У к у к

СОТТОРДУ ЕВРОПА БИРЛИГИ ӨЗГӨРТПӨСӨ…
Европа Бирлигинин Комиссиясы 2,5 миллион евро чыгымдап, Германиянын техникалык кызматташтык коому ишке ашыра турган "Кыргыз Республикасында сот системасын реформалоого көмөк көрсөтүү" долбоору өткөн жылдын ноябрынан баштап иштеп баштады. Долбоор 4 багыт боюнча иш алып барып, 18 айда аяктайт. Бир жарым жыл ичинде чет элдик адистер, Кыргызстандын соттору, юристтери азыркы мыйзамдарыбызды узун-туурасынан жиликтешет, жазага тартылгандар аткаруу мекемелеринде жазаларын кандай өтөп жаткандыгы иликтенет, соттордун чечимин ишке ашыруу кыргызбайчылыкка айландырылбай, эл аралык талаптарга жакындатууга жардам берилет. Ушулардын баарын ишке ашыруучулар - судьялар, сот аткаруучулар, түрмө кызматкерлери. Алар Балтика өлкөлөрү, Испания, Болгария, Франция, Германияга барып, ал жактын иш тажрыйбасын үйрөнүшөт. Аталган маселелер боюнча окуу куралдары даярдалат. Долбоор аяктагандан кийин даярдыктан өттү деген 15-20 судья кийинки окууларды өздөрү өтө баштайт.

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ
"КРнын сот системасын реформалоого көмөк көрсөтүү" долбоорунун жетекчисинин орун басары.
- Кыргызстанда соттук-укуктук реформа дээрлик 15-16 жылдан бери жүргүзүлүп, аягына чыкпай койду, себеби мунун атайы иштелип чыккан концепциясы жок. Алардын негизги эле көңүл бура турган нерсеси-бардык мыйзамдардын кызыл сызыгы болгон адам укуктарынын сакталышына көңүл бурулат. Реформанын негизги максаты-жарандар тарабынан нааразылыктар болбошу керек.
Кыргызстанга жардам берүүнүн бул долбоору өткөн жылдын күз мезгилинде оң чечилген. Кыргызстандын Адилет министрлигинин өтүнүчүн Европа Бирлигинин 27 өлкөсү колдоду. Муну бизге берилген белек десе да болот, анткени бул- грант. Ал эми ушул суммадан бизге ишке тартылган чет элдик жана жергиликтүү адистер, эксперттер 45 пайызга чейин салык төлөшөт.Евробиримдиктин буга чейин жана мындан кийин бизге көрсөтүп жаткан жардамынын дагы бир жакшы жагы - алар бизге өз позицияларын таңуулашпайт, бийлик өкүлдөрүнө "тигинткиле, минткиле"- деп акыл үйрөтпөйт. Тескерисинче, ушул тармакта ийгиликтерге жетишкен өлкөлөрдөн көп нерселерди билип алышыбыз керек.


Качыке ЭСЕНКАНОВ
КР Конституциялык сотунун судьясы, судьялар Кеңешинин эксперттик- окуу комиссиясынын төрагасы
-Европа Союзу ишке ашырып жаткан бул долбоордун бир тармагы- биздин азыркы мыйзамдарды чечмелеп-талдоого көмөк көрсөтүү. Бирок булар деле биздин мыйзамдык базаларыбызды жакшы билишпейт да. 2005-жылы киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду булар жаңы Конституция деп түшүнүп жатышпайбы. Жаңы Конституция Кыргызстанда 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан беркилердин бардыгы-өзгөртүүлөр менен толуктоолор гана.
Ушул учурда биз Конституциянын жаңы редакциясынын жоболоруна башка мыйзамдарды ылайык келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жаңы редакцияга ылайык судьялардын статусу жөнүндө Конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзамга карата кийинки -азыркы мыйзамдар да дал келиши керек. Азыркы жаңы талап боюнча соттордун иши ачык-айкын болуусу үчүн илгерки элдик заседателдерди киргизүү сунушу айтылууда. Бул боюнча да мыйзам иштелип чыгышы керек.
Жаңы талаптар боюнча судьялык кызматка келе турган адамдар сөзсүз соттордун окуу борборунан атайын даярдыктан өтүшү керек. Биздин бул ишке Европа Союзу көмөк берсе болгону. Дүйнөлүк тажрыйба менен таанышып көргөндөн кийин, биз да жаңыча иш баштайбыз.
Судьялар Кеңешинин жобосунда окуудан өткөн судьяларга гана жаңы кызматка дайындалганга жолдомо берилет деп айтылат. Судьялардын статусу жөнүндөгү мыйзамдын талаптарына ылайык начар жүрүм-турумдагы көөп кеткен айрым судьялар Улуттук Кеңештин сунуштамасы менен кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда алынып жатат. Жакында эле Жумгал райондук сотунун төрагасы Айтбай Аскалиев, Тоң районунун соту Өмүрбек Мамбеталиев, нарындык сот Жумалы Койгелдиев мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга макулдук берилди. Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Рахматылла Ирисов менен Токмок шаарынын судьясы Гүлчехра Өмүралиева да иштеги кемчиликтери үчүн сот адилеттиги боюнча Улуттук Кеңештин сунуштамасы менен иштен алынышты. Бул иш чаралардын бардыгы-судьялар элдин ишеничин актасын, калыс болсун деген эле тилек.

Айбек АЛЫБАЕВ
КРнын сот департаментинин директору
-Сот аткаруучулардын иши азыркы шартта өтө татаал. 2008-жылы 78 миң иш аткаруу барактары түшсө, анын 56 пайызы гана аягына чыгарылды. Түшкөн иштердин болжол менен 80 пайызы аткарууга кыйын болуп жатат. Соттун чечимдерин ишке ашырууга эч кандай механизмдер жок, милиция, башка укук органдары жакшы жардам бералбай жатышат. Сот аткаруучунун статусу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Оштун Кара-Суу районунда сот аткаруучу үйүнө киргенде өрттөп жиберип, ал каза болуп калган факты бул тармактагы кызматкерлерге элдин мамилеси кандай экендигин ачык көрсөтүп турат. Ошондуктан сот аткаруучуларга бардык жактан кепилдик керек.
17 жылдан бери ар кайсы чет элдик акыл-кеңештерге ээрчий берип, мунун кесепети сот чечимдерин аткарууга да тие баштады. Курсагы ток, кийими бүтүн, мыйзам сыйлаган өлкөлөрдө "Сиз машинаңызды туура эмес жерге токтотуп коюпсуз, айып пулуңуз баланча сом, төлөө мөөнөтү баланча күн" - деп машинесинин айнегине квитанция чаптап кетсе, ошол замат барып айып пулун төлөшөт. Бизде киши өлтүрүп да жанын жегендер канча? Бирок, биз башка өлкөлөрдүн мыйзамдарынан Кыргызстанга ылайыктууларын гана алабыз деп айттым. Батышка караганда бизге Россиянын сот жана аткаруу системасы көбүрөөк жакын. Ошондуктан ушул өлкөгө көбүрөөк ык тартышыбыз зарыл. Бирок демократия деп эле баарын ээрчий берген да туура эмес го.

Жолдошбек БУЗУРМАНКУЛОВ
Адилет министрлигинин жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын "Үмүт" газетасынын башкы редактору
- "Түрмө системасындагы реформаларды колдоо" деген жаңы долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк колдонуп калуу керек. Ушул долбоордун алкагында адамды эркинен ажыратуунун башка түрлөрүн колдонуу Кыргызстан үчүн жаңылык болчудай. Мисалы, тоок, козу-улак, үндүк уурдап сотко түшкөн адамдарды сөзсүз эле түрмөгө отургузбай, элдин, тууган-урук, кошуна-колоңдорунун тарбиясына калтырса эмнеге болбосун?Түрмөгө кесилгендерди иштете турган кылмыш-түзөтүү инспекциясын жазаларды аткаруу башкармасына кошуп койду. Бул биз үчүн жаңы нерсе, себеби жеңил кылмыш менен эркинен ажыратылганды жеринде иш менен камсыз кылып, коомчулуктун тарбиялоосунда калтырса деле болот да. Долбоордо ушул иштерди алып баруучу инспекторлор атайын окуулардан өтүшөт. Ошондуктан жаза аткаруу жайларынын жетекчилеринен тартып катардагы кызматкерлерине чейин бул мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланып калуубуз керек.




КРнын Президенти К.С.БАКИЕВге
Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын тургуну Турсуматов Абдыманаптан

КАЙРЫЛУУ

Менин кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө. "Ачык саясат" гезитинин 2008-жылдын 18-ноябрындагы №24 санына басылып чыккан макаланы текшерүүгө Баткен областынын финансылык полиция бөлүмүнүн майору Н. Досматов 28-ноябрда барды. Арызда көрсөтүлгөн дооматтарды жана фактыларды текшергендин ордуна, тескерисинче айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиевди колдоп, кубаттады. 2008-жылдын 15- февралы күнү, Баткен областынын прокуратурасы айыл өкмөттү текшерип жаткан учурда, арендатор Кадыров Абдисамат конторанын жанында өкмөттүн үстүнөн арыздангандарды жана мени соемун деп чөнтөгүнөн бычагын алып, мага карап жөнөдү. Прокурор Арзыкулов Кадыр Абдысаматты кармап калган. Менин жанымда турган Ормонова Кимия эже Абдысаматтын айткан сөздөрүн өз кулагы менен угуп, өз көзү менен көргөн.
2009-жылдын 3-январь түнү белгисиз номерлүү телефондон 4-5 жолу чалып, мени "сыртка чык" деп талап кылышты. Сыртка чыгып, короомдун астына барганымда белгисиз адамдар таштар менен ургулады. "Сага райондук күзөттүн сотрудниги келет, эгерде анын айткандарын аткарбасаң курал менен үй-бүлөңдү, бала-бакыраңды атып кетем" деп док кылды. Мен өзүмдөн корккон жокмун, балдардын коопсуздугун ойлодум.
2009-жылдын биринчи жана экинчи он күндүктөрүнүн аралыгында күзөттүн сотрудниги Илияз Алтыбаевич "сага 10 миң сом штраф салып, 1 жыл күзөткө соттошуптур. Бир жылдын аралыгында бирөөнү урсаң камаласың" - деп жакшы түшүндүрдү. Ошентип статьяларын айтып, түшүнүк кат жаздырды. 2008-жылдын декабрь айында дагын бир түшүнүк кат жаздырды. Чыккан өкүмдү болсо колуна кармап жүрөт. "Минтип чыккан өкүмдү мен колума алалекмин" - деп айтсам, "мен сени алды деп ойлоптурмун" - дейт. Кийинки чыккан өкүмүн алигиче алалекмин. Мени негизсиз соттогон судья Луфтилла Салиев менден алган 10 миң сом акчаны, 150 кг күрүчтү менин үй-бүлөмдөгүлөр билишет. Судьянын сөздөрү: "сенин күнөөң болсо да, болбосо да мен айткан акчаны, күрүчтү берүүгө мажбурсуң. 10 миң акчаны, 150 кг күрүчтү мен өзүм эле албайм, шериктериме да беремин" - деп айткан эле.

Урматтуу Курманбек Салиевич!
Ушул менин кайрылуу катымдагы көйгөйлүү маселелерди, мыйзам бузууларды өзүңүз көзөмөлүңүзгө алып, контролдоп берүүңүздү суранам.


РЕДАКЦИЯДАН:

Сот адилеттиги боюнча улуттук комиссия судьялардын мыйзамсыз аракеттери боюнча келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды текшерип, тиешелүү чараларды көрө баштагандыгы дурус жөрөлгө. Бирок, сотторго аргасыз пара берип жакырланып, тийиштүү документ толтуралбай жүргөн кадамжайлык А.Турсуматовго окшогон карапайым жарандарыбыздын үнүн кантип угар экенсиздер? Соттордон адилеттик табалбаган жүздөгөн жарандар Кыргызстандын чар тарабынан борборго келишип, акыркы үмүт деп "Ачык саясатка" кайрылышууда.


Даярдаган,
Машакбай Рахманкулов