалык тармактарга таралып, аларды алсыратып жатат. Азыр Кыргызстандын ар бир жараны энергетикалык кризис кайдан келип чыкканын, анын чыныгы себептерин, ага кимдер күнөөлүү экендигин эң сонун түшүнүп, көрүп-билип турат. Ал эми бул кризиске күнөөлүү адамдар жоопкерчилик тартып, жазалангандын ордуна, кызматтан кызматка секирип, өлкөнү башкарышууда" деген пикирде.
Ооба, "Ата Мекендин" лидери менен макул болбоско арга жок. Анын жүйөөсү жөндүү. М: И.Чудинов Акаев бийлеген кезде "Кыргызгаз" мамлекеттик концернинин директору болуп турган. Анан… мамлекеттин атына жамынып, Өзбекстандан арзан баада газ алып, аны Кыргызстандыктарга кымбат баада сатып, ортомчулук кылып, ортодон байыганы белгилүү. "Шустрый" Чудинов ошондон көп өтпөй, энергетика министри болуп "өсөт". Ошентип, Кыргызстанды энергетика кризисине такаган эмгеги үчүн "өсүп" отуруп, бүгүн өкмөттү башкарып отурат. Буга окшогон мисал толтура. М: атактуу А. Мадумаров, Д.Үсөновдор убагында Өзбекстан менен Казакстанга сууну көп агызуу боюнча документтерге кол коюп, бүгүнкү энергетикалык кризис үчүн "зор эмгек сиңиргендиги" үчүн Бакиев бийлигинин "эрке талтаңдарына" айланып, бири президенттик администрацияны жетектесе, экинчиси коопсуздук Кеңешине катчылык кылууда. Акаев мезгилинен бери өлкөнүн энергетика тармагын "тойлоп", азыркы энергетикалык кризиске баарынан көп "эмгек сиңирген" С. Балкыбеков Энергетика министрлигинен кеткени менен, кайра бардык ГЭСтердин "чоңу" болуп, дале "майлуу" жерди мыкчып отурат.
Реалдуу жагдай мына ушундай. Анан Бакиев кайдагы "Исполнительская дисциплинаны" айтып жатат?! Президенттин бул айткандары тек гана сөзү менен иши төп келмек тургай, деги эле бири-бирине жакындабастыгына дагы бир далил эмеспи.

Ошонун барынан жогу же ойрон болгон ой

Президенттин "улутка" деп (элге эмес) кайрылуу жасашы өтө олуттуу, тагдыр чечээр кыйчалыш учурда боло тургандыгын сөз башында кыйытып кетпедикпи. Бул Конституцияда каралбаган, өтө татаал, согуш же тынчтык маселесин "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып", кечиктирбей чечүү зарылчылыгы туулса пайдаланыла турган форма. Президент Бакиев ошондой формада кайрылуу жасайм деп, бирок өз администрациясындагы анча-мынча өзгөрүүлөргө басым жасоодон жогору чыга албады. Анын бул кайрылуусу кылган ишинин маани-маңызы б.а. "бир уй байлаар жиби жок" экендигин дагы бир ирет жалпы коомчулукка шардана кылды. Ошентип, кайрылуунун аты менен заты окшошпой, Бакиевдин "Кыргыздын атасы" болом, же Түркмөн башы сыяктуу "Кыргыз ата" болуп көрүнөм деген ою ойрон болуп, оңунан чыкпай калды. "Туулбай туна чөктү" десе да болот. Ал эми маани-маңызы жок, сабатсыз кайрылуу текстин жазып, даярдап берген "Катчылыгынын" барынан жогу.

Бакы Кадырбердиев
Бишкек ш.