- КР Президенти К.Бакиевге
- КР Генералдык прокурору
Э. Сатыбалдиевге


Кайрылуу

Урматтуу, өлкө Башчысы,
урматтуу баш Прокурор,
Сиздерге кайрылуубуздун себеби мындай: "Акыйкат үчүн кыймылынын" лидери А.Жекшенкуловдун, "Ата мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевдин жана башка оппозиция өкүлдөрүнүн үстүнөн жакында кылмыш иштери козголуп, мунун айланасында ММКаларда бир топ ызы-чуу болуп жаткандыгы бизди тынчсыздандырууда
Негизи Ислам дининде Аллах Тааланын айткандары боюнча жана Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхиссаламдын осуяттарында: Адилеттүлүк эң жогорку орундарга коюлат. Аллах Таала жана анын Пайгамбары баардык мусулмандардан алардын адилеттүүлүгүн сактоосун талап кылган.
Алла Таала ыйык Куранда: "Адамдардын ортосунда адилеттүүлүк менен өкүм кыл, каалоо кумарын ээрчибе, антпесе ал сени Аллахтын жолунан адаштырып коет "(Сод сүрөөсү, 26 аят).
"Адилеттүү болууңарда көңүлүңөргө ээрчибегиле. А эгер силер тайсалдасаңар, же баш тартсаңар анда Аллах силердин эмне кылганыңардан толук кабардар "(Ниса сүрөөсү, 135 аят) деп айткан.
Алланын элчиси Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам: " Адамдарга кең пейилдү, айкөл болуңуздар, мына ошондо адамдар да сиздерге ошондой мамиледе болушат" деген.

Урматтуу Курманбек Салиевич,
А. Жекшенкуловго, Ө.Текебаевге жана башка оппозиция лидерлерине кылмыш иштеринин козголуусуна байланыштуу айтаарыбыз: Коомубузда адилеттүүлүктүн орун алуусуна, жогоруда аталган иштин адилеттүү чечилүүсүнө көмөк көргөзүүңүздү жана адамдардын жөн жеринен запкы чегүүсүно адилетсиз жагдайлардын келип чыгуусуна жол бербөөңуздөрдү сунуш кылабыз
"Кыргызстан жана Орто Азия
мусулмандар конгрессинин" жамааты.




Кыргыз Улутуна жана Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге
Расмий кайрылуу
Бүгүн Кыргызстанда Конституция одоно бузулуп, атуулдардын укуктары менен эркиндиктери кескин чектелип, демократиялык баалуулуктар жоюлууда. Өлкөдө үй-бүлөлүк диктатура күчөп, коррупция, трайбализм жана популизм өсүүдө.

Сөз эркиндиги кысымга алынып, саясий куугунтуктоолор күчөөдө. "Азаттык" радиосу угузулбай, оппозициядагы жарандарга кылмыш иштери козголуп, куугунтукка алынууда.
2008-жылдын декабрь, 2009-жылдын январь айларында эле Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Эмил Каптагаев, Эркин Булекбаев сыяктуу оппозиция өкүлдөрүнө негизсиз козголгон кылмыш иштери, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова өңдүү укук коргоочулардын үй-бүлө, тууган-туушкандарын кысымга алуулар, Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Шаботоевдин өзүнүн, Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярдын дарексиз жоголушу- Кыргызстан бүгүн өтө кооптуу учурда жашап жаткандыгынан кабар берет.
Саясий-экономикалык кризис тереңдеп, жумушсуздук, жакырчылык, кымбатчылык карапайым элди мөгдүрөтүүдө, ал эми милиция, сот, прокуратура, УКК органдарынын ашкере адилетсиздигинен жана адам укуктарын басмырлоодон миңдеген жарандар жапа чегишүүдө.
Биздин коом жана Кыргыз мамлекети коркунучтуу абалга келип жетти. Келечек туманга айланды. Ошондуктан, мындай зомбулуктар менен куугунтуктар тез арада токтотулууга тийиш.
Биз, Кыргызстанда Конституциялык кепилдиктер менен демократиялык баалуулуктардын бузулбай сакталышын жана адилеттүүлүктүн калыбына келтирилишин, эң башкысы- жаркын келечекке жол ачылышын талап кылабыз.
Бийлик бизди жалпы жарандык баш ийбөөчүлүккө түртүп жатканын токтотуусун талап кылабыз.
Кыргызстан патриоттук партиясы,
Коррупциялык системага каршы күрөшүү
Элдик патриоттук революциялык
кыймылы.
3-февраль, 2009-ж. Бишкек ш.





"Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин Кыргызстан элине кайрылуусу
Урматтуу Мекендештер!
Биздин атпай кыргыз журтуна кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө: бүгүнкү күнү коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо "Мөңгү" фондунун сунуштап жаткан иш максаттары, программасы жана ошондой эле Борбордук Азия регионундагы комплекстүү кризистен чыгуунун кыскача концепциясы, учур удулунда утуш таап, келечекке жол нускай алат жана улуттук колдоого татыктуу деп таптык. Башка элдерден айырмабыз эмнеде? Албетте айкөлдүгүбүз, ак калпагыбыз жана асман тиреген ак мөңгүлөрүбүз менен. Бирок "элүү жылда эл жаңырып,жүз жылда жер жаңырып", аалам, адамзат да эбегейсиз өзгөрүүлөргө дуушар болууда.
Ооба, Ала-Тоосу алыстан караган кишиге заңкайып зор көрүнгөнү менен, ааламдык жылуулануунун алдында, адам баласынын турмуш - тиричилигинде керектелүүчү иш аракетинин астында бөлүнүп чыккан чаң бүркүндүлөрүнүн негизинде күндөн-күнгө кунары кетип, демейдегиден тез эрип баратканын баарыбыз жакшы билебиз. Эгерде мөңгүлөрүбүз эрип кетсе, Борбордук Азия региону чөлгө айланып кетиши бул айныгыс чындык. Региондун суу артериясы болуп эсептелген Сырдарыя Кыргызстандын мөңгүлөрүнөн башталып, Арал деңизине барып куят. Демек мөңгүлөрдү сактап, жашын узартуу бул жалгыз гана кыргызстандыктарды эмес жалпы БА региондогу элдерди түйшөлтүүсү керек. Эгерде биз алмустактан бери аздектелип, муундан - муунга өтүп келе жаткан ата мурасты келечектеги урпактарга көздүн карегиндей сактап өткөзүп бере албасак, анда бизди кудай- арбак кечирбейт.
Биз "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөлөрү КЭМС "Мөңгү" фондусу сунуштап жаткан "Тур, улуу журт" экологиялык долбоорун колдойбуз жана бардык мекенчил жаш атуулдарды ушул ишти колдоого чакырабыз. Анткени, эртедир- кечтир Борбордук Азия аймагы "Түбөлүк Материк" статусун кайра алаары бышык.

Бүгүнкү күнү фонд сунуштап жаткан долбоорлордон:

1. "Мөңгүлөрдүн тынчтык аллеясы"
5000 метрден жогорку аты жок мөңгү чокуларына:
а) дүйнөлүк диндерди негиздеген пайгамбардын (Будда, Давид, Иса, Мухаммед) атын берүү менен,
б) Дүйнөдөгү эң көрүнүктүү адамдардын атын берүү менен, Кыргызстанды "Тынчтык зонасы" деп, ал эми Борбордук Азия регионун "Согуштук аракети жок зона" деген статус берүү жөнүндө дүйнөлүк акция көтөрүү. Себеби, жакынкы келечекте Борбордук Азия региону адам баласынын расалык өзгөчөлүгүн сактап калууга ыңгайлуу жер.
Бул долбоордон Кыргызстан эли үчүн эмне утуштар болот.
* Мөңгүлөргө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп көзөмөл коюу менен, ар кандай саясый-экономикалык, согуштук экспанциялардан регионду сактап калуу.
* Элибиздин өчүп бара жаткан үмүтүн жандандыруу.
* Борбордук Азия регионундагы мамлекеттер аралык мамилелерди калыбына келтирип, элдердин достугун бекемдөө.
* Сууну мүлк (товар) катары таанытып наркын чыгаруу
Мөңгүлөр өзүн-өзү сактоого эле эмес, Борбордук Азия элинин турмуш-тиричилик деңгээлин көтөрүүгө каражат таба ала турган мүлк. Мөңгүлөрдү көздүн карегиндей сактап суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу ар бирибиздин атуулук парзыбыз.

2. Бүткүл дүйнөлүк альпинисттердин слёту
* Пайгамбарлардын же эң көрүнүктүү адамдардын аты коюлган мөңгү чокуларына алардын ыйгарым белгилерин коюу
* Мөңгүлөрдүн эриши менен ачыкка чыгып калган альпинисттердин сөөгүн жерге берүү менен "Мөңгүлөрдү каргыштан тазалайбыз" аттуу чакырыктын алдында эл аралык достук бейитин ачуу.

3. Жогорудагы иш - чараларды өткөрүүдө,
биздин уюм жалпы улуттук "Тур улуу журт" экологиялык кыймылын баштоо иретинде жалпы журтка кайрылабыз.
- Эртеңки келечек үчүн, өз турак - жайыбызды жылытуу максатында токойлорду кыюуну токтотуу;
- Нымдуулуктун булагы болгон мөңгүлөрү сактоо үчүн Кыргызстан жана Тажикстанды энергоресурстар менен ыңгайлуу шартта камсыздап берүүсүн коңшу мамлекеттердин башчыларына кайрылабыз;
Мындай аракеттер Кыргызстанды гүлдөп, өсүүгө алып келээрине ишенбиз.

"Ак Шумкар КУТ" жаштар
коомдук бирикмеси