Бакиевдин амалы, Барактын абалы

К. Бакиевдин "Ганси" авиа базасын Кыргызстандан чыгаруу чечимине кандай карайсыз?
3-февраль күнү Москвага болгон иш сапарында өлкөбүздүн президенти Бакиев НАТОнун бириккен күчтөрү жайланышкан "Ганси" авиабазасын "Кыргызстандан чыгарам"- деп орустарга катуу убадасын берип жиберди. Кызыгы, Кыргызстанда көптөн бери ушак-айың кеп катары кабыл алынып келе жаткан бул маселени президентибиз Бакиевдин ""Ганси" авиабазасын чыгаруу жөнүндө Кыргыз Өкмөтү чечим кабыл алды"-деп "балп" эттиргени болду. "Айтылган сөз - атылган ок"-демекчи, Бакиевдин бул сөздөрүн бүтүндөй дүйнө коомчулугу уккан соң, ажобуздун айтаар сөзүн айттырбай түшүнгөн "акжолдуу" парламентибиз менен Өкмөт мүчөлөрүбүз керектүү чечимди алеки заматта кабыл алып берери турган иш эмеспи.
Бирок, эмнеси болсо да, "Эки уйдун эмчегин бирдей эмген" Кыргызстандын Эл аралык тышкы саясатына чекит коюлчу күн да келип калды окшойт. "Ганси" авибазасынын Кыргызстандан чыгарылышы жөнүндөгү "Бакиевдин чечимин" өлкөбүздүн коомчулугу кандай кабыл алды? Ушул суроого жооп табуу максатында Кыргызстандын бир катар саясатчыларына, коомдук ишмерлерине кайрылып төмөндөгүдөй жоопторду алдык.


Мирослав Ниязов,
Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы
Бул өзү оңой маселе эмес. Бул жерде биз так билип алышыбыз керек. Афганистан Борбордук Азия үчүн, Кыргызстан үчүн чын эле коркунуч туудурабы, же жокпу? Өзүңөр жакшы билгендей, Афганистан бүтүндөй нарко-агрессиянын, дүйнөлүк терроризмдин уюгу катары каралып келет. Ал гана эмес, чечен, уйгур сепаратисттери да дал ошол Афганистандан согуштук даярдыктарды өтүп келишкен.
Экинчиден, Кыргызстандын коопсуздук системасы дагы деле түзүлө элек. "Ганси" аскердик базасынын Кыргызстанда турганы мамлекетибиздин коопсуздугун кандайдыр бир деңгээлде камсыздап турган. Кыргызстан аскердик күчү жагынан начар болсо дагы, дал ушул "Гансинин" аркасы менен глобалдык коопсуздук иш-чараларына аралашып калган.
Үчүнчүдөн, "Ганси" авиабазасы Кыргызстан үчүн инвестицияларды, жаңы технологияларды өлкөбүзгө тартууда өзгөчө бир коридор катары кызмат кылып келген эле. Ошону менен бирге, бул авиабаза Кыргызстандагы инвестициялык коопсуздукка кепил болуп келген. "Гансинин" кетиши менен Кыргызстан миллиардаган инвестициялардан куру жалак калышы толук мүмкүн.
Негизинен, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн "Ганси" авиабазасы пайдалуу болчу. Бул маселе шашылыш түрдө чечилип калды.
(чечилип калдыбы? - редакция)
Кыргызстан күчү жок, алсыз мамлекет. Биз көз карандысыз, эркин мамлекет болбой калганбыз. Кыргызстан көк бөрүдөгү улакка окшоп, АКШ менен Россиянын ортосундагы талашка түштү.
Бүгүнкү бийлик мындай шашылыш чечими менен Кыргызстандын улуттук коопсуздугун четке каккандай болуп калды.

Азимбек Бекназаров,
Бакиев саясатчы катары эки сүйлөгөн адам экендигин буга чейин эле далилдеп койгон. "Ганси" авиабазасын өлкөбүздөн чыгарам"-дегенине көп болду. Буга биз дагы, дүйнө коомчулугу да күбө болуп келебиз. Бакиев эртең Америкага барып алып "Жок, бул авиабаза Кыргызстандан чыгарылбайт, мен буга каршымын"-десе, эч кандай таң калуунун деле кереги жок.
Эсиңиздерде болсо, Бакиев "Ганси" авиабазасын чыгарам деп 2006-жылы Пекинде да, андан кийин Алматыда, Бишкекте өткөн ШОСтун саммиттеринде да бир нече жолу айтып келгенине баарыбыз күбөбүз.
Бакиевдин сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши анчалык айкалыша бербестигине көнүп деле калбадыкпы? Иш жүзүндө көрөбүз го.

Бактыбек Бешимов,
СДПК фракциясынын лидери
3-февраль күнү президент Кыргыз Өкмөтү "Ганси" авиабазасын чыгаруу чечимин кабыл алгандыгын айтты. Бирок, Кыргыз Өкмөтү мындай чечимди кабыл алган эмес. Мындан тышкары, бул маселени Жогорку Кеңеш караш керек эле. Учурунда, "Ганси" авиабазасы Кыргызстанга жайгашып жатканда Жогорку Кеңеш 14 мамлекет менен 14 келишимге кол коюп, өз аймагында бул аскердик базанын жайгаштырылышына макулдугун берген.
Мындай чечим адегенде кыргыз жеринде Кыргыз Өкмөтү тарабынан кабыл алынышы керек эле, бирок, бардыгы тескерисинче болуп калды. Бакиев да бул чечимин так, ишенимдүү айта албады. Анын ошол пресс - конференцияда тайсалдап, чочулап тургандыгы ачык байкалып турду.
Менин оюмча, мындай татаал маселеде кыргыз элинин түпкү жана келечек кызыкчылыгына таянсак болмок. Саясатчы катары, дипломат катары айтаарым, АКШнын Кыргызстандагы авиабазасы өлкөбүздүн, дегеле Борбордук Азиянын коопсуздугун сактоодо чоң кызмат кылмак. Себеби, Афганистандагы абал өтө эле оор.
Кыргызстан ошол эле АКШ, Россия, Кытай, Евро Биримдик менен келечектүү, салмактуу, ийкемдүү мамиле түзсө оң болмок.
Россиянын финансылык-экономикалык оор абалын эске алуу менен орус бийлиги АКШ бийлиги менен пайдалуу келишимдерге өтө муктаж экендигин Владимир Путин Давостогу жыйында ачык эле айтып өттү. Анын үстүнө, Медведев дагы Бакиевдин "Гансинин чыгарам"-деген чечиминен кийин "Бул чечим кыргыз бийлигинин компетенциясына кирет. Биз бул чечимге эч кандай тиешебиз жок"-деген сөздү айтпадыбы?
Ошондуктан, Кыргызстандын саясий элитасы "Москвада айтылган Бакиевдин чечими кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына канчалык деңгээлде туура келет?"-деген суроонун үстүндө ой жүгүртүүлөрү керек.

Бегиш ААматов,
экс-депутат
Менин көз карашымда бул туура эле чечим болду окшойт. Бирок, мындай чечимди башкачараак жасасак болмок. Адегенде Кыргызстандын кызыкчылыгын караштырып, андан кийин бул эки өлкөнү тең капа кылбагандай, бир ийкемдүү чечимге келсек жакшы болмок. Бирок, АКШнын Бишкектеги авиабазасын эртеби-кечпи, алыш керек болчу. Себеби, бул жер башка геосаясий мейкин. Россия менен Кытай өңдүү державалар жайгашкан жерде үчүнчү күчтүн пайда болуусу келечекте чыр-чатактарга баары бир алып келмек. Албетте, АКШнын дүйнөлүк терроризмге каршы күрөшүп жаткандыгын колдош керек. Бирок, алар Кыргызстанда 7-8 жылдан бери өз аскердик ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келет. Эми башка жерден деле аскердик базасын орнотууга жер издесе болот да.

Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу
Бакиевдин "Ганси" авиа базасын өлкөдөн чыгаруу жөнүндөгү чечими укуктук жактан алганда такыр туура эмес. Себеби, бул авиабазанын Кыргызстанга жайгаштырылышы 2001-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланып, атайын макулдук берилген.
Экинчиден, АКШнын авиабазасы дегенибиз менен, бул аскердик базада жалгыз гана АКШнын эмес НАТОго мүчө бардык өлкөлөрдүн аскер күчтөрү жайгаштырылган.
Негизи биз, укук коргоочулар бул авиабаза Кыргызстанга жайгаштырылып жатканда эле каршы чыкканбыз. Азыр дагы ошол эле ойдобуз. "Ганси" гана эмес, Россиянын Канттагы авиабазасы дагы Кыргызстандан чыгарылышы керек.
Негизинен "Гансинин" Кыргызстандан чыгарылышы биз үчүн жакшы жышаан. Себеби , демократиялык баалуулуктарды катуу сактап келишкен АКШ акыркы мезгилдерде Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына көзөмөл кылгандын ордуна, "Гансини" сактап калыш үчүн бийлик менен ар кандай сүйлөшүүлөргө барып, ар кандай саясий оюндарга аралашууга өтүшкөн.

Темир Сариев,
"Ак Шумкар" партиясынын лидери
Базага байланыштуу маселеде көп нерсе аралашып калды
Кыргыз бийлигинин базаны чыгаруу боюнча чечим кабыл алуусуна дүйнөлүк финансы-экономикалык кризистин каатчылыгынын Кыргызстанга жакындап келиши, кеминде дагы 3-4 жылга созула турган энергетикалык кризис жана анын шартында Камбар-Ата ГЭСтерин куруу зарылдыгы түрткү болду. Андан сырткары, Россиянын акыркы мезгилде КМШ айдыңында үстөмдүк кылуу аракети да таасирин тийгизди. "Манаска" антитеррордук коалициянын базасын жайгаштыруу боюнча чечим 2001-жылы Москванын макулдугу менен кабыл алынган. Аны чыгаруу чечими да Москвада кабыл алынууда. Анткени, Россия Кыргызстандын саясатында өтө орчундуу орунду ээлейт. Бирок, базаны реалдуу чыгышы үчүн 6 ай убакыт бар. Ал убакыттын ичинде көп нерсе өзгөрүп кетиши ыктымал. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк биринчи держава болгон АКШ менен таймашуу кыйын. Ошондуктан, өлкө үчүн жеңил болбойт. Эл аралык валюта кору жана жеке АКШдан келип жаткан финансылык жардамдар токтойт. Орустар бермек болуп жаткан акчаны кайтаруу кыйынга турат.

Эрнис Балбаков,
"Ачык саясат"