А д а м

Өткөн жылдын 12 - декабрында улуу жазуучу Чынгыз Айтматов 80 жашка толмок. Быйыл биз биринчи жолу анын туулган күнүн ал жок майрамдадык.
Бул 2008 - жылдын февралында болгон эле. Брюсселден Москвага учкан самолеттун салонуна кирип, Айтматовду дароо тааныдым. Орун аларыбыз менен интервью берүүсүн өтүндүм. Ал - канткен менен баатыр, лауреат, атактуу жазуучу, ошону менен бирге Кыргызстандын Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси, (бир сөз менен айтканда убактысы тыкыр адам) экендигине карабастан, чын ыкластан, шыр эле макул болгону мен үчүн күтүүсүз болду. Самолеттогу бул сүйлөшүү Айтматовдун өмүрүндөгү кенен - чонон берген акыркы интервьюсу болуп калат деп ким ойлоптур. Бир нече айдан кийин Чынгыз Төрөкулович оо дүйнө салып кетти...

Мен өз мезгилиме туш келдим деп ойлойм...

"Сиз - дешти мага, Лениндик, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, - анан капысынан эле Пастернак!.." "Бул аны Шекспирден которгон" - деп кууландым мен, чынында котормо эмес эле, анын "Жападан жалгыз күндөр" деген ырынан алынган болчу". Өткөрүштү эптеп, бирок кийин роман басылгандан кийин, Шекспирден эмес экенин билип, мени кайра чакырышты... Акыры кайра "Бороондуу бекет" деп атын которууга туура келди.
- Маңкурттар тууралуу кимден уктуңуз эле, албетте, эгер бул чыгармачылык сыр болбосо?
Ч.А. Чоң энем айтчу, чылгый териден башына малакай кийгизип коет, ал кургаган сайын чүрүшүп, башты кысат... Андан аркысын бул кыйноодон акыл - эс жоголорун түшүндүм...
- Сиз биздин жазуучулардан биринчи болуп "Кыяматта" баңгилик тууралуу айтып чыктыңыз, ошону менен көзү ачыктык кылдыңыз. Кийин терроризм жана ааламдаштыруу боюнча маселе көтөрдүңүз. Ушунчалык узак убакыт Кассандранын ролунда жар салуу коркунучтуу эмеспи?
Ч. А. Мен болгону эмнени зарыл деп эсептесем ошону жаздым. Жаңы доор башталганда биз кандайдыр бир деңдароо абалда болуп калдык, айрыкча биздин муун... "Кыяматта" бөрүлөрдүн үйүрү бар, окуя ошондон башталат. Албетте, анан адамдардын тагдыр - таржымалы, бирок романдын аягы кайра карышкырларга алып барат. Ошолор баштаган, ошолор менен бүтөт. Айтмакчы, бир жолу Горький көчөсү менен келатсам, азыркы Тверь көчөсү, алдымдан бир келишкен, татынакай орус аял чыгып, алыстан эле мага баш ийкеп: "Саламатсызбы,саламатсызбы!"- деди. Анан ал жакын келип унчукпай менин көзүмө карап туруп "Мен - Акбарамын" - дейт. Ал бул сөздү салмактуу басым менен айтты да, унчукпай андан ары басып кетти. Ал эмне үчүн Акбара экендигин мен билген жокмун. Ырас өзүн карышкырга салыштырганына караганда, тагдырында кандайдыр бир кыйынчылык, каргашалуу окуя болсо керек. Ал кезде адабият таасир этчү, түшүнүшчү. Азыр билбейм, аял же эркек азыркы жаңы модадагы китептеги тигимин же булмун деп айта алабы?
- Сиз дагы эле эки тилде жазасызбы? Сиз үчүн орус тили эмне?
Ч.А. Мен жакында эле "ХХ кылымдагы орус жазуучулары" деген сөздүктөн өзүмдүн фамилиямы таппай капа болдум. Мен өзүмдү кыргыздын эле эмес, орустун да жазуучусумун деп эсептечүмүн. Мен кичинемде, биздин атыбыз өлүп, шаардан келген ветеринарга орусча которуп бериш керек болуп, мени чоң энем жылкычыларга жетелеп келгенде төрт жашка чыга элек кезим болчу. Мен анда кичинекей элем, коркуп качып кеткем. Ал мени издеп таап: "Сен эмнеге орус байке менен сүйлөшкүң келбей жатат? Сен орус тилин билбейсиңби? Сен эмне, орусча сүйлөгөндөн уялып жатасыңбы же өз тилиңден уялап жатасыңбы? Бардык тилди Кудай жараткан!" деген. Ошентип алып келген мени... Тарых, тагдыр да ушундай болуп калды, биз баарыбыз бирдикте кыйналып - кысталып, бири - бирибизди кыйратып ошого карабастан цивилизациянын бир багытын өздөштүрдүк. Мына ушунун баары орус тили аркылуу өттү! Биздин интеллектуалдык жашоо Россия менен, орус тили менен байланышкан, ошондуктан жазуучу эки тилде жазса, мында таңгала турган деле эч нерсе жок.
- Эмне үчүн сиз кетип калдыңыз? Бул СССР учурунда эле эмиграция сымал болду го?
Ч. А. 1989 - жылдардын аягында мен элчилик кызматка кеттим. 1990 -жылы толугу менен СССРдин Люксембургдагы элчиси болдум. Кийин өз өлкөмдүн- Кыргызстандын Белгиядагы элчиси болуп калдым.
- Сиз жазып дагы , трибунадан да сүйлөп активдүү кайра куруучуулардан эмес белеңиз!
Ч.А. Ооба, мени кыйынчылыктан коркту, качып кетти, пилдин сөөгүнөн жасалган мунарага барып жашынып алды деп жемелешти... Кайра куруу толкунунда Горбачев экөөбүз өтө жакын болуп кеттик, бизде бири - бирибизди түшүнүү бар эле. Мен Жогорку Кеңеште, кийин Президенттин алдындагы Кеңеште активдүү иштедим. Күн - түн дебей иштедик, иш кыйын да жооптуу да эле. Бир учурда, эгер ушинтип иштей берсем, чыгармачылык ишим калып каларын сездим. Себеби убакыт да, күч да калчу эмес. Михаил Сергеевичке кирип ушул тема боюнча сүйлөштүк. Ал мага кызмат да аткарып, чыгармачылыкка мүмкүнчүлүк табуу үчүн элчилик кызматка баруумду сунуш кылды.
- Сиз мурун эч качан элчилик иш менен алектенген эмессиз да? Атайын билимиңиз да жок эмес беле?
- Ч.А . Элчилик билим алган эмесмин. Мени бир топ европалык мамлекеттерди тандап алуумду сунушташты. Мен атайы эле Люксембургду көлөмү да чакан, иш да аз болот деген ой менен тандап алдым.
- Кызык, Грибоедов да учурунда ушул себептүү биздин Персиядагы элчиликке жөнөгөн да?
Ч.А. Билбейм, балким ошондойдур! Бирок мен бул жагынан жалгыз эмес экенимди так билем.
- Сиздин үмүтүңүз акталдыбы?
Ч. А. Толук эмес. Күнүгө иштөөгө туура келди. Күн сайын делегация келет, ар кандай талаптар, жолугушуулар.
Элчиликте ак ниетим менен иштедим, жалкоолонгон жокмун. Чыгармачылык жагын алсам - командировкам акталды деп ойлойм. Мен бүт дүйнөнү, бүтүндөй Европаны кыдырып чыктым. Өзүнүн доорун, өзүнүн айлана - чөйрөсүн жазган мендеги сүрөткерлик озуйпам аткарылды. Дал ошол 90 - жылдары "Кассандранын эн тамгасы" жазылды. Роман мурдагыларга салыштырмалуу бир топ татаал. Ал жерде менин улуттук чөйрөм жок, окуя дүйнөлүк масштабды камтыйт. Сынчылар мени космополит деп "тилдегенге" да үлгүрүштү.
- Сиздин европалык окурмандар менен болгон жолугушууларыңыз кандай өттү жана өтүүдө?
Ч. А. Менимче, андай жолугушуулар болуп өтпөгөн бир дагы шаарча калган жок! Мен баса көрсөтүп айткым келген дагы бир нерсе: бул жолугушуулар алдын - ала даярдалбастан, капыстан эле, өзүнөн - өзү болуп жатты. Көп учурда жолугушуулар чиркөөлөрдө, кирхаларда өттү. Биз үчүн бул түшүнүксүз нерсе, чиркөө деген чиркөө, ал жерге кудайга сыйынуу үчүн гана баруу керек! Европалыктар бул мааниде абдан эркин. Кенен аудитория, 1000дей адам, эл балкондо, бардык жерде... Мен дароо карайм, жаштар бар болду бекен? Бар, демек жаңы муун менен болгон духовный байланыш үзүлгөн эмес. Жаштар жок болгон кезде кичине көңүл чөгө түшөт. Адам жашы улгайгандыктан эле картайбайт, ал карыгандыгын, убагы өткөндүгүн, калган өмүрдү жашай турган гана мүмкүнчүлүгү калгандыгын сезгендиктен картаят... Европада окурмандар менен болгон жолугушууларда адабиятка болгон биздеги мурунку мамиле, аларда аз да болсо азыр да жандуу экенин сездим.
- Сиз көптөн бери Европадасыз. Карыган Европа менен Сизге ал жерде көңүлсүз эмеспи?...
Ч. А. Жок, Европа картаң эмес, ал жаш... акылман да. Ал өзүнүн керемет, мурда болуп көрбөгөн тарыхый форматын - европалыктардын Союзун түзүп алды. Биздин СССР ушул формат менен кеткенде - чачырап кетпейт эле. Азыр баары ЕСке киргенге суранып жатышат. Себеби бул модель - тарыхтын, социологиянын, коллективдүү акыл - эстин жетишкендиги. Эгерде жакынкы келечекте биз Россия менен бирдикте ушуга окшош бир нерсе түзсөк, бизге кошулабыз деп суранарына да ишенемин.
- Жазып жатасызбы, мүмкүнчүлүк кандай? "Бир күн да бир сапсыз" болуп жатабы?
Ч.А. Албетте, эртең менен саат беште туруп, он экиге чейин иштесем, анан, айталы дипломатиялык иштерге өтсөм, кайра кечинде отуруп иштесем сонун эле болмок... Бул тууралуу кыялданууга гана болот. Мындай болбойт. Өмүрдө отуруп иштей турган кандайдыр бир учурлар болот, баары жолдо... Дүйнөнү көп кыдырам, адамдар менен жолугушам. Коомдук иштер да көп. Бир жагынан кыйын. Бирок, бир жагынан бул чыгармачылыкка жардам берет деп ойлойм. Өзүңдө азыркы замандын энергиясын алып жүрүүгө жардам берет. Албетте, тийип - качып жазууга туура келет, ал тургай кээде самолетто баратып эки - үч сөз блокнотко жазасың... Тилекке каршы мен дагы эле кол менен жазам. Компьютерди өздөштүргөнгө убакыт жетишпейт. Машина айдаганды да үйрөнө албадым. Англисче сүйлөгөндү да үйрөнгөн жокмун. Дагы жакшы, жардамчыларым бар: аялым, балдарым, төрт неберем.
- Эгер Жогорку Сотто адамзаттын тарыхында үчөөнү, болгону үч гана жазуучуну калтырууну сунуш кылса, сиз кимдерди калтыраар элеңиз?
Ч. А. Мен бул жерде Америка деле ачып жиберем деп ойлобойм. Толстой, Достоевский, Чехов. Бул катарга Некрасовду кошууну каалар элем. Кийинкилерден Шолоховду.
- Сиздин "Тоолор кулаганда" романыңыздын каарманы опера койсом деп кыялданат. А сиздин музыкага болгон кызыгуууңуз кандай?
Ч.А. Мен билги эмесмин. Ооба, менин бардык чыгармаларымда, акыркы романымда да музыка бир кыйла маанилүү роль ойнойт. Музыка - ал адамдын жаны умтулган нерсе. Дискотекаларда, клубдарда дүңкүлдөгөн музыка эмес. Философиялык жактан маанилүү, терең музыка болгон жана кала берет. Мисалы, мен Бахты укканды жакшы көрөм, анда алптык, ааламдык бар.
- Сүрөтчүлүктөнчү?
Ч.А. Сүрөтчүлөр оголе көп азыр. Мен Зураб Церетелинин Көркөм Академиясында көп болом, биз абдан жакынбыз. Анын зор жөндөмдүүлүгүн жогору баалайм, көп нерсе жасады, жасап да жатат. Ал Вознесенскийди тартты, Женя Евтушенкону жана башка менин замандаштарымды жасады.
- Кайра сөзүбүздүн башына кайрылалы: бакыт деген эмне, Чынгыз Төрөкулович?
Ч.А. Эгерде жеке өзүм жөнүндө айтсам - баарынан мурун, ден - соолук. Ишмердик. Сени түшүнгөн жана сен түшүнгөн жакындарыңдын чөйрөсү. Дагы бир нерсе жасай алам деген кыял. Үй - бүлөлүк бакыт. Руханий бакыт. Дүйнөнү таанып билүү мүмкүнчүлүгү. Мына ушунун баары биригип бактылуу жаратылышты сезүү.
- Бирок ар кимде кичинекей, манжа менен санай турган, өзүн абсолюттуу бактылуу сезген учурлар болот эмеспи.
Ч.А. Албетте, менин өмүрүмдө да болду. Кайра куруу учурунда. Жашоонун жаңы ачылыштарынан өрөпкүгөн учурларым болгон. Менин чыгармаларымдын непаль тилине которулганы мени кубандырган. Сорб тилине... Мен аларга серб тилине мени көп которушту дейм, алар мага "сорб" тилине дешет! Бул Германия менен Польшанын чегинде...Мына ушулар бакыттын көз ирмемдери.
- Аялдар мененчи?
Ч.А. Ар кандай болду, мен эми эркекмин да. Айткым деле келбейт. Биз Мария Урматовна экөөбүз отуз беш жылдан бери жашайбыз, кудага шүгүр, кызганычтын оту өчө элек.
- Сиз Кудайга ишенесизби?
Ч.А. Бул өтө алп тема. Ишенүү керек! Дин жөн эле жерден пайда болуп, жөн эле чыккан жок. Адамдын жан - дүйнөсүн, маданиятын, салтын сакташ үчүн мунун зарылдыгы бар. Ошондуктан, мен атеисттик маанайдагы адам болсом да, акыркы учурларда Кудайдын бар экендигине көбүрөөк ишенип жүрөм. Сөз - бул Кудай. Аалам Сөз аркылуу таанылат. Кудай адамга өтө зарыл керек.
- Сизден бир жерден окудум эле: адам бир нерсени өтө тилек кылса, бүт аалам ага жардам берет деп. Сиз ушуга ишенесизби?
Ч.А. Менимче, бул жакшылыкка умтулганда, улуу тилекке байланышканда болсо керек. Балким, ошондо аалам коштоп бирге болот. Адам - ааламдын бир бүртүкчөсү, ошондуктан мындай биргелешүү толук мүмкүн.
- Артист Михаил Ульянов сүрөткер үчүн эң башкысы - өз мезгилине туш келиш керек деп терең ишенген. Же бул артисттерге гана тийиштүүбү?
Ч.А. Жок. Бир эле артисттерге тиешелүү эмес. Башка бир Ульянов, Владимир Ильич Ленин айткандай: "Кечээ эрте болчу, бүгүн кеч..." Жазуучуларга дагы тиешелүү. Ошондуктан көптөгөн таланттуулардын аты чыккан жок, өз окуучуларына жетпей калды, себеби, алардын мезгили эмес эле. Мен жеттимби? Жеттим деп ойлойм.
Бир жолу, эсимде, биз, Высоцкий болуп бир тууган Вайнерлердин үйүндө мейманда отурганбыз. Ал жанагы француз аялы Марина Влади менен эле. Ошол кечте биз искусстводогу дал ушул түбөлүктүүлүк жана көз ирмемдик нерселер жөнүндө ой толгогонбуз. Володя маанайы пас "бүгүн мен тирүүмүн, ошол үчүн менин ырларым жашап жатат, менин көзүм өтсө, булар да жок болот",- деди эле. Жаңылыптыр - анын ырлары бүгүн да жашап жатат. Менин чоң энем: "Адамды эстей турган адам бар кезде, адам өлбөйт",- дечү.

С. Марков
"Совершенно несекретно" гезити,№24
Кыргызчалаган,
Анатай Өмүрканов