БАСМАЧЫЛАР ПАТРИОТТОР БОЛУШКАН
Ар бир мезгилдин патриоттору болгон. Өз мезгилинин патриотторуна басмачыларды кошсо да болот. Жаңы система, жаңы формация келгенде ошолор биринчи репрессияга туш келишкен. Кийин репрессияга кыргыздын 20-30-жылдардагы интеллигенциясы кабылган. Элдин алдыңкы адамдары, патриоттору, акылдуулары, чыгаандары, каймактары сөзсүз болот. Андайлары жок эл "биз элди башкара албай калдык, силер башкаргыла" деп бийликти башкаларга өткөзүп берүүгө тийиш. Кыргыздарды миңдеген жылдардан бери мекенчил, саясий жана адамдык интеллектиси жогору, эл башы болгон уул-кыздарыбыз сактап келген. Азыр да кыргыздын колу куру эмес, кудайга шүгүр, мекенчил, чыгаан жигиттерибиз, кыздарыбыз бар.
Большевиктер келгенде жергиликтүү элдин кулк-мүнөзүнө, каада-салтына, психологиясына, философиясына, маданиятына туура келбеген саясат жүргүзсө, элдин ичиндеги чыгаандары, патриоттору теңсиздикке, акыйткатсыздыкка, мыйзамсыздыкка каршылык көрсөткөн. Алардын катарына басмачылар да кирет. Алар эл-жер деп каршы турушкан. Басмачылар кыргыз элинин генофонун сактап калышпадыбы. Алардай эр жүрөк, намыскөй патриоттор болбогондо, эл көп нерседен айрылып калмак. Большевиктер басмачыларды "разбойник" деп аташпадыбы. Андай атаган туура эмес. Ошого чейин жеткизгенден кийин айла жок колдоруна курал алышты да. Салыштырып көрөлү, ким бандит, ким разбойник. Большевиктердин репрессиясы ондогон миллион адамдарды тукум курут кылды. Басмачыларды реабилитация кылышыбыз керек. Туура баа берели. Башка элдер өткөн-кеткенин реабилитациялап жатпайбы. Бизге азыр басмачылардай, корбашчылардай эр жүрөк патриоттор жетишпей жаткансыйт.
Биз терс көрүнүштөрдүн гүлүн гана көрүп жатабыз, түшүмү алдыда. Эртең-бүрсүгүнү жерден, элден, тилибизден, маданиятыбыздан, каада-салтыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн. Жаныбыздагы кошуна мамлекеттер тил проблемасын мыйзамы жок эле чечип алышкан. Ушинтип жүрө берсек Кыргызстан Югославиянын кейпин кийип, төрт-бешке бөлүнүп кетиши мүмкүн. Көптөгөн элдер өзүлөрүнүн жерине, мамлекетине жетпей жүрүшөт. Азыр бизде тынч, кырсыктар жок. Дайыма эле ошондой болсун. Бирок, эртең-бүрсүгүнкүгө эч ким кепил боло албайт-эч нерсе болбойт деп.
Илимдүү-билимдүү патриот жаштарыбызды мамлекеттик кызматтарга алышыбыз керек. Бизде бир гана жол бар, ал - патриоттук жол. Ошол гана бизди сактап калат. Орустардын "казачество" деген уюмдары бар эмеспи, биз ошолор сыяктуу патриоттук уюмдарды түзүшүбүз керек. Бул мамлекет үчүн жакшы болот эле. Ким ушул темада ой бөлүшкүсү келсе кабарлашкыла.
Телефонум 0772-87-22-92
Сыныбек
Алпамыш уулу




КРнын коррупцияны алдын - алуу боюнча Улуттук агенттигинин комиссары С.Н.Жапаровго
"Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Б.Жээнбековго
ҮЛҮШ ЖЕРЛЕРИБИЗ КАЙТАРЫЛСА…
Биздин Сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө. 2003-жылы мурдагы айыл өкмөт башчы Кудайбердиев Ражавалинин буйругу менен биздин жер үлүшүбүздөгү 4,16 гектар бак эсебинде берилген жерибизди турак жайга берип жиберген. Ошондон бери өкмөт башчылары А.Төралиевге, Сатыбалдиевге, Маккамбаевге бир нече жолу кайрылсак да арызыбызды канааттандырбай жатышат. 4,16 сотик жер салыктарын төлөп келатабыз.

Айыл өкмөттүн жетекчилери эртең беребиз, индинге беребиз дешип, 6-7 жылдан бери алдап келе жатышат. Ушул арызда көрсөтүлгөн фактыларды ордунда текшерип, жерибизди ажыратып берүүңүздөрдү суранабыз.
1. Арзыбаев Б. 4 жанга берилген үлүш 1,80 сотик ичинен 52 сотик бак эсебинде берилген жерди турак - жайга берип жиберген.
2. Акимов Алимжан 6 жанга берилген 2,70 сотик жер үлүшү ичинен 78 сотик бак эсебиндеги жерди;
3. Арзиев Бахадир 8 жанга берилген 3,60 сотик жер үлүшүнөн бак эсебинде берилген 1,4 сотик жерди жана Мадалиева Обида эженин 8 жанга берилген 3,60 сотик жер үлүшүнөн бак эсебинде берилген 1,4 сотик жерди, Бахапка 6 жанга берилген 2,70 сотик жер үлүш ичинен 78 сотик бак эсебиндеги жер үлүштөрүнү мыйзамсыз турак жайга берип жиберген.
Он гектар 40 сотик жер үлүшүбүздөн бак эсебинде берилген 4 гектар 16 сотик жерибизди ажыратып берүүңүздү суранабыз. Арзыев Б. жана А. Акимовдун жер үлүш күбөлүктөрүнүн копиялары тиркелет. Мадалиева Обиданын, Арзыбаев Бахадырдын жер үлүшүнүн күбөлүктөрү өкмөт тарабынан берилген эмес. 32 адамдын укугун тебелешип жатышат. Ушул арызыбызды көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз.

АРЗЫБАЕВ Б. АРЗИЕВ Б.
БАБАРАХИМОВА Х.
БАЯНКУЛОВА М. АКИМОВ А.
МАДАЛИЕВА О. ИРИСОВА Х.
Баткен областы, Кадамжай району,
Ак -Турпак айыл өкмөтүнүн тургундары




Үйсүз үч эмге жардам берели…
Жакында Эрнис Исаковдун үч эм балдары үчүн президентибиз Курманбек Бакиев эки бөлмөлүү квартира берип бир эле Эрнисттин үй-бүлөсүн эмес, бүтүндөй кыргыз элин сүйүнттү. Ал эми бир жыл мурда төрөлгөн Аманбек, Эсенбек, Турсунбек аттуу үч эм балдарга эңшерилген экономиканын айынан мамлекетибиздин бир жылдан бери турак-жай бөлүп берүүгө чамасы келбей жатыптыр. Өкмөттү кыйнабай эле, кыргыздын кыйындары, тың чыкмалары, бизнесмендери, депутат, министрлери 100 доллардан, карапайым кыргыз эли 1 сомдон чогултуп эки бөлмөлүү квартира алып берсек, Кудай алдында чексиз соопко калат элек. "Көп түкүрсө, көл болот"- дейт боорукер кыргыз эли. Бир муштумдай түйүлүп, Көлмө жаңы конушунун Кулиева көчөсүндөгү көчүк айланбаган, көк баскан эки бөлмөлүү №224-үйүндө күн көрүп жаткан жаштарыбызды колдоп коелу.
Караш Насер




Чоң аталарым акталса дейм...
Мен-Назаралиев Сүйөркул-Кара-Буура районунун Бакайыр айылында жашайм. Көп жылдардан бери чоң атам Туралиев Назаралы жана анын иниси Туралиев Тынаалы жөнүндө маалымат издеп, кайрылбаган жерим калган жок. Анткени, булар "1930-жылы куралдуу көтөрүлүшкө катышкан" деген жалган айып менен камалып, атылып кетишкен экен.

2005-жылы 23-августта КРнын улуттук коопсуздук кызматынан Б.Абдрисаеванын колу коюлган маалыматтарды алдык. (Аларды кошуп салып жибердим.) Бирок ал маалыматтар бизди толук канааттандырган жок.
Элден угушума караганда, Туралиев Назаралы жана Туралиев Тынаалы тууралуу ошол кезде туура эмес тергөө жүргөн экен.
Назаралынын иниси Тынаалы эч айыпсыз атылып кеткен дешет. Себеби ал кулакка тартылган эмес. Жөн гана агасын карап, ага каралашып, багып жүргөндүктөн түрмөгө кошо, өз эрки менен кетиптир. Анткени, Назаралы аябагандай чоң, толук киши болгон тура. Көргөндөрдүн айтымында, көзүн ачканда кээде кирпигине чий тиреп коюшчу экен.
Назаралы жөнүндө ушул убакка чейин жакшы сөздөр айтылып жүрөт. Мисалы, кедей-кембагалдарга ар дайым тамак-аштан кайрылып, жылкысын союп берип турчу дешет. Өзү жайлоодо жүргөндө чоң кызы Токтогүлдү Стамбек деген ала качып алыптыр. Назаралынын иниси Чынкожо аны отургузбай, алып жүрө берет. Кийин өзү жайлоодон келгенде иниси Чынкожону: "Эмне, карындашың Токтогүлдү өзүң аласыңбы?" - деп урушкан экен. Карабай деген тууганы экөө казак-кыргыздарга тарап кеткен кушчу туугандарын Бакайырга топтоп, көчүрүп келишкен.
Чоң атам Назаралы иниси Тынаалы экөө кайсы көтөрүлүшкө катышканы соттун чечиминде жазылган эмес. 1992-жылы 10-сентябрда республиканын прокурору тарабынан бул адамдарды актоого отказ кылынган. Эмне үчүн? Алардын күнөөлөрү так белгиленбей, "куралдуу көтөрүлүшкө катышкан" деген жалаа менен үчилтик тарабынан кармалып, соттолуп, атылып кете беришкен.
Сиздерден ушул окуяны тактап берүүгө жардам сурайм. Жардам бериңиздер. Чоң аталарымдын арбагы ыраазы болсун же алар чын эле күнөөлүү экен деп менин да көкшүнүм суусун.
(УККнын 3 документинин көчүрмөлөрүн салдым)
Сүйөркул Назаралиев ,
Талас облусу, Кара-Буура району,
Бакайыр айылы.